presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж. Журналист коомдун күзгүсү
Өлкөбүздөгү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин бүгүнкү 7- ноябрь басма сөз күнү менен "Ачык саясат" гезитинин жалпы жамааты куттуктайбыз.
Түйшүктүү ишиңиздерди ийгилик коштосун
Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон көз карашыңыз?

Илим Карыпбеков,
Медиа өкүлү

Кыргызстанда сөз эркиндиги канчалык бир деңгээлде бар. Акты ак, караны кара деп айтабызбы, демек, бар десек болот. Бирок толук кандуу демократиялык принциптерге жооп бербейт. Азыркы жаңы мыйзамдарда көп чектөөлөр бар. Журналисттердин жеке коопсуздугуна кепилдик жок. Уруп - сабоо көнүмүш адатка айланып баратат. Ошол иштерди териштирип, жоопко тартуу деген жок. Сөз эркиндиги кандай учурда чектелиши керек? Эгерде бирөөнүн ар намысына ашыкча, жөнү жок шек келтирилсе, же элге терс таасир тийгизүүчү пикир жаралса, жалган билдирүүлөр болсо чектелиши керек. Бирок, ошондо да чектөөлөр демократиялык принциптердин негизинде болуш керек.

Шааркүл Медетбекова ,
"Аалам" гезитинин башкы редактору

Бүгүнкү күндүн сөз эркиндиги баарыбызга тең эле белгилүү болуп калбадыбы Чынында бизде сөз эркиндиги калбай калды. Бирөөнү жазсаң эле, эртеси сотко берет. Камаласың, сураласын,ошентип эле жүрүп атпайбызбы. Ага карабастан болгонун жазганга күч жумшап атабыз. Баары бир, биз өзүбүз сөз эркиндигин жаратышыбыз керек. Камап атат, жоголуп атат деп коркуп жатып албай. Өз укугубузду коргоп сөз эркиндигин жаратышыбыз керек. Бул биздин милдет. Бирок бирөөнү көкөлөтүп мактабай, бирөөнүн жаманын чукуп жатып албай, адилеттүүлүк менен чындыкты гана айтып ,жоопкерчилүктүү болуу шарт. Ар бир гезит эненин баласындай. Меники өэүмө жакшы ,сеники өзүңө жакшы дегендей . Кантсе да болгонду болгондой айтып, сөз эркиндигин сакташыбыз биз үчүн милдет. Мисалы, азыр чиновниктер же болбосо маданият чөйрөсүндөгү инсандарыбыз деле келип , болгон оюн айтышат да кайра "алып сал эле алып сал"деп суранышат. "Жок сен айткансың" деп эле көгөрүп кетирип жибере албайсын. Аткени, ал да өз жанынан коркуп атат. Мына ушундай болуп атпайбы азыркы соз эркиндиги.

Кыяз Молдокасымов,
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору

Кыргызстанда өкмөттүк гезиттерге караганда, эркин гезиттердин көп болушунун өзү эле биздин өлкөдө сөз эркиндиги өз деңгээлинде экендигинин далили. Сөз эркидигинин калыптануу учуру десек болот. Азыркы гезиттер жалпы Кыргызстандын абалын чагылдырууга чама - чаркы жетпей жаткан өңдүү. Бирок , журналисттердин жаңы бир мууну , өсүп келатканы көрүнүп турат. Бул кубанычтуу көрүнүш. Ошол журналисттердин аракетинин негизинде өлкөнүн ички, тышкы абалынын өнүгүшү көз каранды десек болот. "Журналисттер канчалык мыкты өздөштүрүп, өз кесибин мыкты билсе, алардын басылмаларынын сапаты да жогору, элге да жеткиликтүү болот" - деп ойлойм. Калыптанып келаткан жаңы муун өз мекенин, элин, жерин, сүйүп чыныгы патриот болсо жакшы болмок. "Азыркы кээ" бир журналисттерге ошол нерсе жетишпейт деп эсептейм. Журналист бул коомдук пикирди жаратуучу да. Акырындык менен ушундай жолго түшөбүз деп ойлойм. Баардык жалпы кесиптештеримдин иштерине ийгилик каалайм.

Асланбек Сартпаев,
"Учур" гезитинин башкы редактору

Бүгүнкү күндүн сөз эркиндигин айта турган болсом, толук кандуу сөз эркиндиги жок.
Кандайдыр бир көйгөйлүү көрүнүштөрдү же болбосо жетекчилердин кылган ишин элге жеткирүүдө тоскоолдуктар болот. Канчалык бир деңгээлде сөз эркиндиги бар болгону менен демократиялык шартка жооп бербейт. Бирок, ошого карабастан чындыкты айтып жеткирүүдө, өзгөчө үч гезитти атап өтсөм болот. Ушул силердин "Ачык Саясат" гезитиңерден адилеттүүлүктүн, чындыктын үнүн уксак болот. Орус тилдүү "Лица" жана "Репортер Бишкек "гезиттерин айтсак болот.

Шаиста Шатманова,
"Супер инфо" гезитинин башкы редактору
Азыркы учурда сөз эркиндигине баа бериш да кыйын да. Бирөө айтат жок деп, бирөө айтат бар деп. Бул маселеге эки ачакей ой айтылып жүргөнүнүн дагы себеби бар. Айта турган болсок . Казакстан , Өзбекстан, Туркменстанга караганда бизде сөз эркиндиги бар десек болот. Ал эми ушул 2008- жылда соз эркиндигинде оркойуп көзгө көрүнгөн эң кейиштүү иш бул "Де- факто" жана "Алибинин" жабылып калышы болду. "Де- факто", "Алиби" эң ачык, чындыкты жазып келгендиктери үчүн, булардын сөз эркиндигин басмырлап, ооздуктап салды. Бул эң кейиштүү көрүнүш. Ал эле эмес "Агымда" деле "Асабада" деле чиновниктердин балдарын сынга алып жазып келишкен да. Бирде жеңип,бирде жеңилип дегендей. Бирок, "Де-факто" менен "Алибини" жок кылгандай көрүнүш болгон эмес. Бул жагыбызды эске алганда сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп,ооздукталып келет десек болот.

Зулпукар Сапанов,
"Апта" гезитинин башкы редактору

Кыргызстанда сөз эркиндиги коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир аз бар го. Эркин гезиттер чындыкты,болгон ишти элге ачык, айкын чагылдырып жатышат. Эми ошол сөз эркиндигин кысып койгондуктан азыркы учурда, күндөн күнгө начарлап баратат. Буга далил "Алиби", "Де факто" гезиттеринин жабылышы болуп эсептелинет. Биз диктатуралык багытка чукул баратабыз десек болот. Эгер ушундай көрүнүштөр кайталана берсе 2 жылдын ичинде басылмалар жок болуп кетиши мүмкүн. Бирок, кыргыздын оозун эч ким баса албайт. "Түгөнгөн сайын түтөймүн" дегендей эки үч басылма жабылды эле , эми кайра беш- алты басылма ачылып жатат. Бул дагы өткөөл мезгил да. Буюрса мындай иштерден дагы өтүп кетээрбиз.

Керим Айдаров,
"Агым" гезитинин башкы редактору

Эң оболу кесиптештеримдин майрамы менен куттуктайм. Журналисттик кесип өтө оор жана жооптуу кесип . Айлыкты да аз алабыз, чынбы? Ошого чыдап эле кыргыздын көйгөйүн, арманын ,ыр- чоорун кошуп баарын жазабыз. Бирок, ар бир басылма өз оюн, өз көз карашын айтат. Бир гезитке айта албаганыңызды башкасына барып айтасыз. Негизинен сөз эркидиги бар. Акчаң болсо каалагандай гезит чыгара аласың. А Өзбекстанда андай эмес да, чыгартпайт.Бирок, азыр бизде бийлик оппозиция деген өңдүү бөлүнүүлөр барда. Гезиттин кожоюну кайсы позицияны колдосо,анын гезити ошол ишти жүргүзөт. Бул жагынан карасак сөз эркиндиги чектелүү. Болбосо башка өлкөлөргө салыштырмалуу кудайга шүгүр.

Түгөлбай Казаков ,
КТР-ОБО газетасынын башкы редакторунун милдетин аткаруучу,
"Ибарат" маданий борборунун
продюссери

Эң алгач баарыңыздардын майрамыңыздар менен куттуктайм, сөз эркиндик тууралуу айтсак Борбордук Азияда Кыргыз мамлекети сөз эркиндигине эрте жеткен. Сөз эркиндиги ,адам эркиндиги деген кыргыздын ата-бабасынан калган. Гезиттердин эки тараптты тең жазып, элге жеткирип жаткандыктарын мен колдойм. Бул журналисттедин иши эл аралык норма ошондой. Ал эми сөз эркинди кысымга алынып, айрым эркин гезиттердин жабылып калып жаткандыгын мен сот бийлигинин ,укук коргоо органдарынын көз карандылыгынан улам болот деп эсептейм. Жалпылап карасак Кыргызстанда сөз эркиндиги жетишээрлик. Кыргыз өзү эркин эл да. .

Бермет Букашева,
"Лица" гезитинин башкы редактору

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандыгы, сөз эркиндигине ээ болгондугу бул Кыргыз эли үчүн чоң жетишкендик. Сөз эркиндиги кыргыз элинин канында бар. Кыргыз сөздүн маанисин билип сөз баккан эл. Кыргыздар "Баш кесмек бар ,тил кесмек жок" деп айтышат. Айрым чиновниктер сөз эркиндигин кысымга алабыз,чек коебуз деген иш аракерттери болбогон иш. Эч качан сөз эркиндигин токтото албайт. Бул биздин каныбызда бар да. Менталитетибиз ошол. Биз журналисттер жалпы кыргыз эли сөз эркиндигин жоготпош керек. Бул биз үчүн бар. Жалпы кесиптешттеримди майрамы менен куттуктайм.

Айсулуу Эсен кызы,
"Ачык саясат"









??.??