presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж.
  Ташполот Балтабаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:

"Президенттин "секретный" оорусу бар же ал кыргыз медицинасына ишенбейт"
- Ташполот мырза, сизди бир гана Жогорку Кеңештин экс-депутаты катары эмес, медицина илимдеринин доктору, белгилүү кардиолог катары билебиз. Сиздин пикириңизче, мамлекет башчыбыз К.Бакиевдин Кыргызстанда эмес, Германияда медициналык текшерүүдөн өтүп, ден-соолугун каратып жүрүшүндө кандайдыр бир сыр барбы?
- Дүйнөлүк практикада, өлкө башчысынын карапайым адамдан айырмасы, анын баскан-турганы, ичкен-жегени, айткан сөзү, берген убадалары, ал тургай жеке турмушу дагы коомчулуктун көңүл борборунда болот. Президент өткөндө ден-соолугун текшертип, чет өлкөдө бир ай унчукпай жатып алуусу ар кандай имиштердин таркашына себеп болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Анан, ошол уу-дуу кептердин таркашына президент өзү жана кол алдындагылары себепчи экендигин жакшы түшүнсө да, "муну оппозиция таркатты"- деп уялбай эле айтканына күбө болдук го.
Менин жеке пикиримде, Бакиев мындай кадамы менен өзүн түз жүрбөгөн "коварный" саясатчы экендигин көрсөттү. Себеби, эч нерсени билмексен, көрмөксөндөй жатып алып, жан-жөөкөрлөрүнүн ичиндеги "аласын" текшерген илгерки хандардай эле болду. Ага ишенбейли десек, Кыргызстанга келээри менен эле "германский ыкма" менен кадрдык жүрүштөрдү жасап, бийликтин кайыш камчысына айланган Д.Үсөнов менен А.Мадумаровду томолото чапты го. Бул Германияга барып келгендигинин бир гана жагы.
Экинчи жагынан, Бакиевдин Германияга кетүүсү "Ак үй, Көк үйдүн мартабалуу персоналарынын ден-соолугун текшерүүгө жана дарылоого кыргыз медицинасынын чамасы жетпейби?"- деген суроону туудуруу менен кыргыз дарыгерлеринин аброюн түшүрүүдө. Себеби, анын Германияда дарылануусу Бакиевдин кыргыздын медиктерине ишенбегендигин же өзүнүн оорусун жашыруунун амалы дегенди түшүндүрөт.
Эгер, ал өзү айткандай, куландан соомун десе, анда кембагал Кыргызстан бюджетинин эсебинен ары-бери жеке самолет менен учуп, үй-бүлөсү менен чет өлкөдө бир канча убакыт жашап, элдин чөнтөгүнөн чогулган миллиондогон сом чыгымдарды кетирип эмне кылат? Президенттин администрациясына гана баш ийген атайын медициналык борбордон текшерилип, ошондо дарыланса болбойт беле?
Улуттун лидери өзүнүн жеке жүрүм-туруму менен, моралдык-нравалык үлгүсү менен күчтүү болуусу керек эле да. Анан президент баштаган бийлик ээлери өздөрүнүн ден-соолуктарын чет мамлекетте текшертишсе, балдары бизнестерин чет мамлекетте жүргүзсө, дени сак, билимдүү коом курабыз деп ооз көптүргөнгө алардын кандай моралдык акысы бар?
Эгер, жакшы иштесе, түз жүрсө, ушул сөздөрдү биз айтат белек? Жаның кейигенде, аргасыз айтылат экен да.
- Балким алардын иштешине оппозиция жолтоо болуп жаткандыр. Айтайын дегеним, бир нерсе болсо эле азыркы бийлик канатынын алдында жан баккандар, "митинг, пикеттерге элди чыгара берип, оппозиция иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатат"- деген кинелерди коюп келишет. Буга эмне дээр элеңиз?
- Эгер өз кызыкчылыгынан мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, убадаларын аткарып, мыйзам чегинде иш алып барса, эл себеби жок эле нааразы болуп, пикет, митингдерге чыга бермек беле? Бакиев зордуктоо жолу менен жаңы Конституцияны кабыл алдыртып, өзүнүн адамдарын Жогорку Кеңешке дайындап, бийликтин үч бутагын тең, көкбөрүнүн улагындай кылып, такымга басып алгандыгы эч кимге деле жашыруун болбой калды. Бул бийлик уятты унутуп, мыйзам менен шайлоону өзү каалагандай бурмалалап, элдин эрки менен эсептешпей, бийликте турганда каалаганыбызды жасасак боло берет турбайбы деп жүрөт. Бирок, кезеги келгенде бул мамлекеттик кылмыштардын уюштуруучулары жана аткаруучулары мыйзам алдында жооп берээрин эстей жүрүшкөнү оң.
- Деги эле, эл шайлаган бийликтин элдин эрки менен эсептешпей, аларды көзгө илбей калганын кандай түшүнсөк болот?
- Биринчиси, көпчүлүк адамдардын өз тагдырына, келечегине кайдыгер болуусу жана кулчулук сезимден арыла албай жатышы себеп. Экинчиден, оппозициянын биримдиксиз болуп жатышы бийликтин отуна май тамызууда. Үчүнчүсү, биздин дөө шаа кошуна мамлекеттерге өз элине камчы уруп, демократиялык принциптерди тепселесе да, алардын айткандарын "ляппай" деп аткарып тургандар керек.
- Бийликтин мыйзамды уруп ойнобогондугу эч кимге деле жаңылык болбой калды го. Бирок, элдин кайдыгерлигинин себеби эмнеде болду экен?
- Анын бир канча себептери бар десем болот. Биринчиси, карапайым калкта "биз курсагыбызды тойгузалычы, саясат менен алектенүү оппозициянын эле иши болсунчу"- деген түшүнүк тараган. Себеби, алардын көпчүлүгү алардын жашоо-турмушунун оң же терс жакка кетишине саясат таасир берүүчү курал экенин анчалык түшүнө беришпейт. Экинчиси, так жана туура маалымат элдин кеңири катмарына жетпейт. Үчүнчүсү, "жаман болсо да биздин бала турбайбы"- деген сокур сыймыктануу бар. Төртүнчүдөн, депутаттарды шайлоого келгенде айрымдар алардан тажап бүтүшсө, айрымдар талапкердин таржымалына кызыкпастан, соодалашып, андан бирдеме өндүрүп алуунун амалын издешет. Бешинчиси, бийлик элдин койдой жоош психологиясынан пайдаланып, шайлоо маалында административдик ресурстарды колдонуу менен өздөрү каалаган адамдарды өткөрүшөт. Ал эми, шайлоо менен референдумдар бүтүп, бийликтин эшеги суудан өткөн соң, "эми туугандар, тезек терип, асман чапчыган кымбатчылыкка чыдап, муздак, каман күркүрөгөн караңгы үйүңөрдө жашай бергиле!"- дээри турган иш экенин убакыт далилдеп олтурат.
Эгер, эл чындап эле өз турмушуна күйсө, анда бүгүнкүдөй адилетсиз көр турмуш керекпи же жокпу деп ойлонушу керек. Азыркы бийликтин урааны, "САТ, АЛДА, УУРДА!" болуп калганы кимге түшүнүксүз? Чырылдап чындыкты айтып, бийликке сес көрсөткөндөрдү "САБАП, КАМАП, АТЫП" салып жатканын ким билбейт?
Андыктан, жашоону тезек менен чырактын деңгээлине түшүргөн бийлик жеп-ичип, баарын сатып, качып кеткенде ойлонгонубуз кеч болуп калат. Себеби, азыркы президенттин ишмердигинин маңызын : "ЖЕ, ИЧ ЖАНА КААЛАГАНДАЙ БИЙЛЕ, БИРОК ЭЧТЕКЕГЕ ЖООП БЕРБЕ!"- деген принцип түзүп калды. Бакиев мамлекетти башкарганга дарамети жетпегенин толук далилдеп бүттү. Ошондуктан "ак чөп башта"- деп мөөнөтүнөн мурда отставкага кетип, жаңы президенттик шайлоону элдин эркине койсо, жүзү жарык болуп, жасалган кара тактары жуулуп кетээр эле. Эми мындай саясий кырдаалдан соң, ордунда калгандан өзү да, мамлекет да утпайт.
"Жок, мен кетпеймин, өлкөнү башкарууга татыктуумун"- десе, анда мамлекет жоопкерчилигин толук бойдон өз керт башына алсын! Эмесе, президент ушул убакытка чейин өлкөдөгү түзүлгөн кыйын абалды өкмөт менен оппозицияга оодара салууну адатка айландырып алды. Бир нерсе болсо эле, өкмөттү алмаштыра бергенге күчү жетет.
- Бийлик айтып атпайбы "турмуш оңолуп жатат, азыркы бюджет Акаевтин бюджетинен эки- үч эсеге жогорулады, элдердин көбү машинелүү болуп жатат"- деп, бүгүнкү бийлик айтып жатат го. Фактылар менен көрсөтүп жатса, кантип алардын айтканына ишенбей кое алабыз?
- Бюджет боюнча айтаарым - Акаевтин бюджетинин бир сомуна алчу товарды Бакиевтин бюджетинин үч сомуна да алалбай калдык. Бул жөнеле кагаз акчанын көбөйүп, реалдуу товардын жоктугунан кабар берет. Ал эми элдин машинелүү болуп жаткандыгы факт. Бирок, ал акчалардын Бакиевке эч кандай тиешеси жок. Өлкөбүдө иштин жоктугунан азыр миллиондон ашык кыргыздар чет өлкөлөрдө тентип, маңдай-терин төгүп, ошолор Бакиевтин бюджетине акчаларын которуп жатышат. Алардын баары Кыргызстанга келсе, бийлик алапайын таппай калат.
- Оппозиция бийликти сындап, кыйкыргандан башка кризистик абалдан чыгуу, мамлекетти башкаруу тууралуу эч кандай программасы жок деген сөздөр айтылып келет. Ушул туурабы?
- Оппозиция, айрыкча "Ата Мекен" партиясы шайлоо, референдум учурунда эл менен көзмө-көз жолугуп, гезит, радио, телевидение аркылуу бул бийликтин дарамети сатканга, уурдаганга гана жетээрин айтып, Кыргызстанга жаңы башкаруу принциптерине таянган өнүгүү багытын сунуштаган. Оппозициянын өлкөнү өнүктүрүү программасы жок дегени - бул бийликтин учуруп жүргөн бакма "өрдөгү".
Биздин программанын өзөгүн - өлкөнүн стратегиялык ресурстары мамлекеттин колунда болуш керек деген позиция түзөт. Экинчиси - мамлекет чегара, энергетика, тамак-аш коопсуздугун кепилдейт. Үчүнчүсү - ишкерликте эркин жана адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылат. Негизгиси - бийлик системасы элге жакын жана андан көз каранды болушу керек. Ушул талаптарга бийлик жооп берсе, өзү уурулук кылбаса, үй-бүлөсүн-туугандарын бийлике кийлигиштирбесе, калганын эл өзү көтөрүп, өнүктүрүп кетет.
- Ташполот мырза, 2005-жылдын март айында түзүлгөн кординациялык кеңештин курамында сиздин да жүргөндүгүңүз малым. Бирок, эмнегедир бүгүн Бакиевди жактырбагандай түр көрсөтүүдөсүз. Ортоңуздарды качан кандай мышык аралап кетти эле?
- Бакиев башында турган координациялык кеңештин жетекчилери элдин үмүтүн актабай, аларды алдап, бийликти узурпациялап алган жолду тандаганы менин сын айтуума түрткү болууда. Анын жыйынтыгына өлкөдөгү бүгүнкү абал күбө. Ал эми, Бакиев экөөбүздүн ортобузду кандай мышык аралаганын өзүнчө сөз кылууга татыктуу деп ойлоймун.

Маектешкен :
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык Саясат"




Лидер
тандайбыз
"Той да болот, тойдун эртеси да болот", дегендей, канчалаган карапайым адамдардын үлпүлдөгөн үмүттөрүн өчүрбөй кармап келген күздүн 3-ноябрында Бишкектин "Достук" мейманканасында оппозициялык күчтөрдүн биргелешкен жыйыны болуп, алардын мындан аркы иш-чараларынын алкагы,багыты аныкталды. "Максатыбыз бийик, тилебиз аруу. Элибиздин жыргалчылыгы, Ата-Мекенибиздин бейпилдиги үчүчн каруубузду казык кагууга даярбыз "- деген Кыргызстандын өздөрүн эр ойлогон уул-кыздары трибунага бирден чыгып, меморандумга кол коюп беришти. ( Меморандумдун шарты, ага кол койгон азаматтардын тизмеси менен биздин гезиттин 4-ноябрдагы санынан таанышсаңар болот)
Кийинкиси эмне болот ? Бул эр-азаматтарыбыз эми эмне кылышат? Мындан аркы иш пландары кандай ? Мамлекетибиздин эртеңки күнүн кандай болжошууда? Бүгүнкү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөбү, жүргүзүлсө ал кандай форматта болот жана ал максатка ылайыктуубу? Эгер, алдыга койгон иш- чаралар башка багытта өнүксө, ал кандайча жүзөгө ашырылат? Оппозициялык күчтөрдүн моннолиттей биримдигине ишенүүгө бололбу? Же арабызда боло жүргөндөй бирин бийлик тарабынан "Майлуу-сүттүү"кызмат сунушталса артын карабай кеткендер да чыгабы?
Мына ушуга окшогон жүздөгөн, миңдеген суроолор жүрөктү эзип, мыжыган ойлор каар заманда карбаластап, каржалган ар бир карапайым адамдын көкүрөгүн тырмалап турганын биз эң сонун түшүнөбүз . Кандай гана кеме болбосун анын бир капитаны кандай гана учак болбосун анын бир командири болууга тийиш. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Эки капитаны бар кеме менен эки командири бар учактын максат чегине жетиши күмөн.
Бүгүнкү бириккен оппозицияга капитан же командир, б.а. бир лидер керекпи? Керек болсо, ал ким? Ушундай кыйын кезеңде кайсыл азамат "мен элди баштап кете алам"- деп суурулуп чыга алат?
Карапайым калк эмне дейт? Эл башынан,оппозиция башынан кимди көргүсү келет, эмне үчүн, кайсы сапаттары үчүн?
Бүгүндөн баштап "Ачык саясат" гезити "Лидер тандайбыз" рубрикасын ачып,жыйынтык чыгарууну өзүңөрдүн колуңарга берет. Бул шайлоо эмес, бул тандоо.
Өз таңдооңорду 24-ноябрга,оппозициялык күчтөр курултай өткөргөнгө бир күн калганга чейин кат, телеграмма,факс,телефон аркылуу, редакцияга келип билдирсеңер болот.Силердин тандооңор 313-368 телефондон кабыл алынат, атайын журналга түшүрүлөт. Кайдыгер болбой, өз лидериңди тандап ал.
Биздин дарек гезиттин, ички, экинчи бетинде.

Редакция










??.??