Чыркыраган чындык жетпей...

Балыкчылыктар уу түтүктөн суу ичеби?
Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Бакиевге

Ачык кат
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Биз сизге дени сак, акыл - эси бар адамдын жүрөгүн солкулдаткан суук кабарды билдирели деп ачык кат жолдоп жатабыз.
Оштогу Нура айылында жер силкинип, жүздөн ашык адам жаратылыштын кырсыгынан набыт болсо, биздин 45 миң киши жашаган Балыкчы шаарыбызда жер титиребей, суу ташкындабай туруп эле шаардын эли геноцидге учурай турган ахывалга келип, ак ниет адамдардын аракети менен аман калышты.
Көптөн бери Балыкчы шаарына "Калмак-Ашуудан" суу кийиребиз деп чуркап жүргөн көп мэрлердин акыркысы Талант Өмүркуловдун "Өкмөт 35 млн.сомдон арбын акча бөлүп берди (гезит бетине жарыялаган), буюрса августун аягында тоонун мөлтүр суусун ичесиңер", - деп ашуунун этегине эл жыйып, жылкы союп, бата кылып, губернатор баш болгон, шаардын төбөлдөрү төш болгон, радио, телевидение, коомчулук аралашкан жыйын болуп, радиону уккан, телени көргөн жана салтанаттуу кызыл лента кесилген жыйынга катышкан көпчүлүк Кудай буюруса таза суу ичебиз - деп кубанычта тарашкан.
Бирок, сүйүнүч суу сепкендей өчүп, шаардын элине шаар башчылары суу эмес эле, уу ичиргени жатыптыр деген маалымат шамалдай тараган. Себеби, алар тиги "Ак-Түз" аймагында уран жана башка зыяндуу заттарды "хвостохранилищага" агызган түтүктөрдү казып келишкен. Аларды "Калмак-Ашуудан" тартып келген айдоочулар Улуттук Коопсуздук комитетине шаардын прокуратурасына арыз менен кайрылышса да, алар тез арада ачылган фактылар боюнча кылмыш ишин козголбой коюшкан. Айласы кеткен Эл акыйкат издеп, шаардагы "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесине кайрылышкан. "Эл көзөмөлү" коомдук бирикмесинин башчысы жана мүчөлөрү, журналисттер, депутаттар кошулуп барып, өз көздөрү менен көрүп, келген түтүктөрдүн чындап эле ырайы суук, ичи дат, беш эли кир экендигин көргөн соң Кыргызстандагы коррупциянын алдын - алуу агентствосунун комиссары Садыр Жапаров арыз менен кайрылышкан.
Түтүктөр "Ак-Түздөн" деп арыз түшкөн күндөн тартып шаардын чоңдору жандалбас урган аракеттерин күчөтүштү. Бир күндө эксперттик комиссия чакырып (от 15.09.08), эртеси эле (16.09.08) Саламаттыкты Сактоо министрлигинин астындагы санэпидемиялык департаментинен Мамушкина деген врач өзүнүн свитасы менен келип, "түтүктөр пайдаланганга жарактуу, радиофону нормадан ашпайт, түтүктөр таза" деген актыга кол коюлуп, мэрияга берген. Таң калыштуусу- бүгүн министрликке арыз жиберишсе, эртеси эле жооптун даяр болгонун, Балыкчыдагы-мэрге жетип калганында болуп жатат.
Антикоррупция агентствосунун комиссары Садыр Жапаровго рахмат. Арыз түшкөндүн экинчи эле күнүндө МЧСтин компетенттүү адистерин, приборлору, телеоператору менен кошуп жиберип, бир күн бою 81 түтүктүн ар бирин, өзүнчө ичип, сыртын радиация фонунун бар-жогун текшерип, ар бир түтүктүн ичин, сыртын кинотасмага түшүртүп, айрым, өтө дат баскан, радиофону нормадан эки, үч эсе ашкан түтүктөрдү өзгөчө белгилер менен белгилеп коюп, акты түзүп кетишкен.
Ошондо чогулган элдин ичинен бирөө айтып калды эле: "Байкагыла, биздин чоңдор бул түтүктөрүңөрдү алмаштырып койбосун же болбосо бир айласын таап жоготуп коюшат"-деп.
Көсөмдүгүнө баракелде, так ошондой болуп чыкты. Бардык 81 түтүк тазаланып, даттары кыргыч мененби, күрөк мененби кырылып тазаланып, айрым түтүктөр суу менен жуулуп, чекчейип тизилип калыптыр.
Мындай көрүнүштү, Шаардык Кеңештин төрагасы, депутаттары жана "Эл көзөмөлү" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, телеоператор, журналисттер жана эксперт Ю.Салихаровдун МЧСтин башкы адиси А.Нурабаевдин, Саламаттык Сактоо министрлигинен Р.Бейшенкулова баш болгон дагы эки адистин, шаардын мэри Т.Өмүркулов баш болгон чоңдору жалпы катышып, коомчулукту чакырып барганда түтүктөрдү көрүп таң калдык. Карабайсызбы, баарын кырып, тазалап, айрым түтүктөрдү суу менен жууп, катарга тизип, ийрийген, кыйшайган, өтө калың дат баскан түтүктөрдү сварка менен кесип, түздөп бүткөндөн кийин комиссия чакырып жатышканын, булардын изин жашыруу үчүн жандалбас уруп.
Бирок, мэр Өмүркулов командасы менен күнү-түнү жасаган ишин, тиги түтүк тазалагычтар текке кетирип коюптур. Алар кырындылардын баарын алыска барып төкпөй, же болбосо көмүп салбай, чоңдорду уят кылышпадыбы, ар бир түтүктүн тушуна 5-6 м аралыкка эле төгүп салышыптыр, уу зат кырындыларды. Ар бир чийдин, дүмүрдүн түбү сайын 30дан ашык кырынды уу үймөк табылып, телеге тартылып алынды. Ошол табылган уу үймөктөрдүн айрымдарынын радиофону 50-60, кээ бирөөндө 79-94 мкр саатты көрсөтүп турду.
Эң таң калыштуу нерсе, бул жерде мэр Өмүркулов өзү "ой бул үймөктөр түтүктөрдөн алынган эмес, бирөө алып келип таштаган окшойт",- десе тим эле күлкүң келет. Ушундай адам да шаардын элин башкарып, мэр болуп иштеп жатканына таң каласың. Шаардын чоңдорунун баары элдин турмушу, ден-соолугу жөнүндө ойлоонун ордуна, өздөрүнүн адам баласына каршы жасаган кылмыштарын жаап- жашырып, эптеп кылмыш жообуна тартылбас үчүн жан далбас тартып жаткандары.

Урматтуу Курманбек Салиевич!
Ушундай ыплас, жан-дүйнөсүн шакмар баскан, уят-сыйыттан кеткен, эл эсебинен туйтунган шылуундар сизди уятка калтырып, эл астында сындырып жатканын кыраакы эл байкап эле отурат…
Мындай көрүнүш көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө.

Урматтуу Курманбек Салиевич!
- Ушул жолу 45 миң кишиден турган Балыкчы шаарынын элине ишенип койсоңуз деп суранабыз жана шаардын элине геноцид уюштурган шаардын жетекчилерин ачык текшертип берүүңүздү өтүнөбүз:
1.Балыкчы шаарында суу жеткирүү боюнча тендер өткөрүүдө көп мыйзам бузуулар болуп, коррупциялык чайкоочулукка жол берилгени көрүнүп турат. 2007-жылы 7 миллион 700миң сомдон 34 миллион 200миң сом сунушталып, жүргүзүлгөн тендер белгисиз себептер менен токтотулган. Ал эми ошол эле жылы ноябрь айында 4 мекеменин катышуусунда 9 миллион сомдон 19 миллион сомго чейинки коюлган тендерде да куруу укугу эч кимге ыйгарылган эмес. Анда да эреже бузулуп, ар бир мекемени бирден чакырып, кийирип, ачыктык болбой тендердин жыйынтыгы чыккан эмес. Кийин белгилүү болгондо уксак, тендер Чолпон-Атада жайгашкан ОсОО "Байшагыл" "Ак-Түздөн" казылып алынган ууланган түтүктөрдү орнотуп, элге суу алып келем деп жаткан аферасы ачылып, бирок өз убагында факт боюнча иш козголбой калгандыктан, тигилер далил буюмдарды тазалап, жууп, кылмыш жазасынан кутулуу аракеттерин жасашууда. Ушул коррупционерлердин бетин ачып, элге суу жеткирүүгө арналган акчаларды төлөттүрүп, күнөөлүүлөрдү сот жообуна тарттырууңузду суранабыз.
Жогоруда айтылган, ууланган түтүктөрдү алып келгендерди тактатып, чындыгына жеткириш үчүн жана Балыкчы шаарынын "уу түтүктөр " аферасын токтотуш үчүн уюштуруучу мамчиновниктерди дароо иштен четтетиңиз. Эмесе, алар бийлигинен пайдаланып элге каршы кыймылын токтотушпай, айрымдарын коркутуп, кээ бирөөн алдап, киши салып, "тигинт, минт"- деп эл ичине бузукулукту, нааразычылыкты уюштуруп жатышат.
Дагы бир факт 15-майдагы "Балыкчы" гезитине жарыяланыптыр. Бүгүнкү күндө 1,5 траншеяга түтүктөр төшөлүп көмүлдү деген. Бул статьяда ошол 1,5 чакырым траншеяга 150 түтүк көмүлгөнү жөнүндө сөз болуп жатат.
Демек, бүгүн ошол көмүлгөн 150 түтүктү казып алып чыгып, кайрадан текшертип чыгуу зарылчылыгы пайда болууда. Себеби, бүгүнкү чыр 81 эле түтүк жөнүндө болуп жатат. Көмүлгөн 150 метр түтүктүн радиациясынан башка химиялык уулуу заттардын кайсынысы менен ууланганы жөнүндө эч маалымат жок. Көмүлбөгөн 81 түтүктү текшерип, көмүлгөн 150 түтүктү жөн калтырсак, анда элди уулантуу коркунучу кала бермек.
Эгерде, бүгүн Генпрокуратура "уу түтүктөр" аферасына иш козгосо, анан Калмак-Ашуудагы түтүктөрдү текшерип, тергөө жүргүзө баштаса, алар түтүктөрдүн ичинен радиофон таба алышпайт, себеби, аны кырып, жууп тазалап коюшкан. Түтүктөрдүн тегерегиндеги уулуу заттар, кырындылар сөзсүз казылып алынып кеткен болот. Жыйынтыгында тергөөчүлөр түтүктөр таза, радиофон нормадан ашпайт деген жыйынтык чыгарат.
Ушундай фактылар боюнча өз убагында иш козголбой калгандыктан, "уу түтүктөр" аферасын уюштуруучулардын күнөөсүн мойнуна коюш үчүн эки жолу тартылган киносюжет гана күбө боло алат. Анын бирөө түтүктөр тазалана элек кезиндеги, экинчиси түтүктөр жуулуп тазалангандан кийинки тартылган тасма. Ушул эки киносюжетти салыштырып көрсө эле, тигилердин беттерине тагылган пардалары ачылат. Буга кошумча эки-үч жолу коомчулуктун , депутаттардын, врач-эксперттердин катышуусу менен кол коюлган актылар бар, алар күбө-документ боло алат.
Учурда 45 миң калкты бир ууч уятсыз госчиновниктер кордоп, уу бергенден тартынбай, Ак үйдөгү, Көк үйдөгү чоңдорун ортого салып, акча берип сатып алып, бизди кордоп- күнөөлөп жатса, биз чыдабайбыз… Бизди ууландыргандан уялбаган, элге суу деп арналган акчаны жеп-жутканга аракет кылган "бетон бет" чиновниктерди өз колубуз менен мэриянын имаратынан кууп чыкканга даярбыз.
Үйлөрүбүз караңгы, суук, балдарыбыз алсыз, ичкени кара чай, жарыгы жок сабак окуй албай жатышса, анан бул Сиз дайындаган жексурлар ууландырып жатса, Сиз менен Кудайдан башка кайрылаарыбыз, жардам сураарыбыз жок.

Балыкчы шаарынын 138 тургуну кол койгон .




Окурмандарга кулак кагыш…
Кат аяр мамилени талап кылат
Газетабызга келген каттарды барактап, кээде бирөөнүн ички муң-кайгысы, кубанычы менен ортоктош болсоң, кээде коомубуздагы терс көрүнүштөрдү чагылдырган материалдар да куржунубузга түшөт. Алардын айрымдарын оңдосоң, айрымдары аны талап кылбайт. Гезитибиздин ар бир кызматкери "Каттын артында тирүү адам турганын" унутпайт.
Айрым каттарда автор аты-жөнүн жашырбай ачык көргөзсө, тилекке каршы, кээ бир каттарда бир мекеме же ишкананын жамаатынын атынан жөнөтүлөт. Мында конкреттүү кайсы адамдар, канча адам каттагы пикирди колдоого алганы белгисиз калат. Ал эми каттагы маалыматтарга карасаң, учурдун орчундуу маселесин козгогон болуп чыгат. Бирок, анын эң коркунучтуусу -эртеңки күндө фактылар боюнча талаш-тартыштар чыкса, кимге кайрылып, аны аныктоого мүмкүнчүлүктүн жоктугуна барып такалганында турат. Буга мисал кылып "Кыргызгаз" акционердик коомунун Оштогу Түштүк газ түтүктөр Магистралынын кызматкерлеринин Жогорку Кеңештин төрагасы А.Тагаевге, ЖКнын депутаттарына жана редакцияга жөнөткөн катын белгилеп кетсек болот.
Бул катта "Кыргызгаз" АКсынын Оштогу Түштүк газ түтүктөр Магистралынын жетекчиси М.М.Аматовдун 2007-жылы Жалал-Абад шаардык газынын Майлы-Суу-4-Ош газ түтүктөр магистралындагы 2- линияны демонтаждоого уруксат бериши шектүү мүнөзгө ээ экендигин белгилешет. Ушул демонтаждалган темир куурлар боюнча кызыктуу эсептөөлөр да жүргүзүлөт. Ош шаарында металлолом алуучулар мындай темир түтүктөрдү 5-5,50 сомдон алаары, 1 метр куурдун 145 кг чыгаары, натыйжада, демонтаждалган 16 км куурдун салмагы 2 миллион 320 килограммдан айланаары белгиленген . Ошентип, демонтаждалган темир куур металлолом катары сатылганда эле 11 миллион 600 миң сомду түзмөк.
Бирок, мындай темир куурлар көп жерде "көздөн учкан" товар болуп саналат. Диаметри 325 миллиметр мындай түтүктөрдүн эскилеринин 1 метри 900-950 сомдон базарларга чыгарылат.
Демек, 16 километрдик темир куурдун баасы 14 миллион 400 миң сомду түзмөк. Натыйжада, демонтаждалган куурлар базарда сатылат да, ал эми документацияларда бул түтүктөр металлоломго өткөрүлгөн деп толтурулат. Демек, 2 миллион 800 миң сом "демонтаж" операциясын жүргүзгөндөрдүн чөнтөгүн кампайтат.
Маалыматтар ой жүгүртүүгө кызыктуу, бирок каттын авторлору Ош ЮУМГнун жалпы коллективи катары көргөзүлгөнү менен, бул катка канча адам кол койгону белгисиз калып отурат. Натыйжада, фактылар так көргөзүлгөнү менен мындай каттар "тоголок арыз" катары бааланып калаарын жалпы окурмандарыбыздын билип алыш керек.
Акырында айтарыбыз, гезитибиз каттарга кайдыгер мамиле жасабайт. Окурмандарыбыздын ар бир каты каттоодон өткөрүлүп, аны гезит бетине жарыялоого тырышабыз. Бирок, кээде каттын конкреттүү авторлору жок болгондуктан, андагы маалыматтарды жарыялоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап отурабыз. Окурмандарыбыз кат аяр мамилени талап кылаарын унутушпаса…
Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"