Таластагы ташкын
Топчубек Тургуналиев, Элдик Революциялык кыймылдын мүчөсү:
"Кыргызстанды кыска мөөнөттүн ичинде өнүктүрсө болот"
Азимбек Бекназаров, Элдик Революциялык кыймылдын төрагасы:
"Талас - кыргыздын ыйык Меккеси"
Турсунбай Бакир уулу, "ЭрК" партиясынын төрагасы:
"Алгач машинеңди оңдо, анан айдоочуну танда"
- Бүгүнкү курултайдан эмнени күтүп жатасыз?
- Азыркы оппозиционербиз дегендер өкмөттү таркатабыз деп жатышат. А биз алардан "Өкмөттү таркатып, Бакиевди сактап калалы деп жатасыңарбы?"-деп сурап жатабыз. Деги Өкмөт, акжолчу, каражолчулар чогулушкан парламент деген эмне? Алардын баары Бакиевдин так текелери да. Өкмөт менен парламентти таратып жиберген күндө деле, Бакиев жаңы Өкмөтүн, парламентин шайлап алат. Ошондо жашообуз оңолуп кетеби? Балким, анда мындан да жаман абалга кептелип калуубуз мүмкүн. Ошондуктан, Бакиевди келген жерине кетирип, Кыргызстанда бир дагы президент бузалбагандай, ушундай бир мыкты башкаруу системасын түзүшүбүз керек. Экинчи шарты-ал адам кыргыз эли үчүн күйүп-жанган, колу таза, ыйманы бийик адам болуш керек. Мына ушундай үмүтүбүздү кудай буюрса ишке ашырабыз.
Кандай жолдор менен ишке ашырууну көздөп жатасыздар?
Конституциянын 16-беренесинде жазылган жол-жоболор боюнча нааразычылык акцияларын өткөрөбүз. Өткөндөгү Акаевди оодарып түшкөн революция Аксыда башталган, ал эми бул кыймыл айтылуу ыйык Талас жергесинен башталат деп ишенебиз жана ушундай талапты, ушундай демди, кайратты бардык жерге таркатабыз. Мына бүгүн таластыктар биздин чечимди колдошту. Бир добуштан президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү чечими кабыл алынды. Мындан кийин кыймыл ушул маселенин үстүнөн иш жүргүзөт.
- Эл арасындагы "Биринчи Бакиевди экинчи Бакиевге алмаштырып койбойбузбу"-деген сөздөргө кандай карайсыз?
Жок, андай болбойт. Себеби, акыркы 18 жылдан бери кыргыз эли, анын ичинде Топчубек Тургуналиев да аябай катуу жаңылды. Адегенде, Акаев деле, Бакиев деле "Мен демократмын, мен президент болсом Кыргызстанды оң жолго салам, гүлдөтүп-өркүндөтөм" деген убадаларын катуу берип келишти. Көрсө, алар сөз жүзүндө эле демократтар экен. Кыргыз элин жакшы жолго, чыныгы демократиялык жолго салам деген тилектер алардын жан-дүйнөсүндө жок экен. Ошондуктан, жогорудагыдай аруу тилектер жан-дүйнөсүндө түбөлүккө орногон, мекенчил, патриот, элим-жерим деген чыныгы эр-азаматтарыбызды бийликке алып келишибиз керек. Асылдардын-асылы, чыгаандардын-чыгаандары бийликке келип, кыргыз эли үчүн башын канжыгага байлап койгон, эң негизгиси-жеп-ичпеген президент болсо Кыргызстанды кыска мөөнөттүн ичинде өнүгүү жолуна салса болот. Менин оюмча 10-20 жылдын ичинде Кыргызстанды дүйнөлүк аренада татыктуу өз орду бар, бакубат жашаган мамлекетке айландырса болот. Себеби, кыргыз элин ушундай жашоого алып келчү кайраттуу уул-кыздарыбыз бизде бар. Алар бир эле быкшыган Бишкекте эле эмес, өлкөбүздүн булуң-бурчтарында толуп жатат. Андай адамдар революциядан кийин бийликтен куулду, кайсы бирлери өлкөдөн куулду. Андай адамдарды эл арасынан издеш керек.
- Бүгүнкү курултайды өткөрүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан бут тосуулар болдубу?
- Өтө одоно бут тосууларды кылалган жок, бирок, колунан келишинче, тымызын бут тосууларды уюштуруп жатышты. Менин оюмча, бул бийлик эмес, атайын кызматтар тарабынан жасалып жатты окшойт. Бирок, Талас элинин руху, духу аларды жеңип кетти. Иликтөө жүргүзүп, алар алы жетпестигин түшүнгөн соң, өтө одоно бут тосууларга батына алышкан жок.
Мисалы, түндө Топчубек Тургуналиевди Бакай-Атадан коркутуп-үркүтүүгө аракет кылышкан. Роза Нурматова түшүп жүргөн автоунааны өрттөп кетишти. Бүгүнкү эл чогулган стадиондун тегерегине ар түрдүү оюн-зоок иш-чараларын уюштуруп, элдин көңүлүн ошол жакка бурууга аракет кылышты. Айыл өкмөттөрдүн бардыгында чоң тойлорду уюштуруп жатышыптыр. Кечээ Кара-Буура, Бакай-Атага барсак, элдер "Силер келгени чоң сыйлыктарды өздөрү сайып оюн-зоокторду уюштуруп жатышат. Эми дагы бат-бат келип турсаңар, бийлик бизге тойлорду уюштуруп турушсун"-деп тамашалап жатышат. Чынында, ушундай жарыш иш-чараларды бийлик дал ушул күнү уюштурган. Бир эле райондо эмес, Таластын дээрлик көпчүлүк аймактарында ушундай оюн-зооктор, тойлор болууда.
Ошондой эле, аймактардан бул жерге келатышкан таластык туугандарга ар түрдүү тоскоолдуктарды кылышкан. Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунан келе жаткан бусиктерди токтотуп, бул жерге өткөрбөй коюшуптур. Ошондой эле үч вертолет аскерлерди түшүрүп, элдин жүрөгүн түшүрүүгө аракеттерди кылышкан. Ушул сыяктуу тоскоолдуктарды эске албаганда, элдин бүгүнкү сүрүнөн, маанайынан кооптонушкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ачык бут тосууларга бара алышкан жок.
- Эмне үчүн бул иш-чараларды дал ушул Талас жергесинен баштоону чечтиңиздер?
- Себеби, Талас жери байыртадан кыргыз элинин негизги ордосу жайгашкан кыргыз элинин куттуу жери. Башкача айтканда, ыйык Меккеси десек болот. Ошондуктан, Манас атабыздын арбагына зыярат кылып, Манастын күмбөзүнө барып, элдин батасын алып, анан башка жерлерге барып, бул иш-чараларыбызды андан ары уланталы деп чечтик. Чын-чынына келгенде Талас кыргыздын куттуу жергеси, ыйык ордосу, анын үстүнө таластыктардын биринчи "биздин жергеден баштагыла"-деген сунуштарын эске алуу менен Таластан баштоону чечтик.
Кыргызстандын бардык аймактарында, жети дубанда ушундай курултайларды өткөрөлү деп жатабыз. Ошондо, бүгүнкү Таласта өткөрүлгөн курултайда кабыл алынган чечимдерди жалпы элге салабыз. Ушул чечим менен Ошко, Нарынга барабыз. Эгерде эл "Бакиев жакшы иштеп жатат, турмушубузга нааразы эмеспиз, президентти жайына койгула, мындай ишиңерди токтоткула" - десе, бул аракеттерибизди токтотобуз. Эгерде, "Жок, Бакиев кетсин" - дешсе, аны кетирүү демилгеси менен бул ишибизди андан ары улантабыз.
- 29-декабрда өтө турган Элдик курултайга карата маанайыңыз. Дегеле, жаңы эле кызматтан айдалган экс-чиновниктердин оппозицияга өтүшүнө пикириңиз?
- Бул Элдик курултайды толугу менен колдойм. Кудай буюруса, 29-ноябрда биздин өкүлдөр бул курултайга барып катышып, өз пикирибизди айтабыз. Эгерде, үй-бүлөлүк башкарууну толугу менен сындырабыз, жок кылабыз дегендер болсо, биз бардык документтерге кол коебуз. Эгерде, Өкмөттү же парламентти кетиребиз, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алабыз дегендер болсо, анда биздин жолубуз башка.
Ал эми оппозицияга жаңы өтүшкөндөр боюнча айтсам, үй-бүлөлүк башкарууну жок кылалы, кыргыз элин оор турмуштан куткарабыз деп чын ниети менен келсе, аларды колдош керек. Эгерде, реванш алалы, бийлигибизди кайтарып алалы дегендер болсо, алар терең жаңылышат. Анткени, эл аларды жакшы билет жана андайларга жол бербейт. Негизи биздин кыймыл "бакиевчилерди" да, "акаевчилерди" да колдобойт жана сыйлабайт. Ант кени, бүгүнкү күндө биздин алдыбызда андан да тереңирээк маселе турат. 18 жылдан бери үй-бүлөлүк башкаруу, ага кызмат кылуу кадыресе өнөкөт болуп калды. Бирок, ошол үй-бүлөлүк башкаруунун пайдубалын түптөгөндөр, ага жан далбас уруп кызмат өтөгөндөр өздөрүн оппозициябыз деп айтууга моралдык укугу жок болуш керек.
- Максатыңар ишке ашып калса, кыргыз элине кандай жашоо тартуулайлы деп турасыңар?
- Алгач, убактылуу революциялык өкмөт түзүлөт. Аны Улуттук Кеңеш координациялайт. Анан ошолор Жогорку Кеңешти шайлайт. Убактылуу өкмөттүн бир эле тапшырмасы-адилет, таза шайлоону өткөзүү болуп эсептелет. Жеңген партиялар Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алышат. Анан кыргыз эли жаңы, таза жашоону башташыбыз керек. Адегенде, биз жакшы жүргөн машинаны куруп алышыбыз керек, анан айдоочулар табылат. А биз болсок, Акаев учурунда эле жарабай, жүрбөй калган машинага Бакиевди отургузуп койдук. Азыр үй-бүлөлүк башкарууну түп-тамырынан жулуп ыргытып туруп, андан кийин таза шайлоону өткөрүп, айдоочуну тандап алып, ошол машинеге отургузуу зарыл. Анан ошол мамлекеттик машинени айдаган айдоочу - президентибиз, машиненин бир да тетигин, бир да бурамасын оңдоого укугу жок болот.
Бүгүнкү курултайга келгендеги негизги максатыңыз эмне?
- Биздин партия да бүгүнкү Бакиевдик үй-бүлөлүк саясатка каршы чечкиндүү пикирибизди айтып келгенбиз. Элдик Революциялык кыймылдын нааразычылык акциясын толугу менен колдойбуз. Ревкомдун мүчөсү болбосом да, бул кыймылдын Таластагы курултайына катышууга атайын келдим. Чынында бардыгыбыз жеке кызыкчылыгыбызды артка калтырып, биримдикте иш алпаруубузга убакыт келди го деп ойлойм.
Бүгүнкү курултайды өткөзбөөгө бийлик тарабынан жакшы эле аракеттер жасалып жатты. Байкасам, таң атпай ичип алгандар көп экен. Кыргыздар таң атпай качан арак ичишчү эле? Атайын жасалганы ачык эле көрүнүп турду. Анан жолмо-жол текшерүүлөр өтө көп экен. Өтмөк ашуусунан өткөндөн кийин ар бир посттон эле токтотуп, текшерүүгө алып, убакытты атайын создуктуруп жатышты. Мен Таласка канча жолу келип жүрөм, мынчалык катуу текшерүү болгонун көргөн эмесмин. Атүгүл, президенттик шайлоо учурунда деле, ээн-эркин кирип-чыгып жүргөнбүз. Токтоткондордон: "Эмне болду?"-деп сурасам, "Каракчылык кол салуу болду. Ошон үчүн текшерип жатабыз"-дейт. "Биз эмне каракчыларга окшошуп турабызбы?"-десем, унчугушпайт. Бийликтин катуу көзөмөлгө алып жатышы-алардын бүгүнкү элдин маанайынан коркуп тургандыгын көргөзүп турат.
- Сиздердин партия да 16-декабрда нааразычылык акцияларын өткөргөнү жатыптыр. Анын негизги талаптары, негизги максаты эмнеде?
- Ооба, Кудай буюруса, 16-декабрда жалпы Кыргызстан боюнча нааразычылык иш-чараларын баштайлы деп турабыз. Жер-жерлерде, ар бир райондордо өткөрөлү десек, биз коопсуздукту камсыз кыла албай калат экенбиз. Себеби, бийлик тарабынан уюштурулган ар кандай провокациялар болуп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан, облустун борборлорунда өткөрүүнү көздөп жатабыз. Туура бир айдан кийин, 18-декабрда облусттук борборлордо өтүүчү нааразычылык акцияларын дал ушул Талас жеринде баштайлы деген ниетибиз бар. Биз бардыгын мыйзам чегинде кылабыз. Бишкектеги митингде Ак үйдүн алдына чыкпайбыз. Анткени, бийлик дароо эле "мына Ак үйдү басып алганы жатат",-деп апрель митингиндей күч колдонуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, биз бийликтегилерден Бишкектеги "Спартак " стадионуна алдын-ала уруксат сурап, анан ошол жерге каалочуларды чакырабыз. Эгер уруксат беришпесе, көчөгө деле өткөрө беребиз. Эң негизгиси-бийликке каршы эл өз оюн, өз пикирин ачык айтып алышы керек. Биздин эң негизги талабыбыз-өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтө албаган азыркы бийлик, президент баш болуп кызматтан кетиши керек.
- 3-ноябрда оппозициялык күчтөр кол койгон меморандумга карата оюңуз?
- Биринчиден, мен бул меморандумдун текстин көргөн жокмун. Коомдук парламент тин да, меморандумдун да уставын мага беришкен жок. Аталган меморандумда парламенттик республика жөнүндө айтылып кетиптир. Мен эч качан парламенттик республиканы колдобойм. Себеби, бардыгына бир адам жооп бериш керек. Ал эми коллективде жоопкерчилик деген жоголуп кетет. Көрүп жатабыз го, парламенттеги акжолчулардын кандай жоопкерчилик менен иштеп жатышканын. Дегеле биздин "ЭрК" партиясы Кыргызстанда премьер-министрлик кызматтын түп-орду менен жок болушун айтып келебиз. Акаевдин учурунда деле, Бакиевде деле канча премьер алмашты. Ошондуктан, эл президентке добуш бердиби, бардыгына жоопкерчиликти өзү алып, эл алдында өзү жооп бериш керек. Антпесе, бардыгын премьерлерге шылтап эле, кызматтан алып, кайра коюп, аларды жөн эле "козел отпущения" кыла берет.