Курултайга "даңк" жана "дүңк"

Элдик Курултай элдин купулуна толдубу?
"Той да болот тойдун эртеси да болот" дегендей, 29-ноябрда Бишкекте баарыбыз күйүп-бышып күткөн Элдик Курултай да болуп өттү. Орус драмтеатрындагы орундар толуп, айрымдары тышта калып калышты.Катышкан делегаттардын саны 1500 дөн ашуун болду.
Таяк таянган аксакалдардан баштап, 18-20 жаш курактагы улан-кыздарга чейин келишип, отураарга орун жок, тикесинен тик туруудан да тажашкан жок. Мынча элди ким, каяктан алып келди? Кайдан келишти? Же акыркы үмүтүн артып, арышы жеткен элдин баары ушул Элдик Курултайды көздөй жөнөшкөнбү? "Деги буларды бирөөлөр жалдап, алдап алып келишкен жокпу? деген кытмыр оюбуз кытыгылаганынан элди аралап, айрым ак сакалы төгүлгөн карыялардан кайдан келгенин, кантип келгенин, кандай пикири бар экенин сурап жибердик. Алыскы Баткен областы менен Жалал-Абад областынан келишкен Кожогулов Нургамыш, Мүсүралиев Токтомат, Кенжебаев Искендер аксакалдарыбыздын пикирин угууга жетиштик.
Карыялар алыскы жолдон өз акчалары менен өздөрү келишкенин, азыркы бийликке нааразы экенин билдиришти.
Аңгычакты таранчыдай тизилген оппозиция мүчөлөрүнүн алгачкы сөз башы "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин күпүлдөгөн күчтүү добушу менен башталды. Андан соң Темир Сариев, Бакыт Бешимов, Совет Жамалдинов, Эмилбек Каптагаев, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Бабырбек Жээнбеков, Амангелди Муралиев, Абдыганы Эркебаев, Чолпон Жакупова ж.б баштап, ар бир район, областтардан келген өкүлдөр жана жүрөгүндө оту бар жаштарга чейин сөз берилди. 4,5-5 саат ичинде 30дан ашуун адам өз оюн ортого салды. Айтса арманы көп, бирок убакыт аз болгонуна байланыштуу дагы 30-40тай адам арыз- муңун айта албай калды.
Баарынан да эсте калганы -залда отурган элдин "Бакиев кетсин!" - деп кыйкырып жатышканы, баягы эле "Акаев кетсин!"-деп ачуусу кайнаган элдин түрүн кайталап турду. Кас-катар тизилген оппозиция мүчөлөрү менен элдин ортосунда калемпир- тузу аралаш, ачуу чындык коштогон арбын сөздөр ортого салынды.
Ал эми кубандырганы- жер-жерлерден келген делегаттардын, ушул бүгүн системаны өзгөртүп жиберүүгө күчтөрү жетпесе дагы, кыргыз үчүн күйүп-бышып, келечекке кайдыгер карабагандыгы болду. Бийликти алмаштыруу менен кошо системаны алмаштырбаса эч нерсе өзгөрбөсүн, бийликке каршы чыккан топтун командасы бийликке келсе эмне иш кыла тургандыгын ачык, так эсептелген кризистик программасы, менчикке, мамлекетке, ички-тышкы саясатка ж.б карата так мамилесин билдирген платформасы болууга тийиш экендигин бир топтору түшүнө баштаганы байкалып турду.
Элдин дагы бир сунушу - оппозиция лидерлеринин башынын биригиши менен бирге президенттикке татыктуу адамды аныктоо керек экендиги болду. Бирок, жыйында оппозициячыл саясатчыбыз дегендер"бириктик, мындан ары бир болобуз" - дегендери менен кимдин тегерегинде баш кошоорун айтышкан жок. Бул стратегиялык жаңылыштык. "Көп кийилген көйнөк жыртылаары" белгилүү болгондой эле, көп берилген убаданын да баркы кетээри анык. Азыр эл "Конституцияны өзгөртөбүз, баланча-түкүнчө талаптарды коебуз"-деген сөзүңдү угуп да коюшпайт. Анткени, мыйзамдар, Конституциянын оош-кыйыштары, демократиянын ар кандай түрлөрү көпчүлүк үчүн анча түшүнүксүз. Андан көрө "Светибиз өчүп атат, көмүр жок, азык-түлүктүн баары кымбат, бул бийликти кетирбесе болбойт, булардын ордуна башкасын (конкреттүү адамды)бийликке алып келели, ошол бизди мындай жол менен жыргатат, мындай иштерди аткарат",-десе түшүнүктүү болот. Мунун далили- Курултайда айтылган жөнөкөй сөздөр элдин купулуна толуп турганы болду. Курултайда бир топ саясатчылардын кадимкидей камчы чабышып, ат салышканга даяр болуп калгандыгы көрүнүп турду. Элдин баары эчак билип, сезип турган нерселерди кайра-кайра кайталап айта беришкени болбосо, айрым Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев өңдүү аттуу- баштуу саясатчылардын Бакиевдин бийликке келишине чоң салым кошушкандыгы үчүн кеч да болсо элден кечирим сурап коюшканы дүркүрөтүп кол чабууга арзыды. А бирок, эл жаңыча кадамдарды, жаңы көз караштарды, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтүп отурушту да. Деги, Элдик Курултай элдин купулуна толдубу? Мына, маселенин өзөгү ушул жерде болгону менен таасирдүү, так, таамай айтылган арбын маселенин артында Бакиевдин башкаруу системасынын өзгөрүшүнө жазга чейин мөөнөт берилээри дагы айтылды. Дал ушул жерден эл дуу көтөрүлүп, "жок бийликтин бул мамилеси менен жазга чейин тоңуп калабыз, жазга чейин чыдабайбыз, эртелеп кар түшкүчө жыйынтык чыгаралы,президенттикке татыктууңарды тандайлы",- деп маселени кабыргасынан коюп чурулдашканы, жүрөгүңдүн үшүн алган баягы 24-марттын элесин берип турду. Элдин ар тараптан айтылган сөздөрүн угуп, ал эмес микрофон талашкандардын демин басып, салмактуу сөздөрү менен элди сабырдуулукка чакырган Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Бабырбек Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Роза Отунбаевалардын сөздөрү элдин узакка чейин кол чаап, коштоосуна татыды. Сунушталган кайсы тактиканы туура деп, кайсынысын туура эмес деп эсептешкени элдин ошол кол чаап коштоп туруусунан гана байкалды. Андыктан айтылган сөз, берилген убада бекерге кетпей, бириккен оппозиция мүчөлөрүнүн биримдиги бек болооруна жана элдин үмүтү акталаарына айрымдар бөркүндөй ишенишээрин дагы жашырышкан жок. Мына ушундай кызуу талкуу, кызыктуу талаш- тартыштар менен 4,5-5 саат кантип өтүп кеткени байкалган жок. Убакытты байкаганың менен баш ийбей өтө берет, а бирок элдин ишеничи, колдоосу, үмүт-тилеги деген чоң жүк, чоң жоопкерчилик экендигин сөзсүз байкашыбыз керек. "Жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн" дейт, сөздөрү дагы, өздөрү дагы өлбөй эле, өлкөбүздүн өнүгүшүнүн камын ойлошсо болду. Эр жигит үчүн эл назары ыйык!

Айсулуу ЭСЕН кызы
"Ачык саясат"