Жолдошбек Орозов, "Асаба" партиясынын төрагасынын орун басары:

"Эл жакында көтөрүлүүгө да даяр"
"Курултай боюнча өз оюмду айтайын деп сиздердин редакцияга келип отурам",-деген Жолдошбек Орозов кеңсебизге баш бакты. Коомдогу болуп жаткан кырдаалга, көйгөйгө, өзгөрүүгө ар бир адам үн кошууга акылуу. "Тамчы таш тешет" деген макал бар. Андыктан, сөз кезегин маектешибизге узаталы.

- Азыр бийликти жактаган массалык маалымат каражаттары Курултайдын иштерин бурмалап жатышат. Алар кандай деп айткан күндө да, Улуттук Курултай өз максатына жетти. А бийлик башындагылардын иш-аракетинен болсо, өз элин улуттук геноцид катары жоюп жиберүүгө да даяр экендиги айгинеленди. Экинчиден, региондордон келген делегаттар да жер-жерлерде элдин азыркы бийликке карата ишеними кеткендигин айтышып, нааразы экендигин кабарлашты. Демек, бизде азыр авторитардык бийлик жүрүп жаткандыгын, авторитардык эле эмес, керек болсо анархияга жол берилип жаткандыгын Курултай аныктады деп айтаар элем.
Курултайды жетектеген лидерлердин оң-терс жактары бааланып жатат. Бирок, азыр сындын кереги жок. Бүгүн бир гана макатыбыз бар-кыргыз мамлекетин, кыргыз журтун сактап калуу. Эгерде, азыртадан аракет кылбасак, бийлик башында турган куу чирен атка минерлер кыргыз элинин жаратылышын, байлыгын сатып эле тим болбостон, элин сатып жиберүүгө даяр экендигин көрсөтүп коюшту. Мунун башында Курманбек Бакиев тургандыгын Курултайга келгендер да айтышты.
- Курултайдагы сунуш-талаптар эл тараптан чоң колдоого алынып, ал турсун "Бакиев кетсин!" деген ураандарды көтөрүп жиберишти. Макул, айрымдардын пикирине таянып, буларды Курултайга келгендер гана дейли. А сырттагы элди аралап, алардын ой-пикирин уга алдыңарбы? Калың эл эмне деп жатышууда?
- Мен партиянын жетекчилери менен жолугушуудан мурда карапайым эл менен сүйлөшүүгө аракет кылдым. Чын-чынында келгенде турмуштан оор запкы жеген эл бардык кыйынчылыкка чыдабай калган абалга жетиптир. "Бакиев кетсин!" деген ураандарды көтөрүп, мындай жыйынтыкка келгени ушул себептен болсо керек. Албетте, кыргыз мамлекетинин социалдык маселесин, азык-түлүк кризисин же болбосо электр жарыгы кризисин айтпай туруп башка иш жасоого болбойт . Улуттук саясий кризиске кептелип, туңгуюкка камалып, Ата-журтубуз ооруга чалдыкканы качан. Бул маселе өтө опурталдуу. Ушундай абалыбызда "Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт" деп чыга турган патриоттордун аздыгында болуп жатат кеп. Эмне үчүн ар бир кыргыз баласы өзүнүн патриоттуулугун көрсөтө албайт? Эмне үчүн кыргыз интеллигенциясы улут үчүн өзүнүн ишмердигин көрсөтө албай, башын катып жатат? Анткени, алар күн карама, коркок. Эгерде, коркпосо чыгышсын! Ойлон, ойгон кыргыз! Кыргызды кыргыз гана сактап калат дээр элем.
- Ойлонуу ой боюнча эле калып калбайт го. Ал элдин кандайдыр бир козголуусуна, көтөрүлүүсүнө алып келет. Бийликке берилген убакыт (мартка чейин) өз маанисин жоготуп койбойбу? Балким, сиз айтмакчы, бул элдин али козголууга эмес, ойлонууга да дараметинин жоктугунда болуп жүрбөсүн?
- Мен мындай деп айтпас элем. Кеп элдин даярдыгында эмес, а мамлекет башында туура эмес саясаттын жүрүшүндө болуп жатат да. Эми кандайдыр бир деңгээлде оппозициялык күчтөр, бийлик башындагы мыкчыгерлер ойлонуп иш кылаар бекен, дагы да болсо мөөнөт берели, кыргыздын турмушун оңолуунун жолуна салып кетээр бекен деген негизде гана берилген мөөнөт. Курултайга эл өзүнүн духу менен келди. Региондордон келгендер азыркы бийликтин жараксыз экендигин, алардын жүргүзүп жаткан саясаты кыргыз элине туура келбестигин айтышты. Жакын аранын ичинде эл көтөрүлүүгө да даяр.
- Бирок, оппозиция көтөрүлүүгө даяр элдин демин басып тургансыйт. Жазга чейин кандайдыр бир өзгөрүү болушу мүмкүнбү?
- Өзгөрүү болушу да мүмкүн. Бул оппозицияны жетектеп турган лидерлердин көздөгөн максатына жетүү үчүн кылган аракетинен болот. Кыргыз элинин уучу куру эмес, акылдуу, татыктуу лидер чыгышы мүмкүн.
- Дегеле оппозиция биригип лидер катары ким бирөөнү көрсөтө алабы?
- Бир беткей лидерликке "Бул киши көрсөтүлсүн",-деп кыргыз журтчулугуна эмгеги сиңген адамды көрсөтсө, биз ага каршы болмок эмеспиз. Тилекке каршы, андай адамды биздин партия көрө элек. Чыныгы улутчул, патриот адамды гана бийлик башына алып келишибиз керек.
- Андай адамды кандай жол менен алып келүүгө болот?
- Курултай азыркы бийликти кетирүү маселесин козгоду. Бул сөзсүз ишке ашат деп ойлойм. Улуттук Кеңеш убактылуу өкмөттү шайлап алышыбыз керек. Андан кийин президенттикке лидерлер чыкса, эл өзү шайлоонун негизинде тандап алат.
- Бирок, Акаевди кетиргенден соң кийинки президентибизди лидер катары көрсөтүп, жасалма жол менен тактыга алып келгенбиз. Бул эч кимге жашыруун эмес. Эми дагы ошону кайталап, президенттикке башка талапкерлердин бар экендигине карабай элдин добушун жокко чыгарып, тандалган лидерди алып чыгуу үчүн бюллетендерди жасап коюшса, анда кандай болот?
- Туура, Акаев качып кеткен соң жаңылыштык. Мына, Бакиевди бийликке алып келгендер кетирген катачылыктарын моюндарына алып жатат. Биз кыргыз журтчулугу дагы андайды экинчи ирээт кайталабайлы деп сактанып жатабыз. Эми үчүнчү жолу жаңылсак, анда кыргыз элине өтө оор болуп калат. Ошон үчүн объективдүү жана субъективдүү жактарын карап, татыктуу адамды шайлап алабыз деп ишенем. Жанагы алабармандаган тандоого жол бербейбиз.
- Демек, азыр оппозициянын ичинен лидер тандап, президенттикке сунуштоонун кажети жокпу?
- Кажети жок. Элге эмгеги сиңген кишини эл өзү эле тандап алат.

Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"




  Мыйзамсыз бийлик - коомдун айыкпас илдети

Көшөгөнүн артында кимдер турат?
Жакында Ош областтык сотунун имаратында Ноокат райондук соту 1-октябрда Орозо айы күнүндөгү болуп өткөн окуялар боюнча 32 айыпталуучуга өз өкүмүн чыгарды.
Окуянын катышуучуларына катуу айып коюлган. Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу, жашы жете электерди кылмыш ишине тартуу, религиялык-экстремисттик мыйзамсыз ишмердүүлүктү күчөтүү, мүлктү атайын кыйратуу, массалык башаламандык уюштуруу жана КРнын Конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн жасаган аракеттери үчүн КРнын кылмыш Кодексинин 8-беренесин жетекчиликке алышкан Ноокат райондук соту 10 адамды 20 жылга эркинен ажыраткан. Жашы жете элек 1 өспүрүм 9 жылга, калганы 16-19 жылга эркинен ажыратылган.
Албетте, Ноокат синдрому өлкөбүздүн тарыхындагы кара тактын бири болуп кала берет. Анткени, окуянын мындай курч мүнөздө өтөөрүн бийлик алдын-ала билген. Алар маселени компромисттик жол менен чечүүнүн ордуна, күч структураларын ушул аймакта топтоштурушу жана жергиликтүү бийликтин майрамдык иш- чараларды шаардын борбордук бөлүгүнө өткөрүлүшүнө тыюу салышы атайын "элди окутуп коюу" үчүн өткөрүлгөн репетиция катары бааласак да болот.
Эске салалы, 2008-жылдын 1-ноябрында ислам динин кармаган өлкөлөрдө гана эмес, православиялык Россия борбор шаары Москвада деле намазга жыгылууга шарт түзүп берген. Баш калаабыз Бишкекте дагы намазга эски борбордук аянтка жыгылууга уруксат берилсе, эмне үчүн ушул кудайдын куттуу күнүндө бир гана Ноокат шаарынын борборунда гана тыюу салынган? Кырдаалдын курчушуна себепкер болгон бийлик өкүлдөрү эмне үчүн сот жообуна тартылган жок? Күч структуралары религиялык-экстремисттик ишкердүүлүктү жүргүзүүгө каршы чечкиндүү күрөштү неге мурда баштаган жок же Орозо айттан кийинкиге калтырган жок? Ушул күнү бул диний ритуалга тыюу салынса, эл нааразы болорун, аны шылтоо кылып, репрессияны баштоого шарт түзүлөрүн эске алып, бийлик алдын-ала макулдашып, атайын ишке ашырган аракеттери болуп жүрбөсүн?
Ноокат райондук соту Б.Сарыбаевдин чыгарган өкүмү сот адилеттигине канча деңгээлде жооп берери белгисиз, бирок козголгон ар бир кылмышка узак мөөнөттүн белгилениши көптөгөн күмөн ойлорду гана жаратат. Негедир биздин мыйзамдарда жасалган кылмыштын себептери аныкталбайт, кылмыш аракеттери гана эсепке алынат. Мына ушунун өзү биздин өлкөдө "сот адилеттиги" ишке ашпаган кыял болуп каларын айгинелеп отурат.
Менимче, Ноокат синдромунда коюлган айып алардын катышуучуларына эмес, аны уюштурган бийликке жана анын системасына багытталса ишенимдүү болмок. Анткени, коомдук түзүлүштү кулатууга чакан бир аймактын же 40-50 адамдын кудурети жетмек эмес. Эгерде алардын аракетинде мындай кылмыштын курамы бар деп эсептесек, мунун негизи азыркы коомдук түзүлүш, чириген система экендигин бийлик моюнга алышы керек.
Алып көрөлү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн кулатуу аракети менен аны ишке ашыруунун зор өзгөчөлүктөрү бар. Ноокат синдромунда мындай аракеттер гана бар болсо, азыркы бийлик мурдагы бийликти күч менен кулатып, бийлик узурпацияланбадыбы? Эмне үчүн биздин "адилет соттор", Конституциялык Сот 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга саясий-тарыхый баасын чыгара албай отурат? "Сарай төңкөрүшү" дейбизби, революция дейбизби, азыркы бийлик КР Кылмыш Кодексинин 8-беренесинин негизинде жоопкер экенин тайманбай моюнуна алууга абийири жетеби? Бул боюнча кылмыш ишин ким козгойт?
Ноокаттагы окуяга катышкандарга жашы жете электерди кылмышка тарткандыгы үчүн айып коюлган. Азыркы күндө көптөгөн өспүрүмдөр намазга жыгыларын калдайган калк билет, бул айыптоо-көпчүлүк адамдар үчүн бийликтин уюштурган атайын сценарийи катары таасир калтырууда. Ал эми намазга эмес, 2005-жылдын 24- мартындагы кагылышууга канча өспүрүмдөр келгенин бийликтин эми унутуп койгонуна таң каласың. Менимче, азыркы бийлик да бул боюнча жооп берер учуру келерин унутпоосу керек эле.
Массалык баш аламандыкты уюштуруу иштери боюнча айып коюуда бийлик эртең өзү да күнөөлөнөрүн оюна алган жок. Сот жообуна тартылган 32 адам "уюштурган" "массалык баш алмандык" 2005-жылдын 24- мартындагы "массалык баш аламандыкка" салыштырмалуу эки кичинекей баланын "жакалашкан ойпоң-тойпоң оюнундай" эле кеп эмеспи. Ушундан улам, бул Ноокат окуясын караган сот чечим чыгарардан мурда, жогорудагы тарыхый коогалаңга салыштырып, ага эч кимдин жоопкерчиликке тартылбагандыгын да эске алса, ошондо сот "адилет чечим" чыгарган болмок.
Эки айга толуп-толбой, тергөөчүлөрүбүздүн "оперативдүү" иштеши, кыска мөөнөттө "отуз эки адамдын кылмышын моюнга" коюшу 1930-1937-жылдардагы НКВДнын иш-аракетиндей сезимди пайда кылат. Бул репрессиянын жылдарында да "отуз экиликтердин" күнөөсү да тез эле аныкталган. Бул сырткы окшоштукпу же ошол доордун кандуу жылдарын сокур тууроочулукпу? Неси болсо да, бийликтин зөөкүрлүгүнө канкорлугу да камыр-жумур болуп кошулду көрүнөт…
Акырында айтар сөз, Ноокат синдрому менен 2005-жылдын 24-мартынын өзөк тамыры бир. Биз жашаган коомдун айыкпас илдетке чалдыкканын азыркы бийлик системасын толук алмаштырбаса, бул илдет жалпы кыргыз элин "акыл-эстүү маңкуртка" айландыруучу касиетке ээ болорун айтууга туура келди. Эң негизгиси, түрдүү саясий жана диний шоуларды уюштуруучулар көшөгөнүн артында сыяктанат… Мындай ыкманы бийлик гана билгичтик менен пайдаланышат, бул сынактан өткөн ишенимдүү ыкма эмеспи…

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"