Бактыбек Бешимов,
ЖКдагы СДПК фракциясынын төрагасы:
"Маңкурттук жолду тандап алгандардан өткөн душман жок"
Өлкө эли көзкарандысыздыкты алгандан кийин 18 жыл өтсө да, дагы эле мурдагыдай өз келечегине ишенимсиз карашат. Алар кыйынчылыкта жана эртеңки келечекке болгон тынчсыздануу сезимдери менен жашап, Көкө Теңир жана ата-бабабыз мураска берген мекенибизди таштап, башка өлкөлөрдөн бакыт издеп кеткен Мекендештерибиздин саны арбыды.
Эмне үчүн мындай болуп жатат? Албетте, эркиндикке карата жеңил жол жок. Бирок, маселе ал эркиндикте адамча жашоо үчүн туура жол тандап алууда болуп жатпайбы. Менимче, кыргыз элинде мурда да, кийин да эки жол болгон: биринчиси - "Ата бабалардын жолу". Биз улут катары сандаган кылымдар бою көп сыноолорду баштан кечирип, тагдырдын сыноосунан ташыркабай өтүп келдик. Анткени, кыргыз элинин бири-бирине болгон өз ара ынтымагы, ак ниет асыл мамилелери аркылуу бүгүнкү күнгө чейин келип жеттик. Ар бир жаңы муун өз жашоолорунда ата - бабалар мурасын аздектеп, колдон чыгарбай, өз саясатында да, өз турмушунда да кандай гана кыйынчылыктар болбосун жаңы маданий баалуулуктарды ыйык тутуп келген. Саны аз болсо да кыргыз эли дөөлөтү күчтүү эл катары дүйнө жүзүнө Жусуп Баласагын сыяктуу улуу ойчулду, гениалдуу жазуучу Чынгыз Айтматовду , улуу сүрөтчү Гапар Айтиевди , эбегейсиз таланттуу артист Сүймөнкул Чокморовду жана көрүнүктүү саясатчы Исхак Раззаковду берди. Ата - бабалардын мураска таштап кеткен жолу менен жүргөндөр улутубуздун чыныгы сыймыгы жана татыктуу адамдары катары тарыхта калды.
Бирок, башка дагы бир жол бар. Ал- "манкурттар жолу" . Улутубуз үчүн ушул жолду тандап алган кыргыздардан өткөн душман жок. Алар бул жашоодо бир гана бийликти жана байлыкты билишет. Ошондуктан, ушул эки максатка жетүү үчүн алар ойлонбой туруп бардыгына барышат. Мына ошолордун азабынан биз, кыргыздар, башка элдердин басындысында калып олтурабыз. Алар кыргыз элин экиге бөлүп, урууларга, аймактарга, жакшы жана жаман саясатчы деген түшүнүктөргө кептелтип коюшту. Биздин жаратылыш байлыктарыбызды талап-тоноп, колу жеткендерин уурдап, эсебин тапкандарын сатып жатышкандар да мына ошолор. Биздин ата мурасыбыздан бери ыйык тутуп келген абийирдүүлүк, ак ниеттүүлүк, ак дил, ариеттүүлүк касиеттерибиз бийликтин жана акчанын кулуна айланды. Биз эл катары жана көз карандысыз өлкө катары он жылдан ашуун мезгилден бери манкурттардын эзүүсү алдында жашап келе жатабыз. Өлкөбүз эркин эмес, жашообуз мындай улана берсе, эртеңки келечектен үмүт үзүп коюуга туура келет.
Ошол себептүү биздин кыймыл баарыдан мурда улуттук-эркиндик кыймылы деп аталуу менен өлкөбүздү туңгуюкка, арсыздыкка, кедейликке жана ишенимсиз жашоого түшүрүп жаткан манкурттардан бошонуу милдетин алдыга коет. Анткени, биз эртең өз укум-тукумубузга "XXI кылымдагы кыргыз элинин эркиндигин кандайча пайдаландыңар"- деп сурашса, эмне деп жооп беребиз? XXI кылымда дүйнө жүзү жаңыланып, өсүү жолдору күн санап өркүндөөгө шарт түзүлүп жаткан кылымда, эртеңки муун үчүн артыбызда эмне калтырабыз? Көз карандысыздыкты алган 18 жыл бою биз "башкаруучу үй-бүлөлөрдүн" элдин эсебинен уятсыздык менен кантип байып жаткандыгын сырттан байкоочу катары карап тура беребизби? Мындан ары унчукпай жашап жүрө берүүнү чыныгы кыргыздар үчүн күнөө деп эсептейбиз.
Ата - бабалардын жолу менен баруу үчүн биз эмне кылышыбыз керек?
А) Баарынан мурда бири-бирибизге ишеним менен мамиле кылуубуз керек. Өлкөбүз чындап жакшы жашоо жолуна өтөт деген ишеним жүрөгүбүздө болууга тийиш. Элибиздин сезимине бекем орноп калган келечекке болгон тескери көз караштан кутулуубуз зарыл. Анткени, күнүмдүк жашообуздан да, өлүмдөн да баалуу, күчтүү жана ыйык Ата Мекендин, укум-тукумубуздун кийинки келечек тагдыры деген сезим түбөлүктүү жашоого тийиш. Биздин азыркы муун жер үстүндөгү кыргыз дүйнө таанымынын узак мезгилдүү таржымалынын бир гана көз ирмем бөлүгү болуп саналат. Ал эми ар бир муундун өз мойнундагы парзы, жонуна көтөргөн эбегейсиз жүгү болот. Бир муундун кесепеттүү кадамы кыргыздарды чексиз туңгуюкка түшүрүп салышы мүмкүн. Биз, жумшак айтканда, ушул жолдо бара жаткандыгыбыз-бүгүнкү күндөгү айныгыс чындык. Жыйырма жылга жакын мезгилден бери кыргыз бийлиги ата-бабабыздан мураска калган жерди саткандан, уурдап-тоногондон башка жарытылуу эч нерсе жасаган жок. Биздин эмгекке жарамдуу жигиттерибиз жана кыздарыбыз өз Ата Мекенинде иштеп, өлкөсүн өркүндөтүү үчүн колдон келген салымын кошуусуна бийликтегилер жолтоо болуп келүүдө. Ошолордун кесепетинен уул-кыздарыбыз башка өлкөлөрдүн байышы үчүн иштеп жатышат.
Б) Уруу-урууларга жана аймактык бөлүнүүлөр аркылуу өлкөбүздүн тагдырына мамиле жасоодон качуубуз керек. Элибиз өз ара бөлүнүүлөрдөн улам манкурттарга барымта болуп олтурбайбы! Демек, бизге улут биримдигинин жана ар-намысынын символу катары чыныгы лидер керек экендигин түшүнүүгө мезгил келип жетти. Биз азыр жалпы улуттук идеяны алып жүргөн анык саясатчыга муктажбыз. Кыргызстандын саясий сахнасы бул олуттуу учурда майда саясатчылардын өз жери жана аймактарынын кызыкчылыктарын гана көздөгөн оюндарына толгон. Кыргызстандын мындай бөлүнүп турушу кыргыз жеринде өз малайлары аркылуу элди басынтып, башкарып алууну гана көздөп жаткандарга пайдалуу.
В) Улуттун саясий элитасына сарамжалдуу жана кылдат мамиле жасоо керек. Мына ошолор гана улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарды алдыга биринчи коюу жоопкерчиликтерин чындап сезишет. Мына ошол чөйрөдө гана улуттун эртеңки келечегин чечүүгө түздөн-түз таасир тийгизген чечимдер кабыл алынат. Мында бир гана таасирдүү курал бар - улуттун кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө чындап ойлонгон жана иш жүзүндө эртеңки келечек үчүн шымалана иштеп берчү адамдардын чөйрөсүн түзүү. Биз улуттук саясий элитаны түзүүгө карата үстүртөн жана жеңил ойлуу мамиле жасообуздан улам манкурттардын басындысында калгандыгыбызды түшүнүүбүз керек. Ал эми элита тарыхыбызда ар дайым улуттун жүзү болуп келген.
Элибиздин эртеңки тагдырын мен азыркы учурдагы Демократия жана Эркиндик деген маанилүү постулаттарды кадырлап-барктоодон улам көрөмүн. Биздин саясий система жана мамлекеттик түзүлүш мына ушул эки түшүнүктүн негизинде курула тургандыгына бекем ишенем. Бул маңызы да, мааниси да боюнча улуттук салт-санаабызга, ички руханий таанымыбызга да жооп берээринде шек жок.




Совет Жамалдинов,
"Асаба " улуттук партиясынын лидери:
"Кайдыгерлик - кыргыз мамлекетинин жок болушуна өбөлгө түзүүдө"
Урматуу мекендештер!
Кымбатуу Элдик
Курултайдын катышуучулары!
"Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын атынан бүгүнкү элдик курултайдын катышуучуларын чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер.
Жогоруда сүйлөгөн жолдоштор өлкөбүздүн саясий -экономикалык, коомдук саясий кризис, энергия жана азык-түлүк кризиси жөнүндө айтып өтүштү. Мен ушул айтылган кризистерден тышкары азыр эң орчундуу кризисти айтаар элем.
Кыргыз эли байыртадан эле өзүнүн Ата- Мекенин, аскасы бийик Ала-Тоосун, көгүлтүр Ысык-Көлүн , кең өзөн Чүйүн, ыйык Сулайман тоосун, өрүкзарлуу Баткенин, айтылуу Кетмен Төбөсүн, аркар -кулжалуу Алайын, киндик кандуу Нарынын атадан калган мурас катары көзүнүн карегиндей сактап келген. Ата-Журтубуздун бейпил турмушун, бакыбат жашоосун камсыз кылган:
"Эй жарандар,
Эрендер,
Бектер жана берендер,
Мейли бакыр,
Мейли баатыр…-
"Мен кыргызмын" дегендер!
Зоок үчүн келгеним жок бул жерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир Ата- Журт,
Бир Асаба,
Бир жөлөк бар бир элде
Биз, кыргыз атабыздын мураскорлору ошол атадан калган ыйык мурастарды сактообуз керек.
Улутубуздун Кыргыз Атадан калган үч ыйык мурасын айтаар элем. Ар бир кыргыздын уул- кыздары ал ыйык мурастарды көздүн карегиндей сактоого милдетүү.
Биринчиси - ыйык кыргыз жери, ата жери. Ата- Журтубуз.
Экинчиси - эне тил - кыргыз тили. Манас бабабыздын тили. Менин тилим. Сенин тилиң!
Үчүнчүсү - улуттук маданият, каада-салт, үрп -адат, улут руху.
Биз бүгүн эмне үчүн ушул чоң ак сарайда Кыргызстандын туш- тарабынан келген карапайым эл өкүлдөрү Элдик Курултайда отурабыз? Биз жыргап кетип, турмушубузга мактаналы деп элдик курултай чакырганыбыз жок.
Эмне үчүн азыркы кыргыз бийлиги Кыргызстанда жашаган карапайым элдин, кыргыз улутунун кызыкчылыгын, Кыргыз мамлекетин коргой албайт?
Анткени, биздин өлкөдө жашаган карапайым кыргыз элинин кызыкчылыгы, мамлекеттин кызыкчылыгы эң акыркы орунга коюлуп, улуттук байлык болгон эбегейсиз кооз жерибизди, андагы кен - байлыктарды, суубузга чейин жең ичинен бир ууч атка минер, куу чирендердин сатуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз.
Бул маселелер кыргыз элинин кайдыгерлиги, көңүл коштугу эртеңки кыргыз мамлекетинин жок болуп кетишине өбөлгө түзүп жатат деп эсептейм.
Биз качанкыга чейин ушундай кемсинтүүгө чыдай беребиз? Улут кайда? Эл кайда? Мамлекеттик чиновниктердин эсепсиз байышы, мамлекеттик казынаны, байлыктарыбызды уурдаганын карапайым Кыргызстандын эли көрүп - билип туруп унчукпай отурабыз. Качанкыга чейин унчукпай отура беребиз! Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз! Ата- журт талоондо дээр элем.
Ата- бабанын ыйык топурагын тебелеп, бөлөк элге кошомат айткан, керек болсо жерин, элин, динин саткан берендер чыкты кыргыздан.
Азыркы бийлик трайбализм, жердештик оорусу чегине жетип кирип, өзүмө-өзүм бий, өзүмө-өзүм бек түшүнүгү менен айланасына бир туугандарын, классташ, куда- сөөк, аяштарын, жердештерин топтоп алды. Ал эми жалдоо менен киши өлтүрүү, уурулук, каракчылык таламандын чак түшүндө тоноо, сойкулук, баңгилик , аракечтик, жеке адамдын укугун уятсыздык менен тепсөө, соттордун мыйзамсыздыгы, "менин милициям мени тонойт " принциби менен укук коргооо органдарынын мыйзамдуу рэкеттерге айланышы кейиштүү акыбалга алып келип отурат. Жер- жерлерде логикага негизделбеген бийлик башындагыларды колдошубуз керек деген спонтандуу анархизм жыттанган ураандар көнүмүш адатка айланды.
Мамлекетибиздеги ушундай фактылардан кийин кандай жыйынтык чыгарсак болот?
- "Адамдын жумшагын адам жейт, жыгачтын жумшагын курт жейт"
Кандай жолго түшүшүбүз керек? Кыргыздар кандай тунгуюкка кептелдик? Улуттун жок болуусунабы? Анархиягабы же авторитардык өзүм билемдиккеби?
Демек, бул жалпы кыргыз эли ойлоно турган олуттуу курч маселе.
Ал эми экинчи мурас-бул эне-тил.
Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде эне тилибиз болгон кыргыз тили толук кандуу иштебейт? Буга ким күнөөлүү ?
Менин жеке пикиримде, эне тилин билбеген кыргыздын атка минери күнөөлүү. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында, өз Ала-Тоосунда толук кандуу сүйлөнбөй келе жатат? Өэ жеринде ээн-эркин сүйлөнбөсө, анда ал кайсыл жерде сүйлөнөт? Пекиндеби? Москвадабы? Анкаркадабы? Америкадабы? Андыктан Кыргыз Республикасында бир гана Мамлекеттик тил кыргыз тили болуш керек, ал Мамлекеттин да, улуттун да кызыкчылыгын көздөшү зарыл. Кыргыз тили бөлөк тилдердин чаңында калбашы керек . Бүтүндөй иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, тилди билбегендерди кызматтарга жолотпоо керек.
Кыргыз мамлекети күчтүү мамлекет болгондо гана көп улуттуу калкыбызга эң жакшы жашоо - шарттары түзүлөт. Залда отурган орус, өзбек , уйгур туугандар жана башка элдин өкүлдөрүнө кайрылам. Кыргыз мамлекетинин бүт атуулдары, кыргыз жерин Ата-Мекеним деген ар бир улут - кыргыз улутун негизги улут катары, жердин ээси катары сыйлашы жана колдоосу зарыл. Ошондо гана кыргыз сиздерди сыйлайт жана дайыма коргой алат. Муну эч убакта эч ким унутпашы керек. Анткени, биз кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз.
Улуттун тагдырын ойлоо-ар бирибиздин милдетибиз. Антпесе, көп улуттуу Кыргызстандын фонунда түпкүлүктүү улуттун кызыкчылыгы, ар-намысы кээ бир шовинисттер тарабынан басмырлана берет.
Ооба, бүгүнкү күндө ата-бабалар салты эмне болду?
Ата-салтыбыз бузулду. Айыл аксакалдарыбыз жасакерленип, өз кара жанын сактоого өттү. Жаштардан ыйман - ынсап кетти. Ата-бабабыздан калган ыйык салт, мурастар унутула баштады.

Жогоруда айтылгандын негизинде Элдик Курултайдын катышуучуларына "Асаба " Улуттук кайра жаралууу партиясы төмөндөгүдөй сунуштар менен кайрылат.
Биринчиден - Ата - Журтубуздун жерин, улуттук кен байлыгын, жаратылыш байлыктарын мамлекеттик мыйзам негизинде улуттун кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланууну талап кылабыз.
Экинчиден - Улуттук маданиятты ар тараптан өнүктүрүү менен жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо багытында Улутук Программа түзүүнү талап кылабыз.
Үчүнчүдөн - келээрки жылы кыргыз тилинин Мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 20 жыл толушун эске алып, 2009-жыл "Кыргыз тил жылы" болуп жарыялансын. Кыргыз тили Мамлекеттик жалгыз тил болуп кабыл алынышы зарыл.