№82, 07.11.08-ж. Аталардын жомогу, Айтпай койсок болобу
"Оңой эмес мал тапмак"
Каражаак Калмырза үч-төрт жолдошу менен жолдо баратса, араа тартып үй куруп жаткан үч-төрт кишинин бири: Ырчылардыкы эле оңой, ырдап коюп эле кийбегенди кийишип, ичпегенди ичишип жыргап жүрүшөт - деп калат. Бул сөздү кулагы чала калган Калмырза ырчы койнунан комузун ала коюп, тигилердин сөзүнө жооп кылып ырдап жибериптир:

- Кырмызы кийген жылтылдайт,
Кымызды ичкен шылкылдайт,
Жоргону минген кылтылдайт.
Кайраты жок кыз көрсө,
Сөз айталбай мыңкылдайт.

Көккө жайып кулачын,
Көкөлөп учкан ылаачын.
Кара оокаттын айынан,
Торго түшөт турбайбы.

Ажыдаар менен алышкан,
Айбаты күчтүү арыстан.
Ач курсактын айынан,
Колго түшөт турбайбы.

Эртеден кечке тартактап,
Араа тарткан төрт акмак.
Оңой эмес жан бакмак,
Оңой эмес мал тапмак…
… булгап алыптыр

Илгери бир бай керең, кекеч жана коркок баласына кедейдин келишкен сулуу, акылдуу кызын алперет. Байкуш бала ушунча коркок экен, түнкүсүн эшикке чыкканда да, аялынын этегин кармап алчу экен. Бир күнү ошол бала аялынын этегин кармаган бойдон заңдап атып: - Амий, Айдын апакаай бойуп агайып туйганын кайачы! Тим эле жылкыга тийе туйган кез бойуптуй ээ, десе аялы: - Жылкыга тийгенди коюп кишиге окшоп эшикке өзүң чыгып алсаң, - дептир. Кулагы каңырыш коркок неме: - Киши келатат дейсиңби? - деп тура калып дамбалын булгап алыптыр…

Барак баатырдын кызынын кошогу
Эски салт боюнча журттан жайлоого көчкөндө өлгөн адамдын жакындары кошок кошуп, көч үстүндө жокточу экен. Барак баатырдын кызы атасын жоктоп кошуп баратса, Анарбай, Кошой деген көпкөн болуштар "Кошок угабыз" - деп көчтү токтотуп коет. Ошондо баатырдын кошокчу кызы мындай деп кошуптур тигилерди:

- Өйдө чыгып оттогон.
Өркөчү бийик кара нар,
Өркөчү толо курт экен.
Өлүмдүү көчтү өткөрбөс,
Өрттөнгөн кандай журт экен?!

Капталга чыгып оттогон,
Капталы бийик кара нар.
Капталы толо курт экен,
Каралуу көчтү өткөрбөс.
Кан кускан кандай журт экен?!

Агын суудай жошоюн,
Бай атам өлгөн мен элем.
Өлүмдү жакшы көрсөңөр,
Экөөңдүн бириң өлгүлө.
Өз атамдай кошоюн…

Сырым баатырдын жообу

Казактын Сырым батыры Хива хандыгында жүргөндө ал жердин ханы мактаныч менен:
- Казакта ас-мас, ат-мат, жигит-мигит - деген жалгама сөздөр көп, алардын мааниси кандай? - дейт.
- Сурооңузга тойдон кийин жооп берейин - дейт Сырым.
Тойдо Сырымдын аты байгеден келип, жигити балбан күрөштү жыгып, көңүлү көтөрүлөт. Той аяктагандан кийин Сырым баатыр ханга барып: - Бизде той бергенде журтка кой союп - куйрук, жылкы союп - казы тартат. Суусунга кымыз берет. Буну казак "ас" дейт. Ал эми алакандай таш табакка чөп кошуп суусунга берген чайды "мас" дейт. Сайкүлүктү сыноочу жарышта озуп келген күлүктү "ат" дейт, артында чаңда калганды "мат" дейт. Алка топтун алдында күрөшкө түшүп, алып урган эрди "жигит" дейт жыгылганын "мигит" дейт. Казактын жалгама сөздөрүнүн мааниси ушундай, - деген экен.

Даярдаган ,
Ангатай Өмүрканов




  С А Н Д А Н С А Н Г А ...

(Башы өткөн сандарда)
СЫНГАН ОЮНЧУК
Баатыр жерге жарык кирери менен машинасын айдап алып, жумушуна жөнөдү. Цехке чейин кыйла жол бар. Баатырдын үйү шаардын бул чекесинде болсо, цехи шаардын тигил чекесинде. Машинада жай музыка жаңырып баратты. Оюнда "Адемиге кантип сезимимди билдирем?" - деген суроо, жанын жай алдырбай жатты. Тагдыр деген кызык нерсе турбайбы! Адемиси кызыл көйнөк кийип алып, жолдун чекесинде унаа тосуп турат. Жигиттин жүрөгү жарылып кете жаздады. Дароо тормозду басты. Машина "чыйк" деп барып токтоп калды. Адеми ал машинага деле көңүл бурган жок. Улам-улам саатын карап, анан эки көзүн жолдон албай турган экен, маңдайына келип калган Баатырды да байкаган жок.
- Кандай, сулуу кыз?
- Ой, сиз кайдан?
- Сени издеп келатам, тамаша цехке кетип бараткам. Анан сени көрүп калдым. Жүрү машина менен кеттик. Адеми бир кызыктай боло түштү. Машинага түшсөмбү же түшпөсөмбү деп бир саамга ойлоно түштү да, аргасыз сезимге баш ийип, Баатырды ээрчий машинага басты. Шефтин машинасы аппак "Мерседес" экен. Баатыр шыпылдай эшикти ачып, Адемини олтургузду. Анан өзү рулга олтуруп, машинасын айдап жөнөдү. Кыз унчукпай жолду карап кете берди. Сөздү Баатыр баштады.
- Адеми, сен ушул аймакта жашайсыңбы?
- Ооба, ушул жактан апам квартира таап берген. Мени өзү көчүрүп келген эле.
- Эмне жалгыз жашайсыңбы?
- Жок, бөлөм экөөбүз турабыз. Жалгыз жашабай калайын. Жалгыздыктан аябай корком.
- Ошондой десең, сени жалгыз экен деп мен дагы чочулай түштүм.
- Эмнеге чочулайсыз?
- Чочулайсың да… Эмнегедир Баатыр ойлоно түштү. Ортодогу сөздү Адеми улантты.
- А, сиз, өзүңүз ушул райондо жашайсызбы?
- Ооба, Оштон келерим менен жер үй сатып алгам. Ошол үйдө турам. Бул жакта жашаганыма бир жылдай болуп калды. Шаардын чекеси, бирок, мага жагат. Аз да болсо тынчыраак уктайсың.
- Сиз дагы жалгыз жашайсызбы?
- Жок. Менин иним бар. Экөөбүз турабыз.
- А жеңем каякта?
- Жеңеңби?! Баатыр эмне дешин билбей калды. Адеми туура эмес суроо берип алганың сезип калып, оңтойсуз абалды өзү оңдоп кетти.
- Кечиресиз, мен ушундай чунак кызмын. Оюма келгенди сүйлөй бермей адатым бар - деп эле актанып кирди.
- Жок, сен антпе, Адеми. Өзүңдү антип күнөөлөбө. Сен туура сурадың. Мен деле сага окшош жалгызмын десем дагы болот. Жалгыз эмесмин жарым бар десем дагы жарашат. Жеңең экөөбүз кичине таарынышып жүрөбүз. Ортодо эки уулубуз бар. Алар азыр Ошто турушат. Мен бул жактамын. Жашоо дегени ушундай тура. Мелмилдеген көк деңиздин үстүндөгү жалгыз кайыктаймын. Деңиздин толкундары мени нары-бери чайпай берет. Мен да чайпала берем. Кайсы күнү деңиз албууттанат деп кооптонуп жүрөм. А чынында кооптонгондо эмне? "Корксо, коркпосо да коен өлөт" дешет го… Бирок, сен айткандай мен дагы жалгыздыктан корком.
- Анда сиз экөөбүз окшош турбайбызбы?
- Ошондойбу?
- Ошондой, Адеми кылыктана Баатырды карап, жылмайып койду. Кайран жигиттин жүрөгү эзилип кетти. Өз оюңда Адемини кучагына бекем кысып, бетинен өөп-өөп алгысы келди. Анан унчукпай өзүн токтотту. Адемини чоочутуп албайын деди.
Ошентип экөө цехке келип калышты. Баатырдын машинасынан түшүп келаткан Адемини көрүп,ү Жайнагүлдүн оозу ачылып калды. Экинчи кабаттан кантип жерге жүгүрүп түшкөнүн билбей калды. Жанталаша экөөнү утурлай тосуп чыкты.
- Кандай, Жайнагүл?
- Жакшы, өзүң кандай?
- Сонун! Адемини ала келдим. Жолдо автобус күтүп турган экен. Көрсө, бу сулуу мен жакта жашайт турбайбы.
- Ошондой бекен?- Жайнагүл жактырбагандай түр менен Адемини карады. Адеми өзүн ушунчалык ыңгайсыз сезди. Жайнагүл чынанактай болгон кыздан Баатырды кызганып турду. Баатыр, Жайнагүлдүн тымызын кызганычын сезип койду.
- Жайнагүл, жүрү үчөөбүз базарга барып машина алып келели. Биз менен барып кел. Цехтегилер иштей беришсин. Жайнагүл дароо макул болду. Баатыр менен Адеми цехке кирбестен, Жайнагүлдү салып алып, базарга жөнөштү. Үчөө тандап жүрүп, жакшы машина сатып алышты. Анан Баатырдын сунушу менен шам-шум эткени бир ашканага киришти. Чай үстүндө Жайнагүл тууралуу көп сөздөр болду.
- Адеми, Жайнагүл эжең менин жакшы досум болот. Өзү эркектей шарт жүрөт. Менин досумдун аялы. Бирок, досума караганда мага Жайнагүл жакыныраак.
Экөөбүздүн ортобузда эч кандай сыр жок. Меникин бул билет, мунукун мен билем.
- Койсоңуз?!
- Чын эле.
- Кантип эле, эркек менен аялдын ортосунда жөн гана достук болсун. Менимче, достук бара-бара сүйүүгө айланышы мүмкүн да.
Жайнагүл менен Баатыр Адеминин сөзүнө күлүп жиберишти.
- Сен, жаңыдан эле турмуш босогосун аттадың, мындай нерселерге көп башыңды оорутпай эле кой. Кийин убагы келгенде түшүнөсүн. Мисалы: Баатырдын аялы менин эң жакын курбум, бирок, Баатыр мага андан да жакын. Мен курбума Баатырдын бир дагы сырын айтпаймын. Биздин достугубуз таза жана бекем. Канча жыл болду, сүйүүгө айланбай эле келатат. Курбумдукун буга айтпайм. Дегеле, бирөөнүн сырын бирөөнө айтканды жаман көрөм. Турмуштук принцибим ушундай.
- Бул чын эле ушундай. Андан көрө Жайнагүл эжең менен жакшылап достошсоң болот.
- Жайнагүл эже, эми сиз менен сырдаш болоюн. Өзүңүз айткандай мен али жашмын. Көп нерсени билбейм. Турмуштан ала турганым көп. Турмушка бере турганым дагы көп. Алдыда жакшы максаттарым бар. Мектепти бүтөөрүм менен Баатыр байке менен сизге жолукканыма сүйүнүп жатам. Эми сиздер мени тарбиялайсыздар да.
Тиги экөө чырпыктай кыздан ушундай акылдуу кептер чыгат деп ойлошпосо керек,
таң калып, Адемини карап калышты. Ансайын Баатырдын ичи жылып олтурду. "Жараткан ушу кызга чырайды да, акылды да бергенин карасаң. Кээ бир сулуулар акылсыз болушат эмеспи. Адеми буюрса, бир мыкты жигитке мыкты жар болуп берет" - деп ойлоп койду Жайнагүл. Адеми ушул турушу менен Баатырды абдаарытып, сүрдөтүп, кыялдантып, кайгыртып, ойлонтуп, бирде отко жагып, бирде сууга салып атканын Жайнагүл билген да, туйган да жок.

Фаризат Асанкалый кызы,
"Ачык саясат"