"Ата Мекен" Америкага аттанат
"Ата Мекен" партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков, "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов жана "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков алыскы Америкадан чакыруу алышты. Буларга Алматыдан Кубатбек Байболов кошулат. Оппозиция өкүлдөрү ал жактан Колумбия Университетинин, Карнеги Фондусунун, Хельсински комитетинин өкүлдөрү жана бир топ конгрессмендер, сенаторлор менен жолугушат. Дүйшөмбү күнү уча турган оппозиция өкүлдөрүнүн эмнеге кетип жатышканын азырынча айтпай туралы.

Кайыпов калп айттыбы?
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасынын орун басары Марат Кайыповдун, "Биздин партия оппозицияда эмес, биз президенттин саясатын колдойбуз" кыязындагы билдирүүсүнө партиянын жаңы жетекчиси Исмаил Исаков, "партиянын багытын жана саясатын жетекчи чечет, ушундан тыянак чыгара берсеңер болот" - деп Кайыповдун калпын чыгарды. Азимбек Бекназаровдун айтымында, Кайыпов кайрадан бийликке барышы мүмкүн экен. Ушундан ой кетет, "караңгы Кыргызстанда Кайыповдон башка кадр калбай калганбы?" деген.

Темир "террорист" болуп кеткенби?
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариевдин артынан аңчылык башталды. Өткөндө Талас областына болгон сапарында УККнын кызматкерлери Бишкектен баштап "узатып" жүрүшүп, партиянын чогулушун тасмага тартканга аракет кылышты эле. Кечээ Нарынга болгон сапарында Кочкордон милиция кызматкерлери тосушуп, документтерин текшеришимиш болушкан. Кочкордун акими арачага түшкөндөн кийин гана коё беришкен. Андар ары Нарынга кире бериш жерден кайрадан тосушкан. Кайра-кайра текшере бергидей, Темир "террорист" болуп кеткенби? Березовскийдин келип - кеткенин бекиткен бийликте бет деле калбай калса керек?

Героин ташыган "герой" кармалды
Шаршемби күнү Бишкектин батыш автобекетинин жанынан ИИМдин баңги заттар менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 1956 - жылы туулган К.Усмановду кылтакка илишкен. Ага тиешелүү "Газ 3110" автоунаасын тинтишкенде 33 кило 400 грамм героин чыккан. Баасы бир райондун бир жылдык бюджетине барабар баңгизатты "байкабай" салып жүргөн Ош шаарынын тургуну учурда сурак берүүдө. Кармалганын айтышып, камалганын айтпай коюшчу эле, эми эмне болоор экен?

Бекинбей тур, Бектур
Физкультура жана спорт агенттигинин мурдагы башчысы палван Бектур Асанов кайрадан чоң саясатка аралаша албай, кайсалактап турат. "Март ыңкылабынын" авторлорунун бири болгон Бектур Жантөрөевич жакын арада жаңы билдирүү менен чыгаарын жашырбаптыр. Бектурдун айтымында, Бакиев жакынкы 2 айда чукул реформалык кадамдарга барбаса, кийин кеч болуп калат экен. Саясатты сагынган Бектур мырза азырынча бекинип турат.




Эшимкановдун жетекчилиги алдында иштей албайбыз
Шайырбек Абдырахманов,
"Добуш" көрсөтүүсүнүн автору:
Эшимкановдун интригасы жана иш билбестиги, КТРди талкалап жок кылып жаткандыгы биздин жалпы кызматкерлердин 90пайызынын каршы чыгуусуна түрткү болду. Азыр КТРде мыкты көрсөтүүлөрдүн баары жабылып калды. Эшимкановдун кызматка келиши менен кыргыз телевидениеси талкаланып баратат, банкротко түшүп калды. Эл көрө турган бир дагы көрсөтүү жок. Кадр саясатына келгенде кызматкерлердин иш жөндөмдүүлүгүнө эмес, тааныш-билишке,кошоматчылыгына карап кызматка алат. Өз үнү бар, түз сүйлөгөн журналисттерди кызматтан кубалап жатат. Эшимканов кетмейинче акциябызды уланта беребиз.

Эркинай Эшенкулова,
журналист:
Эшимканов Акаевдин убагында иштеген жетекчилерди эле кайра кызматка алып келип коюп койду. Ал акча бөлүшүп жегенге жеңил, мунун былыктарын эч кимге айтпай турган тааныштарын гана кызматка коет. Бул келээри менен эле трайбализмге, жердешчиликке карап иш кыла баштаган. Биз Эшимкановдун жетекчилиги алдында иштей албайбыз.

Алтынбек Жумаев,
"Беш Ашуу" көрсөтүүсүнүн автору:
Эшимкановдун жүргүзгөн саясаты таптакыр туура эмес. Бул акты ак же караны кара дебейт. Мунун туруктуу саясаты жок. Өзүнүн "Агым"газетасын башкарып жүргөндөй, КТРдин кызматкерлерин дагы башкарып алам деп иш кылат, бирок биз ага жол бербейбиз. Азыр Эшимкановго улуу муун, орто муун, кичүү муун дагы каршы чыгып жатышат. Биз этегине чейин чыгабыз. Бизге региондордон дагы кошулчулар бар. Жетекчи катары бир туруктуу сөзү жок, бир сааттын ичинде отуз жолу өзгөрүп турат. Кайсы сөзүнө ишеништи билбейсиң. Бир ишке көрсөтмө берет кайра "андай деген эмесмин"-деп танат. Адамдык сапат деген жок. Эшимкановдун ыплас саясатынан баары тажашты. Өткөндө, Би-Би-Синин көрсөтүүсүн "мени шыбап жатат жаап салгыла акмактарды"-деп жаптыртып салыптыр. Эшимкановдун мыйзам бузууларын, кандай ыплас иштерге барып, жаш кыздарга кандай мамиле кылганын бүт айтып чыгабыз, абийирин ачабыз, биз эми токтобойбуз. Эшимканов кетет.

Айсулуу Эсен кызы
"Ачык саясат"




  Курултай арты - куугунтук

"Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынын лидери Э. Каптагаевдин
Билдирүүсү

Бул билдирүүнүн башкы себеби - бийлик тарабынан жалган айыптоолорду тагуу менен мени кылмыш жазасына тартууга болгон аракет.

Баш прокуратуранын кысымы астында Финансылык полициясы мага карата кылмыш ишин козгоп, шашылыш өткөргөн бир жолку тергөөдөн кийин ишти Каракол шаардык сотуна жиберди. Мага 2002-жылы ошол кездеги губернатор менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген күнөө коюу аракети болууда. Иштин жагдайын айта турган болсок, 2003-жылы Баш прокуратура ал кездеги облустун губернатору Э.Анапияевдин жана облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Д.Долубаевдин үстүнөн иш козгогон эле. Ал кезде мен губернатордун биринчи орун басары болуп иштечүмүн. Ал козголгон иште күбө катары суралган элем. 2004-жылы козголгон кылмыш иши шарттын өзгөрүшүнө жана амнистия актыларына ылайык кыскартылган. Аталган кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган, болжолгон материалдык зыян ордуна толтурулган.
Үстүбүздөгү жылдын 24 апрелинде Баш прокурордун орун басары мурдагы кылмыш ишин кыскартуу боюнча токтомду болбогон шылтоолор менен жокко чыгарып, Финансы полициясына кайрадан тергөөгө берген. Баш прокуратуранын бул аракети төмөнкү саясий окуялардан кийин болуп жатат.
2008-жылдын 17-мартында Аксы районунун Каражыгач айылында өткөн Элдик соттун ишине катышкам. Ал жерде 2002-жылкы Аксы районунун тынч калкына карата ок атууда азыркы Президент, ал кездеги Премьер-министр К.Бакиевдин түздөн түз күнөөсү бар деген өкүм чыгарылган.
2008-жылдын 22-мартында жана 17-апрелинде Ысык-Көл региондук "Акыл Ордо" коомдук Кеңешинде төрагалык кылгам. Ал жыйындарда Каркыра жайлоосу менен төрт пансионаттын Казакстанга берилип жатканына нааразычылык билдирилип, президенттен эл байлыгын мыйзамсыз түрдө башка мамлекеттерге берүүнү токтотуу жөнүндө талап кылынган.
Баш прокуратуранын максаты ачык эле болчу. Тергөөгө чакыруу менен 26-апрелде Түп айылынан баштала турган нааразычылык акциясы - Бишкекти карай жөө жүрүшкө мени катыштырбай коюу маселеси болгон.
Андан кийин мага карата ар кандай кысым көрсөтүүлөр болду, алардын максаты мен оппозициялык иш - аракеттерди токтотушум керек эле.
Өз максаттарына жетпегенден кийин 2008-жылдын 13-октябрында мени айыпкер катары кылмыш жазасына тартууга токтом чыгарышты, губернатор менен бирге сүйлөшүп алгансыңар деген айып тагылды.
Мен бүтүндөй жоопкерчиликти өзүмө алуу менен тергөө тарап коюп жаткан айыптар толугу менен ойдон чыгарылган, далили жок деп айта алам. Губернатордун орун басары катары менин иш - аракетим толугу менен кызматтык милдеттеримдин жана мыйзамдардын чегинен чыккан эмес. Мага айып катары тагылып жаткан эпизоддордун далили жок, алар фактыларды бурмалоого жана ойдон чыгарып кошумчалоого негизделген.
Айтылган жагдай укук коргоо органдары мени жалган айыптар менен кылмыш жазасына тартууга ниеттенип калганын, анын артында саясий заказ жатканын далилдеп турат. Ошону менен бирге, мурда иш козголуп бирок амнистия менен кыскартылган Э. Анапияев менен Д. Долубаевдин да жарандык укуктары бузулуп жатканын коомчулук билиши керек.
Мага карата шашкалактап жасалып жаткан бийликтин аракеттери мыйзамдуулуктан таптакыр алыс болуусу менен бирге алардын коркуп жатканын далилдөөдө. Бийлигин, аны менен кошо үч жылда топтоп алган байлыгын жоготуудан корккон бийлик ээлери бүгүнкү күнү акыл-эсин да жоготуп бара жатат. Мындай абалда алар эч нерседен кайра тартпай, элди массалык түрдө камакка алып, зомбулук көрсөтүп, ал түгүл элге каршы курал колдоно тургандыгын да күтүүгө болот. Полициялык жана репрессиялык иш аракеттер көнүмүш ишке айланууда.
Мен, оппозициялык саясий партиянын лидери катары, өлкөнүн Президенти К.Бакиевден укук коргоо органдары менен сотторду жеке кызыкчылыкка пайдаланууну, саясий оппоненттерине карата кысым көрсөтүүгө, туугандары менен үй-бүлөөсүнүн кызыкчылыктарын коргоого колдонууну токтотууну талап кылам.