presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж.
  Шоруң эмнеде, Кыргызым?

Трайбализм жана бүгүнкү күн
Урматтуу Мирлан Дүйшөнбаев, сенин "КТР-ОБО" ( 24.10.2008 ж. №43) гезитиндеги "Трайбализмге чек койсок" - деген макалаңды окуп, өзүмдүн оюмду айтууну туура көрдүм. Сен жазган "Трайбализм"- деген сөздүн өкүл атасы Кыргызстандын экс - идеологу Ж.Сааданбеков болуп эсептелет. "Трайбализм" деген сөздү биринчи ушул киши жазып чыккан. Түндүк-түштүк болуп, уруу-урууга бөлүнүп кеттик. Бул кайдан чыкты? Кимди күнөөлөйбүз? - деп жазыптырсың. Куштун канатындай болгон кыргыз элинин бөлүнүүсү, 2005-жылдын март ыңкылабынан кийин, К.С.Бакиевдин бийликке келүүсүнөн башталат. Тагыраак айтканда, 2006-жылдан баштап түндүктүн тың чыкмалары ссылкага айдалып, түштүктүн кулундары жамгырдагы козу карындай Ак үйдөгү, Көкүйдөгү, шаардык, райондук деңгээлдеги жетекчиликке келиши менен шартталат. Президенттин "Ак жол" партиясы түптөлүп, айла-амал, арам жол менен утуп чыгып, ант берүү аземинен кийин Конституция өзгөрүлүп, ханституцияга айланды. "Кимдин, кимдин заманы, Кудаяр хандын заманы, май кармаган кол жалайт, бир сугунуп калалы"-болду. Хандын башкаруусу болгон жерде сен жазган "трайбализм", "регионализм" гүлдөп өнүгүп, өсөт. Азыркы Ак үй, Көк үйдөгү министрлик-департаменттеги жетекчилеринин 98% пайызы түштүктүн кулундары. Мирлан уулум, "Аалам" гезитинин июнь 2008-жылдагы тиркемесинин эки санында, Президент баш болгон Ак үйү - Көк үйү, министрликтерин жетекчилери даана, так жазылып турат. Ошондо жалгыз экономика өнүктүрүү министри А.Жапаров Нарындан болуп, калганы бүт Ош тараптан экен. Бул сага "трайбализм", "регионализм", эмеспи? Сентябрь айында Нарын шаарында мэр шайлоо болуп өттү. Бакиевчил Салымбековдун кишиси (бөлөсү) Б.Боогачиевге "бут тососуң" маанисинде тынымсейит уруусунун эки кулуну - Деги аныңар ким эле? Областтык администрациянын аппарат жетекчиси А.Т.Апсаматов, кызматка киришкенине эки ай болгон областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы М.Кадыркуловдор трайбализмдин сары улагы болуп, садагага чабылып кетишти. Себеп: Нарын жергесинде мурунтан эле тынымсейит, сарбагыш, моңолдор, черик болушуп, областтык бийликте такталаша иштеп келишкен. Сегиз жыл койдун керчөөсүндөй болгон Нарындын бармак басым базарын тартипке сала албаган Б.Боогачиев мэрге өтпөй эми, обл.администрацияга аппарат жетекчиликке келиши Нарын элинин, өзгөчө тынымсейит уруусунун чыңалуусуна, тагыраак айтканда уруу-урууга бөлүнүүсүнө алып келип отурат. Жайында К.Бакиев келип, Нарында эл менен жолугушуу өткөргөндө топтолгон аялдар Б.Боогачиевдин мэр болуп иштей албасын айтып, кызматтан кетирүүсүн суранган. Эми кызматтан жоголмок турсун, жогорулап кетти.
Ушул окуядан кийин трайбализмди карапайым калк эмес, бийлик төбөлдөрү көтөрүп чыгарын сезген жоксуңбу?
Урматтуу Мирлан уулум! Президентибиз К.С.Бакиев, "ата" деген сөздү кыргызча айта алышпаган баш баканыбыз И.Чудинов, замы Э.Ибраимова, үч баштуу винегрет парламент турганда сен жазган трайбализмге чек коюлбайт, гүлдөп, өсүп- өнүгө берет. Батыштан же Орусиядан окуп, тарбия алган өңдүү жаш саясатчы бийлик башына келсе гана, трайбализмге чек коюлушу мүмкүн, бирок, толугу менен эмес. Себеби: кыргыз бар жерде уруу-урууга бөлүнүү боло берет.
Сени урматтаган атаң,

Асмат Жумакадыров,
Эмгек ардагери
Нарын областы,
Нарын району,
Миң-Булак айыл өкмөтү




  ТИЛИҢИЗГЕ...

Жонунан кайыш тилсе да...
Урматтуу досум, ден-соолугуң жакшыбы? Мезгилге адаптацияланып, акклиматазацияланып, амбициялык ойлоруңду аннулировать этип, эмоцияга алдырбай, аутсайдердеги иштериңди азарт менен аткарып жүрөсүңбү?

Өзүм "өмүрү узун" өкмөт субсидия, кредит берсе жер алып, нандын арзандыгына карабай буудай өстүрүп, чиновниктер бюрократтык кылбай дотацияласа мал багып, фермер болсом дегем. Бирок, альтернативный ой, прогрессивдүү көз караш менен рекламный менеджер, маркетинг, супервайзер, мерчендайзер, дизайнер, ди-джей, продюссер болуп иштесем, престижим көтөрүлөт беле-деген ой келет.Ал ой ички дүйнөмдү ревизиялап, ассоциация уюштуруп, концерндер менен контракт түзүп, азыркынын нувориштери болуп компетентный аристократтардын катарына кошулуп, абсолютный чындыкты айтып, филантропсуз карьера түзөйүн десем, жогорку жактагылар ал жүрүшүмө вето коюп салышты. Трайбализмдик, протекциялык, кландык жол менен барбай, айрым притчаларга ишенбей, бюджеттин көзүн карабай лицензия алып, жеке фирма ачайын десем, үй-бүлөм тарабынан квота жетпей калды. Де-юре болуп тантырабай, де-фактону айтсам, азыркы бийликке антипатиям жок, болбосо, "адам укугу" деген привилегиямды аннулировать этип, судебный инстанцияларга апелляция жазып, кассационный арыз менен салпактап жүрбөйүн. Ошондуктан, ва- банкка барыш слишком рискованно .
Экинчи "Швейцарияга" айланган суверендүү мамлекетибиз эгемендүүлүктүн статусун алгандан бери, экономикабыз инфляцияга учурабай, гүлдөп стабилдүү , дүркүрөп өсүүдө. Республикада конфронтация, хаос жок, интригалар азайып, ордо калаабыздын инфраструктурасы укмуштуудай өсүп, ипотекалык кредиттерди берүү жагы колго алынган. Электроэнергия күнү-түнү "өчпөй күйүп" инвестициялар суудай агылып, чет мамлекеттер менен конвенция түзүлүп, меморандумдарга кол коюлуп, миграция кан буугандай токтоп, улуттук валютабыз өйдөбү же ылдыйбы иши кылып, девальвацияга учурабай учуп эле баратат. Чегарабыз делимитация болуп, эбак демакрацияланган . Коррупция, мафия, контрабандага катуу чабуул коюлуп, партиялык система менен өткөн парламенттеги патрициаттар ажого панегирист болуп, бийликке мас боло манчыркап, оппонент оппозицияны тизгинге кагып, региондорго баргысы келбей, регламент боюнча полемикага берилишпей, пантомимого өтүп алышкан. Алар глобальный ойлору менен фракция, комитет түзүшүп, брифинг уюштура коюшуп альтернативный сунушу жок берки бийликтегилер менен дистанция сактап, конфликт түзбөй коалицияга умтулушууда.
Менин ваканциядагы прогнозум боюнча: коалиция түзүүгө аракеттенген радикалдуу оппозиция , бийликке импичмент жарыялайбыз, пикет, митинг уюштурабыз дешти эле, анысы суу кечпей, ар кандай дебаттарга чыгып, легитимдүү консолидация түзүүнүн жолуна өткөндөй Каркыра, Үзөңгү-Кууш жерлери Кумтөр алтын кени бөтөн элге бекер белекке берилип, Ысык-Көлдүн тегерегиндеги курорт, санаторияларды чет элдиктерге сатып-байып жатып калдык.
Аягында айтаарым: мунун баары, абсурд эмес. Абсолютный чындыкты айткан өз өлкөмдүн филантроп, патриотумун. Кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабыл алынгандан бери, ушинтип, кыргызча тапатак сайрап калган чагым. Жонунан жоон кайыш тилип атса деле, "былк" этпеген кыргызым Конституцияны ыйык тутуп, лозунг көтөрүп көчөгө чыкпай, элита - свитасын сыйлап, кезектеги референдумду күтүп, азыркы жыргал заманга адаптацияланып калган. Кой, пессимисттик ойлорго берилбей, улуттук менталитетимен ажырабай, панегрист болбоюн. Ата-бабам мага дискредитация жарыялап жибериши мүмкүн. Деги тилиме тибиртке чыкпаса экен…

Асан Акматов




  Керегем, сага айтам...

"Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт"
Маршруткага килкадай тыгылып, эки бутуң жерге тийбей саякатчы бакадай салаңдап, жиниң келип баратканда, жыргаганыңан жылкычы болгонсунган шоопур англис тилиндеги ырды кош жаңыртып коюп коет… "Кайсы тилде ырдап жатат?" - дейсиң оң колуңдун ачуун сол колуң менен басып. Эмнеге сурайсың?-дегендей тигинин да итатайы тутулуп, жактырбай "балп" эттирет. "Билбейм". "Билбесең эмнеге койдуң, ансыз да жин келип, кан кайнап баратканда. Кыргызча койсоң болбойбу?". Маңкурт болуп бараткан шопур уялуунун ордуна бетон бетин бүлк эттирип коет. Ал колуңдан эмне келет деген белги. Колумдан эмне келмек эле, жол киреге сегиз сом бергим келет. Президентти, депутаттарды шайлаган келет дейсиң ичиңен. Анан, өзүңдү өзүң шердентип: "Ушу шопурдун кассетасын алып туруп, как башка коюп калсаң…" - деп кыялданып кетесиң. Ооба, кыялданып гана тим болосуң. Кассетасын сууруп алып, как башка чаап ийе албайсың. Бирок, тишиң кычырайт, каның кайнайт. Анан ошо титиреген бойдон түшүп каласың.
Түшүп калып эки жагыңды карасаң, жайнаган жарнамаларда "Эртең Менен Жандан!", "Териден Тон Тигилет", "Сүйлөшүүлөрдүн Чеги Жок", "Байытылган Ун", "Гранулданган Чай" деген жазуулар турат. Сүйлөмдөгү ар бир сөз чоң тамга менен жазылып калган турбайбы, депутаттар мыйзам токуп берсе керек деп ойлойсуң. Себеби, алардын арасында бир да филолог жок. Кандай жазып берсе, ошондой колдоп берет. Түшүнбөсө эмне кылсын? Теле менен радионун айырмасын билбесе да, сом менен доллардын айырмасын билишет. Чегирткенин алын көрүп, канын сор - дегендей алардын ушунусуна шүгүр.
Көчөлөрдө көз жоосун алып, бирок да көңүлдү иренжитип, тилиңе тибиртке дегизген жарнамаларды бирден алып ыргыткың келет. Чыттай тытып салгың келет. Анте албайсың. Кыялыңда кыпкызыл чокко салып өрттөп ийесиң. Бир топтон соң кан басымың төмөндөгөндөн кийин карасаң дагы эле жанагылар тишин арсайтып турушат. Отко күйбөс, сууга чөкпөс немелер экен. "Жарнамалар кимге баш ийет?"- десем, бирөө: "Президентке" - деди. Ишенген жокмун. Мени шылдыңдап жатат окшойт. "Мэрияга баш ийет"-деди дагы бирөө. Мага баш ийбегени кандай жакшы. Мага баш ийгенде, эмгиче алардан эчтеме калмак эмес. Кудай ошон үчүн мага баш ийдирбей койгон да…
Курсагым Хлестаковдун курсагындай курулдап кетти. Кафеге кирип тамак ичтим. Байлар мындай тамакты итине да бербейт. Бирок, мен ичип алдым. Кызылдай акча төлөп ичпей коймок белем? Чүчөк курттай илмийген бопбоз жигит "музыка үчүн 100 сом" - дейт. "Эмнеге? Мен заказ берген эмесмин". "Музыка угулуп турбадыбы?"-дейт чүчөк. "Ал орусча музыканы билбейм, мен орусча түшүнбөйм. Кыргызча музыка койсоңор төлөмөкмүн" - дейм чырылдап. "Кыргызча музыка жок" - деп чүчөк ышкырыгы менен ышкырып жиберди. Эңгезердей эки милиция келатат. Туалетке кире качып кутулуп кеттим.
Келсем курсташтарым телевизордон акыркы кабарларды көрүп жатышыптыр. К.Бакиев менен М.Султанов орусча сүйлөшүп жатат. Башым тегеренип кетти. Таш менен телевизорду талкалай коеюн деп таш табалбай калдым. "Кокууй, телевизорду" талкалай коюп, өзүм талкаланып калбайын-деп бөлмөмө кирип жатып алдым, уйкум келсечи,уктай албай койдум. Анан турдум да ушуну жаздым. Чыгарсаңар - ыракмат, чыгарбасаңар таарынбайм.

М.Жумабаева,
КМУнун студенти










??.??