presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж. "Чоң казат" Таластан башталат
Элдик революциялык кыймыл 18-ноябрь күнү Таластын так ортосунда улуттук жыйын өткөрөт. Кыргыз республикасынын президенти Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабы менен чыгышкан Элдик революциялык кыймылдын бул жыйынына Кыргызстандагы саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын лидерлери, ошондой эле, Кыргызстанда жайгашкан элчиликтердин, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылышты. Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү Роза Нурматова Талас шаарынын мэри Эркин Турсункуловго Талас шаарынын борбордук аянтында улуттук жыйынды өткөрүү боюнча алдын ала эскертүү кагазын жолдогон. Ошентип, Бакиевди кетирүү балакет оюну баатыр Манастын жергесинен башталмай болду. Илгери Кокон хандыгын далай ирет кулаткан таластыктар, бул жолу жортуулга чыгабы же бийликтин жол тосуусуна чалдыгабы, азырынча ашыкпай туралы. Атаң гөрү, Талас болк эткенде, бийлик солк этчү эле, эми кандай болоор экен?

Оба-на, Обама жеңди
Американын 44-президенти болуп демократ Барак Обама шайланды. Атаандашы республикачыл Жон Маккейнди артыкчылык менен жеңген Барак Обама дүйнө саясатында чоң бурулуш жасады. "Кара түстөгү талапкерди америкалыктар тандабайт" деген аналититер "мыш" болушту. Түбү Кениялык Барак дүйнө тарыхынын жаңы барагын ачты. Республикачылдардын жеңилишине, алардын Ирак мамлекетине болгон пайдасыз согуштук аракеттери себеп болду десек болот. Америкалыктар согушту эмес, тынчтыкты жакшы көрөөрүн ушул шайлоолор аныктап берди. Обаманын жеңиши бир эле Америкадагы демократиялык партиянын жеңиши эмес, жалпы демократиянын жеңиши болду десек жаңылышпайбыз. Жаңы президент жаңы жылдын 20-январынан баштап өз ишине киришет.


Ажобуз мөөнөтүнөн мурда кетеби?
Оппозициялык күчтөрдүн биригүү меморандумуна кол коюсуу, өткөн жуманын өзгөчө кабарларынын бири болду. Көптөн күткөн оппозициялык күчтөр биригишти. СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаевдин, СДСтин лидери Кубатбек Байболовдун, "Турандын" лидерлеринин бири Каныбек Иманалиевдин кайрадан чоң саясатка кайрылып келиши, оппозициянын караанын коюулатып жиберди. Бириндеген бийлик менен бириккен оппозициянын жаңы тирешүүлөрүнө старт берилди десек болот. Кыргыз оппозициясынын "ардагери" Өмүрбек Текебаевдин "Азаттык" үналгысына берген маегине токтолсок, азыркы президентибиздин мөөнөтүнөн мурда кетип калуу ыктымалдыгы бар экен. Такталбаган маалыматтарга таянсак, ажобуз азыркы күнү өзүнүн мураскерин тандоо жана тактоо иштери менен алектенип жатыптыр. Айрымдары ажобузду биротоло келбей турган кылып айтып жатышат. Эмнеси болсо да, элибиз тынч, ажобуз аман болсун.

Бакир уулу балп этти
"ЭрК" партиясынын төрагасы, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу ушул жылдын 16-декабрында жалпы республика боюнча массалык нааразычылык акциясын өткөрмөй болду. Акциянын негизги максаты,-бүгүнкү күндөгү кулчулук замандан, коррупциялык жана кландык башкаруудан кутулуу болуп эсептелет. Жалпы республикалык акцияга чыккандар бийликтин бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясатына "жок" деген пикирин билдириши керек. Турсунбай мырзанын айтымында, ажобуз өткөн президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордун мыйзамсыз өткөрүлгөнүн моюнга алып, алардын жыйынтыгын жокко чыгаруу кадамына барышы керек. "Бүгүнкү күнү Кыргызстандан жеп-ичкен чиновниктер эмес, карапайым калкыбыз качып жатат. Биринчи кезекте орус тилдүү улуттар эмес, жергиликтүү калкыбыз айла жоктугунан алыска кетүүдө. Кышында сууктан, ачкалыктан кыйналгыча, азыр акцияга чыкканыбыз оң"-дейт, "ЭрК" партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу.

"Жаңы Кыргызстандын" жаңы кадамы
Учурдагы саясий-экономикалык кризистерден чыгуу үчүн, "Жаңы Кыргызстан" партиясы азыркы өкмөттү отставкага кетирүү сунушу менен президентке кайрылды. "Суу ресурстарын ойлонбой колдонуп, азыркы энергетикалык оор кризиске алып келгендиги үчүн, ошондой эле кылмыштуулук менен коррупциянын өркүндөшүнө жол бергендиги үчүн Чудиновдун өкмөтүн кетиришиңиз керек"-дейт, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жаңы башкы катчысы Исмаил Исаков. Муну менен эле чектелип калбастан, энергетикалык кризиске алып келген мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуусун, "Түндүкэлектро", "Бишкек ТЭЦ", "Бишкектеплосеть" ишканаларын жеке менчикке сатуусун токтотууну ажодон суранышат. Алардын бул талаптары аткарылбаса, акцияларга чыгууну уюштураарын жашырышкан жок.

Каржы кризиси босогодо турат
Энергетика, азык-түлүк, саясий кризистер аздык кылгансып, эми каржы кризиси Кыргызстандын босогосунда туруптур. Мурунку каржы, азыркы соода министрибиз Акылбек Жапаровдун айтымында, келе жаткан жаңы жылдын февраль-март айларында экономикабыз начарлап, каржы кризиси каптап кетиши мүмкүн экен. Ага, бизге келген инвестициялардын, чет өлкөлөрдөгү мигранттарыбыздын акча салуусунун, кыргыз товарларына болгон сурактардын азайышы, ошондой эле улуттук валютабыздын курсунун туруксуздугу себеп болот.
Ушундай билдирүүнү соода министрибиз Жапаров айткыча, Каржы министрибиз Калимбетова айтса болбойт беле? Акылбек мырза мунусу менен анализ жасадыбы же мураскоруна "сюрприз" жасадыбы? Айрым ушактарга ишенсек, Жапаров жакында отставкага кетип, "Жаңы Кыргызстанга" кошулат деген имиш бар. Кеме чөгөөрдө келемиштер ызылдашчу эле…Ай ким билет?, ким билет?

"Ачык саясат"
пресс




КОШ, АНАРБЕК
Ак жаркын адам, эркелеген эки уул, бир кыздын мээримдүү атасы, улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган алпейим адамгерчилиги менен
атпай кыргызга аттын кашкасындай таанылган, эркин кыргыз армиясынын генерал-майору Анарбек Шамкеев күтүлбөгөн автокырсыктан о дүйнө сапар алды. Анарбек Шамкеев Талас облусунун Манас районунда Май-Төбө айылында колхозчунун үй бүлөсүндө туулган. 1970-жылы Саратов шаарындагы Ф.Дзержинский атындагы аскердик окуу жайын аяктаган.1983-жылы ошол эле шаардан ички иштер министрлигинин алдындагы жогорку командалык аскердик окуу жайды , 1988-жылы КМУнун география факультетин 1995-жылы КНУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Иш билги идиреги, жөн билги жөндөмү менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде, аскердик ири кызматтарды аткарган. Ленин райондук советинин, 1990-1995- жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1997-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.
Кандай иш болсо да камчы салдырбаган, эл жүгүн мойнуна артып, түн уйку, күн тынымды билбей күлүктөй күүлөнүп турган кезинде, эртелеп ээ какты. Туу туткан туугандарды, кан жаныбыз бир дешкен, жартыны бөлүп бир жешкен классташ достору, кызматташтары койнунан суудуруп, колунан алдыргандай, жүрөгү ыйлап, жүлүнү сыздап кала берди. Баарына көңүл айтып, сабыр кылгыла, кайрат кылгыла демекпиз. Кудай артын берсин дейли.

Туугандары, достору










??.??