presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж.
  Камылгаң кандай, калайык?

Отун - энергетикалык кризисине кимдер жоопкер?..
Кылычын колго алган кыш босогобузга кирип келди. Сууктун ызгаары карапайым калктын алдына дагы бир курч маселени койду. Бул отун маселеси эле. Учурдун бул орчундуу проблеммасын чечүү жана мамлекеттин масштабында карап, кырдаалга жараша иштиктүү чараларды көрүү - президенттин бекем көзөмөлүнө алынып, аткаруу бийлигине тыкыр көргөзмөлөрдү берип, анын аткарылышына талаптарды коюп, берилген буйрукту орундатпагандарга чечкиндүү чара көрүүгө тийиш болчу. Тилекке каршы, президенттин өзүнүн кадрларына сөзү өтүмсүз болуп калганы далилдөөнү талап кылбай калды. Бүтүндөй Борбордук Азияны көмүр менен камсыз кылган, арзан электро- энергиянын булагына ээ Кыргызстандын элине президент Курманбек Бакиевдин "тезек тергиле" - деп үйрөткөн "акылын" калкты маскарлоо катары гана эсептөө керек.
Эске салып көрөлүчү. Эсил кайран СССРдин учурунда 100 миңдеген бодо мал, тогуз миллиондон ашык кою бар кезде да жалпы кыргыз элине "тезеги" жетпей, ар бир айылга 2400-2600 тоннадан кем эмес көмүр жөнөтүлүп турганын унутуп койгон президентке эмне демекчибиз?! Өз элинин муктаждыгын чече албаган президенттин, Өкмөттүн эмне кереги бар? Өз милдетин абийирдүүлүк менен так аткара албаса, алар неге ушул кезге чейин ордун бошотпой келет? Элибиздин уучу куру эмес, азыркы айрым чиновниктерден башка ишти терең билген, акылга ченеп чече турган мыкты кадрлар да жетиштүү экенин ачык-айкын айтууга туура келет.
Союздун учурунда Кыргызстанда ондогон ири завод - фабрикалар, шахталар күндүр-түндүр тынымсыз иштеген, 2,5 миңге жакын колхоз-совхоздун механикалык парктары, 40-50дөн ашык короо-сарайларында жарык өчпөгөн. Ар бир айыл ичинде "Ильич шамы" жаркырап күйүп турган. Мектептер менен ооруканаларда кээде күндүз да электр жарыгын өчүрүп коюу унутулуп калчу. Ошол мезгилде да кургакчылык өкүм сүрүп, суунун тартыштыгы билинчү, бирок, Токтогул суу сактагычында суу өзүнүн деңгээлин сактап келген. Ал гана эмес, 2005-жылы экс-президент Аскар Акаевдин учурунда деле суунун деңгээли нормага ылайык келгенин эске алсак, анда акыркы үч жылдын аралыгында неге суу 17 миллиард метр кубдан алты миллиард метр кубка чейин кескин төмөндөгөн? Эмне үчүн Кыргызстан коңшулаш өлкөлөр менен отун-энергетика багытында тең ата сүйлөшө алышпайт? Суу сактагычтын алдында калган түшүмдүү жерлердин компенсациясын төлөп берүү маселеси козголбой келет? Суунун кескин төмөндөшүнө себепкер болгон мамлекеттик чиновниктер өлкөнү кыйын кырдаалга кептегени үчүн качан жоопкерчиликке тартылат? Албетте, бул суроолорго бийлик мунарасындагылар жооп бербейт, анткени, "бир акырдан жем жегендер", ушул суунун кескин азайышына өздөрүнүн аздыр-көптүр салымдары бар экендигинде болуп отурат.
Мурдагыдай ири өнөр жай ишканасы жок Кыргызстанда иштетилген электроэнергия үчүн 7.5-8 миллиард метр куб суунун сарпталышы ишенимсиз. Бирок, бийлик суу турбогенератор аркылуу гана агызыларын, башка жол менен сууну кое берүү мүмкүн эместигин айтып актанууга өттү. Бирок, суунун кескин төмөндөп кетиши үчүн отун жана энергетика министрлиги, Токтогул каскадынын жетекчилери сөзсүз мыйзам алдында жоопко тартылышы керек болчу. Эмне үчүн буга чейин алар алдыдагы коркунуч үчүн коңгуроо кагышкан жок? Өкмөт алдында бул маселени көтөрүп чыгышкан эмес? Мына ушунун өзүндө эле атайын уюштурулган "саботаждык" бар эмеспи?!
Ошентип, элибиздин буга чейин кышкы суукта кеңири колдонгон электроэнергияга ишеними төмөн. Президент айткан "тезек" кышкы чилдеде бир бүркүмгө келээр-келбеси да белгисиз. Отун жана энергетика министри Сапарбек Балкыбеков "калкыбыздын муктаждыгын чечип" жарыкты "жарк" эткизгени менен"жылаандын башын" башка тараптан көргөздү. Электроэнергияны пайдалануу жагы белгиленген чектен ашпашы керек, ашса ошол аймактын жарыгы жалпы өчүрүлөрүн айтып отурат. Демек, азырынча жарык берип алдап, элдин нааразычылыгы пастаганда, кайрадан жарык өчүрүлөрү айгине болуп калды.
Элдин президентке да, Өкмөткө да болгон ишеними өчтү. Отун маселеси күн өткөн сайын чечилбес жагына айланууда. Ош базарынын тегерегинде мешке жагылуучу көмүрдүн бир кабынын баасы 220 сом, ал эми шишкебек бышырганга ылайыкталганы 300 сом, мындайча айтканда, көмүрдүн бир тоннасы 4800-6000 сомду түзөт. Көмүрдүн ошол эле түрү "Жумушчулар шаарчасында" 250-350 сомдон сатылат, тоннасы 5000-7000 сомго чейин көтөрүлгөн. Өткөн жылдын бул учурунда бир кап көмүр орто эсеп менен алганда 120-140 сомдун тегерегинде болгонун эл унута элек.
Азык-түлүк каатчылыгы башталганда эле жашоо-турмуштун оор шартына тушугарыбыз жалпыга маалым болгон. Отун -энергетика тармагы кымбаттаарын эл билсе да, "кыштын камын жазда көрүүгө" көбүнүн шарты туура келбеген. Элге эң алгач азык-түлүктү арбын камдоо зарылдыгы пайда болсо, азыр аш- тойлордун күчөгөн шартында кыргыздар кышка даярдыксыз кирип отурат. Айрыкча 60 пайыздан көп калктын "жону жука катмары" көмүрдү тонналап сатып алууга кудурети чектелүү экендигин жашыруу да мүмкүн эмес. Мамлекет жана анын бутактары учурдун күрөө тамырын таба билсе, кырдаалдын алдын алса болмок. Күзгү талаа жумушу күч алганча, уюшкандык түрдө отун ресурстарын жер-жерлере ташып жеткирүүгө транспорттордун түрлөрү отун ташууга колдонулмак. Отун - энергетика министрлиги мамлекеттик отун базаларын түзүп, көмүрдүн баасын бекем көзөмөлгө алууга тийиш болчу. Мына ошондо электроэнергияны пайдаланууга чек коюлса, буга алдын ала даяр болгон элдин нааразылыгы пайда болмок эмес. Атти-иң, десең, бирок элдин эртеңки келечек-тагдырын ойлобогон, "өз көмөчүнө гана күл тартып", мамлекеттик менчигинде калгандарды сатып, "прихватташтырууну" гана максат кылгандар бүтүндөй бийлик бутактарын ээлеп алып отурушпайбы? Алыска кетпей эле отун жана энергетика министри Сапарбек Балкыбеков экс-президент Аскар Акаевдин учурунда эле электроэнергетиканы менчиктештирүү идеясын кызуу колдогондордун бири эмес беле?...
Азыркы күндө борбор шаарыбызда мамлекеттик эки отун базасы түзүлгөн экен. Садыгалиева-Жамгырчинова көчөсүнүн аймагында "Депо" жайгашкан. Бул аймактагы отун базасы темир жол башкармалыгына баш иет. Такталбаган маалыматка таянсак, отун базасынын жарым-жартылайы арендага берилген. Депонун начальниги Аликбековдун маалыматына таянсак, Экибастуз, Караганда жана Шабыркүл көмүрлөрү алынып келинген. Экибастуздун көмүрүнүн бир тоннасы 1780 сомдун, Караганданыкы 2400 сомдун, Шабыркүлдүкү 2500 сомдун тегерегин түзөөрүн белгиледи. Бул маалыматты алып, отун базасына барганымда тараза бөлүмүндө Экибастуздун көмүрүнүн бир тоннасы 2500 сом деп илинген эскертүүнү көрдүм. Ал эми отун базасындагылар 1780 сомдук көмүр талон менен берилет - деп түшүндүрүштү.
Мамлекеттик экинчи отун базасы коргоо министрлигинин астындагы "КЭЧ"те жайгашкан экен. Тийиштүү адамдар менен жолугуша албасам да, бул жерде да көмүрдүн баасы темир жол башкармалыгынын базасындагы баа менен бирдей болуп чыкты. Тейлөө тартиби да окшош эле.
Айрым маалыматтарга кайрылалы. СССРдин учурунда Кыргызстандан көмүр шахталары жылына төрт миллион тонна көмүр казып чыгарса, анын эки миллиону союздаш өлкөлөргө сатылып келген. Эгемендүлүккө ээ болгондон кийин бүтүндөй шахталар ишин толук токтотууга мажбур болду. Мына, ушунун өзү эле элибиздин электроэнергияга болгон талабын күчөттү. Кырдаал курч мүнөзгө өсүп жеткен ушул мезгилде отун жана энергетика министрлиги, Өкмөт, мамлекеттин башчысы "элди тезек тергизбей", эмне үчүн көмүр шахталарында иштерди жандандырууга аракет жасаган жок? Жергиликтү көмүр бассейндерин иштетсе, ага сарпталган каражат, отунду өндүргөнгө кеткен өздүк наркы канчалык төмөн болмок? Элибиз Казахстандын кымбат баадагы көмүрүн эмес, өзүбүздүн арзан жана сапаттуу көмүрүн колдонсок жарашпайбы?
Борбор шаарыбызда мамлекеттик эки отун базасы иштеп жатат-деген менен жеке менчик отун базаларынын бааларынын айырмасы да анчалык эмес (Экибастуздукунан башкалары). Мисалы, Караганда, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баалары 100-150 сом менен айрымаланат. Бирок, менчик отун базасындагы көмүрлөрдүн 60-65 пайызы кесек, калганы майда. Ал эми мамлекеттик отун базасында көмүрлөрдүн басымдуу бөлүгү майда экендигин баса белгилөөгө болот. Ошентип, бул өзгөчөлүктөрдөн улам, мамлекеттик отун базасына караганда, менчик отун базаларында алармандар көп экенин ачык айталы. Мунун эч кандай жашыруун сыры деле жок. Кесеги көп көмүр жылуулук энергиясын көп берет, ал эми майда көмүр быкшып түтөп, оттун табы төмөн болот. Ошондон улам, мамлекеттик отун базасына түшкөн сапаттуу көмүр коммерциялык багытта колдонулуп жатпасын деген шектенүүнү пайда кылат.
Борбор калаабызда отун-энергетикалык абалы ушул болсо, алыскы райондогу абал мындан да оор болоору шексиз. Көмүрдүн кени орун алган Баткенде көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон кемиген жок. Мына, ушунун өзү өлкөдө отун-энергетика кризисинин курч мүнөзгө ээ болгонун дагы бир ирээт тастыктап отурат. Кыштын ызгаары бийлик мунарасындагылар үчүн эч таасир тийгизбейт, анын катаал шарты карапайым калк үчүн гана кыйынчылыктарды алып келет. Ушундан улам элибиздин эртеңкисине кайдыгер мамиле кылган отун жана энергетика министрлигинин зарылдыгы барбы? Алардын шалаакылыгынан, ишти уюштура билбегендигинен, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам өлкөдө отун-энергетикалык тармагы кыйроого учуруп, кризистик шартка дуушар болгонубузду эми кантип жашырабыз? Экс-президент Аскар Акаевдин учурунда жана ага чейин кирешелүү бул тармак, акыркы үч жылда эмне үчүн чыгашалуу тармакка айланып отурат? Жетиштүү көмүр кени, арзан энергетикалык ресурстарга ээ өлкөбүздү ушул деңгээлге жеткиргендер мансап даражасына карабай жоопко тартылуучу учур келээрин унутуп коюшкандыгы гана өкүнүчтүү...
Акырында азыркы бийлик бутактары элибиздин эртеңкиси үчүн абийир алдында, тарых сотунун алдында жооп берерин дагы бир ирээт айта кетсек ашыкча болбос...

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"










??.??