Диниң кайсы, бурадар!

Диний экстремизмдин тозогу -
рухий геноциддин очогу
Кыргыз Республикасынын коопсуздук мамилеси өлкөдөгү орчундуу мүнөзгө ээ болсо да, мамлекеттик күч структураларынын талаптагыдай иш алып бара албай жаткандыгын моюнга алуу керек.

Азыркы бийлик кетирген кемчиликтерин айткан адамдарды ашынган "эл душманы" катары баалашат да, ал эми өлкөбүздүн келечегине чындап коркунуч алып келген күчтөрдүн ачык да, тымызын да жүргүзүп жаткан иш- аракеттерине чыныгы баа берүүгө алсыздыгын өздөрү айгинелеп койду. Ачык айтканда, өлкөбүздө сырткы душмандан коргоп калаар аскер күчтөрүнө караганда, көчөлөрүбүздө жер жайнаган милиция кызматкерлери батпай кетти. Аскер күчтөрүнө салыштырмалуу милициялардын саны 2,5-3 эсеге көп экендиги эмнени түшүндүрөт? Ошого карабастан кылмыштуулуктун күчөшүнүн себеби эмнеде? Айрыкча, заказ менен киши өлтүрүү, адам өмүрүнө коркунуч келтирүү, экстремизмдин күч алышы, диний карама-каршылыктардын өлкө ичинде кеңири жайылышы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн кантип жашырабыз?
Бизде өлкөнүн коопсуздугу маселеси-"ичтен душман издөө" менен айкалыштырылган. Мамлекет башчыбыз, Өкмөт, Жогорку Кеңеш баш болуп, оппозициялык маанайда пикир айткандардын артынан "кара пиар" уюштурууну адатка айландырды. Муну танууга мүмкүн эмес. Адамзаттын тарыхында бийлик үчүн күрөштө бийликти ээлегендер жана бийликти алдырып койгондордун гана топтору болот. Мунун эч кандай коркунучу жок. Алардын бири-биринен айырмасы- карманган принцибине, убадага тактыгына, дүйнөгө жана дүнүйөгө болгон жеке көз карашына жараша элдин ишенимине ээ болгондугунда турат. Бийликти бир топтун түбөлүк өзүнө кармап калышы мүмкүн эмес. Оппозиция-бийликтин душманы эмес, анын туруктуу атаандашы гана экенин биздин бийликтегилердин билгиси келбегендинде турат. Мындай атаандаштык болбосо, бийлик өз милдетине кайдыгер карап, азыркы "биздин бийликтегилер" сыяктуу мамлекеттин кызыкчылыгын өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы менен алмаштырып алаарын тарых тастыктап келет.
Биздин коопсуздугубузга коркунуч түзүүчү күчтөр башка тараптан, башка жолдор менен аракет кылып келет.Мындай опурталдуу коркунучтун бири диний экстремизм экенин белгилөөгө болот. Калкыбыздын жалпы саны 5 миллионду түзсө, ал эми Мекенибизде жер жайнаган диний агымдардын, секталардын өлкөбүздө эркин аракеттеринин коркунучтуу экендигин , бул "жай жарылуучу бомбанын" мамлекетибизге гана эмес, жалпы кыргыз эли жок кылуучу рухий геноцид болуп каларын мурда эскерткенбиз.
Тилекке каршы, бийлик мунарасындагылар бул "ачуу кыйкырыкты" тоготкон жок. Элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, "шайтандын шапалагын чапкан" миссионерлер жергебизди басып кирди. Ал эми өлкөнүн коопсуздугуна көзөмөл кылуучу мамлекет башчыларыбыз, чечкиндүү чара көрүүчү УКК, ИИМ бул маселеге көңүл бурган жок. Элибиз азыркы күндө канча диний агымдар, секталар болсо, ошолорго кирип кеткенин кантип танабыз?
Ырас, Башкы Мыйзамыбызда дин эркиндиги берилгени ырас. Бирок, ушул "эркиндикти" кастарлап, ата-бабаларыбыздын каада-салтын, динибизди жана дилибизди сактап кала албадык. Сырттан келген миссионерлердин эркин аракет кылышына жол берүү менен калкыбыз көп диндүү болуп калды. Айрыкча, "Иегова" агымынын, "Исачылардын", "Хизбут-Тахрирдин", "Вахабизмдин" кучак жайышы кыргыз элин рухий-духовный жактан кыйроого алып барарын ачык көргөздү. Тактап айтканда, "жеке адамдын дин тутуу эркиндиги", "мамлекеттин коопсуздугунан" жогору коюлуп калды.
Азыркы күндө өлкөбүздүн бүтүндөй булуң-бурчунда өз аракетин жүргүзүп жаткан коркунучтуу диний агымдардын бири "Хизбут-Тахрир" болуп эсептелинет, бирок религиялык-экстремисттик бул партияга диний агым түшүнүгү чүмбөт болуп гана кызмат кылат. Булар эл арасында үгүт-насыят иштерин жүргүзүүгө дааватчыларды кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу менен өзгөчөлөнөт. Эгерде булардын негизги максатына назар бурсак, өздөрүнө жакпаган мамлекеттик түзүлүштү кулатып, фундаменталдык ислам мамлекетин куруу идеясын көтөрүп чыккандыгы менен байланыштырсак болот.
Албетте, коомчулукта бул идеяны реакциячыл көз караш катары баалашат. Атап айтканда, бул күндө дүйнөгө гегемондук үстөмдүк жүргүзгөн АКШга, Европанын жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө жакпай турат. Мунун себебине ар тараптан талдоо жасап, ошого жараша мамиле жасоо зарылдыгы келип чыгууда. Бир учурда Ооганстанга аскер күчтөрүн киргизгени үчүн ошол өлкөлөр эсил кайран СССРди айыпташкан, ал эми "реакциячыл" топтордун топтолгонун шылтоолоп, тынч жаткан элди кошо бомбалагандыгы үчүн эмнеге азыр АКШга күнөө койбойбуз? Ошол эле Ирактын башкаруучусу Саддам Хусейндин жүргүзгөн ички жана тышкы саясатына шылтоолоп, АКШнын бул өлкөгө басып кириши эмнеге коомчулук тарабынан, БУУ тарабынан саясий баа берилген жок? Ушуну өзүндө экономикалык гана кызыкчылыктар эмес, идеологиялык жана диний кызыкчылыктар да коштолуп жүрбөсүн? Себеби, бул өлкөлөрдө биздин Кыргызстан сыяктуу христиан жана католик диндеринин түрдүү агымдары, секталары эркин миссионердик иш-аракеттерин жүргүзө албагандыгына байланыштуу болбосун? Ал эми АКШнын Иранга аскер күчтөрүн киргизишинде эл аралык мамилелердин эрежелеринин одоно бузулуушу менен ички иштерге кийлигишүүлөрү болуп жүрбөсүн? Эгерде мындай баскынчылык согуш жүргүзүлгөн аймактарга көңүл бурсак, анда эмне үчүн "согуштук аракеттер" мусулман өлкөлөрүнө каршы багытталып отурат? Ушул эле АКШ жакынкы Чыгыштагы ар бир окуянын башында болуп, Израилди пайгамбарындай колдоп келгени турмуштун нукура чындыгы эмеспи?!
Ушулардан улам, АКШ жана анын жактоочуларына каршылык кылгандарга дийний экстремизм жарлыгы тагылып жаткандай. Албетте, алардын бүтүндөй мусулман өлкөлөрүн бириктирип, бир бүтүн мамлекетке айландыруу идеясы -бул жөн эле догма. Бирок, мусулман динин туу туткан өлкөлөр өздөрүн ислам республикасы деп жарыялап жибериши мүмкүн. "Хизбут-Тахрир" партиясы ушул максатын ишке ашырса, анда диний чыр-жаңжалдар күчөйт. Бирок, бул үчүн бир эле бул партияны күнөөлөй берүүгө болобу? Эмне үчүн андай болсо АКШдагы "Ку-Клус-Кланчылар", Россиядагы "такырбаштар", Европадагы фашисттик партиялар айыпталбайт? Экстремизм жарлыгы буларга тагылбайт? Мында диний карама-каршылыктар катылып жатпасын? Фашизмден, расалык геноцидден "Хизбут-Тахрир" ошончолук коркунучтуубу? Бул кайсы критерийлер менен аныкталгандыгы элге белгисиз калып отурат. Алардын иш-аракетинде кылмыштын кайсы түрү бар экендигин юридикалык жактан так аныктамалар чыгарылганына да ишенүү кыйын болуп отурбайбы?
Кыргыз эли кайсы динди кармайт? Мусулманчылык, католиктик, христиандык жана буддизм динин кармагандар аралашып калды. Демек, дүйнөнүн башка аймактарына, башка элдерге караганда кыргыз "кыйроо" жолуна түшкөнү ачык көрүнүүдө. Көп диндүүлүк элибиздин түндүк, түштүк болуп бөлүнүшүнөн коркунучтуу. Жыйырмадан ашык диний агымдардагы, секталардагы адамдарды бир эл, бир улут катары бириктирүү, баш коштуруу мүмкүн эместигин көңүл борборунда сактоого милдеттүү эмес белек?!
"Укмуштуунун төөсү жорго"-демекчи. Эл ичи ыдырап, алардын ортосунда эч бирикпес жарака пайда болгонун эми кеч болгондо гана түшүнүп отурбайбызбы? Жергебиздин түштүк бөлүгү ислам динин бекем кармайт дегенибиз менен, "Хизбут-Тахрир" уюмунун тирөөчү ушул аймак экенин жашырбайлы. Ошол эле учурда, башка динге киргендердин басымдуу бөлүгү да ушул тарапта күчтүү экенин белгилөөгө болот.
Натыйжада, карама-каршы диний ишенимдегилердин ички тирешүүлөрү күчөп келет. Мусулман дининдегилер башка динге кирип кеткендердин сөөгүн жерге бергизбөөгө жасаган аракети, Орозо намазы шылтоо болгон "Ноокат окуясы" буга мисал боло алат. "Төө ашуудан өткөн соң" жергебизде "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам кабыл алынып отурат. Буга чейин эле динге болгон эркиндик менен мамлекеттин кызыкчылыгы эмнеде экендигин чечип койгондо, азыркы кырдаал түзүлмөк эмес. Демек, бийлик бутагындагылардын "мурдунан алысты" көрө албаганы ушундан эле билинип отурбайбы? Таяктын да экинчи учу болот, ошо сыяктуу Карл Маркстын "Дин-бул апийим" -деген сөзүнүн маанисин түз алынбастан , кыйыр мүнөздө кабыл алынышы керек болчу. Ошону менен катар ар бир адамдын "коомдо жашап туруп, коомдон четтеп калышы" (В.И.Ленин) мүмкүн эместигин унутпоо керек эле.
Азыркы күндө Кыргызстандын эли кайсы диндерди, кайсы секталарды тутунат? Ислам динин кармайт дейин десең, 100 миңдеген иеоговачыларды, вахабисттерди кайда катабыз? Мусулманчылыктын эрежелери менен катар шаманизмдин жоболорун аралаш колдонорубузду кантип танабыз? Өлкөбүздө буддизмдин агымдары да кеңири жайылып бара жатканын да баса белгилесек болот. Мына ушул шартта Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевдин "Хизбут-Тахрир" партиясынын баштапкы уюмдары (ячейкалары) подпольеде иш жүргүзүп, активдешип жаткандыктан чечкиндүү чара көрүп жаткандыгы тууралуу маалымат таратып отурат.
Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Болот Купешовдун маалыматында элдүү пункттардан "Хизбут -Тахрир" партиясына мүчө болгондор орто эсеп менен алганда 50 адамдан кем болбойт экен.
Ал эми он айдын ичинде укук коргоо органдары тарабынан Башкы Мыйзамга каршы мүнөздөгү адабияттарды жана көргөзмө продукцияларын тараткан 3 факт далилденсе, профлилактикалык эсепке 73 адам катталып, анын 5өөсү аял экендигин, ал эми жаш курактарын эске алсак, алардын басымдуу бөлүгү жумушсуз калган 30 жашка чейинки жаштар түзөөрүн моюнга алып, ушундан улам дааватчылардын миссионердик ишкердүүлүгүн токтотууга чечим кабыл алышкан экен.
Диний экстремизмди жана реакциялык идеяларды таратып, үгүт-насыят иштерин кеңири жүргүзгөндүгү үчүн 29 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып отурат. Анын 16сы шарттуу түрдө соттолгон, 11и колонияда күнөөсүн өтөшөт, экөөсү административдик штраф төлөөгө чектелген.
Мына ушул маалыматтарга таянсак, бул "Хизбут-Тахрирге" мүчө болгондор жумушсуз жаштар экенин эске алсак, күнөөнү буларга коюудан мурда калкты ушул деңгээлге жекирген бийлик мунарасындагылар неге жоопко тартылган жок? Ал эми элдүү пунктта бул партияга өткөндөр 50 адамдан турса, профилактика эсебинде бар болгону 73 адам жоопкерчиликке тартылышы- бул маалыматтарда кошуп жазуулар болбосун деген күмөн ойду пайда кылат. Мүмкүн, "Хизбут-Тахрир" партиясынын ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн шылтоого шынаа гана болуп, жүрбөсүн?
Бийлик мунарасындагылар "Хизбут-Тахрирге" сокку урууда неге Ысык-Көл аймагын тандап алганы түшүнүксүз . Бул партиянын негизги очогу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында неге мындай тыюу салуулар өткөрүлгөн жок? Дагы бир талаштуу суроо пайда болот. Эмне үчүн "Хизбут-Тахрир" партиясына миссионердик ишмердүүлүккө тыюу салынат да, элибизди руханий жактан кыйратууга багыт алган башка диний агымдарга , секталарга бул талаптар коюлбай келе жатат?
Мына ушунун өзүндө бийлик мунарасындагылар башка диний агымдардан "алаарын алып" койбосо, бир гана "Хизбут-Тахрирге" тыюу салынып, башкалардын миссионердик иш-аракеттерине эркиндик берилиши эмнени билдирет? Же премьер-министрибиздин кармаган динине жакын экендигин эске алып, йеговачыларга миссионердик иштерди жүргүзүүгө уруксат берилди бекен?
Албетте, "Хизбут-Тахрирге" жан тарткандай айыптоолор айтылышы мүмкүн. Бирок, биздин өлкөдө кыргыз эли кайсы динди кармарын мыйзам менен бекитүүсү зарыл болуп калды. Мыйзам аркылуу бекитилген динден башка динге киргизүү үчүн жүргүзгөн миссионерлерди аеосуз жазалоону гана киргизүүдөн башка жол жок. Бизде мындан башка арга табылбайт көрүнөт.
Сен кайсы динди кабыл алгансың, бурадар? Көп диндүүлүк дитибизди да, дилибизди да талкалап, акыры кыргыз элинин жок болушуна алып келерин, сен эң биринчи кыргыз экениңди билесиңби? Көзүңдү чоң ач, кыргыз экениңди унутпа!...

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"