presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж. Кыргыз Республикасынын
Президенти
Бакиев Курманбек Салиевичке
А Ч Ы К К А Т
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Менин Сизге ачык кат менен кайрылуума Кыргызстандын эң негизги байлыгы болгон энергетика тармагын менчиктештирүү саясаты түрткү болду. Жакында сатыкка чыгарылган "Түндүкэлектро", "Бишкек ТЭЦ" жана "Бишкектеплосеть" ири ишканаларын менчикке берүү менен бийликтин бир чылбырын, экономикабыздын эки тизгинин башка бирөөлөргө карматып жаткан жокпузбу? Энергетика тармагынын эң негизги кирешелүү ишканаларын менчикке берүүдөн, эпкиндеп калган экономикабыздын айыгып кетишине анчалык ишенбей турам. Анткени, бизден он эсе бакубат жашаган кошуна казак эли ушундай менчиктештирүү саясатынан кандай жапа чеккенин Сиз жакшы билүүгө тийишсиз. Казак калкы кетирген катачылыктан сабак алгандын ордуна, кайра алардын амалсыз аракетин кайталап жатабыз. Сиз өкмөт башында турган мезгилде миллиарддаган кирешелерди алып келген энергетика тармагы, сиз мамлекет башына келген үч жарым жылда миллиарддаган карыздарга батып калганын кандай түшүнсөк болот? 2005-жылкы парламенттик шайлоолордо Сизге жана Сизге окшогон талапкерлердин атаандаштарына акчалай көмөк көргөзгөн, ошол кездеги энергетикалык компаниялардын жетекчилерин кылмыш жообуна тарткандын ордуна, кайра аларды сактап калып, бийлик тепкичтерине көтөрмөлөгөнүңүздүн көмүскө сыры да бир убакта ачыка чыгар? Энергетика кризиси эмнеден чыкканын аңкоолор менен жалкоолор гана билбесе, жарыктын жалпы өчүрүлүшүнөн жадаган жарды калкыңыздын жаманы да билет. Сизди акимдиктен премьерликке чейин алып келген Аскар Акаевди алкымдан алган "энергобарондор", Сизди желкеден алдыбы же жетелеп алдыбы, айтор, энергетиканы кризиске киргизип, бийлигиңизге тил тийгизип жатса да, "алмашкыс кадрлар" болуп Акүйдө отурушат. Мамлекетибиздин эмес, өздөрүнүн эртеңкисин ойлогон "энергобарондор" энергетика кризиси аркылуу саясий кризисти жаратып, сизди өз элиңизге душман кылып жек көрсөтүп жатканын чын эле сезген жоксузбу? Германияга дарыланууга кеткени жатып айттыңыз эле, "суук түшөөрү менен жарыкты жалпы өчүрүүлөр токтотулат,"-деп. Канакей айткан сөзүңүздүн аткарылганы? Канакей токтотулганы? Көрдүңүзбү? Сизди карапайым калкыңызга кайрадан калпычы кылып көргөзүштү. "Энергетиканы менчиктештириш керек" деген саясатчы сөрөйлөрүңүздү, "ХИПИКке кириш керек" деген саясатчыларыңыздай кылып айдап жиберсеңиз, калбай бараткан кадырыңызды сактап каласыз, болбосо, калың элиңиздин каргышына каласыз. Энергетика тармагын менчикке берүү менен эгемендигибизди менчикке берүүнүн айырмасын таппай турам. Башкы байлыгыбызды алган адам башканын(Сиздин) сөзүн укмак беле? Каалаган бааны коюп, каалаган саясатын жүргүзөт. Муну бөркүңүздөй көрүңүз. Ушундан көрө, "сактап калалы"-деп өз элиңизге кайрылсаңыз болмок. Ар бир кызматкер, ар бир пенсионер бир айлыгын беришсе, ошол 17 миллиард сом оңой эле чогулмак. Же болбосо, 5 миллион калкыбыздын ар-биринен 350 сомдон "садага" алсак деле кутулат экенбиз. Бабек баатыр айтыптыр го, "кырк жыл мүңкүрөгөн кул болгуча, бир күн эркин болгонум артык"-деп. Анынсыңарындай, кырк кыш кыйналгыча бир кыш кыйналып койсок эч нерсе болбойт. Ошондуктан, жарыкты жалпы өчүрүүнү токтотсоңуз да эл макулдугунбериши мүмкүн. Бирок, энергетиканы менчикке берүү саясатын токтоткон оң. Энергетика тармагынын ээси Эл экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Эл толкуса эмне болоорун Сиз, 2005-жылдын 24-мартында өз көзүңүз менен көргөнсүз.

Рыскелди МОМБЕКОВ
"Ачык саясат" гезитинин башкы редакторунун 1-орун басары,




  Боздосом байкуш эненин,
Боконо сөөгү болкулдайт.

Эл жүгүн тарталбаган намыссыздарга наалат
Калайык калың журтум, кагылайын калкым! Ары сабырдуу, ары көтөрүмдүү касиеттиңдин кедергиси бүгүн өз башыңа тийип отурат. Жашооңдогу болуп жаткан окуяларга оюң, акылың, көзүң жетип турса да, эрдиңди бекем тиштеп, үшкүрүнүп тим болосуң...

Кылымдарды арытып, кан жыттанган карт тарыхтын бүктөмдөрүнөн, өлбөй-өчпөй келген кыргыз элинин тамырына, бүгүн өз урпактары балта чаап олтурушат. Жан багыштын айынан жаштарың Россияда, Кытайда, Кореяда, Казакстанда, Батыш өлкөлөрүндө болуп иштеп жатышат. Карыларың, алсыздарың көчөдө кайыр сурап, кыздарың аялдык асылдыгын жоготуп, денесиң сатып олтурса, анын кардары да кыргыздын татынакай эр-уулдары. Акыл насаатын айтып, балдарына жылуу мээримин төгүп, төрүбүздүн көркү болгон аксакалдарыбыз, ак элчек апаларыбыз бүгүн кайда? Дагы эле тунжурайсың, уйкуңдан качан ойгонуп, качан колуңдагы токочуңа ээ болосун? Качан эсиңе келесиң?
Таң эртелеп, светтин жоктугунан ачкарын балдарыбызды балабакчасына жетелеп жөнөдүм. Сууктун күнүнө карбай жарым сааттан ашык маршруткага кезек күтүп олтуруп, балдарымдын демейки күрсүлдөгөн жөтөлдөрү башталды. Араңдан зорго түртүшүп-жулкунуп бакчага жеттик. Аларды эжейине тапшырып, жумушту көздөй чуркап жөнөдүм. Элеңдеп эки тарабымды карап, үшүгөндөн моюндарын куруштуруп, мага окшоп эртеден кечке көр оокат деп, кыжырланган адамдарга көз салдым. Күн өткөн сайын турмуштун ар тараптан кыстап баратканы жүрөгүмдү өйүп бүттү. Жада калса, акыркы күндөрү балдарыма сүт алып бере албагандыгыбызга аябай кыжырландым. Аргасыз, Айтматовдун "Эрте келген турналар" повестиндеги Султанмураттын кышкы суукта, класста олтуруп, география сабагынан Африка мамлекетиндеги "укмуш жашоону" кыялданып жатканы оюма түштү. Ал согуш мезгили эле, турмуш кыйынчылыгын түшүнсө болоор эле. Азырчы... санаам менен сары оору болуп келе жатканда, кайсы бир "чоң" өтөт деп, жолдорду жаап салышты. Мына сага, эми жумушка кечигип барасың, аны начальнигиң түшүнмөк беле. "Жолду жаап салса, ошого расчет алып эртерээк чыкпайсыңбы" деген жемесин угасың. Ал кайдан билсин үйүндө свети өчпөсө, балдары үшүбөсө, нансыз, сүтсүз калбаса... А тиги машинедеги "чоң" кыргыздын жашоосун кыйратып, гүлдөтүп койгонсуп, элдин баарын жол боюнда күттүрдү. Эрдимди тиштеп, унчукпай туралбадым. Өз өлкөмдө, өз элимде мен үчүн мындан артык кордук болобу?
Уккула, эл жүгүн тарталбаган намыссыздар! Кыргызды бүгүнкүдөй ахыбалга алып келген арсыздар! Жети атаңардан калган энчи сымал кыргыздын тоолору, жер - суулары, жада калса кыздарынан бери сатып жатасыңар. Карапайым элдин маңдай тери, таман акысы менен таап жаткан ырыскысын тартып алып, "демократия ушундай, Иштеген тиштейт, иштеген-алат, иштебеген-калат" дегиңер келет. Кыргыз эли силерди, силерге окшогон намыссыз, арсыз, алдамчы, жүзүкара, эрксиздердин үй-бүлөсүн, тууган-туушканын, таяке-жээндерин багып жатканын Силер билесиңерби, ойлойсуңарбы?
Тогуз ай көтөрүп, тогуз күн толгоо тартып, балам эл керегине жараган адам болоор бекен деп,
Силерди төрөгөн энелер шордуу...
Силерди Кыргыздын ата-бабаларынын арбактары урсун! Каргышы тийсин!
Наалат силерге, улууңа, жашыңа.
Чоңуңа да жана да кичинеңе.
Наалат айтам түштүгүңө, түндүгүңө
Бир ууч элди багалбаган эр сымал маймылдарга!

Жанна Дарканова,
Бишкек шаары, 3.11.08










??.??