№83, 11.11.08-ж.
  Олее-олее-оле!

Чоң футболдун чоңдору кайтып келеби?
Ушул жылдын март айынан бери бир дагы футболдук таймашка чыкпаган атактуу бразилиялык "Зубастик" аталган Роналдо менен миллиондогон футбол күйөрмандарынын "Зизу" деп эркелетүүсүнө татыган араб улутундагы атактуу француз Зинедин Зидан 17-ноябрь күнү Марокконун Фес деген шаарында "Жакырчылыкка каршы таймаш" деген аталыштагы кайрымдуулук футболдук таймашта оюн талаасында жаш кездериндеги жалындуу футболдук чеберчиликтерин эстешмекчи.
Жыл сайын өткөрүлүүчү бул кайрымдуулук футболдук беттеште Роналдо менен Зидан баштаган эки командада дүйнөлүк футбол тарыхына өз аттарын алтын тамгалар менен калтырууга үлгүрүшкөн атактуу топ чеберлери да өз өнөрлөрүн тартуулайт.
Учурда расмий түрдө италиялык "Миландын" майкесин кийип жүргөн 32 жаштагы Роналдо 2008-жылдын 13-мартында тизесинен оор жаракат алып, бүгүнкү күнгө чейин футбол талаасына чыга элек. "Милан" убагында жылдызы жанып, эң кымбат оюнчу аталып жүргөн Роналдону керектен чыгарып, ушул жайда аны менен болгон келишимди узартуудан баш тартып койгон. Азыркы учурда "Зубастик" кийинки калган-каткан футболдук талантын француздук "ПСЖда" же англиялык "Манчестер Ситиде" улантсамбы деп, учурда бул эки клубдарынын эшигин аңдып жүргөн кези.
Ал эми Роналдонун футбол талаасындагы эң каардуу атаандаштарынын бири Зинеден Зидан Германияда өткөн дүйнө чемпионатынын Франция-Италия финалдык беттешинде италиялык Марко Матерацини көмөлөтө сүзүү менен оюндан четтетилип, ошондон бери футболдук карьерасын токтотуп, чоң футболдон биротоло кеткен эле.




Бекхем беделин бекиткиси келдиби?
Девид Бекхем "Миланда" ойнойт
Келаткан жылдын башынан баштап, англиялык футбол жылдыз Девид Бекхем "Миландын" намысын коргоо үчүн ижарага келмекчи.
АКШнын футболдук лигасында "Лос-Анжелес Гэлакси" клубунда ойноп жүргөн Девид Бекхем Англия курама командасынын баш машыктыруучусу Фабио Каппеллонун көз жаздымында калбас үчүн Европага кайтып келүүнү чечкен. Дүйнө жүзүндө №1 спорт эсептелген футбол алыскы Америкада эмнегедир анча бааланбагандыктан, күйөрмандарынын көңүл борборунда болуп келген Бекхем үчүн Лос-Анжелес анчалык кызыктыра албады окшойт.
Кудай буюруса, 2009-жылдын январь айынан баштап, Франческа Тотти, Кака баштаган "Миландын" жылдыздуу курамын Девид Бекхем аттуу дагы бир жаркын жылдыз толуктамакчы.





Моюнунан байлаган ит ууга жарабайт
Аршавиндин "отказын" уккан киши жок
Быйылкы Европа чемпионатында Европага бир топ чаң салып келген Андрей Аршавин өз командасы питердик "Зениттин" намысын коргоодон баш тартты.
Бир ай мурун башка клубга өтүү сунушу менен кайрылган Андрей Аршавиндин өтүнүчүн команда жетекчилиги четке каккан. " 2009-жылдан баштап баары бир "Зенитте" калбайм, бул командада ойноо мен үчүн эч кандай кызыгы жок болуп калды", - деп катуу көгөрүп жаткан Андрей Аршавин, Европаны көздөй зуу коюуга жайында да катуу оолуккан. Чынында, бул спортчуга көз арткандардын тизмесинде "Барселонадан" баштап, "Ромага" чейинки европалык дөө-шаа командалар бар эле.
Кээ бир "көзү ачык" футбол божомолчуларынын баамында Андрей Аршавин мекендеши Роман Павлюченко ойноп жүргөн лондондук "Тоттенхемге" кетиши мүмкүн.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"




Аялдар эркекке, эркектер аялга айлануудабы?
Эзелтеден кыргыздын элдик каада-салты укумдан-тукумга өтүп келген. Улуусунан кичүүсү ийменип, урматтап сыйлашкан. Ушундан уламбы, ата-эне уул-кызын жакшы болсун, адептүү өссүн деп баскан турганына чейин көз салып, акыл-насаатын айтып келчү.
Элибизде "Карынын сөзүн капка сал" - деп бекеринен айтылган эместир. Бул - турмуш көргөн, басып өткөн өмүр жолу кыйынчылыктарга туш болгон улуу муундагылардын өрнөктүү өмүрлөрүнөн үлгү алуу дегендикти түшүндүрсө керек.
А бүгүнкү биздин айрым жаштарыбыз улуу муундардан үлгү алууну эстен чыгарып, таптакыр башка нукка түшүп, кайдагы жосунсуз жоруктарды баштарынан кечирип жаткандары баарыбызды таң калтырбай койбойт.
Бир сөз менен айтканда, элибиздин бакубат келечеги да ушул бүгүнкү жаштарыбызга байланыштуу экендигине бекем ынанабыз. Бирок, ошол алтындай жаштар арасында дагы "беш кол тең эмес…"
Айрымдарынын жүрүш-турушу, сырткы кебете-кепшири, эмгекке карата мамилеси, өз жоро-жолдошторуна, жакындарына, а түгүл кара чечекей ата-энесине жасаган мамилеси, деги бардык нерсеге кайдыгерлиги, адамдын жүрөгүнүн үшүн алган жагымсыз терс кыял - жоруктары зээнди кейитет, капа кылат. Шаардын борбордук көчөлөрүн аралап бара жатып, бир шумдуктуудай жаштарды кезиктиресиң. Мындай жаштарды бир гана шаарда эмес, айылдан да учуратчу болуп калдык. Бүгүнкү күндө эркек мырзаларыбыздын кыздардын ордун басып, чачтарын өстүрүп, кулактарына иймек тагып, манжаларына шакек салып, кудум кыздардын көлөкөсүн кууп алгандыгын көрүп, бир эсе күлкүң келсе, бир эсе жиниң келет. Ал эми кыздарыбыз болсо, тескерисинче чачтарын кыркышып, май куйруктарын томпойтуп, жигиттердин шымын базарлардан кадимкидей эле издеп, талашып кийчү өнөргө тушуктук. Бул эмне деген жорук? Капырай, эркектер аял затына, аялдар эркектерге айланып бара жатабы деп да ойлойсуң!
Анан калса, бүгүнкү 21- кылымдын кадрларынын жол жүрүүдөгү, башкача айтканда, кичи автоунаадагы кылык-жоруктарын айтып кереги да жоктой. Карыларды, жалпы эле өзүнөн улууларды биздин кыргыз эли, мейли ал эркек болсун, мейли ал аял заты болсун бапестеп, барктап, тааныса да, тааныбаса да кадырлачу эле го! Бул сый-сыпат кийинки кездерде эмнегедир унутула баштады. Карап турсаң, кара күчкө салып, кайсы жерде болбосун автобустабы, тролейбустабы, мейли кызбы, эркекпи ары-бери түртүп, биринчи кезекте жаштар орунду ээлеп алышат. А карылар, ал атабыз, апабыз же агабыз болсун, сүрүлүп артта орунсуз кала берет. Баарынан да орундукта отурган жаштардын жанына карылар барган кезде аларды кылчак-кылчак карашып, терең ойго чөмүлгөн сыяктуу терезени телмире тиктеп кете берет, болбосо биринин ийинине экинчиси башын жөлөп, коңурукту кош тартып, "калп уйкуга" тез эле кеткенин кантесиң! Кебелип койбостон, тикесинен тик туруп, үшкүрүнүп бара жаткан энесиндей же атасындай болгон адамга орун бошотуп бербестен, мык менен кадап койгондой, бекем ныгырылып отурганын карап туруп ичиң күйөт. Айта берсең, сөз учугун улай берсең, койчу, деги түгөнбөйт.
Ушул эле жаштардын көбүнүн эмгекке, болгондо да кара күчтү талап кылчу кара жумушка табиттери анчалык тартпайт, эмнегедир кайдыгер мамиле кылгандарын байкап, ичтен сызып жүрөсүң. Ойлоп көрүп, адамга бардарлык деле жакпаса керек, болбосо тээ Ата-Мекендик согуш жылдарында кыргыз жаштары эмнелерди гана баштарынан өткөрбөгөндүгү биз үчүн бештен белгилүү. Эң негизгизгиси учулардагы адамдарда ыйман каниет, топук деген нерселер чырмалышкан зор ынтымак өтө бийик эле. А балким, биздин эл да ошонусу менен улуу жеңишке жетишкендир
"Күйгөндөн айтам бир сабак" дегендей, күйүп - бышып айтчу дагы бир нерсе- бул азыркы жаштарыбыздын, өзгөчө кыз - келиндерибиздин, албетте, баары эмес, айрымдарынын улуу адамдарды анчалык урматтабай бараткандары. Мурунку муундагы адамдар улуу адамдарга көчөдө дайыма жол берип, үйдө олтурса ордунан тура калып, качан улуулар олтурмайын же өтүп кетмейинче туруп турууну ыйбаа ыйык милдет, ыймандуулук, улууну урматтагандык катары сезээр эле. Ал эми азыркы кыз-келиндерибиздин, ал мындай турсун көкүрөгү менен коюп, жөөлөп кеткен учурларына да, күбө болуп келебиз. Кийинки күндөрдө кээ бир кыздардын кыйынсынып, корстонуп, тамеки тарткандары өзүнө окшогон жигиттерди жандап алып, эс алуучу жайларда, көчөлөрдө эч кимди көзгө илбей кучакташып, өбүшүп тургандарын көргөнүңдө жөн гана жийиркеничтүү карап өтүп кетесиң.

Нургүл Төрөбекова ,
"Ачык саясат"