Биз өзүн - өзү алдаган апендибизби?

Кургакчылык болсо кыргыз кырылып калабы?
Учурунда дүйнөлүк таразанын бир жагын капшыра басып турган "СССР" деген зор, күчтүү мамлекеттин өзүнөн-өзү кыйрап калаары эч кимдин оюна келген эмес эле. Анын сыңарындай кыргыз мамлекети минтип электр жарыгынан жабыр тартып калаары, башканы билбейм, менин үч уктасам түшүмө кирбеген. Бизде бардыгы боло берээрине эми накта көзүм жетти.

Болбосо, канча жылдардан бери пайдаланып келе жаткан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мурунку жылдардан төмөндөй баштаганда эле добулбас уруп, ызы-чуу салууга болбойт беле? Катуу көзөмөлгө алып, суунун ар бир литрин эсептеп, мамлекеттик деңгээлде мамиле кылышса, бүгүнкү суукта минтип көк муштум болуп, караңгыда отурбайт элек. Айтылып жүргөндөй, суу бирөөлөрдүн чөнтөгүн ысытуу үчүн жумшалгандыр. Же, чын эле 2005-2007-жылдардагы шайлоолорду өткөргөнгө сарп -талган чыгар. Кантели, ал бүгүнкү бийликтин абийиринде.
Кургакчылыкка шылтап жатышпайбы. Кудай каарына алып, кокус кийинки жылы да кургакчылык болсо, кыргыз кырылып калабы? Баарынан таң калыштуусу, бул абалга бир да жетекчи айыптуу болбогондугу. Кудай гана күнөөлүү болуп чыга келди.
Бизди чакан мамлекет деп коюшат эмеспи. Бирок, ички ресурстары мол, байгер жашоого мүмкүнчүлүгү бар, жашыл өлкө катары сыпатташат. Анда эмне үчүн ишибиз жүрбөй жатат? Же башыбыз иштебейби? Жапа тырмак жалкообузбу?
Дастан агам баш болуп кыргыздын түбүн 5 миң жылга ары сүрүп салды. Болсун! Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Адам-Атабыз кыргыз болсо, андан бетер нур үстүнө нур. Бирок, акыркы эле жарым кылымдын ар жак-бер жагындагы улуттук чөгүү, каада-салттардын, жашоо образынын ышпалдасы чыгып, кыргыз пейили, өз ара мамилеси теңирден тескери жолго түшүп кеткенин эмне дейбиз?
50 жыл илгери, мен тестиер кезимде, биздин айылда "эрден чыгып келиптир" деген сөз айкашы да жок эле. Же, арак ичип, мас болуп көчөдө жүргөн кишини көрбөптүрбүз. Бирин-экин атка минерлер орус кыштагына барып, бекинип ичип, айылга түндөп келишкени кийин угуп калчубуз.
Бүгүнкү күнү очоюп ооруп калганы болбосо, айылда ичпеген киши жок. Эки үйдүн биринин кызы эри менен ажырашкан. Жарым кылымда ушундай абалга келсек, 20-30 кылым кантип сакталып келдик экен деп акылым айран. Өзүбүз ээрчиме, жалтак, кайдыгер эл болсок.
Мына ошол чакан өлкөбүздү чачыратып, эки бөлүп салдык. Же, "бөлүп - жар да, бийлей бер" деген аныктама ыраспы? Бүгүнкү Баш мыйзамыбызды, Парламентибизди, Өкмөтүбүздү карап отуруп, жеке оюмда Президент болуп иштөө эң оңой жумуш экен деп калдым. Чын эле, эч качан, эч нерсеге жана эч кимдин алдында жооп бербейсиң. Протоколдун негизинде келген-кеткендерди тосуп-узатып, даярдап берген текстти такалбай окуп, акылдуу делген сөздөрү сүйлөп, өтө олуттуу түр көрсөтүп, эл алдында анда-санда колуңду булгалап жүрө бер. Даярдап келген жарлыктарга, документтерге кол коюп, анда-санда кол алдыңдагыларды жекирип коюу кыйынбы? Эгер билимдүүрөк болсоң дурус, интриган болсоң, андан да дурус президент боло алгыдайсың.
Албетте, бул оюмдун тамаша-чыны аралаш деңизчи. Бирок, өлкөгө чындап күйгөн адам үчүн, айрыкча, биздей чакан, жакыр өлкө үчүн бийлик үстөлүн эбегейсиз көбөйтүп салуунун кажети канча? Өкмөттү толук жоюп, бардык жоопкерчиликти жана милдетти президент жеке өзүнө алуу керек деп эсептейм. Жок дегенде, өлкө бутуна тургуча ушундай жолго баруу зарыл. Конституциялык Сот, мамлекеттик катчы институттарынын эбегейсиз аппараты, мекемелери канчалаган каражаттарды соруп жатат. Чөнтөгүбүздүн түбү көрүнүп туруп, башка мамлекеттерди сокур туурай берүүнүн кимге кереги бар? Биз өз жолубузду издешибиз керек эле. Тескерисинче, кээде жеке бир адам үчүн жаңы кызмат ойлоп таап, ачып коюп жүрөбүз.
Айыл чарба министрлиги эмне жумуш менен алектенип жатканын билбейм, бирок, алардын райондук звеносу маалымат жыйноо менен гана чектелээрин угуп, көрүп жүрөм. Алардын милдетин акимчиликтин бир бөлүмү деле аткарып койчудай. Атүгүл, олчойгон маяна алып, анда-санда заказной сессия өткөрүп койгону болбосо, райондук кеңештин өлкөбүзгө тийгизген пайдасы канчалык экенине түшүнө албай койдум. Жакында эле болуп өткөн шайлоодо негизинен райондук кеңештин төрагалыгы үчүн катуу күрөш жүрдү. Анткени, маянасы арбын, жоопкерчилиги жок, аздыр-көптүр кадырлуу жана акимдин кайда жүрсө табакташы, анан калса кол баласы: ушундай бекер кызмат ойлоп таап алган өлкөбүзгө баракелде!
Кийинки кезде акимчиликтин аппаратын да эбегейсиз керип-чоюп салышты. Эмне иш кылып жатышканын өздөрү да биле берээ рине шегим бар. Кадрдык резерв деген Совет өкмөтү менен кошо жоголгондуктан, азыр көчөдөн кармап келип олтургузуп койгондой сезилет. Илгери, компартиянын учурунда бир тамаша сөз айтылып жүрчү эле. Ал кезде райкомдун биринчи катчысы кыргыз болсо, экинчиси сөзсүз орус улутунан коюлчу. Ошондуктан, "Көчөдөгү алкаш орусту кармап алып, мончого аябай жышып жууп, сакалын алып, галстук тагып, кабинетке олтургузуп койсоң эле экинчи секретарь"- деп каткырып алуучубуз. Же бүгүн андан өзгөрүп кеттикпи?
Бийлик бутактарындагы чалажан тармактарды иретке келтирип, тыкан, жоопкерчиликтүү, ар бир маселени тез жана акыйкат чечкен, эл ишенимине ээ болгон кадрларды жаратмайынча коррупцияланган, төрөпейил, эл тагдырына кайдыгер, керсейген, алкымы чоң чиновниктердин курчоосунда жашай беребиз. Убакыт өткөн сайын алар чайлап өсүп, атадан балага бийлик мураска өтүп, аягында чакан мамлекетибизди ажыдаардай оп тартып, башка бирөөлөрдүн күлүн чыгарып, "кыргыз" деген элдин түбүнө жетпесек эле болду. Бала кезде чоң адамдарды туурап "айылдашмай" деген оюн бар эле. Анын сыңарындай, бүгүн биз "мамлекет" деген оюн ойноп жаткандай эле сезиле берет мага.
Баш мыйзам боюнча кыргыз өлкөсүндө бийлик ээси - эл. Иш жүзүндө эл эч ким эмес. Аны 2005- 2007-жыдардагы шайлоолор, референдум далилдеп койду. Шайлоого эл барабы, барбайбы, бюллетень салабы, салбайбы бийлик үчүн кажети жок. Өздөрү эмне кааласа, ошол жасалат. Кимди кааласа, депутат болот. Аты-шайлоо, заты- дайындоо.
Менин өкүнгөнүм - өз өмүрүмдө жок дегенде бир аз да болсо, тазаарак шайлоо кандай болоорун көрбөй өтөт окшойм. 1995-жылы муз жылгандай болду эле. 2000-жылдан баштап жыл өткөн сайын улам артка кетип баратабыз. Атүгүл, айыл өкмөттөрүн да дайындай баштадык. Демек, айыл өкмөтү, аким, министрлер, соттор жана башка бийлик ээлери эми элге түкүрүп да койбойт. Кана, элдин сөзү өтө турган бир рычаг таап бергилечи. Катаал Компартия да пленум, конференция, съезд болордун алдында элге шыйпактап калар эле. А бүгүн жападан жалгыз трибунасы эл үчүн биротоло жабылып калды. Пикет, митингдер тизгинделген.
Арызыңды кудайдан башка эч ким укпайт. Кудай болсо алыс. Миллиарддаган арыз- муңду териштирип жетише албай жаткандай. Ал эми бийлик бутактары эч качан укпайт. Таластан Бишкекке арызданып барып көрчү. "Баары эле жакшы. Бар болгону Шерниязовдун бир - эки куйруктары элдин ичин булгап жүрөт. Арыздангандар ошолор"-деп койсо жетишет. Боздо, улу, жер чапчы, сен үчүн төрт тарабың жабык.
Ошондуктан, менин сунушум - Баш мыйзамдан өлкөбүздүн ээси - эл деген беренени - карандай калп сөздү алып салуу керек. Өзүбүздү-өзүбүз алдап кереги эмне?
Айыл өкмөттөрүн шайлоого эл акырындап көнө баштады эле. "Ой, өз корооңдун кочкору эч нерсеге жарабайт экен. Жаңылыптырбыз. Койгула, иштей турган азаматты шайлап алалы"-деген түшүнүк элге сиңе баштаган. Анан эле Баш мыйзамдын башын бурап, дайындоо жолуна өтүп алышты. Көрсө, айыл өкмөтү эл тарабынан шайлангандан кийин акимдерди укпай калат имиш. Шашылыш оңдоо керек деп чыгышты. Натыйжада, өйдө жактын оозун тиктеп, көзүн караган жалтак, жалганчы, кошоматчы бийлик ээси пайда болду.
Кыскасы, менин түшүнүгүмдө демократиялык мамлекеттин системасы эмес, эсил кайран Компартиянын системасынын алсыз, чала көчүрмөсүн жаратып жатабыз.
Ооба, бул ойлорума "мамлекеттин түзүлүшүнө, Баш мыйзамынакаршы чакырык"-деп кыйкырып чыга тургандар да болушу мүмкүн. Мен да өз өлкөмдүн жараны, атуулу катары жеке оюмду айтууга укугум бар экендигин ошол эле Конституция гарантиялаган. Бар болгону ошол укугумду пайдаланып жатам.

Тургунбек Бекболотов ,
"Ачык саясат"




Кыргызстан Элдик революциялык кыймылынын
Жалпы Улуттук 1-жыйынынын чечими
Президент К.Бакиев баш болгон бийлик 2005-жылдын март айындагы Элдик революциянын тарыхый максаттарынын бирин да ишке ашырган жок. Өлкөдө үй-бүлөлүк-мафиялык бийлик улам күчөп баратат. Элди азапка салды, эл караңгыда калды. Табигый кен байлыктарды, жерди башка өлкөлөргө, эл аралык авантюристтерге берүү, сатуу, дыйкандар өстүргөн данды жарыбаган тыйынга сатып алуу саясаты-улуттун кызыкчылыгына, өлкөнүн келечегине балта чабуу үстүндө.
Бийликтин элге каршы жорук - жосундарына мындан ары чыдоого болбойт. Бул бийликти кетирип, өлкөнү өнүктүрө турган мамлекеттик система түзүү, мамлекетти ыйманы таза, иш билги, өз элин, жерин ыйык сүйгөн инсандар башкаруу зарылчылыгы-тагдыр чечүүчү маселелерден болуп турат.

Жалпы улуттук 1-жыйын чечим кылат:
1. Президент К. Бакиев баш болгон үй-бүлөлүк -мафиялык башкаруу элдин кызыкчылыгына, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө каршы деп табылсын, ага каршы келишпес чечкиндүү күрөш жүргүзүп, бийликтен кетирүү аракеттери жүргүзүлсүн.
2. Ушул демилге менен бүткүл Кыргызстандын элине кайрылуу кабыл алып, иш-чараларды жүргүзүү КЭРКтин Улуттук Кеңешине тапшырылсын.
3. Бийликтин мыйзамсыз иштерине:
а) Адам укуктарын бузуу, сөз эркиндигин ооздуктоо;
б) Баа, энергетика, кен байлыктарды сатуу, иштетүү, менчиктештирүү саясатынын бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн чечилип жатканына байланыштуу чечкиндүү күрөш жүргүзүү КЭРКке милдеттендирилсин.
4. КЭРКтин Жобосу бекитилсин, анын жетекчи органдары шайлансын.
5. Кыргызстандагы башка саясий, коомдук күчтөр менен байланыш, мамиле түзүү иштери КЭРКтин Улуттук Кеңешине тапшырылсын.