presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж.
  Бектер кетет, эл калат,

Кыргыз бийлигине кимдер гана келип-кетпеди дейсиңер. Бири кызматка келип атат, бири-кызматтан кетип атат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. "Байлык, бийлик колдун кири" деп бекеринен айтылган эместир. Бийлик дегениң атадан балага мураска калбайт экен. "Бүгүн бар да, эртең жок, ушундай тура дүйнө пок"-деп акындарыбыз какшап ырдап жүрбөйбү! Бир кезде бийликте олтурган бектердин бүгүнкү абалынан учкай маалымат берип турууну чечтик. Урматтуу, окурман, бектер кетет экен, эл калат экен. Бетеге кетет экен, бел калат экен. Турмуш чындыгы деп ушуну айталы.

Бетеге кетет, бел калат.

Кеңешбек Дүйшөбаев ,
экс - министр
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болгону бир күн министр болгон эле. 2005 - жылы 23 - мартта Акаевдин буйругу менен министрлик креслого олтурган. Ошол күндүн эртеси 24-мартта төңкөрүш болуп кетпедиби. Арадан беш - алты күн өткөндөн кийин Дүйшөбаев чоң конференция берип: "Бу бийлик Кыргыз Республикасынын Конститутциясын одоно бузду. Мен мындай бийлик менен иштеше албайм" - деп агынан жарыла ачыгын айтып, биротоло министрлик менен кош айтышканы али күнчө элдин эсинде. Ошентсе да, Бакиевдин командасы генералга бир топ жолу кызмат сунушташыптыр. Генерал өз сөзүнө туруп, сунуштардын бирөөсүн дагы кабыл алган эмес. Анткени, "Мындай бийликтин түпкүлүгү эмне менен бүтөөрү эч кимге табышмак эмес. Мен коомдо болуп жаткан жаман окуяларга аралашкым келбейт" - деп генералча кесе айткан экен.
Учурда үйбүлөсү үчүн гана кам көрүп, мал чарбачылык деген накта кыргыздын бизнеси менен алектенет. Андан сырткары "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын активдүү мүчөсү. Запастагы генерал катары 7000 миң сом пенсия алат. Жашы 51де. Бир небереси бар. Тиш доктур болуп иштеген жеңебизди үлпүлдөтүп багып атат. Төңкөрүштөн кийин министрдин үй - бүлөсү далай кооптуу учурларды башынан өткөрүшүптүр. "Эми Кудайга шүгүр. Ал күндөр артта калды. Азыр ден - соолукту карап, өзүбүз үчүн жашап жатабыз. Кечээ оппозиция бир муштумга бирикти. Буюрса, конкреттүү кадамдар башталат" -дейт. Андыктан, урматтуу окурман, Кеңешбек Дүйшөбаев кайрадан министр болуп калуусу ажеп эмес.

Мира ЖангарАчева,
экс- вице - премьер министр
Акаевдин учурунда бир катар мамлекеттик кызматтарда жүргөн күчтүү айым эле. Анан кандайдыр бир саясий оюндар аркылуу ошол кездеги саясий майдандан чыгарылган болчу. Кызматынан кол жууганы аз келгенсип, андан кийин эки жыл жумушсуз калыптыр. Бир убакта далайларды титиреткен Жангарачева эжекебиздин эч кимге сөзү өтпөй, мамлекеттик кызматты мындай кой, катардагы жогорку окуу жайларга жумушка орношо албай калгандыгын жашырган жок. Анан "алма быш оозума түш" - деп жата бербестен, жаны тынбай изденип, англис тилин үйрөндү. Эл аралык уюмдарга конкурска катышып, өзүнүн жашоосун башка нукка буруп кетүүгө күчү жетиптир эй! Азыр экология жана татыктуу өнүгүү жаатында иштеп жатат. Гендердик теңчилик, аялдардын укугун коргоо боюнча да алгылыктуу иштерди кылганын айта кетпесек болбойт. Саясий турмушундагы вице-премьер болгон күнүн көп эстейт. Ак үйгө Жангарачеваны саат төрткө чакырышып, кызматы жогорулаганын айтышат. Бирок, Мира айым бул тууралуу эч кимге айтпайт. Анткени, түштө буйрук чыгарып, кечинде кайра тытып салышкан кырдаалдардын көп болгонунан кабары бар эле. Кечки саат ондо КТРден президенттин жаңы буйругу тууралуу билдирүү жасашат. Ошондо Миранын атасы телефон чалып: "Кызым, мен эч качан эл душманынын кызы Мамлекеттик башкаруучулардан болот деп ойлогон эмесмин. Бул мен үчүн чоң моралдык канагаттануу болду" деп ыйлаган экен. Себеби, чоң атасы Сатаркул репрессиянын курмандыгы болуп, 1938 - жылы Украинада атууга кеткен экен. Ал эми атасы өз учурунун чыгааны болгон. Мира айым атасынын атын булгабай, "атанын кызы" боло алгандыгына кубанат. Баса, ак үйдө жүргөн мезгилинде "Записки из Белого дома" аттуу акаевдик режимдеги көргөн - билгендерин китеп кылып жазып, кайра корккондугунан жок кылып коюптур. Азыр ошол жоругуна абдан өкүнөт. Учурда такыр убактысы жок. "Эгерде мүмкүнчүлүк болуп калса, тарых барактарындагы ошол мезгилдер жөнүндө кайрадан китеп жазам" - деп белсенип жүрөт.

Неля Бейшеналиева,
экс - министр
Биринчи хандын доорунда бу айым жөнүндө түрдүү кептер айтылчу. Анын кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин ким билсин, айтор, "шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" - эмеспи. Ал кезде ак үйдөгү айымдар "ажого жагат" - дешип Неляга суктанышчу. Акаев экөөнүн аяр мамилеси, аны билип алган Майрам апчебиздин кызганычы, эки лединин ортосундагы ачыкка чыкпаган тымызын тирешүүсү тууралуу экс - чиновниктер кыргыз элинин "жаңы жомогу" кылып айтып жүрүшөт. "Калк айтса, калп айтпайт" дейт элибиз. Эми бул экс-министр айымдын артта калган жашоосу. Эмнеси болсо да, кайрылып келгис, кайталангыс бир доорду басып өткөнүн билсе бир Неля айым өзү билер. Акаевдин заманы тамам болгону Неля Николаевна көрүнбөй кеткен эле. Жакында эле Бишкек шаарынын мэри Нариман Ташболотовичтин кеңешчиси болуп дайындалды. Албетте, бул кабар көпчүлүктү таң калтырып койду. Буга чейин "Туран" партиясында болчу. Партиянын катарынан чыкканына жыл айланып калды. Негедир, акыркы күндөрү саясатка кайрылып келүүнү чечкен окшойт, активдүү боло баштады. Мэрияга келгенчекти бир далай коомдук иштерде жүрдү. Жашы 48ге чыгып, бир неберелүү болуптур. "Өзүм кореянка болсом дагы, уулумду кыргызча тарбияладым. Тимеле, кыргызчаны суудай билет. Кыргыз болуп туруп, балдарын орус мектепке бергендер толтура. А мен болсо, баламды ушундай тарбиялаганыма сыймыктанам" -дейт. Мунусуна "Азаматсың, Неля!" -дешибиз керек. Калган сурообузга кайпактап жооп бербей койду. Мезгили келгенде жашыруун сырлар жарылып жарыкка чыгар… Азырынча кеңешчиге ийгилик тилейли.

Кулубек Бөкөнбаев ,
экс - министр
Ишенгүл эжекебиздин легендарлуу күйөөсү саясий горизонттон жок болуп кетти го… Илгерки заманда аялынын аркасы менен министрликке чейин жеткен "кайталангыс, табылгыс кадр" азыр эмне үчүн бийликте эмес ? деген суроо туулат экен. Көпчүлүк "Кулубек Жоомартовичтин саясий карьерасы Ысык - Көлгө цианид төгүлгөндө эле бүтүп калган" - деп анализдешет. Ой, ошондогу экология министринин жоругу ай… Андагы президентке жагынып, цианид төгүлгөн көлгө секирип, кийин доктурдун эшигин тытканын айтып да, жазып да түгөтө албайбыз го… Жоругу жолдо калгыр, экс -министр ушуну менен элдин эсинде калды. Кыргыздар мындайды "атың чыкпаса жер өрттө" - деген бир сөз менен түшүндүрөт.
Учурда Кулубек байкебиз колу сынып, бейтапканада жатат. Тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук борбордо төраганын орун басары болуп иштейт. Андан сырткары БГУнун профессору, студенттерге сабак берет. Жашы 68де. Бир неберелүү болгон. Пенсиясынын, айлыгынын канча экенин айтпай койду. Быйыл илимий багыттагы эки китеп жазганына мактанды. Жыл аягында дагы бир китеби жарыкка чыгат экен. Саясатта чыгаралбаган күчүн илимден чыгарып аткан чагы. Айтор, министр кемпиринен калышпай катуу чамынып иштеп атканы - анын уу төгүлгөн көлгө секиргенден кайра тартпаган өжөрдүгүнөн кабар берет эмеспи.

Накен Касиев,
экс - министр
Саламаттык сактоо министрлигин 9 жыл башкарган. Бул деген ошол мезгилдин рекорду болгон. Дегеним, Акаев акем менен Майрам апчебиз мамлекеттик кызматчыларды тимеле кол жоолуктай алмаштырышчу. Андай аламааттан Накен агай кандайча сырт калганы өзүнчө табышмак. Бирок, туңгуюктар арасында бир чындык жашайт эмеспи. Биз билген чындык ушул.Бир жерди ушунча жыл жетектөөнүн өзү эле Накен агайдын мыктылыгын айтып турат. Жакшыны жакшы деш керек. Өз мезгилинде белчесинен коррупцияга малынган министрликтин кылын кыйшайтпай кармап, коомдун өгөй балдарындай болгон ак халатчандардын көйгөйлөрүн колдон келишинче чечип турганын жамырай журт жакшы билет. Андан кийин Мамкатчынын ролунда жүрдү, губернатор болду. Айтор, бардык тепкичти басып өттү көрүнөт. Азыр Кыргыз-Славян университетинде кафедра башчысы болуп иштейт. Келечектеги өмүр сакчыларына сабак берет. Айына 17 миң сом айлык алат. Мындан сырткары 5000 миң сом өлчөмүндөгү персенолдык пенсиясы бар. Жашы 61де. 2 уулга мыкты ата, 4 небереге мыкты чоң ата болгонуна кубанат. Эч кандай бизнеси жок. Күүлүү - күчтүү, ден соолугу жакшы. "Эл -жер үчүн кызмат кылышым керек" деген оюнан али кайта элек. Коомдук парламенттин активдүү мүчөсү. Илимдин доктору. Негизинен Накен агай "барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн" ар дайым тең салмактуулукту кармаган, бир калыптан жазбаган, бир мүнөз саясатчы катары таанымал. Ушул сапаттарынан улам азыркы бийликке жагынып, жалынып, кызмат сурап бара албады окшойт. Мунусуна өкүнбөйт. Тескерисинче, ар кандай саясий кырдаалдарда ар түрдүү маска кийбей Накендин жүзүн Накендей сактап калганына сыймыктанат.


Фаризат Асанкалый кызы,
"Ачык саясат"











??.??