Добулбас

Сотторду соттоочу учур да келет
Өткөн жумада Кыргызстанда, кудай бетин салбасын, оңбогондой бир чоң "сенсация" болуп өттү. Президенттин жарлыгы кайсы күнү чыкканын ким билсин, айтор 12-ноябрь күнү бийликтин "Маш ботоюн" чалган телеканалдардын (а бизде элдик телеканал бар деп ким айтыптыр?) биринен экинчиси озунуп, кызматынан куулган беш судьяны эртеден - кечке "эрмек" кылышты. Көрсө, алар "сот адилеттиги" деген ыйык сөздүн кунарын учуруп, күзгүдөй жаркыраган сот системасынын абийирин кетирип, бетине көө сүйкөп салышыптыр.
Азырынча колумдан келгени ушул экен, мыйыгымдан жылмаюуга аргасыз болдум. Менимче, мыйыгынан жылмайган бир эле мен болбосом керек? Кыргыздар кайсы жери менен күлөт деп койчу эле? Так ошондой, бул жерде мыйыгынан жылмаюу эмес, ошол жериң менен күлчү иш болуп отурбайбы.
Болбосо эмне, Кыргызстандагы бардык судьялар периште да, ушул бешөө мокочо болуп калыптырбы? Керек болсо, бул бешөөнөн беш эсе эмес, жүз эсе жүзүкара, жугундукор, күнкарама, адам тагдыры эмес, микроб ташыган чымындын тагдырын ишенип берүүгө татыксыз судьяларды четинен көрүп жүрбөйбүзбү. Айтайын дегеним, ошол микроб ташыган чымындын да алгач күнөөсүн мойнуна коюп, көзгө сайып далилдеп, анан барып жаза чегеришиң керек да.
Мүмкүн, менин ушинтип жазганым Рахим Салиевге окшогон фанатик судьяларга жакпас чыгаар. Бирок, андайлар мүлдө Кыргызстан боюнча манжаларыңды кайра-кайра кырсылдатып санасаң да, аларыңды канчалык ачып-жумсаң да, орус туугандар айтмакчы "раз, два… и обчелся" болуп жатпайбы.
Адатта, биз "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегенди жакшы көрөбүз. Кудай уруп, бизде баары теңирден тескери болууда. Акаев аксакал кумалагы жок эле бир карын майды, башкача айтканда, Кыргызстандын бүтүндөй сот системасын чиритип салыптыр, Курманбек баатырдын хандык доорунда ал таптакыр ирип-чирип бүткөн экен, ага түшкөн бечара кумалактар ачып көздү жумгуча дайынын таппай калууда. Айтайын дегеним, бүгүнкү күнү сот системасына келген абийири, ыйманы айнектей жигит-кыздарыбызды эки-үч айдан кийин эле карап көрчү, ким болуп калаарын. Биз бала кезде "шаар көргөн эчкиден түңүл" деген лакап кеп болоор эле. Азыркы заманыбызга ыңгайлаштырганда, судья болуп иштеген уул-кызыңдан түңүлө бер болуп калды.
13-ноябрь күнү өлкөбүздүн Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын периштедей суйкайган Ырыс деген судьсы ызы-чуусу бүтпөгөн "Алиби", "Де-факто" гезиттеринин көзөмөл арыздарын карамыш" болуп, "мына сага басма сөз эркиндиги"- деп туруп "намордник" кийгизди да, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарынын короосунан айдап чыкты. Эр болсоң мындан кийин президенттин урук-туугандары жөнүндө бир сөз жазып көр. Энеңди Үч-Коргондон эмес, Жогорку Соттон көрүп каласың. "Мына сага, юрист күнү" дечү беле?
Буларыңда тагдырын чечип жаткан "Де-факто" гезитинин бир да өкүлүнүн сотто жок экендиги кызыктырмак түгүл, "эмне үчүн?"- деп сурап койгонго да жарашкан жок. "Алибиден" Жээнбеков келди, жетишет"- дешти окшойт. "Чолпон Орозобекова кыз бала эмеспи, кайда секирмек эле? Бирин жапса, экинчи гезитти апта айландырбай ачып тыңсынган ушунусун көрөлү"- өңүтүндө бир миллионду биротоло илди да тынды.
Төрайымдык кылуучунун "жарыяланган макаланын "достоверный" экендигин аныктадыңар беле?"- дегени жанды кашайтса болобу? Акбар Молдакуновду үч жеңил машина катарынан уруп, тебелеп кеткени, биринчи урган машинаны таң ата башка жерден тапканы, анын салонунан А.Ж. Салиевдин наамына жазылган телефон квитанциясынын табылганы, андагы телефондун номери Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиевге тиешелүү болгондугу, ошол номерден Акбар каза болгон убакта бир нече жолу телефон чалынгандыгы, андагы көрсөтүлгөн даректе Асылбек ата-энеси менен жашап тургандыгы, макала гезитке чыкканча тергөө тарабынан Асылбек Салиев бир да жолу суралбагандыгы, көрсө, "недостоверный" экен. "Достоверныйы" бир гана нерсе - "Алиби" гезитинин күн чырайлуу падышабыздын урук-тууганына "жөнү жок" асылгандыгы болуп отурат.
Жогорку сот жараянында 13-ноябрда айтылгандай, Кыргызстандын тезек терген, эң кейиштүү ушул учуру да өтөт. Бирок, көкүрөктүн дарты менен жүрөктү карты өчөбү? Доор алмашып, заман жаңырбай койбойт. Өлкө башына да мекенчил, таза адамдар келээри турган иш. Ошондо бүгүнкү "бир карын май" кайда барат? Эмне менен алектенет? Булардан кантип тазаланабыз?
Сот акелер менен сот эжелер өздөрүнө-өздөрү ушул суроолорду беришет болду бекен?

Бабырбек Жээнбеков,
"Ачык саясат"




Редакциядан:
Бүгүндөн баштап сот иштеринин күңгөй-тескейин, былык-чылыктарын чукуган материалдарды тынбай бере баштайбыз. Алардын колунда бийлиги болсо, биздин колубузда калем менен сөз бар. Алар бийликтин камчысын чапса, биз элдин камчысын чабууга даярбыз. Силер туура эмес деп эсептеген иштер, мыйзам бузуулар жөнүндө жазгыла. Эринбестен, бизге келгиле. Кеңешебиз. Бирок, биз аларга окшоп абийирден тайбай, адилеттикти жылоолой жүрөлү.




  Ойносоң да, ойлоп сүйлө!

Сариевди садага чапкысы келгендер кимдер
Же "Учур" гезитине учкай сөз
Алгач "Аксиома ньюс" болуп чыгат деп, анан барып "Учур" гезити жарык көргөндө, башкаларды билбейм, мен бир топ эле сүйүнгөм. Себеби, "Де-факто" менен "Алиби" бийлик менен соттордун кутумдугунун курмандыгына бир күндө, бир чечим менен чалынышкан. "Де-фактону" мен "Алибинин" бир тууган агасы же эжеси катары элестетчүмүн.

Көз жарган күнү боюнча да, журналисттик жамаатынын тажрыйбасы боюнча да "Де-факто" "Алибиден" бир топ жогору эле. Ошол эле убакта, басма сөз айдыңында экөө бири-бирин толуктап, бири-бирине эриш-аркак болуп, күндүзү чырак менен издесең таппаган чындыкты чыркыраган элге жеткирүүдө бир топ эле иштеди. Өмүрлөрү кыска экен, 13-ноябрда республиканын Жогорку Соту дагы бир "адилет" чечими менен Асылбек Салиевге бир миллион төлөйсүңөр деген аныктамасын "агытты".
"Алиби" жабылаары менен биздин жамаат "Ачык саясат" гезитинин киндигин кесип, там-туң туруп кеттик. "Де-фактодой" пикирлеш, талапташ, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган боордошторго чаңкап турганбыз. "Учурдун" алгачкы сандарынан, андагы иштеген жигит-кыздардын аты-жөнүнөн улам "биздин көчөгө" да татыктуу "кошуна" келиптир деген үмүтүбүз ишке ашкандай болгон.
Бүгүн мен силерге агалык, улуулук укугумдан пайдаланып кайрылууну эп көрүп отурам. Ага себеп, "Учур" гезитинин 13-ноябрдагы №5-санына "Бийлик менен алака" рубрикасы астында жарыяланган "Т.Сариев генпрокурордун астынан өтүп, сөз ташып бардыбы?" деген чакан макалаңар.
Ошол эле үчүнчү бетте "иш жүзүндө Ак үйдүн заказдары менен оппозиция шыбала баштаган" айдактама "Агымдын" "ыпластыктарын" жазабыз деп отуруп, өзүңөр андан да төмөн түшүп кетипсиздер. Болгондо да ошол эле "Агым" гезити ошол эле 13-ноябрдагы санынын бетине бадырайтып туруп "Темир Сариев менен Алмаз Атамбаев эмнеге тирешти?"- деп эки азаматты сүзүштүрүп, экинчи бетинде аларды бири-бирине "айдактап" отурса, силер да сүйлөшүп алгансып Темир Сариевдин далысына бычак уруп кирдиңер.
Мен Темир Сариевдин адвокаты эмесмин. Анан калса, ал адвокатка деле муктаж эмес деп ишенем. Себеби, кандай кырдаал болбосун өзүн-өзү жактап, ар-намысын коргоп алуу дарамети көпчүлүгүбүздөн күчтүү экендигин силерден айырмаланып, мен эң жакшы билем.
Ошол эле учурда, силердин гезитке жарыяланган "Т.Сариев генпрокурордун астынан өтүп, сөз ташып бардыбы?" деген макалаңардын өтө эле орунсуз экендигин бүгүн өзүңөр деле сезип отурсаңар керек.
Т.Сариевдин "кашайып бийликтин үлкөн өкүлүнө кол куушуруп" барганына ким күбө болуп, генпрокурор менен сүйлөшүп жатканда кимиңер жанында турдуңар эле? "Оппозициянын ичинде туруктуулук тайып, четинен бийликке сөз ташып, сырдашуу кумарына баткандарды кантип түшүнөбүз?"- деп эмнеге бүшүркөйсүңөр? Ким-ким, бирок, оппозиция деле дебейин, элдин таламын талашып, элдин туусун айныбай көтөрүп келаткан эки адам болсо, анын бири Темир экендигин көрбөй жүрөсүңөрбү же аны көргүңөр келбей отурабы?
"Ойномо, жүзү жок кадамдарды оппозиция лидерлери ортого салып чечишип албаса, эртең Курултайга жетпей сынып, таштары талкан болушу ажеп эмес" деп ортого чок таштап коюп, бирөөлөрдүн тили менен акылдуусунгандарыңарга жол болсун? Же Сариевде алалбай жүргөн өчүңөр бар беле? Же анын "түз жүрбөгөнүнө" чөнтөгүңөрдө далилиңер барбы? Анан дагы "Темике эми сокулуктуктардын бетин кантип карайт?!"-деп өлүмүш болосуңар. Темикенин, "Сокулуктуктардын алдында бети күйүптүр"- деп кимиңер, кимден уктуңар эле? Андан көрө, силер өзүңөр ошол эле Темикенин, анын чынчылдыгын, түздүгүн, адамкерчилигин урматтаган жүз миңдеген кыргызстандыктардын бетин кантип карайсыңар? Бир нече карьеристтер бийликке "көпүрө" болуп кеткенде, биринчи вице-премьерликтен баш тартып койгон ушул Т.Сариев экенин силер билбесеңер, жумурай журт эчак эле кабардар болгон.
Ар кайсы сөздүн башын чаргытпай, "оппозициянын сырын, ички сөздөрдү Генпрокурорго ташып барбады деп ким кепил боло алат?!"- деп момурайбай, билсеңер, шегиңер болсо, Темир Сариев "саткын" деп ачык эле айтпайсыңарбы. Же бул сөзүңөрдүн артында эмне жатканын карапайым эл, окурмандар түшүнбөйт дейсиңерби?
"Агым" деп айгайлап отуруп, өзүңөр бирөөнү негизсиз каралоо жагынан андан ат чабым алдыга кеткениңерди сездиңерби? Анын го "кожоюну" МЧС экен, мындай учурда "силердики ким?"-деп суроонун да ыгы келип турат. Анткени, Т.Сариевди мазактаган макалаңар менен силер жалгыз эле Темирди мелжебестен, бир максатты алдыга коюп, биригүү жолуна түшкөн бүтүндөй эр-азаматтардын ортосуна бүлүк салып отурасыңар. Чыныгы чыккынчылык, саткындык деп эл ушуну айтат. Арт жактагы "үч тамга" да ошолорго ыроолонуп берилет.

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"