Чыгыш берметтери…

Падыша картайып, өзүнүн бийлиги менен байлыгын акылдуу деп эсептеген 3 эм баласынын кимисине берээрин билбей, башы маң болот. Ошондо 3 баласын тең чогулутуп, үчөөнө тең бир кап гүлдүн уругунан берип, өзү ажылыкка барып келээрин айтат.

"Мен 2 жылдан кийин келем. Ошондо мага кайра мобу уруктарды кайтарып бересиңер. Бул деген сыноо. Кимиңер аны жакшы сактасаңар, ошонуңар менин мураскерим болосуңар"- деп, Меккеге жөнөп кетет.
Биринчи баласы уруктарды эмне кылууну ойлонуп, эч нерсе болбосун деген ой менен аны темир сейфке салып коет.
Экинчиси "бир тууганымдай болуп, сейфке салып койсом, алар көгөрүп же өнүп кетиши мүмкүн. Андан көрө дүкөнгө алып барып сатып, акча кылайын да, атамдын келээрине аз калганда жаңы урук сатып алам. Мына ошондо, урукка эч нерсе болбойт"- деп чечет.
Падышанын үчүнчү баласы бакчасына барып, бош калган жерлердин баарына урукту тигип салат.
Балдардын атасы эки жылдан кийин үйүнө кайтып келет.
Ошондо биринчи баласы сейфти ачып чирип, сасып кеткен урукту көрсөтөт.
"Бул эмне? Мен сага ушул урукту бердим беле? Бул урук гүлдөп, айланага сонун жыттарды тартуулап турушу керек эле. Ал эми сенин уругуңдан жагымсыз жыт келип жатат",- дейт. Бирок, баласы атасына нааразы болуп, бул урук атасы берген урук экендигин далилдегиси келет.
"Сен материалист экенсиң"- деген жоопту гана узатып тим болот.
Экинчи баласы дүкөнгө чуркап барып, жаңы уруктарды сатып алып, атасына көрсөтөт.
"Бул деген мурдагы уруктар эмес. Сенин бул акылың жакшы, бирок бул мен каалаган нерсе эмес. Сен психолог экенсиң"- дейт атасы.
"Сен эмне кылдың?"- деп үчүнчү баласына үмүт артып барат.
Ал баласы атасын бакчага жетелеп барып, көздүн жоосун алган гүлдөрдү көрсөтөт.
"Бул сиз берген уруктар. Качан гана гүл жетилгенде, уруктарын сизге чогултуп берем"- деп атасын сүйүнтөт.
Ошондо атасы толкунданып: "Сен менин бийлигиме жана байлыгыма ээ болосуң. Сен менин мураскеримсиң",- деп көзүнө жаш алган экен.



Квартира берилет
Ак-Өргө жаңы конушунан эки жана бир бөлмөлүү квартиралар берилет.
0773 15 22 16, (0312) 41 03 24

КАФЕЛЬ САТЫЛАТ
Базардыкынан төмөнкү баада төшөсөң жер кубанган, карасаң көз тайгылган кафель плиталары сатылат.
Кечигип бармагыңды тиштеп калба. Полдуку да, дубалдыкы да бар.Үлгүлөрүн редакциядан көрүп кетсең болот.

Байланыш телефондору:
0555 - 276 - 463, 0312 - 313 - 368

Жарыя!
Видео студияга режиссерлорду, сценаристтерди, операторлорду, монтаждоочу кызматкерлерди келишимдик негизде иштешүүгө чакырабыз!

Байланыш телефондору:
0312 - 31-33-68 , 0777 87-00-37

Продаю
UPS - источник бесперебойного
питания дает свет, когда его нет.
Бесшумно и не нужен бензин.
Т. 51 25 24, 42 50 54


ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!
"Адвокат профи" фирмасы
Сиз өз укугуңузду жана мыйзамдуу кызыкчылыгыңызды мамлекеттик, сот, милиция, прокуратура органдарында коргоонун жолун жакшылап биле албай жатасызбы?
Кылмыш же жарандык иштер боюнча тажрыйбалуу адвокаттар же юристтер керекпи?
Бизге келиңиз. Келишимдик баада укуктук жардам көрсөтүүгө, соттук иштер боюнча республиканын бардык жерлерине барып берүүгө биздин адвокаттар, юристтер ар дайым даяр.
Биз сиздер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшай алабыз.

"Адвокат профи" фирмасы - силердин фирмаңар!

Биз "Ачык саясат" гезити менен бир имаратта турабыз. Тел: (0312) 31-33-68, уюлдук телефон (0555) 08-18-91