presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж.
  Ассоль Молдокматова:

"Менин жашоомдо хаос жок"
Буга чейин Ассоль Молдокматова жөнүндө көп эле жазылды. Ошого карабай дагы деле жазып жатабыз. Анткени, анын жашоосунда күн сайын бир жаңылык болуп, коомчулукту кызыктырып келүүдө. Аны издеп жүрүп, "Ассоль" космотология борборунан таптык.

- Ассоль, имиджиңди тез-тез өзгөрткөнүңө эмне себеп? Өткөндө башыңа жоолук салынып, узун көйнөктөрдү кийип жүрдүң эле. Бүгүн анын бири жок, такыр башка Ассолсуң?
- Чыгармачыл адам ар дайым өзгөрүп турушу керек. Мен жоолук салынып, узун көйнөк кийип калсам, "Ассоль дин жолуна түшүптүр" деп айтып чыгышты. Кудай деген мен үчүн ушунчалык бийик жана ыйык нерсе. Аны мусулманча кийингениң менен эмес, жүрөгүң менен сүйүшүң керек. Эгерде, чыгармачыл адамдын имиджи өзгөрүлүп турбаса, коомчулуктун кызыгуусу болбой калат. Андыктан, маданият тармагынын өкүлдөрү ар дайым өзгөрүп туруусу кажет. Ал үчүн талбай изденүү керек. Мен ар күнү изденүүнүн үстүндөмүн. Изденбеген адам жамгырдан кийинки чөөткө толгон суудай болуп ылайланып, сасып кетет. Чыгармачылыктын өзү эле изденүүнү талап кылат эмеспи. Таланттын изденбегени анын өзүнүн чыгармачылыгын өзү өлтүргөнү менен барабар деп эсептейм. Күнүмдүк жашообузду деле алалычы, күн сайын бир жаңылык болуп атат. А эмне үчүн биз ошол жакшы жаңылыктан, жакшы самаалыктан, жакшы жетишкендиктен артта калышыбыз керек? Тескерисинче, агым менен бирге агып, замандын канатында закымдап жүрүүгө аракет жасашыбыз керек деп ойлойм. Менин ушул ойлорумдун жыйынтыгын эл көрүп жатат.
- Бүгүнкү баш айланткан ийгиликке жетишкениңдин кандай сыры бар?
- Бул ийгиликтер мага бүгүн эле келе калган жок. Балалыктан башталган кыялдарым, ойлорум четинен ишке ашып жатат. Ошол таза, аруу күндөрдө мен эмнени тилесем, ошонун барына жеттим. Бирок, мен багынта турган бийиктиктер алдыда да бар. Билесиңби, менин жашоомдо такыр хаос жок. Ар бир күнүм, ар бир ишим "жети өлчөнүп бир кесилет" десем болот. Мен өзүм эмнени каалайм жана анын жыйынтыгы кандай болорун алдын ала көрүп, туюп турамын. 12 жашымда биринчи жолу телевидениенин босогун аттап атып, бир канча жылдан кийин ушундай деңгээлге жетеримди элестеткен элем. Кээ бир адамдар өмүр бою кыялданып жашашат да, бирок, ошол кыялдарды ишке ашыруу үчүн такыр аракет кылышпайт. Ойлогон ойго жетүү үчүн чарчабай-чаалыкпай иштешибиз абзел. Мен учурда күнүнө 20 сааттан иштейм. Андан сырткары балдарым үчүн кам көрөм. Айтор, бардык нерсеге үлгүрүүгө аракет кыламын. "Мен ушуну көптөн эңсегем, ушуга жеттим" деп кол куушуруп жатып алуу дагы туура эмес. Бир тилегиң ишке аштыбы, ошол күнү, ошол мүнөттө кезектеги максатка кадам таштап, ага жетүүгө умтулуу керек. Менин жашоо принцибим же болбосо ийгиликтеримдин сыры ушунда. Мындан башка жашыруун эч кандай сырым жок.
- Ассоль жакында психология илиминин кандидаты болот деген кептерди уктум. Мунун чындыгы канчалык?
- Бул чындык. Чыгармачылык менен эле жүрө бербей, илимге да тиш салып атам. Москвадан психология боюнча жогорку окуу жайды аяктагам. Кудай буюрса, жакында кандидаттыгымды жактайм. Психолог болуу- билген жанга чоң нерсе. Азыр кыргыздын элитасынын көбү менден жеке сабактарды алышат. Депрессиядан, турмуш-тиричиликтеги оор кырдаалдардан чыгууга психологиялык жактан жардам берем. Психологдун этикасы боюнча кимдер кандай көйгөйлөр менен келип жатышканын ачык айта албайм. Дегеле, жашоонун маңызы бирөөнүн жан-дүйнөсүн жарыя кылуу эмес, ошол адамга өз учурунда кечиктирилбеген жардам кылып, жүрөгүнө от жагып, өчкөн үмүтүн кайрадан жандырууда жатат. Негизи, психолог болууну тандап алганыма да абдан кубанам.
- "Ассоль" мода үйү, "Ассоль" имидж салону, "Ассоль" косметология борбору, "Ассоль" ТВ продакшн, "Ассоль" үлпөт агенствосу баарын сенин брендиң. Сенден дагы кандай долбоорлорду күтсөк болот?
- Журналисттердин заманбап мектебин ачканы жатам. Бул тармакты да ойдогудай деңгээлге жеткиргенге билимим, күчүм жетет. Мындан сырткары телеге тиешелүү үч долбоорум жарыкка чыкканы турат. Аларга аз өтпөй күбө болосуздар.
- Кыргыз саясатчыларынын ичинен стилдүү жүргөнү барбы?
- Мага Чолпон Баекова жагат. Ар дайым стилдүү, ар дайым татынакай, тыкан жана ушунчалык таасирдүү.
- Өзүнүн имиджин өзгөрткүсү келген саясатчылар көп кайрылышаар?
- Абдан көп. Мен бардыгына жардам берем. Жогорку бийликтегилерден тартып, карапайым адамдарга чейин менин жардамыма муктаждар толтура. Командамдагы тиешелүү, тажрыйбалуу адистердин жардамы менен мага кайрылгандар жылуу маанайда узашат. Бул мен үчүн жеңиш.
- Балдарың туралуу кеп кылсаң?
- Тун уулум Жан 12де. Жанды көрүп мен өзүмдүн бала чагымды эстейм. Ушунчалык көп нерсеге умтулат. "Абдыш - Ата" командасынын футболисти жана шахматты мыкты ойнойт. Коммуникабелдүү жана креативдүү бала. Кичүүсү Шабдан 5 жашта экенине карабай абдан токтоо, калыс, чынчыл. Баардык нерсеге өзүнүн көз карашы бар. Ал сүйлөп атканда кичирейтип койгон чоң эркек сүйлөп аткандай таасир калтырат. Балдарга көп убакыт бөлгөнгө аракет кыламын. Бош учурда дароо тоого жөнөйбүз.
- Жашооңдун жазылбаган мыйзамдары барбы?
- Мен Кудайдын мыйзамы менен жашаган жанмын.
- Жалгыздыктан коркосуңбу?
- Жалгыздыктан коркпойм. Адамдардын чыккынчылыгынан сактанам.

Фаризат Асанкалый кызы,
"Ачык саясат"










??.??