Кадырланган "кадрлар"…

Парманкулов
ГУБОПтон кайда кетти?
Шаршемби, 3-декабь күнү эртең менен ИИМдин пресс-борборунда Чүй облустук милициянын начальниги Болот Нурманбетов менен Бишкек ШИИБнин начальниги Таалай Дегембаев өздөрүнүн иштери тууралуу журналисттерге маалымат берет дегенинен барганбыз. Бирок, Дегембаев келбей, өзүнүн ордуна тергөө боюнча орун басары Пирманов менен Парманкуловду жибериптир.
"ГУБОПтун начальниги Парманкуловдун Бишкек шаардык милициясына кандай тиешеси бар?"- деп түшүнбөй жатканыбызда, Ички иштер министринин пресс-катчысы Парманкуловдун бир күн мурда Бишкек ШИИБнин начальнигинин 1-орун басары болуп дайындалганын билдирди. Эмнеге мындай болгонун сурап, Парманкуловдун өзүнө кайрылганыбызда: "Мы военные люди, куда прикажут, там и будем работать"- дегенден башка комментарий берүүдөн баш тартты.
Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башкармалыгынын атын атагысы келбеген айрым оперлери менен сүйлөшкөнүбүздө, "ИИМ жетекчилигинин чыган опер "Пармашты" кызматынан эч себепсиз эле төмөндөтүп жибергенине нааразыбыз"- дегендерин жашырышкан жок. Оперлердин айтымында, коендун жатагына чейин билген Бакыт мырза ГУБОПту башкаргандан бери Кыргызстанда катталган 10 кылмыштуу топтун 8и жок кылынып (айрымдары камалып, айрымдары чет өлкөлөргө качып кетишкен), калган экөөсү баш көтөрбөй калышкан.
Жазылбаган, айтылбаган мыйзамга ылайык, ИИМдеги элита деп саналган ГУУР же ГУБОПту башкаргандар кызматынан жогору кетпесе, төмөндөбөшү керек эле. Бирок, эмнегедир аныкы тескерисинче болду. Парманкуловдун орду бирөөгө аябай керек болдубу же таасирлүү бир фигуранын куйругун катуурак басып алдыбы, айтор, Бишкек милиция башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары болуп дайындалды да калды.
Ал эми Баңгизаттар менен күрөшүү башкармалыгынын начальниги болуп келген Зарылбек Рысалиев ГУБОПтун жетекчиси болуп дайындалган. Зарылбек мырзанын ордуна Чүй облусттук милициясында начальниктин орун басары болуп иштеп келген Мадияр Кулуев барып отурат. Кулуев мурда Бишкектеги Ленин РИИБнин начальниги болуп иштеп турганда, Ички иштер министри Б.Ногойбаев тарабынан мыйзамсыз иштен алынып, бирок, кайра сотко берип, ИИМди утуп алгандыгы менен белгилүү.




Таалай Дегембаев:
"Чындыкты жазып жатасыңар - деп рахматыбызды айтабыз"
- "Бүгүнкү максат кылмыштуулук менен күрөшүп, ар кандай адам өлтүрүүлөрдүн бетин ачышыбыз керек"- деп айттыңыз. Бирок, "громкий" кылмыштар ачылбай, жоголгон белгилүү эле адамдардын табылбай жатышы укук коргоо органдарынан тажрыйбалуу из кубарлардын иштен чыгып кеткендиги менен байланыштырып жүрүшөт. Алардын ИИМ менен кош айтышканына, кадрдык башаламандык, мыкты оперлердин бааланбагандыгы жана айлык акынын аздыгы башкы себеп экен.
Балким санына эмес, сапатына көңүл бура турган учур келген чыгар?
- Ар ким ар кандай айта берет да. Бүгүнкү күнү былтыркыга караганда, кылмыш бетин ачуу эки эсе өйдө. Азыр Бишкек шаарынын жашоочулары расмий 1 миллион деп жүргөнү менен чындыгында андан бир топ эле ашат.
Мындан тышкары, тажрыйбасы барбы, жокпу 50 жашка чыкканда ал ИИМ менен кош айтышып, пенсияга кетет.
Биз баарыбыз пендебиз да. Айлык акысы жогору жумуштарды сунуш кылып, кызматкерлерибизди чакырып жатса, биз аларды кантип кармап калабыз. Бардыгынын турмушу жакшы болсун дейбиз да. Тилекке каршы, баарына эле сунуш, чакыруу түшө бербейт. Бактыга жараша, Кыргызстандын укук коргоо органдарында иштеген кадрлар азыр бардык жерде баалуу-барктуу болуп жатышат. Мына, биздин кызматкерлер Орусиянын, Казакстандын жарандыгын алып, ошол жактын укук коргоо органдарында жогорку маяна алып иштеп жүрүшөт. Себеби, кыргыздын жигиттери өз ишин гана эмес, тилди да мыкты билишет.
Эң башкысы, кыргыздын жигиттери үй-бүлөсүн унутуп коюп, күнү-түнү тынбай иштеп, оңой менен чарчашпайт. Айрымдары акча топтогондон соң, Мекенибизге кызмат кылалы деп үй, машине сатып алышып, кайрадан бизге келип жатышат. Алардын баарына убагы келгенде ыраазычылык билдирилип, рахматыбыз айтылат.
- Рахматты кантип айтасыздар? Баарын чогултуп алып, сыйлык берүү мененби же дагы башкача жолдору барбы анын?
- Эми жакшы иштесе, "акчанын аздыгына карбай иштеп жүрөсүң, азаматсың"- деп турабыз да. Кыргыздар "Жакшы сөз - жарым ырыс"- деп коюшат. Сен же силердин гезит деле туура, чындыкты жазса, ичибизден "ии ушул акыйкат жазат экен, окуп туралы"- дейбиз да. Анан силерди көргөндө же жолуктуруп калсак, "азаматсыңар, чыркыраган чындыкты жазып жатасыңар"- деп рахматыбызды айтабыз да, туурабы?

("Чындыкты жазган үчүн башкы редакторубуз Бабырбек Жээнбековду эмнеге камакка алдыңыздар?"- деген суроо тилимдин учунда турду, бирок көңүлү көтөрүлүп турган Таалай байкени "неудобный положениеде" калтырып, "настроениесин носкиге" түшүргүм келбеди).
Даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"




  Карашев калп айттыбы жа Акамбаев апырттыбы

"Мэр Акамбаевдин жоругу"
Жалал-Абад облусунда, мүлк фондусунда фундаменти түптөлгөн Т.Акамбаев Майлуу-Суу шаарына мэр боло калып, ал жерден президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган. Кийин Бишкек шаарынын 1-Май районуна аким болуп, бирок, президент Курманбек Салиевич "Ата-Түрк" паркын жана "Эркиндик" бульварын кыдыруу мезгилинде Т.Акамбаевди иштериндеги кемчиликтери үчүн ээлеген кызматынан кетирип тынган. Андан көп өтпөй эле түштүктөгү өнөр жайы өнүккөн, калкынын саны жүз миңден ашкан, дүйнөгө белгилүү курорту бар Жалал-Абад шаарына мэр болуп дайындалышын жоругуң жолдо калсын деп айта алабызбы?
Мен бул шаарда 2004-жылдан бери жетектөөчү адистен баштап, бириккен профсоюздар уюмунун төрагасы, 2006-жылдын 25-январынан бери мэрдин орун басары, аппарат жетекчиси кызматында иштеп келдим. Ишимдеги ийгиликтерим үчүн президенттин куттуктоо баракчасын жана губернатордун "Ардак грамотасын" да алдым. Жалпы 4 жыл 8 айдын ичинде бир жолу дагы эскертүү алган эмесмин. 16-июль 2008-жылы мэр Акамбаев Т. ооруп, дарыланып жүргөнүмдө чакырганынан кабинетине барсам, "Сизди куттуктайм Асылбек Турдалиевич, сиз Жалал-Абад облустук кыргыз почтасына начальник боло турган болдуңуз, губернаторду араң көндүрдүм, өз алдынча иштейсиз, мэрияда 5 жыл иштепсиз, мен болсо өз командамды чогултайын. Азыр арыз жазып бериңиз, эртең 17-июлда өзүм кайра чакыртам"-деди. "Мен ооруп жүрөм, жаңы ишке буйрук чыккандан кийин эле арыз жазып берейин"-десем, "мунуңду губернатор укса сени жаман көрүп калат"-деди.
Ошентип которуу жолу менен мени ээлеген кызматымдан бошотуп коюшуңдузду суранам деп арыз жазып бердим. Арадан 10 күнчө өтүп, "Тилек Бурканович, мен сиз айткан жумушка качан чыгам?"-десем, "губернатордун башка кандидаты бар экен, болбой калды. Эми шаардык спорт комитетине төрага болосуң",-деп ушул күнгө чейин "сүт эмизгенине" беш айдын жүзү болду. Акыры алданганыма толук көзүм жеткенден кийин шаардык сотко доо арыз менен кайрылууга аргасыз болдум. Соттон мени мурунку Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары-аппарат жетекчилик кызматына кайра орноштурууну жана аргасыз бош жүргөн күндөрүм үчүн ай сайын 9800 сом маянамды өндүрүүнү суранып жаздым.
Өмүрүмдө сотко ишим түшкөн эмес, бирок соттор жөнүндө ар кандай нааразычылыктарды, адилетсиздиктерди гезит-журналдар, теле-радио берүүлөрдөн угуп жүрчү элем. Ошентип, Жалал-Абад шаарынын мэри Т.Акамбаев экөөбүздүн ишибиз Жалал-Абад шаардык сотунда 5-ноябрь 2008-жылы сот Атакулов Сулаймандын төрагалыгы менен каралды. Сот бул ишти кароодо бул ишке түздөн-түз тиешеси бар Т.Акамбаевди чакырган жок, анын ордуна мэриянын юристин жана уюштуруу иштери боюнча башкы адисин катыштырды. Менин түшүнүгүмдө сотко чыныгы далилдин кереги деле жоктугу байкалды. Ал эми мэр сот чакырса да келбей койду.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 85 ст. 7-б. көрсөтүлгөн мыйзамында: "Эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыз болсо же өргүүдө жүргөн мезгилинде кызматкерди жумуштан бошотууга жол берилбейт" деп айтылган. Мен 16-июль 2008-жылы эмгекке жараксыз элем, оору баракчам жабыла элек болчу. Ошондой эле КР Эмгек Кодексинин 65 ст. 5-б. талабына ылайык мени жумуштан бошотуу жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсүн жана эмгек китепчемди үч күндүк мөөнөттө бериши керек болсо, мага ушул күнгө чейин буйруктун көчүрмөсүн берише элек.
Жалал-Абад шаардык соту Атакулов Сулайман жогорудагы КР Эмгек Кодексиндеги 85 ст. 7-б. жана 65 ст. 5-б. так жана даана көрсөтүлгөн мыйзамдарды одоно бузган.
Ноябрь айында КР Президентинин Указы менен бир канча соттор иштериндеги одоно кемчиликтери үчүн ээлеген кызматтарынан бошотулгандыгы белгилүү болду. Бул кадам бизге окшогон укугу тебеленген жарандардын демине дем кошту. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" же "Токочтуу бала сүйгүнчүк" дебестен, сотторду элдин ортосуна алып чыгып, чара көрүү мезгили келди көрүнөт. Ошентип, шаардык сот 5-ноябрь күнү өзүнүн чечиминде менин доо арызымды канааттандырбастан калтырды. Бүгүн 12-ноябрь күнү чечимди колго алып, үмүтүмдү үзбөй областтык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылдым.

Асылбек Таштанбеков,
Жалал-Абад шаары,