presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№82, 07.11.08-ж.
  ТҮЛЕЕВ ДҮЛӨЙ ЭМЕСТИР

Жасачу иштер арбын…
Нариман балам, сен мэрия болгону Бишкек калаасы оңоло түшкөнсүдү. Мен пенсиядагы кишимин. Көп мэрлерди көрдүм. СССР - деген кез башка эле, азыр такыр башка. Кечээ эле Данияр Үсөнов дардаңдап "Меня окалпачили" деп ар бир райондон калпак кийгенине сүйүнүп, кылайган иш кылбай, кыйшалаңдап кете берди. Өз чөнтөгүн толтурду окшойт. Курулуп жаткан үйдүн кайсынысын сурабайын, ошонуку дешет.Өксөсү өзү менен кетсин.
Оңоло түштү дегеним, "Революциянын каармандарын" карачы, коюлганы ремонт боло элек эле, жаркыратып жатасың. "Миң түркүндүн" жан жагы тазарып, жазгы күндөгүдөй жапжашыл болуп, тимеле көргөндүн жарпын жазат. Борбордук аянтта комок дегендин карааны көрүнбөй калды. Буларың дурус…
Баягы күнү мен Орлова деген көчөгө бардым. Ошол жердеги орустардан сурасам, алар да билбейт экен. Бишкекте ушундай аты-жыты эч кимге белгисиз көчөлөр көп. Бишкектей эле борборлор Ташкент, Дүйшөмбү, Алма-Атада ушундай эч кимге белгисиз аттар жокко эсе. А бизде санасаң сан жетпейт. Борбордо 60-70 жыл жашаган биз эмес, ошол көчөдө жашагандар билбейт, ким экенин. "Карынын сөзүн капка сал" дейт, айланайын, угуп кой. Эгемендик алганы кыргыздын борборунун көчөлөрүнө кыргыздын төбөсү көрүнгөн, көзгө басар уул-кыздарынын атын коюуну басаңдатпай кайра күчөт. "Күлкүчү хан" Акаев бир көчөнү үчкө бөлүп, үч башка кишинин атын коюп, (Алма-Ата, Совет, Белинский көчөлөрүн) үшүнтүп "реформа" жасаганына маашырланып жүрүп өттү. Мындай "реформа" дүйнөдө барбы-жокпу, билбейм, бирок, кыргызга жарашпайт, кыргызга өөн көрүнөт. Эмне үчүн азыр Свердлов районунун атын "Төкөлдөш" деп өзгөрткөнгө болбосун?! Өткөндө РТР көрсөткөн документалдуу фильмде Свердлов "Ышпыйан" болуп көрүндү го. Капланды сотко жеткирбей аттырган ошол экен да… Анан эмне аны биз алигиче атабыздай колдоп жүрөбүз… Тарых тараза, мезгил калыс, баарын өз-өз ордуна коюп коет. Ошондон орундуу жыйынтык чыгаруу сендей иш билги инилердин милдети…
Менимче, чыгармачылык чөйрөдөгү; сүрөтчүлөр Т.Герцен, Б.Усубалиев, Б.Жумабаев, ырчы-жазуучулар Э.Турсуналиев, Р.Шүкүрбеков, М.Гапаров, С.Жумадылов, Б.Сарногоев, А.Жумабаев, Р.Абдыкадыров, С.Бекмуратова, К.Досманбетова, Т.Турсунбаева, М.Козубековалардын аттарын койсо эмнеге болбосун?! Ушунун өзү тарыхтын чып-чыргасын коротпой муундан-муунга улоого, ошолордой бол деп тарбиялоого жакшы шарт түзмөк. Арбак ыраазы болот, анан да эл алдында жүзүң жарык болуп, алкышка татымаксың. Кыргызча билбесең да "жүрөгү кыргыз, дили кыргыз"-экен дегенден ишиң илгерилемек…
Баса, дагы бир айта турган көйгөйдү унутуп баратыпмын. Илгери СССР кезинде карыларга кам көрүлүп, "Ала - Тоо" кинотеатрынын алдындагы "Соң - Көл" кафеси мүнөздөлгөн диета тамак жасаар эле. Карыларда оору көп эмеспи, шаар боюнча ошерге келип, тамактанчу. Эркиндик келип, ал кафе азыр "Ночной клуб" болуп калыптыр. Нариман балам, эбин таап бирди эки, экини жети кылып, карылар үчүн жогоруда айткандай бир жерге бир диетикалык тамак жасай турган ашкана ачып берсең, көктөн тилегенибиз жерден табылат эле… Соопко ошондо калмаксың… Ушундай мазмундагы катты Акүйгө да жазгам, бирок, ал жактан жооп келбеди. Каатчылык заман эмеспи, катка конверт таппай калыш керек. Эгер бул макала жарык көрүп калса, мэрияга өзүм алып барып берем. Жообун редакцияга эле жиберип койгула. "Булбулдун зарын карга укпайт" кылбагыла. "Үмүтсүз шайтан"- дейт, ошон үчүн сенин жооп берериңе ишенбесем да ишенип, үмтөтүп күтөм.
Г.Дербишалиев,
Бишкек шаары




  Рух улутка эмне берет?

Музыка - бул тарых
Музыка, үн адамды тарбиялайт. Булардын баркы сөздөн да күчтүүдөй сезилет. Себеби, үн деген "кулактан кирип бойду алып, кудурет менен ойду алып" - салат экен да. Ошондуктан, улут болуп уюган элдин радио, теле берүүлөрүнүн дээрлик көпчүлүгүн өз тил, өз музыкасында берет. Бизде андай эмес, анан калса, биринчи программадагы (мамлекеттик) берүүлөрдү айыл эли укпайт. Анткени, карагайдагы радио зымдарын кесип алышып, чет өлкөгө сатып ийишкен. Бүт республикада абал ошондой, бирок, шаарларда абал башкача. Башкача болгону, кырылдап-шырылдап жакшы тартпайт, зымдары эскирген, кубаты да мурдагыдай эмес. Ал эми "Кыргызстан обондорунун" кубаты мыкты, кайдан болбосун жакшы тартат. Себеби, ал частный (жекече), түрктөр сатып алган дешет. Иштегендери маңкурт болуп калган кыргыздар. Ошон үчүн ал берүүгө арналган:
"Кыргызстан обондору",
Эфирден жоголбоду.
Таңдан кечке маарай берет,
Көкмээ койдой короодогу" - деген ыр чындыкка жакын. Бул берүүдөн эч качан Атай, Муса, Ырысбайлардын ырларын, алар жөнүндө берүүлөрдү укпайсың. Таңдан кечке бир балакет, көбүнчө түрктөн, казак, өзбектерден уурдалган обондор. Уга берип жадайсың. Кудайга шүгүр, жакындан бери маал-маалы менен маалымат берип калды.
Өркөнү өскөн элдердин мисалы; "Орус тарыхы - орус композиторлорунун чыгармаларында" же "Франция тарыхы - музыкада" деген темаларда өз элинин тарыхына сыймыктанган, уккандын кумарын кандырган, улуттук ар - намысын козуткан берүүлөрүн укканда, намыстанат экенсиң… Радио берүүлөрдүн өйдө-ылдыйын терең изилдеп, улуттун кызыкчылыгын, анын каада - салт, тарыхын жалпыга кененирээк айта турган берүүлөрдү көбүрөөк бергиле - деп жогоруда аты аталган, ошондой "21-кылым", "Европа плюс", "Алмаз" деген берүүлөргө ким айта алат? Же эч ким айта албайбы? Жогорку Кеңеш ушул маселе боюнча мыйзам чыгара алабы?

Н.Асанбаев,
студент




  ТЕРМЕНИН БАШЫ ТЕЗЕКТЕН

Сууга шылтап, супсунду суутпа
"Суу - өмүр булагы". Адам баласынын жашоосун суусуз элестетүү мүмкүн эмес. Бактыга жараша, кыргыз жери кубаттуу дарыяларга, оргуштаган булактарга жана аларга кубат берген мөңгүлөргө бай.
Бирок, мени студент катары ойлондурган бир нече суроо бар. Жаратылыш тартуулаган байлыгыбыз ушунчалык мол болуп туруп, эмне үчүн экономикабыз оңолбой жатат? Эмне үчүн электр тармагындагы азыркы кризисти суунун тартыштыгы менен түшүндүрүшөт? Же сууну да алтынды бирөөлөргө "сатып" жибергендей "сатып" жибердикпи?
Менимче, бийлик өкүлдөрүнүн "суу тартыш" дегени - көп шылтоонун бир шылтоосу. 15 жылда азайбаган суу бир жылга жетпей соолуп калдыбы? Жок ! Кылымдар бою кыргызды багып келген Нарын дайра бүгүн деле агып турат.
Бул маселеге энергетиктер менен бирге өлкө башчысы да түздөн-түз күнөөлүү. Эгер биздин жетекчилер өз элине чындап кам көрсө, энергетика тармагын көзөмөлдөп, Токтогул суу сактагычын өз учурунда толтуруп, көлөмүн өлчөп турмак. "Тезек тергиле" деп теңирден тескери ишти айтып, баталашса батабыз, аталашса атабыз тең элдерге шылдың кылбайт эле.
Энергетика министри эми сууга шылтоолоп, интуристтерди гана эмес студенттердин дагы супсунун суутуп бүтмөй болду. Жатаканада жарык өчө баштагандан бери дээрлик баарыбыз сабакка жакшы даярдана албай калдык. Замандаш- чет өлкөлүк студенттер интернетте ойноп жатса, биз эмнеге кашайып караңгыда отурууга тийишпиз? Чоңдордун балдары чет өлкөлөрдө окушат, алардын балдары биз көргөндүн бирин да көргөн жок. Же көрүп жатабы?
Демек, "эки" деген баа кыргыз студенттерине эмес, энергетика министрине коюлса эң туура болмок.
"Токтогул ГЭСине суу толбой калды" деген министрди кызматынан куу шыпыргы менен кубалап чыгып, түрмөгө отургузуу керек. Эмне үчүн ишти оңдоонун жолдорун эч кимиси издебейт? Мындай суроолор энергетиктердин эсине келбесе, бизди күнү-түнү ойлондуруп, эсибизди эки, акылыбызды алты кылып отурат.
Өзүм туулуп - өскөн айылга жакын жерде Орто - Токой суу сактагычы бар. 2000-жылдардын башында эле түрк адистери Орто - Токойго кошумча туннель кура баштаган. Бул жерге "чакан ГЭС салат экен" деген кеп дагы тараган. Бардыгыбыз кубанып калганбыз. Бирок, азыркыга чейин эч өзгөрүү жок. Эми "Казакстандан келген бизнесмендер менчиктеп алыптыр" деген кеп тарады.
Токтогул каскадына катар Орто - Токойдо, республиканын башка аймактарындагы сууларга чакан электр станциялар курулса, "суу тартыш" деген шылтоо өзүнөн-өзү суу кечпей калмак, туурабы?!
Президент К.Бакиев өз жарлыгы менен чакан ГЭСтерди өнүктүрүү милдетин мурдагы Премьер - Министри Ф.Куловго жүктөдү жакында. Ал экөөнүн "тандеми" саясатта ишке ашып жыргаткан жок эле. Эми талканы чыккан тандем энергетика тармагында ишке ашып жыргатабы. Буга студенттер биз эмес, эшикте "тезек терип" жүргөн балдар да ишенбейт.
Кыргыз студенттери азыр "караңгыда каман күркүрөйт" - дегенге көнүп, бирибизди-бирибиз байкабай сүзүп алып, көзүбүз көк ала болгонун жашырып, кайра аныбызга арсалаңдап күлүп жүрөбүз. Караңгыда кашайып жүргөнгө да тобо, деп жатабыз. Кокус "тезек тергиле" деп тоо-талаага кууп чыкса эмне кылмак элек… Кууп чыкпаганга тобо миң мертебе тобо…

А. жолчубекова,
И.Арабаев атындагы КМУнун
студенти










??.??