presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж.
 "Эл Баатыры" эмне дейт?"

Кыргыз Республикасынын Баатыры Акбаралы Кабаев:
"Энергетикадагы жоготуулар экспорттун көптүгүнөн жана көзөмөлдүн жокотугунан болууда"
Ата-Мкенди ардактап, Ата-Журт кылган калың катмарлуу калк экени талашсыз. Ата-Журт, Ата-Мекенболбосо, калктын калк болоорлугу күмөн иш. Ал эми Ата-Журттун түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, өз алдынча толук кандуу күн көрүшүнө, Ата-Журтту алыска таанытууга, Ата-Журтка чоң аброй алып келүүгө өзгөчө салым кошкон эр-азаматтар эл арасында эң эле көп. Бирок ошол көптүн арасында да, көктөгү жылдыздардай жаркыраган кайталангангыс орду бар адамдар саналуу гана. Өзгөчө дегенибиз бүгүнкү: "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку наамды алууга жетишкендердин, байыркы кыргыздын Манас баш болгон чыгаан баатырларын ысымдары тарыхта ташка тамга баскандай жазылып калгандыгынын эң башкы чоң себеби - алардын элине өлбөс-өчпөс эмгек кылгандыгында. Кыргыздар илгертен чеченди да, эр жүрөктү да, иш билги адамды да өтө ызааттап, "баатыр" деп айтышкан.
Окурман журтка "биздин замандын баатырлары" менен Ата-Журттун азыркы акыбалы жөнүндөгү маектерди сунуш кылабыз.

- Акбаралы Саранжиевич, сиз бүгүнкү күндө,Эл Баатырларыбыздын катарын толуктаган инсансыз , ушул бийик даражалуу наамга жеткенчектеги басып өткөн эмгек жолунузга токтоло кетсеңиз?
- Мен эмгек жолумду армиядан келген сон ,Таш -Көмур шахтасында баштагам, андан соң 1973-жылдан баштап Нарынгидрокурулушта 2006-жылга чейин иштедим. Токтогул, Таш -Көмүр,Шамалды-Сай, Күрп -Сай ГЭСтерин курууга башынан аягына чейин катыштым. ГЭСтерди курууда, 22 жашымдан 35 жашыма чейин Курп-Сай ГЭСинде, менин эң бир артыкчылык эмгектеримболгон, бул тармакка куч кубатымды жумшадым десем болот.
-Сиз ушу ГЭСтерди куруудагы тажрыйбалуу куруучу катары, биздин эн чоң Токтогул ГЭСибиздин курулушу,анын кубаттуулугу жөнүндө кенен айтып берсеңиз?
-Токтогул ГЭСи Советтер Союзу боюнча экинчи орунду ээлейт.19,5 миллард куб суу сакталат. Төрт агрегат бар, ар бири саатына 300 мегаВатт ток бөлүп чыгарат . Бул ГЭСтин курулушу 1967-1968 - жылдары башталып ,1973-1974 - жылдары биринчи, экинчи агрегаты ишке берилип , толугу менен болсо 1980-жылдары буткөн . Ошол кезде куруучулардын ( жалпы жумушчулардын ) саны 12,5 миң адамга жетип ,45-44 улуттардан кошулган адамдар иштешкен .
Ал эми Курп-Сай ГЭСинин кубаттулугу, саатына 480 мегаВатт ток бөлүп чыгарат. Токтогул ГЭСинен чыккан сууну ушул Күрп - Сай ГЭСи иштетет. Бул ГЭС Токтогул ГЭСиндей суу сактабайт.
- Айтсаныз, биздин ГЭСтерибиздин постанцияларынын Ташкентке курулуп калгандыгы,биз үчүн кандай терс таасирлери тийип жатат?
- Терс таасири Союз маалында билинген эмес. Бүгүнкү күндө болсо терс таасири аябай эле тийип атат. Эгер, ал постанциялар өзүбүздө болгондо , мындай болбойт болчу. Энергетикалык кризисибиз дагы мынчалык деңгээлге чыкпайт эле. Ал постанцияларды өзүбүзгө кайтарып, куруп алууга азыр өкмөтүбүздүн алы жетпейт. Андай станция куруу ,жаны бир чоң ГЭС куруу менен барабар. Керек болсо, Камбар-Ата ГЭСин кургандай чон чыгымдар , чон эмгектер керектелет. Бирок ,ал дагы аздык кылышы мүмкүн. Себеби ,Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун 40 пайызы Союз кезинде курулуп бүтүп калган.
- Камбар -Ата ГЭСи жөнүндө сөз болуп калды, эми ушул ГЭСтин бүгүнкү күндөгү курулушу, абалы тууралуу айта кетсениз?
- Учурда Камбар-Ата ГЭСинде 1500-2000 - чейин адам эмгектенишүүдө.. Курулушу болсо акырындык менен бүтүп келатат, бирок, ал жерде көйгөйлүү маселелерден экөө бар. Бири кадрлар маселеси . Биздин эн мыкты кадрларыбыз Россияга кетип жатат. Себеби, ал жакта айлыкты көп төлөйт, экинчиси, дал ушул айлык маянанын аздыгын айтсак болот. 5-6- разряддагы 40-45 жылдык тажрыйбасы барлар 6-7 миң сом алып иштеп жатышат. Жөнөкөй кара жумушчулар 3000 сом алышат. Бул маяналар өтө аздык кылат. Россияда болсо, мындай курулуштун жумушчулары, биздин акча менен 30 миң сом айлык алышат. Мен бул жөнүндө жакшы билем. Аткени, азыр менин балам дагы ал жакта ушул тармакта иштеп жүрөт.
- Эми ушул ГЭСтин элибизге бере трган пайдасы, кубаттулугу кандай жана канча болот?
- Толук, сапаттуу курулуп бүтсө, эл үчүн пайдасы чоң эле болот. Кубаттуулугу саатына 360 мегаВатт ток бөлүп чыгарат. Ал ГЭСте Токтогул ГЭСиндей суу сакталбай эле, агып келген сууларды,ар бири 120 мегаВатт ток бөлүп чыгарып турган үч агрегаттар иштетип турмакчы . Ал эми Камбар-Ата-2 ГЭСи болсо, 4 миллиард куб суу сактай турган ГЭС болот. Жогоруда айтылган ГЭСтердин баарын 1956-ж. түзүлгөн " Нарынгидрокурулуш " куруп бүткөргөн. Кыргызстанда биринчи " Үч-Коргон" ГЭСи бүтүп, элге жарыкты алгач ушул ГЭС берген.
- Жалпы эле, энергетика тармагындагы жоготуулар жөнүндө айтсаңыз?
- Негизги жоготуулар контролдун өтө төмөндүгүнөн жана экспорттун көптүгүнөн улам болду. Кризис мына ушундан келип чыккан. Кургакчылыкка шылтаган деле куру кеп. Союз кезинде, бир жылы,(кайсы жылы экени эсимде жок), ошол кургакчылык болгон жылы Токтогул ГЭСинде суу 12 миллиард кубка азайган. Бирок ,кыштан эч кыйналбай чыкканбыз. Азыр болсо суунун көлөму 9,5 миллиард куб болуп турат. Муну менен деле кыйналбай чыкса болот. Бирок, ыгы жок колдонууну токтотуп, үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Бирок, бир нерсени эске алышыбыз да абзел. Энергетика тармагында табигый жоготуу деген бар. Мисалы, Токтогул ГЭСинен бул жакка келгенче(аралыктын алыстыгынан улам)ГЭСтен чыгып аткан жалпы токтон 12 пайыз жоготуу болот.Союз кезинде деле ушундай болгон,бул энергетика тармагынын өз мыйзамы десек болот.Буга кошулуп,көмүскө канча деген токтор мыйзамсыз уурдалып жатат.
- Сиз жогоруда энергетика тармагы жөнүндө кенен айтып бердиниз, ал эми башка көйгөйлүү маселелер тууралуу эмне айта аласыз?
- Чындыгында биздин өлкөбүздө көйгөйлүү маселелер өтө көп. Алардын ана башы корупция болуп эсептелет. Биз ушу корупцияны түп тамырынан бери кыркып жоготпосок өсүп-өнүкпөйбүз. Коруппцияга каршы өтө күчтүү мыйзамдар иштелип чыгышы керек .Акаевдин убагында коррупция туу чокуга чыгып алган. Бакиев ошол туу чокуну кулатып жок кылышы керек. Аны канчалык денгээлде жок кылат, аны убакыт көрсөтөт.
- Тажрыйбалуу энергомонтажник катары айтсаныз, быйыл элибиз кыштан кандай абалда чыгат, себеби, жарыктын, жылуулуктун үзгүлтүксүз болуп турушу, энергетика тармагынын абалына байланыштуу эмеспи?
- Алдыдагы кычыраган кыштан кыйналбай эле чыгабыз деген ойдомун. Себеби, өткөн жылы кыш өтө оор болбодубу. Ошондо Токтогул ГЭСинде 6 миллиард куб суу калганча иштелип, кыйналбай эле чыкпадыкпы. Эгер5,5 миллиардка түшсө ГЭСте бир дагы агрегат иштебей калат. Негизи, кышкы үч айдын ичинде эң аз колдонгондо 4,5 миллиард суу кетет.
Ал эми эң көп колдонгондо 7 миллиард суу кетет. Азыр болсо ГЭСте 9,7 миллиард куб суу топтолгон. Учурда үнөмдөө маселеси өтө курч мүнөздө болуп атат, канча деген үч фазалуу ток зымдары кыскартылды, демек, кышында жарык өчүрүлбөйт дегенине ишенсек болот. Экспортко кетип аткан энергетикабызды токтошубуз керек. Бирок азыр канча кВтт экспортко кетип жатканынан так маалыматым жок.

- Акбаралы Саржиевич, айтсаңыз, учурда элибиздин көнүлүнө толбогон иштерди аткарып келеаткан, "Ак-жол" франкциясынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын Баатыры катары, өзүңүздүн партияңыздын иштерине кандай баа бересиз? Бул суроону бергенимдин себеби, илгертен "Баатыр" наамга татыган адамдын деңгээлдери өтө бийик болуп келбеди беле.
- Эми "Ак жол" франциясынын депутаты катары айтсам, бул партияны президент өзү баш болуп түзгөн соң, эл үчүн иштеши керек . Элдин эң көйгөйлүү маселелерин чечиши керек . Азырынча бул партия өз жолунда эле баратат.
Ал эми "Баатыр" наамын алган адам катары айтсам, негизи, бул наам бизде өз деңгээлинде эмес. Жеңилдиктер өтө аз. Мисалы, жол киреге 50пайыз, догдурга көрүнсөң 50 пайыз, эми бул көбүнчө аксакал баатырларыбызга тиешелүү да, а учурда мамлекеттик кызматта иштеп аткан баатырларга, чет жерге учканда, билет баасына 50 пайыз жеңилдик берилсе болмок.Кыскасы, баатырды баатырдай урматташ керек деп ойлойм. Башка өлкөлөрдө мындай эмес, жакшы жолго коюлган. Бул маселе башкалар тарабынанан да сөзсүз козголот.Кулов премерь болуп турганда "Ак шумкар" сыйлыгы үчүн 2000 доллар берген, андан кийин акча көргөн жокпуз. "Эл артисти" наамын алгандарга атайы акча берилет, "Баатырларга" болсо андай акча берилбейт.
- Маегиңизге чоң рахмат!

Айбек Шамшыкеев
"Ачык саясат"










??.??