presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж. Төртүнчү бийликтин төрөлөрү
же бийликтин жөжөлөрү
Адахан Мадумаров,
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы
Журналисттик кесиптин үзүрүн Адахан Кимсанбаевичтен артыкча көргөн адам болбосо керек. Чү дегенде эле министрдин жардамчысы болгон. Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты болду. Бакиев бийлик башына келгени, Адаханга бак конду. Төрт жылда төрт кызмат ордуна барды. Бирок, барган жеринде бараандуу иштей алган жок. Мурунку бийликти сындоо жагынан алдына ат салдырбаган Адахан, азыр андай сындарды көтөрө албай калган. Демократиянын деми, оппозициянын жеми, оозунун жели менен бийликке келген Кимсанбай аканын баласы, Үзөңгү-Кууш үчүн кашыктап чогулткан кадырын, Каркыраны кайын журтуна берүү менен чакалап чачып салды. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз" дегендей эле, оппозициянын арты менен атак алган Адахан, оппозицияга чатак салган Адаханга айланып калды. "Ат минбеген минип өлтүрөт…" же болбосо "Сынчынын сыңар өтүгү майрык"-деген макалдарыбызды, азыркы Коопсуздук Кеңеш катчысынын кабинетинин каалгасынан карасаңар болот.

Султан Раев,
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри
Узун адамдар узунду жакшы көрөт болсо керек, азыркы министрибиз Султан Акимовичтин журналист кезинде жазган макалаларын окусаңыз, кыскасын таппайсыз. "Кыргыз руху" гезитин таптаган, ошол кездеги бийликке батпаган Султан Раев азыркы бийликке аябай эле жакты. Башка министрликтин башчылары бат-бат алмашса дагы, балбан министрибиз балпайып эле отурат. Болгону, мурунку узун сөздүү журналистибиз, кыска сөздүү министрге айланып калды. "Алиби", "Де факто" гезиттери жабылып, башкы редакторлору Бабырбек Жээнбеков, Чолпон Орозобековалар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, сөз эркиндиги чектелип жатса дагы, Султан Акимовичтин кебелбегени кызык. Жок дегенде Турсунбек Акундай болуп туура сөзүн айтып койсо болмок. Эмгек сиңирген артисттердин мааракелерин эрмектегенче, СССРдин Эл артисти Капар Медетбековдун кабарын сурап, 60-70 жылдык мааракелери эмнеге өткөрүлбөй калганын билип койсо жакшы болбойт беле?

Мелис Эшимканов,
Кыргыз Республикасынын УТРКсынын башкы директору
Акаев бийлигин алсыраткан, Бакиев бийлигин жалдыраткан Мелистин мээнетин айтпай кетсек, акыйкаттан алыстаган болуп калабыз. Акаев бийлиги учурунда акыйкатты "Асаба" андан кийин "Агым" гезиттеринен алганыбызды кимден жашырабыз? Ошол кездеги бийликтин олку-солку, оң-тетири саясатынын жүзүн ачып, миңдеген адамдарыбыздын көзүн ачып, акыры ошол бийликтин көрүн казып, ары көздөй түртүп салган ушулар эмес беле. Бою кыска, ою узун Мелис Асаналиевичтин кайырмагына бийликтен кимдер гана илинген жок? Бүгүнкү бийлик мурдагы бийликтин катасынан арылгысы келдиби, айтор, ээ бербеген Эшимкановду кайырмакка илишти. УТРКга реформа жасоо үчүн барган Мекебизге канчалык бут тосуулар болбосун, аракетин жасап жатат. Атамбаевди алдаган бийлик, Асаналынын уулун деле алдап коюшу мүмкүн. Бирок, Эшимкановдун эшикти эртерээк жаап кетүү эрдиги бар. Канчалык жамандасак дагы, Мелистей медиаменеджер жок экенин моюнубузга алышыбыз керек.

Замира Сыдыкова,
Кыргыз Республикасынын
АКШдагы элчиси
Журналисттик кесиптин кедергисин Замира айым көп көрдү. "Республика" гезитин түптөдү, демократияны күчтөдү, акыры барып түрмөгө түштү. Сынган жок, сылтык бийликти сындаганынан кайткан жок. Элчилик кызматка жетсе дагы, элинен алыс кетсе дагы, акыйкаттан алыс кеткен жок. Айрым кесиптештери сыяктуу азыркы оппозицияга асылган жок, Бакиев бийлигин ашыра мактаган жок. Эркек мүнөздүү элчи айымыбыздан, эркек журналист-саясатчыларыбыз үлгү алса болот. Беттегенин бербеген Бексултандын кызы чечендигинен эмес, бекемдигинен Америкада азыркыга чейин отурат. Замира айымды элчилик кызматтан кетирем дегендер, өздөрү кызматтан кетип калышты. Бекеринен азыркынын "Жаңыл Мырзасы" атанбаптыр.

Кубан Мамбеталиев,
Кыргыз Республикасынын
Англиядагы элчиси
Сүйлөсө сөзү бүтпөгөн, жазса калеми түтпөгөн Кубан мырза элчилик кызматтын ээрине отурганы, саясаттан алыстап кетти. Анысын түшүнсөк болот. Анткени, бул кызматтын талабы ошондой. Бирок, кез-кези менен оппозицияга асылганын түшүнүп болбойт. Убагында Акаев бийлигине акыл айткан Кубан мырза, азыркы бийликтин сөз эркиндигине болгон мамилесине дагы акыл айтып койсо болмок. Чучукка тийген сөз тапкан Кукебиз Лондондо китеп жазып жатабы, же бизнес кылып жатабы, айтор, Англияга биздикилер барышпайт же аларың бизге баш багышпайт. Акаев барган Англияга, Бакиевдин деле баргысы бар. Болгону чакырган киши жок. Тилчилер элчи болгону тышкы саясатыбыз тынчып калды. "Акаев кайда? Москва, Париж, Лондондо, Бакиев кайда? Мал жайылган тоолордо" десек болчудай.

Рина Приживойт,
Кыргыз Республикасынын
Австриядагы элчиси
Рина эжекебиздин Батышка барганы, элчиликти алганы жакшы болду. Кыргызстандан таппаган өмүрлүк жарын ошол жактан тапты. Күйөөгө чыкканы күлкүсү басылбай, уйкусу ачылбай жатса керек. Батыштын бай өлкөсүнө элчиликке барганы, байма-бай сүйлөгөн баяндамачыбыз басылып калды. Мурунку бийликти сындыра сындаган эжекебиз, азыркы бийликтин кемчилигин көрүп турса да, көрмөксөн. "Кара кыздын агынан эмес, багынан" дегендей эле, баяндамачыбыздын багы Бакиевдин бийлигинен эмес, Батыштагы элчиликтен ачылды. Элчилик кызматтын этикасын бузуп, турмушка чыгып алганы эчтеке эмес, элчилик мөөнөтү бүткөндөн кийин эри менен Батышта калып калса кантебиз? Саясатка сарэсеп салган сары эжекебиз кайрылып келеби же жаңы күйөөсү менен жер которуп кетеби, азырынча белгисиз.

Улан Мелисбек,
"Кыргыз патент" мамлекеттик агенствосунун директору
Алыскы Амеркада туруп, Кыргызстандагы "Gazeta kg" интернет газетасын башкарган Улан мырза жакында гана бийликтин короосуна кирди. Интернет газетасы иштебей, бийликтин нанын тиштебей көпкө кармалып турду. Акыры барып Акүйдөн кызмат алды, саясий карьерасына жаңы жол салды. Ушунча күткөндөн кийин, барбай деле койсо болмок. Барктуу кылган басылмасы дагы да болсо барк алып бермек. Бийлик кризиске кирелекте барса, башкача болмок беле? Угушубузга караганда, Улан мырза интернет газетасын сатып жиберген имиш. Болгондо да, ажонун уулу Максим Бакиевге. Кыргызстандагы кыбыр эткен кабарды интернет аркылуу дүйнөгө таркаткан интернет газетасынын сайтына кирсеңиз, мурункудай кабарлар жок. Улан мырза газетасын саттыбы же кызматка айырбаштадыбы, айтыш кыйын. Кандай болгон күндө деле, Улан Мелисбек Кыргызстандагы күчтүү медиаменеджерлердин бири болуп кала берет.

Кабай Карабеков,
"Ак жол" фракциясынын депутаты
Тилинен чаң чыккан журналист Кабай Карабековдун кандайча "Ак жол" партиясына кирип кеткени белгисиз бойдон калды. Кечээ эле бул бийликти сынга алган, азыркы ажобуз Курманбек Бакиевге парламенттен ачуу сөздөрүн айткан, ноябрь митингдеринде активдүү катышкан Кабай мырзаны кайсы кара теке сүзгөнү белгисиз. Ноябрь митингдеринде ажобузду жаңы конституция кабыл алууга мажбурлагандардын бири болуп, кийин кайра ошол конституцияларды жокко чыгаруу үчүн сотко берип, айтор, башаламан саясат жүргүзүп жиберди. Мурунку оппозиционер журналист, кийинки оппозиционер депутат, бат эле бийликчил депутатка айланып калды. Каркыра жайлоосу кайрылгыс сапарга кетип жатканда калыстык сөзүн айта алган жок. Энергетика тармагы эмнеликтен кризиске учураганын билсе да, билмексен. Айтор, чагылгандай чарк эткен бир кездеги Кабай, жарыгы жалп өчкөн лампочкадай болуп калды.

Рыскелди МОМБЕКОВ










??.??