№83, 11.11.08-ж.
  Оп майда...

Пирманов менен Дүйшөбаев эмнеге өбүшүп жүрүшөт?
Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевтин саатынан сот аткаруучулар тарабынан мүлкү да, продукциясы да камакка алынып, убактылуу жабылып турган "Алиби" менен азыркы "Ачык саясаттын" башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун эки көзүн жалдыратып, эки күн мыйзамсыз камакка алгандардын бири, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин тергөө иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги Бегалидин Пирманов менен акаевчилердин ана башчыларынын бири болуп жүргөн, генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин 7-ноябрь түнүндө "Вавилон" кафесинин алдында өбүшкөндөрүн көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда. Кеп өбүшкөндө деле эмес, кызыгы, акаевчил генерал менен бакиевчил полковникти кан жолдун боюнда карыштыра кучактаткан жүз граммбы же башка бир нерселер барбы?
Же генерал Дүйшөбаев күндүзү Бакиев кетсин деп бакылдап коюп, түндөсү бакиевчилер менен өбүшөбү же полковник Пирманов күндүзү акаевчилерди ашатып, түндөсү акаевчилер менен көрүшөбү?
Аңтар-төңтөр түшкөн дүйнө күн ай...


  Издөө салабыз!..

Кайсы губернатор экен, ыя?
Жакында редакциябызга аттуу-баштуу, салабаттуу эле бирөө келиптир арызын көтөрүп алып. Окуп көрсөк теңир-тоолук губернаторлорубуздун биринин үстүнөн жазылыптыр.
"Жакшы ниет менен мындан бир жарым жыл мурда 5000 (беш миң) америка долларын бердим эле, кайра-кайра асты-үстүмө түшүп суранганынан. Ал кезде ал губернатор эмес, жөнөкөй эле көрпенде болчу. Жердеш катары адамдык мамилебиз түзүк эле.
Кызматка олтурганда бир топ эле убадаларды берген. Бирөөсүн дагы аткарганга жараган жок. Ачуумду келтирип, намысымды козгогону- быйылкы жылы башымдан бир топ нерселер өттү. Акчага муктаж болуп, карайлап процентке алган күндөрүм да болду. Ал болсо атайын келип эмес, бир жолу телефон чалып, ал-ахыбалымды сурап койгонго да жараган жок. Менин эмне болуп жатканымды эң сонун билет.
Жайында бир адамды атайын аттап-тондоп төрт жүз чакырым жерге жөнөтсөм, "өзүм барып жолугам",- деп жооткотуп жолго салыптыр.
Андан бери да төрт айдай убакыт өттү. Кабары жок.
Силердин гезитти столунун тартмасына салып алып, жашырынып окуйт. Эсине дагы бир ирет салып койгулачы. Эскертүү чыккандан кийин 10 күндүн ичинде келбесе, арызды гезитке басууга уруксатымды берем",- дейт, "берешен" адам.
Бишкектеги акча берүүчүлөрдүн жол-жобосу боюнча губернатор 10 000 доллардан ашык берүүгө тийиш экен. Моралдык чыгымы канча болот?
"Кол кесер" алганыбыз оңбу же Бакиев губернаторлорунун жүзүн окурмандарга ачып бергенибиз оңбу? Күтө туралы.


  Ийне менен кудук казгандар…

Бүтүрүүчүлөрдүн 70%нын жумушу жок
"Кыргызстандагы жогорку окуу жайларды бүткөндөрдүн 70%ы жумуш табалбай жүрөт"- деди өлкөнүн вице-премьер-министри Элмира Ибраимова.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү билим алып жаткан студенттер 5 жыл убактысын талаага кетирип жатат.
"Учурдагы билим берүү системасы рынок шартына кереги жок адистерди даярдап жатат. Мамлекет болсо, өлкөнү башкарып кете турган мыкты кадрларга муктаж болуп турат"- деди Ибраимова.
Маалымат үчүн айта кетсек, республикабызда статистика боюнча 30 жашка чейинки жаштардын 90%ы жумушу жок, көчөдө жүрөт.


  Шаңшыган булбул…

Мадумаров мамкатчыбы, же..?
Шаңшып сүйлөсө булбулду ара жолдо калтырган Кимсанбай акебиздин баласы өзүн дагы эле мамкатчы ойлойбу же Нур уулу Досбол агабыз өз ыйгарым укуктарын ага өткөрүп берип койгонбу, айтор, "тойго ким келди?" -десе деле Адахан Кимсанбаевич, "артисттерди ким кабыл алыптыр?"-десе деле Адахан Кимсанбаевич болууда.
Дегенибиз, 6-ноябрда Элмирбек ырчыбыздын 30 жаш мааракесине катышып бир шаңшыса, 8-ноябрда Нарын менен Баткенге жөнөөчү "десант" артисттерди кабыл алып бир шаңшыптыр. Же маданият коопсуздугун чыңдап жатабы?


  Мен болом, президент!

Оппозициянын катасы - анын бир лидер тандай албай жаткандыгында
Саясат таануучу Марат Казакбаевдин айтымында, бүгүнкү оппозициянын жаңылыштыгы болуп, ушул убакытка чейин өздөрүнүн арасынан бир лидерди тандай албагандыгы эсептелет.

Ар кимиси өз максаттарын кубалай берсе, эч кандай меморандум аларга керектүү жыйынтыкты алып келбейт.
2010-жылдагы президенттик шайлоо жакындап келатканына байланыштуу оппозиция бир муштумга бирикпесе болбойт",- дейт саясат таанучу.

"Ачык саясат" - пресс




  Шылтоого шынаа

Энергетиктердин айласы алты кетүүдө
Маалыматтарга караганда, 8-ноябрь күнү Токтогулдун Чычкан капчыгайында Түштүк менен Түндүктү бириктирген жогорку кубаттагы электр зымдары аварияга учураган.
Учурда, аны оңдоп-түздөө үчүн ал жакка энергетиктердин бригадасы жөнөтүлгөн. Ушундан улам, кечки саат 18:00дөн 22:00гө чейин республиканын түндүк аймагында электр энергиясына чектөөлөр киргизилерин энергетиктер билдирүүдө.




  Эй калайык, калың журт!

Оппозиция курултайды 29-ноябрга жылдырды
Бириккен оппозиция өкүлдөрү 25-ноябрга пландалган элдик жыйынды 29-ноябрга жылдырганы маалым болду.
Себеби, курултайга келе турган ар кайсы облустун делегаттарына бул дата ыңгайсыз болуп калган. Тагыраак айтканда, 25-ноябрь аптанын шейшемби иш күнүнө туура келет, 18-ноябрда болсо Бекназаров уюштурган Ревком Талас облусунда курултай өткөрүүгө билек түрө киришүүдө.