presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж. Кайраттуу сөз, канаттуу саптар
Көп сүйлөгөн менен көптү айткандын айырмасы асман менен жердей. Көп сүйлөп оозун көптүрүп, а бирок, көөдөнүндө от тамызаар ою жок, же кылган иши жок жүргөн адамдар азыр арабызда жетиштүү. Ошолордон айырмаланып, катардан алдыга бир кадам озуп чыгып, өз ойлору, кылган иштери, жараткан ийгиликтери менен айырмаланган арабызда саналуу болсо дагы бычакка сап болчу жигиттерибиздин бар экендиги кубанычтуу. Жакынкы убакта эле Чыгыш медицинасы боюнча адис, Тай-Цзи чебери Медер Бишкектин биз көптөн бери күткөн "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" китеби жарыкка чыкты. Аны менен катар эле Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Евразия жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү, Республикалык жаштардын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын ээси, Кыргыз-Түрк Манас университетинин окутуучусу, жаш акын Алтынбек Исмаиловдун "Таш күзгү" аттуу ырлар жыйнагы жарык көрүп отурат.
30 - октябрь күнү Медер Бишкектин китебинин бет ачар аземи болуп, ар бирибиздин колубузга тийген бул чакан китеп чындап эле убакытты уттурбай, 5 мүнөт эрте жүрүүнү эзели шашпаган кыргыздын эсине салып тургансыйт. Ал эми Алтынбек Исмаиловдун "Таш күзгүсү" эмнени көрсөтүп, кыргыздын кай жоругун чагылдырып, безге сайып безилдеп берээр экен? Оозунда сөзү, жүрөгүндө оту бар бул жигит жөн китеп жазбайт. "Таш күзгүнүн"бет ачар аземи жакын арада күтүлүүдө. Демек, жаш акындын жалындаган ырларына күбө болчу күн алыс эмес.Эмнеси болсо да эки жигиттин бирин сөзгө, бирин ырга тарттык.

Медер Бишкек
- Медер мырза, китебиңиз кут болсун. Ушул китепти чыгаруу менен сизге мындан ары да чоң жоопкерчилик жүктөлсө керек?

- Чоң рахмат. Чынында эле чоң жоопкерчилик болду. Элдерди бир нерсеге үгүттөгөндө, адам ошол нерсеге биринчи өзү даяр болуш керек. Мисалы, Тай-Цзи өнөрүндө "зыяндуу заттардан алыс болгула, ичпегиле,чекпегиле" деп келебиз. Ошол себептен, адегенде өзүбүз чекпешибиз, ичпешибиз керек. Андай нерсе бизде кудайга шүгүр. Бизде миңдеген балдар бар, өздөрүн жакшы кармап, жакшы башкарып жүрүшөт. Ал эми "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" китебибизде биз кыргыз элибизди пунктуалдуулукка, тактыкка чакырып жатабыз. Бир жерге кечигип барсаң эч кандай жоопкерчилик жок болуп калат. Ошондуктан азыр мен бир киши менен бир жерден жолугаарда, ал киши келеби, келбейби мен баары бир 10 мүнөт эрте барам. Ал келбей калса эмне болот? - дебейм. Мен өзүм үчүн, өзүмдүн тактыгым үчүн барып атам. Ушундай тактыкты элге жеткирүү үчүн коомдук уюмдар менен, жаштар менен биргеликте чакырык болуп атат. Баарыбыз пунктуалдуу болууга аракет кылып атабыз. Биз өзүбүз биринчи элге өрнөк болушубуз керек.

- Китеп миң нускада чыгыптыр бул миң эле адамдын колуна жетет экен. Дагы кандай кылып көбөйтсөк деп ойлойсуз?

Мен, биринчиден, жалпы кыргыз элин чакырат элем. Бул бир эле менин эмес, жалпы баарыбыздын жумушубуз болсо жакшы болоор эле. Бул күнүгө эле жасай турган жумуш да. Күнүгө сөзсүз жумушка келишиң керек, демек, жумушка 5 мүнөт эрте келүү деген түшүнүк болсо эң сонун. Улуулар балдарына, неберелерине, тактык тууралуу айтып, тактыкка көндүрүп кичинесинен тарбиялаш керек.
Пунктуалдуулукка көндүрүш керек. Андан сырткары, биз 3 жылдан 5 жылга чейин деп чек коюшубуз керек. Чек болбосо болбойт. Түштүк Корея 2012-жылы 5 өнүккөн өлкөнүн ичине киребиз деп атышат. Казактар болсо 2030-жылы 50 өнүккөн өлкөнүн ичине киребиз деп атышат. Ушинтип чек коюш керек, ошондо тез аракет болот. Эгерде адам чек койбосо, анда ал шашпай жүрө берет. Дагы бир мисал ушул китептин ачылышына 10 күн же 15 күн мурда даярданган жокпуз. 2 күндө эле балдар чуркап даяр кылып коюшту. Баарына үлгүрдүк. Бул жерге улутчул эмес, мекенчил адамдар келишти.

- Ушул "кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" деген сөздү таап, ушул ойду көтөрүп чыгышка эмне себеп болду? Мүмкүн окуучуларыңыз көп кечиккенинен пайда болдубу?

Мен өзүм дарыгерчилик менен алектенем да, анан Казакстанга барып калдым. Иштеп атсак, дарылангандар деле, өзүм деле кечигип келебиз. Анан 2-3 саат күтөт. Алдын ала 2 ай мурда жазылып коюшат. Кечиккендер аябай көп болот. Бир күнү бир казак эрте келип калды. Мен тамашалап "казактар аябай так жүргөн эл болот окшойт" десем ал айтат "кантип эле казактар так келип калсын, дайыма 1 саат 2 саат кеч келет" дейт. Мен айттым: "бизде кыргызча тактык деген бар 5 мүнөт эрте келишет" деп. Ошондон тартып эле мен "кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" деп айта берчүмүн. Окуучуларым да машыгууга кечигип келсе жазалайбыз. Кыйын көнүгүүлөрдү аткартабыз. Аны жасагандан кийин экинчи кечикпейт. Ошентип, "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" деп залга илип койгонбуз. Ошондон бери келип, эми мына элге чыкты.

Азыркы учурда жан дүйнөңүздү түйшөлткөн маселе барбы?

Көптөгөн маселелер, идеялар бар. Мекенчилдик жөнүндө чакан китеп жазып атам. "Мекенчил адамдар өлкөнү өнүктүрөт" деген темага окшош. Дагы бир "Кыргыз болуунун эрежелери" деген китепчем бар. Бул "анык кыргыз кандай эрежелер менен жашайт?" - деген сыяктуу.
Булар азыр сыр болуп турсун. Ал эми өзүмдүн кесибим боюнча жазылган китебимди жакынкы арада чыгарайын деп турам.

- Сиз көтөрүп чыккан демилге дагы кандай колдоого алынса дейсиз?

Мен өзүм 1000 нускада чыгардым. Эми кимдир бирөөлөр бир аз оңдоп, кошумча кылып чыгарабыз десе мен макулмун. Бул жеке эле меники эмес, бул баарыбыздыкы, кыргыз элиники. Каалагандай өнүктүрө бериш керек.










??.??