Билбесең, биле жүр!

Йоддун жетишсиздиги кем акылдык менен зоб оорусуна алып келет
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму йоддун жетишсиздиги менен тез арада күрөшө турган өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды да киргизгени маалым болду. Себеби, керектөөчүлөрдүн укугун коргоп жүргөн "Айкын" ассоциациясынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, жаратылышыбыздагы йоддун жетишпестиги республикабыздын бардык регионунда аныкталган.

Өзгөчө, жаңы төрөлгөн наристелер, боюнда бар аялдар йоддун жетишпестигинен жапа чегип келишет. Ушундан улам, ЮНИСЭФтин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттери республикадагы жаш балдардын богок (зоб) оорусуна чалдыгуусу 40-45 % түзөөрүн, ал эми өлкөбүздүн түштүк аймагында бул көрсөткүчтүн бир кыйла жогору экендигин аныкташкан. Тагыраак айтканда, түштүк регионундагы богок оорусуна чалдыккандар 70-75% түзгөн. Мындан тышкары, йоддун жетишпестигинен төрөлгөн балдардын 50 %га жакынынын акыл-эсинин тиешелүү деңгээлде өрчүбөй калгандыгы байкалган. Йод жетишкен бала менен йод жетишпеген баланын акыл-эсинин өрчүшүндө чоң интелектуалдык айырма болгондугун адистер өздөрүнүн иликтөөлөрүндө аныкташкан. Алардын маалыматына таянсак, бүгүнкү күнү кош бойлуу аялдардын 50%га жакыны йодго муктаж. Эң кызыгы, йоддун жетишсиздиги адам организмине терс таасирин тийгизээрине көпчүлүк тиешелүү деңгээлде көңүл бура бербейт.
Медиктердин айтканына кулак салсак, йод дефицити иммунитетти азайтып, ар кандай инфекциялык оорулардын жугушуна, кем акылдуулукка жана алсыздыкка шарт түзөт.
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, ар кандай оорулар менен күрөшкөнгө караганда профилактикалык иш-чараларды жүргүзгөн бир кыйла жеңил.
Кыргыз өкмөтү бул тармактагы абалды эске алып, "Йод жетишсиздигинин деңгээлин азайтуу" деген 2003-2007-жылдарга багытталган Улуттук программаны кабыл алган.Тилекке каршы, ал программа иш жүзүндө толук иштебей калган. Ага себеп, өзү кабыл алган программага өкмөт өзү тиешелүү деңгээлде көңүл буруп, анын аткарылышын көзөмөлдүккө албагандыгында.
Себеби, республикабыздын ар кайсы жериндеги базарларда, соода түйүндөрүндө сертификациясы жок, мөөнөттөрү узартылган йоддолгон жана йоддолбогон туздар сатылууда.
Ош облусундагы Орто Азиядагы эң ири Кара-Суу базарында йоддолбогон тузду бери кой, коңшу өлкөлөрдөн чыгарылган, ден-соолукка коркунучтуу техникалык туздардын да сатылып жатканын кезиктирүүгө болот.
Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон "Айкын" ассоциациясынын мааламытына таянсак, туз менен республикабыздын 70%ын өлкөбүздөгү өндүрүшчүлөр, калган 30%ын чет өлкөлүк өндүрүшчүлөр камсыз кылышат.
Тилекке каршы, ошол 30% туздардын көбү өлкөбүзгө контрабандалык жол менен кирет. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан өндүрүлүп, Кыргызстандын сапат сертификаты алынбаган туздардын ар кайсы базарларда сатылганы медиктерди өкүндүрөт.
"Айкын" ассоциациясы республикадагы бажы кызматынын жетекчилигине кайрылып, импорттон келген туздардын көлөмүн сураганда, алар мындай маалыматтын жоктугун шылтоолоп тим болушкан.
Кыргызстандагы керектөөчүлөрдүн укугун коргогон "Айкын" ассоцияциясы ЮНИСЭФтин колдоосу менен республикабыздын 7 облусун түрө кыдырып, кеңири таралган туздардын 30 түрүн алып, йоддун курамына анализ жүргүзүшкөн. Себеби, ар бир туздагы йоддун курамы пачканын сыртында көрсөтүлгөн пайызга дайым эле туура келе бербейт.
Изилдөө Кыргыз медакадемиясынын диагностикалык лабороториясында ишке ашкан.
Анын натыйжасында, кеңири таралган айрым туздардын сапаты төмөндөгүчө болгон.
Жогорудагы таблицаны келтиргенибиздин себеби, Кыргызстандын тургундары сапаттуу азык менен камсыз болуп, ден-соолугуна өздөрү гана кам көрбөсө болбойт. Себеби, санитарлар элге жайылтылган тамак-аш продуктуларынын баарынын эле сапатын текшере беришпейт. Алар "бизнесмендерди, жеке ишкерлерди себеби жок эле текшере бергенди койгула!"- деген президенттин указынан чоочулап, көп текшере беришпейт экен. Аталган указ санитарларга тиешелүү эмес болсо да, иш ордубуздан айрылып калбайлы деген чоочулоо аларда бар экендигин айтып коюубуз керек.
Йод жетишсиздигине байланышкан көйгөй Саламаттыкты сактоо министрлигин же бул тармакта 2002-жылдан бери иш жүргүзүп келген "Айкын" ассоцияциясын гана эмес, бажы кызматын, жер-жерлердеги губернатор, акимдерди да кызыктырышы зарыл. Себеби, дени сак үй-бүлө гана дени сак мамлекетти жарата алат. Ал эми мамлекет үй-бүлөдөн башталаарын ар бирибиз унутпашыбыз абзел.
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"




  Бетеге кетет бел калат, Бектер кетет эл калат

КОКОН ХАНДЫГЫН ЖАНА ТАЛАСТЫ БАШКАРГАН ТӨБӨЛДӨР
БАШКАРГАН ТӨБӨЛДӨР

Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал, элдин жашоо турмушунун абалы, Ак Үй, көк үйдөгү алешемдиктер, Кыргызстандын бүдөмүк келечеги-ушул сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр менин Кыргызстаным Кокон хандыгынын таз кейпин кийип калбайбы деген бүдөмүк кооптонууну жарата баштады. Анан Кокондо бийликке келген бийлер менен хандар мамлекетти канча айдан, канча жылдан башкаргандыгын иликтеп чыктым. Менин Кыргызстаным да ушундай жол менен кете берсе кайда барып токтоорун элестете албай койдум.
Убагында Кокондун хандарын алмаштырууда Талас, Аксы элдеринин ролу чоң күч болгонун эске алып, Таласты башкаргандардын да тизмесин тактап чыктым. Көз жүгүртүп, акыл калчап көрөрсүңөр. Кайсы хан же губернатор эмне иш бүтүрүп элдин эсинде калыптыр, тактыга кантип келип, кантип шыпырылганын да жазгыла деп кызыгып, сурансаңар, аны да ойлонуштуруп көрөлү.
Бул ишти ушуну менен эле токтотуп койбойлу, урматтуу окурман. Бирөөң кыргыз өкмөтүн кимдер жетектеп, эмне иш жасады, дагы бирөөң тигил же бул министрликти кимдер башкарып, алар кандай иштеди-аларды да жазып жибергиле. Эл үчүн баа жеткис материал болоор, тарыхка баа берүүгө жардамы тиер, азыркы бийликтегилердин кандай иштеп жатканын салыштырууга табылгыс таберик эмеспи. "Бектер кетип эл калаар, бетеге кетип бел калаар".

КОКОН ДООРУ

1. ШАХРУХ БИЙ (1710-1722)
2. АБДУРАЙИМ БИЙ (1722-1734)
3. АБДУКАРИМ БИЙ (1735-1751)
4. АБДУРАХМАН БИЙ (9 ай гана бий болгон)
5. ЭРДЕНЕ БИЙ (1 жыл туруп, агасына берген)
6. БАБАБЕК БИЙ (10 айдан кийин өлтүрүлгөн)
7. ЭРДЕНЕ БИЙ (1755-1769)
8. СУЛАЙМАН БИЙ (6 айдан кийин өлтүрүлгөн)
9. НАРБОТО БИЙ (1769-1801)
10. АЛИМ ХАН (1801-1809)
11. ОМОР ХАН (1810-1822)
12. МАДАЛИ ХАН (1822-1842)
13. ШЕРАЛЫ ХАН (1842-1844)
14. КУДАЯР ХАН
(1845-1858),(1862-1863), (1865-1875)
15. МАЛЛА ХАН (1858-1862)
16. КУДАЯР ХАН (1862-1863)
17. СУЛТАН САИД (1863-1865)
18. КУДАЯР ХАН (1865-1875)

СССР ДООРУ

ТАЛАС ОБКОМУНУН
1-СЕКРЕТАРЛАРЫ:

1. БАЗАРБАЕВ ГАПАР (1944-1945-жж.)
2. ТОКОБАЕВ МОЛДОГАЗЫ (1945-1948-жж.)
3. ШАБАЕВ ДОСУ (1948-1950-жж.)
4. ЖАРКЫМБАЕВ АБДЫШ (1950-1954-жж.)
5. ВОРОБЬЕВ АЛЕКСАНДАР ТРОФИМОВИЧ (1954-1956-жж.)
6. АБДРАЕВ КАРЫКЕ (1980-1985-жж.)
7. ДҮЙШЕЕВ ЭСЕНБЕК (1985-1988-жж.)
8. КЕНЕНСАРИЕВ АБДЫКАДЫР (1991-жыл)
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ДООРУ

ТАЛАС ОБЛАСТЫН
БАШКАРГАН ГУБЕРНАТОРЛОР:
1. САРЫГУЛОВ ДАСТАН
(1991.июнь -1992.6.11.-жж. 1 жыл 5 ай.)

2. КАСЫМОВ ТОЙЧУБЕК
(1992.6.11.-1996.27.09.-жж. 3 жыл 10 ай.)

3. КЕРЕКСИЗОВ ТАШКУЛ
(Таласты Бишкектен туруп эле башкарды)
(1996.27.09.-1998.16.01.-жж. 1 жыл 4 ай.)

4. АКМАТАЛИЕВ ТЕМИРБЕК
(1998.17.01.-1999.13.04.-жж. 1 жыл 3 ай)

5. МАСАИТОВ ИСМАИЛ
(1999.14.04.-1999.7.12.-ж. 7 ай 22 күн.)

6. КАРАЧАЛОВ КЕҢЕШ
(1999.7.12.- 2002.14.12.-жж. 3 жыл 7 күн)

7. АЙДАРАЛИЕВ ИСКЕНДЕР
(2002.16.12.-2006.19.12.-жж. 4 жыл 3 күн)

8. ЖЭЭНБЕКОВ ЖУСУПЖАН
(2007.27.01.-2007.19.12.-ж. 10 ай 22 күн)

9. МУРАТАЛИЕВ БАЙЫМБЕТ
(2007.19.12.-2008.11.01.-жж. 1 жыл 22 күн)

10. БОЛОТБЕКОВ БЕЙШЕНБЕК
(2008.11.01.- ??? )

Машакбай РАХМАНКУЛОВ