Сууну бетонго куя бербе!

Оппозиция жалпыбыздын үйүбүз - бү?
Кыргыз оппозициясынын 2003 - 2006- жылдары болуп-толуп турган кубатынын апогейдеги тушу эле. Ошондо анын ойду омкоруп, тоону томкорчу ( бийликти деп түшүнгүлө да ) күчү бар эле.

Ошол 2006-жылы ноябрдагы митингинде оппозиция дагы кичине чыдап,
эми бир кадам таштаганда Бакиев багынып бермек. Оппозицияң бышканына күтүп, чыгарганына күтпөй эдиреңдеп турду эле, дал ошондо Бакиевдин эч ким күтпөгөн өтө куу жүрүштөрү оппозициянын ойронун чыгарды… Ал ал болуп, тандемдеш, "талапташ" , "танапташ" , акыры барып "акыреттик досу" Куловду парламентке "заказ" берип айдатып, ордуна эзели элдешкистей жүргөн Атамбаевди чүлүктөп алды… Анан, куураган Куловдун "фронту" чыкты, анысы чилдей таратылды. Ошону менен Куловдун "темир" эмес экендиги айкын болду. Ушунусу дурус болду окшоду. Кийин президент Эшимкановду "эметип" алды…
Ошентип, оппозициябыз уламдан-улам алдан тайып, лидерлери сатылып, алданып, "эмелер" менен аралашып бүгүнкү кейпине келип жетти. Ал эми бүгүнкү кейпи болсо, аябай сыпаа айтканда, анча дурус эмес.
Ооба, бүгүнкү оппозиция ары бир ойкуп, бери бир кайкып, оппозициялык кыймылдын классикалык үлгүсүнөн качкан өңдөнүп, анын жаңы жолдорун издеп, таппай - тапкан өңдөнүп, ал жолу алымсыз болуп, айталы, коомдук парламенттин түзүлүшү, кийинки күндөрү "ырдаймын деп келгенден кийин ырдаймын" маанисинде эле аракет кылып калгандай болду.
Оппозиция 3-ноябрда кабыл алган меморандумун укмуштуудай күчтүү курал катары баалап, айтып бүтө албай жатат.
Меморандумда булар айтылат: "Президенттин жана анын айланасындагылардын жоопкерчиликсиз жана өзүм билемдик башкаруусунан улам, өлкө коррупциянын жана криминалдын өлкөсүнө айланды; үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун айынан калың эл массасы саясий процесстен сүрүлүп калды жана ак сарай оюндарынын, интригаларынын азабын тартып жатат, кыргыз эли мамлекет жүргүзгөн саясатка таасирин тийгизе албайт, шайлоолор демократиялуу эмес ж.б. мына ушуларга каршы аесуз күрөш жүргүзүш керек"-деп айтылат. Бу жөнүндө, кечирип коюңуздар, салпетек катындардан бери эле айтып жатпайбы… Маа демектен миң-миллион жолу айт, жыйынтыксыз болубатпайбы. Эпадам, бийлик айтылган сөзгө реакция жасаса го бир жөн. Бийлик болсо оппозициянын меморандуму эмес, балээси болсо да укпай жатпайбы, "быш" деп койгон жери жок го. Оппозициянын бийликке таасир берчү рычагы жок. Оо арман, арман, бир кезде эл деп оппозицияны, оппозиция деп элди түшүнүп калган убак болгон. Келбеске кетти го ал убак…
Кыргызың талбай айтат: "Сөздү укчу жерге айт, сууну сиңчү жерге куй"- деп, оппозиция болсо аны эске албай эле, сууну бетонго шаркырата куюп жатпайбы үстөккө-босток.
Бакиев оңой менен эле бийликтен кете койбойт, бийлигин бере койбойт. Аман турса алты мөөнөт өлкө башында турушу бар, ага чейин эли " кайың саап" кетпесе. Оппозиция эч качан бир муштумга бириге албасын жана ал тарап күндөн -күнгө коррупционерлер, карьеристтер, популисттер ж.б. менен толукталып жатканын, алар эч качан олуттуу күч боло албасын билген Бакиев азыр өлкөнү "сол колу" менен эле башкарып калды, анан да каалаганын кыла алат. А, бу көрүнүш болсо, аябагандай коркунучтуу көрүнүш…
Түбөлүктүү нерсе, көрүнүш, процесс жок, баары жаңырып, өзгөрүп турат. Диалектиканын бу закону биздин оппозицияга алы жетпей тургандай. Оппозицияда жаңы күчтөр, идеялар жок, демек, табыгый ыргактын бузулганы. Тизмени карасаң баягы эле Текебаев, Сариев, Байболов… сөзү болсо "…системаны өзгөртүүгө убакыт келип жетти…", анан да үкөсүн кыя албаган Тургуналиев менен акесин кыя албаган Бекназаров…
Тарых тастыктап турат го, кандай гана оппозиция кыймылы болбосун бир лидери болот. Ошонун айланасына биригип күрөш жүргүзөт. Бизде болсо, оппозициянын кыргызча варианты - накта лидер жок, бирок лидер болом дегендер иттин кара капталынан " мен гана мен" деген принципте.
Меморандумга кол койгондор деген тизмеде "коомдук ишмерлер" деп төмөнкүлөр саналыптыр: Н.Касиев, К.Исаев, Т.Пономарева, А. Сарыбаев, Т.Мүсүралиев, Ш.Медетбеков, Ж. Сапарбаев, В.Бацаценко, Б. Алымкулов, Р.Халиков, Ж.Кыдыралиев, А.Шыкмаматов, К.Ормушев. Булардын кимиси элди ээрчитип кете алат, кимисинин эл алдындагы аброю чоң, сөзү өтүмдүү? Менимче, оппозициялык кыймылга "гарнир" да болуп бере албайт. Баса, булар качандан бери "коомдук ишмерлер" болуп алышкан?! Ушул тизмеден эле бүгүнкү оппозициянын кебетеси дааналанып жатпайбы . Оппозициянын кийинки күндөрү толукталган курамына Байболов бекер жеринен нааразы болуп жатпагандыр… Бакиевдин капканына чабылып, бошотулган Атамбаев "Бирдиктүү Кыргызстан" деп өңчөй бийликтин акырынан өзү баш болуп "жем жеп", анан "жыдыгандардын", "сынгандардын" тизмесиндегилерди топтоп алып, бир нерсе жасачудай түр көрсөткөн Муралиев, "Мир свет культуры" дегенди түзүп алып сыңар жүргөн "кызык" мүнөз жигит М. Кулешов ж.б. ушул сыяктуулар оппозицияны "өтө эле күчтөндүрүп" жибербес бекен?!
Оппозициянын түбүнө бийлик эмес, элдин ишенбөөчүлүгү жетип жүрбөсүн деп менде жан жок. Эгерде эл оппозицияга ишенип, анын артынан ээрчибесе, анда оппозициянын күнүнүн бүтүшү деп билишибиз керек! Ушул азыр элдин көбүнүн көңүлү оппозициядан кайт болуп жатат. Бул мен чыгарган өкүм-бүтүм эмес, элди араласаң өздөрү айтат, түз эле айтат.
"Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" болуп ишпалдабыз чыкты эле. Аның жугуштуу нерсе экен, эми оппозиция жалпынын үйү болуп, ага карьеристтер, популисттер, коррупционерлер ж.б. толгон-токой антиподдор күндөн - күнгө толуп барат, кыймылдын күчү соолуп барат… Бу көрүнүш да оппозициянын түбүнө жетчүлөрдөн…
Ушул тапта оппозициянын колунда замбирек, ракетадан күчтүү куралы бар ал- жалпы кризис, анын ичинде элди эңшейткен энергетикалык кризис, анан саясий кризис, мамлекеттик деңгээлдеги коррупция, бүлөлүк башкаруу. Мына ушулар менен элди ээрчитсе, айланайы-ын, жан коебу!
Оппозициянын жашоосу ар кандай акцияларды өткөзүү менен өтөт. Алардын эң алымдуусу, таасирдүүсү митинг болуп эсептелет. Биздин оппозиция болсо ага маани берип-бербей турат.
Ушул саптардын автору кан-жаны менен оппозиция тарапта. "Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат" деген накыл кепке таянып, ушул чакан макала жазылды.

Баратбай АРАКЕЕВ,
"Ачык саясат"