№81, 04.11.08-ж.
 "Экстер" эмне дешүүдө?

"Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы бизде мейманда
Күркүрөгөн күздүн келиши менен өлкөбүздө чыныгы "күз күрөшү" башталды окшойт. Бирок, биз билген макалдагы дыйкандардын өз түшүмү үчүн болгон күрөшү эмес, үч жылдын ичинде XXI кылымдын кыргыздарын XIX кылым менен жашоого мажбурлаган, коррупциянын баткагына белчесинен батып, ирип-чириген бүгүнкү бийликке нааразы болгондордун күрөшү күч алып турган кез.
Экономикалык, энергетикалык, азык-түлүк, ж.б. кризистер өлкөбүздү кокосунан алган бүгүнкү аянычтуу кырдаалга карата "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын мүчөлөрү "Ачык саясат" гезитине келип, омоктуу ойлорун ортого салышты.

- "Бирдиктүү Кыргызстан" тууралуу көп учурларда, "Акаевдин табакташтары топтошуп алган"- деген сөздөр айтылып жүрөт…
Бул кыймылдын лидери катары мындай сөздөргө болгон пикириңизди билдире кетсеңиз?

- Амангелди Муралиев,
"Бирдиктүү Кыргызстан
кыймылынын" лидери:
- Негизи эле, "Акаевдин куйруктары" деген сөз биздин артыбыздан көп айтылып жүрөт. Ал сөздөр бийлик тарабынан уюштурулуп жатса керек. Биздин кыймылды көралбагандардын бут тосууга кылган аракеттери деп түшүнсө да болот. Туура, учурунда ар кандай кызматтарда, ар кайсы убактарда ал адам менен чогуу иштешкенбиз. Бирок, бардыгын бир тараптуу караган болбойт да. Терең ой жүгүртө билген акылдуу адамдар бизди түшүнөт. Себеби, саясий кеңешибизде Турдакун Усубалиев аксакалыбыз, Сулайман Иманбаев, Мар Байжиев, ошондой эле Кайып Оторбаев, Мария Нанаева, Бүбүйна Орозбаева, Сыртбай Мусаев, Осмонакун Ибраимов, Роман Оморов сыяктуу окумуштуулар, интеллигенция чөйрөсүндөгү адамдардар бар. Булардын баардыгын ичип-жегичтер деп бир беткей айтуу туура эмес. Өткөндө "Агым" гезитине берген маегимде, айрым мүчөлөрүбүз жөнүндө айткан оюм башкача өңүттө жазылып калыптыр.
- Сиздердин кыймыл түзүлгөнүн эл укту. Бирок, сентябрь айында форум өткөрүп, президентке кайрылуу жолдогондон башка бул кыймылдын кыймылдаганы билинбейт. Эл арасында атайын уюшулган үчүнчү күчпү?-деген божомолдор да жок эмес.

- Амангелди Муралиев:
- Жок, андай болушу мүмкүн эмес, биздин кыймыл "Акыйкат үчүн" кыймылы менен чогуу-чаран иштешип жүрөбүз. Андан тышкары, Накен Касиев экөөбүз Коомдук парламенттин мүчөлөрү болобуз. Учурда саясий күчтөрдүн биригүүсү жөнүндө меморандумду дайындап жатабыз. Башка саясий күчтөр менен пикир алмашып турабыз.
Негизи, "Бирдиктүү Кыргызстан кыймылы" элге сөзүбүз менен эмес, ишибиз менен көрүнөлү деген максатты көздөдүк. Анттик-минттик деп эле көкүрөк койгулай берсек, туура болбой калат. Анын үстүнө биздин сунуш-пикирлерди, өткөргөн иш-чараларыбызды мамлекеттик телеканалдардан көрсөтпөйт эмеспи.
Сентябрь айында тегерек стол өткөрүп, орчундуу маселелерди карап, анын ичинде энергетикалык кризиске кеңири токтолгонбуз. Келген коноктор, кыймылдын мүчөлөрү өздөрүнүн компетенттүү сунуштарын айтып, ал сунуштарыбызды Ак үйгө, Өкмөткө кайрылуу аркылуу жөнөттүк. Тилекке каршы, биздин сунуштарыбызга бийлик тарабынан көңүл да бурулган жок. Энергетика маселеси кыргыз эли үчүн өзгөчө актуалдуу болуп турганда, конкреттүү сунуштарга өз учурунда көңүл буруп койсо, күндүн суугунда элибиз көк муштум болуп минтип үшүп, үйүндө электр жарыгы же жылуулугу жок олтурбайт эле.

- Накен Касиев:
- Жана суроо узаттыңар "үчүнчү күчсүңөрбү?"- деп, мен бул сөздүн төркүнүн "мурда кызматта иштеп кеткен адамдар кресло талашуу максатында топтолдуңарбы?" - дегендей эле түшүндүм. Мындай суроолордун туулушун да мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойм. Бирок, мисалы, жеке менин "Бирдиктүү Кыргызстан кыймылына" кошулганымдын башкы себеби, бүгүнкү күндүн эң орчундуу түндүк-түштүк маселесине чекит коюу болуп эсептелет. Амангелди мырза экөөбүз Ошто губернатор болуп иштедик. Жаш кезимде да 13 жыл түштүк аймагында врач болуп иштегем. Ошондуктан, бул маселе мага өзгөчө оор тийип жатат. Өз көмөчүнө күл тартып, элди бөлүп-жарган саясаттан алыстасак. "Манас" эпосунда Манас атанын эң биринчи касиети эмнеде? Айкөлдүктө. Айкөлдүктүн негизи эл башкарууда. Бүгүн бизде эл башкарууда айкөлдүк жок. Ошон үчүн түндүк-түштүк маселеси курчуп, чоң саясаттын башы да так ошол жактан башталууда. Биздин бирден-бир максатыбыз элдин башын бириктирип, мамлекеттик кызматтарга профессионал кадрларыбызды жакындатсак. Ошол себептен, тажрыйбалуу саясий лидерлердин башы биригип, мамлекетибиздин келечегин түптөп алсак деген гана тилек.

- Болот Жанузаков:
- Биздин алдыга койгон максатыбыз бийлик үчүн эмес. Өлкөбүздүн, элибиздин келечеги үчүн! Кыргыз элинин баса турган тарых жолу кенен. Келечектеги тарых барактары так, ак, таза болсун десек, ушундай оор кырдаалда "бириң өлүп, бириң кал"- деп кайдыгерлик мамиле кылганыбыз туура эмес болуп калмак. Кыйын кырдаалдан кантип чыгып кетебиз. Кандай жолдор бар? Ошол жолдорду бийлик төбөлдөрүнө сунуштасак -деген максат менен Турдакун Усубалиев баш болгон кыргыз мамлекетин түптөгөн аксакалдар башыбызды бириктирди. Өлкөбүздүн өсүшү үчүн ар бир маселени тыкат талдап, ой-сунуштарыбызды айтып, кабыл кылса өзүбүз кошулуп аткарууга аракеттенип, түп көтөрүлө жардам берели деп чечтик. Анткени, бүгүнкү бийликтин дараметин көрүп турбайбызбы. Чынын айтсам, өлкөнү кризистен алып чыгып кетүүгө азыркы бийликтин дарамети да, акылы да жетпейт. Жөндөмдүүлүгү таптакыр жок болуп жатат.

- Накен Касиев:
- Мурда кызматта иштеп кеткендер жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Алардын жаманбы-жакшыбы тажрыйбасы бар. Учурда бийликте тургандардын деле көпчүлүгү И.Чудиновдон башкасы баягылар эле.
Бүгүнкү бийлик бийликке келгенден тартып, тажрыйбалуу кадрлардын басымдуу көпчүлүгүн кызматтан айдаган. Кызматка тааныш-туугандык же пара берүү жолу менен гана олтуруп калышты. Кесипкөйчүлүгү жок, колунан кокон тыйын келбегендерди чоң-чоң мамлекетибиздин тагдырын чече турган кызматтарга коюп жатат. Мунун кесепети экономикабыздын кыйрашына, Кыргызстанда дүйнөлүк кризистин тереңдешине алып келүүдө. Энергетика боюнча бир эле мисал келтире кетейин. Былтыркы Тажикстандын кыйналганын көрүп туруп, андан жыйынтык чыгарбай, кайдыгерликтин айынан, кадрлардын чабалдыгынан кыргыз элинин тагдыры бүгүнкүдөй оор абалга кептелди. Азык-түлүк кризиси өсүп олтуруп, катастрофанын чегине жетти. Ушунун баары кесипкөйсүз адамдар бийликтин эң талылуу жерлерине олтурганынан келип чыгууда. Азабын болсо эл тартууда.

- Амангелди Муралиев:
- Башкаруу системасында кадрлар менен иштей турган система же программа жок. Азыркы кызматта олтурган кадрлардын төмөнкү да, ортоңку да звеносун алсак, бардыгы тең экономиканын өсүшүнө жардам бермек тургай, кайра талап-тоноого өтүштү. Башка бирөөнүн бизнесин тартып алуулар күч алды. Мындай адаттар токтобосо, ишкер адамдар да көтөрүлчү мезгил бышып жетилет. Калыстык, адилеттүүлүк деген таптакыр жоголду. Мунун кесепетинен ишкерлер бизнесин башка өлкөлөргө которуп, өздөрү да көчүп кетип жатышат. Демек, мамлекеттик маалымат булактары айтып жаткан экономикалык өсүш, ишкерлерге түзүлгөн оңтойлуу жагдай бардыгы жалган болуп чыгууда.
Министрлерди, акимдерди улам-улам эле алмаштырып жатат. Орто звенодогу кадрлар таптакыр жоголду. Себеби, жогорку звенодогу кадрлардын бардыгы түштүктөн болуп, алар өзүбүздүн кыздар-балдар болсун деп карамагындагы кадрларды каалагандай калчашууда. Айрымдары отчет жаза албай, акча төлөп жаздыртат экен. Угуп алып жакамды кармадым. Ал эми билимдүү, тажрыйбалуу адистерибиз чет өлкөгө кетүүгө мажбур болууда.
- Өлкө башчысы менен жолугушууга чамынып жаттыңыздар эле, эмнегедир үнүңүздөр чыкпай калды?

- Амангелди Муралиев:
- Сунуштарыбызды жөнөткөндөн кийин качан кабыл алат деп күткөнбүз. Бирок, бийлик төбөлдөрү укмаксанга, көрмөксөнгө салып коюшту. Президент болсо дарыланганы чет өлкөгө кетип калды. Акыбал болсо күндөн-күнгө курчуп баратат.

- Жоомарт Кадыралиев:
Кыргыз Эл сүрөтчүсү, "Бирдиктүү Кыргызстан кыймылынын" мүчөсү:
- Мен көптөн бери кыргыз эли каякка баратат деген ойду иликтеп келатам. Ноябрь, апрель митингдерине толук катышып жүрдүм. Ошондо 7 дубан, 42 аймактан келген элдин баарына айткам: "Айланайын кыргыз калкы, улуу кыргыз каганаты кулаганына миң жыл өттү. Миң жылда калкка оомат кайра бир келет" -деп.
Бүгүн мен курактуу кыргыздын чачын ак аралаган аксакалдарынын тарыхый миссиясы эмне? Болгонун болгондой ачык айтып, мамлекетибизди кыйроодон сактап калуу. Ошол тарыхый миссияны аткаруу - "Бирдиктүү Кыргызстан кыймылынын" милдети деп эсептейм.
- Түндүк электро, Бишкек- жылуулук түйүнү сатыкка коюлууда, шаша-буша энергетика тармагы да менчиктештирилип кетмек болду. Буга кандай карайсыздар?

- Амангелди Муралиев:
- Бул маселеде "Бирдиктүү Кыргызстан кыймылынын" көз карашы белгилүү. Биз энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршыбыз. Эмне үчүн дегенде, мен премьер-министр болуп турганда энергетика тармагы кирешелүү болчу. Бул тармак мамлекеттин, элдин түз көзөмөлүндө болушу зарыл. Ошон үчүн эл ичинен көз карандысыз бир комитет түзүп, энергетиканын ири тармактарын катуу көзөмөлгө алса болмок. Азыр деле менчиктештирүү маселесин токтотуп, "Кыргыз-энергохолдинг" деген компания түзүп, менеджерлерди, жаш адистерди тартып, шарт түзүп берип иштетсек, энергетика тармагы сөзсүз оңолуп кетмек. Кыргызстан үчүн энергетика тармагы өндүрүштүн, жашоонун пайдубалы. Башка бирөөнүн колуна кармата берсек, бүгүнкүдөн да оор кырдаалга туш болушубуз толук мүмкүн. Айрым чиновниктер мамлекеттин кызыкчылыгынан керт башынын кызыкчылыгын өйдө коюп, ушул жерден да пайда көрүп калууну көздөөдө. Ошондуктан, бул жерде чоң оюн жүрүп жатат десем жаңылбайм.
- Энергетика тармагын банкрот кылуу саясаты Акаевдин бийлигинин тушунда эле 2004-жылы башталып, Бакиев улантып жатат деген кептерге не дээр элеңиз?

- Болот Жанузаков:
- 2004-жылы энергетика кризиси ойго келмек тургай, түшкө да кирген эмес. Ал мезгилде Токтогул суу сактагычында 19 миллиард куб. метр суу бар болчу. Ошол учурда эки эле маселе турган. Төлөнбөй жаткан төлөмдөрдүн деңгээлин төмөндөтүү жана реконструкциялоо деген.
Жакында эле, Ысык-Көлдөн, Нарындан келген талапташтарыбыз менен болгон жолугушууда: "ГЭСтерибиз эле көп, же алар керектүү электр кубатын өндүрүп чыгарбаса аларды иштетип эмне кереги бар? Эгинди арбын айдап, өстүрүүгө бүткүл дүйнөлүк кризистин кандай тиешеси бар? Өзүбүздө өндүрүлгөн электр кубаты менен элди камсыз кылууга дүйнөлүк кризистин эмне тиешеси бар?"-деп карапайым эл маселени кабыргасынан коюп жатат. Алардын мындай суроолору да туура.

Амангелди Муралиев:
-Убагында биз өзүбүздү электр кубаттуулугу менен толук камсыз кылып, андан тышкары Казакстанга, Өзбекстанга, Россияга электр кубаттуулугун орто эсеп менен ар бир квт саатын 3-4 центтен сатып, ордуна, мазут, көмүр сатып алчубуз. 2006-2007-жылдары 1 центтен сата башташты. Буга ким күнөөлүү? Дагы деле Акаевби же Акаев менен иштегендер күнөөлүүбү?
- Болот Чыныбаевич, Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы катары айтсаңыз, дегеле өлкөбүздүн Коопсуздук кызматы эмне иштерди аткарат? Кечээки журналист Адахан Мадумаров бүгүн ошол кызматта олтурат. Анын бул кызматка дайындалышы боюнча оюңуз кандай?

- Болот Жанузаков:
- Коопсуздук Кеңеши Конституцияда көрсөтүлгөн жамааттуу орган. Башында президент турат. Эң негизги милдети -өлкөнүн коопсуздугун сактоо. Өлкөбүздүн келечегине балта чаба турган улуттук коопсуздук, экономикалык коопсуздук, тамак-аш коопсуздугу ж.б. кирет. Эгер Коопсуздук Кеңешинин катчысы өзүнүн кызматын таза, так иштесе өлкөнүн өсүшүнө өзүнүн салымын кошо алат жана бүгүнкүдөй кризисти болтурбоо үчүн алдын - ала коопсуздук чараларын колдонгонго толук мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ал кызматка кимди коюш же алыш президенттин иши. Эгерде, президент Адахан Мадумаровду ошол кызматка татыктуу деп койсо, ал өзүнүн иши. Бирок, Мадумаров убагында вице-премьер министр, мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеди. Ал мезгилде иштеген ишин жалпы эл көрдү, дараметин байкады. Бул кызматта кандай иштеп, кандай жыйынтык берээрин да көрөбүз. Ачыгын айтканда, ажобуз Мадумаровду өлкөнүн коопсуздук маселелерин, көйгөйлөрүн чечсин деп алпарган жок. Бийликтен дагы бирөө оппозицияга кошулуп кетпесин, эптеп оозун жаба туралы деген саясатты аркалаганы айтпаса да түшүнүктүү болуп турат.
- Кеңешбек Асанбекович сизге ИИМнин генералы катары бир суроо узатсак. Бүгүн милиция кызматкерлери менен криминалдар биригип кетти деген имиштердин канчалык деңгээлде чындыгы бар. Учурдагы милиция кызматкерлеринин ишине канааттанасызбы?
- Биринчиден, эл канааттанышы керек. Бүгүн эл өзүнүн коопсуздугуна, бейкутчулугуна канчалык деңгээлде канааттанып жатканын көрүп-билип эле турбайбызбы. Жогорку Кеңештин депутаты жоголду, депутаттын уулу жоголуп жатат. Булардын баары жөндөн-жөн эле жасалып жаткан жок. Кылмышка аралашкан адамдар кандайдыр бир күчкө таянып алып, ушундай "беспределге" барып жатышат да. Бул иштерди жасап жаткандар кылган кылмыштары үчүн, эртең жооп тартып, жазаланбасын билет. Ошондуктан, алар эч кимден коркпой-үркпөй каалаганын жасап жатышат. Ал эми сот системасында болуп аткан иштерди менден жакшы билсеңер керек. Милиция кызматкерлери эмес, бийлик төбөлдөрү криминалдашып кетти десек туура болот. Себеби, укук коргоо органы ошол бийликтин бир бутагына кирет эмеспи.
- Сиздердин оюңуздар боюнча 24-мартта Кыргызстанда эмне болгон?

- Болот Жанузаков:
- Менин жеке оюм, бийликти күч колдонуу менен тартып алган мамлекеттик төңкөрүш болгон.

- Кеңешбек Дүйшөбаев:
- Мен 2005-жылдын 29-мартында эле өз оюмду пресс-конференцияда ачык айткам. "Конституцияга ылайык келбеген мамлекеттик төңкөрүш болду"- деп. Ошондо журналисттер суроо берген. "Акаевдин өкмөтүнөн өз оюн ачык айткан жалгыз сиз болдуңуз. Коркпойсузбу?"- деп. "Чындыкты айткандан эмнеге корком"- деп жооп кайтаргам.

- Амангелди Муралиев:
- Эгер, революция болгон болсо, жакшылыкка алып келип, эл жашоосу оңолмок да. 24-мартты башкача маанай менен майрамдамакпыз. Бул күндү майрам катары эсептегендер жокко эсе. Кандай күн болгонун аз эле убакыттын ичинде турмуш өзү тастыктап койбодубу.
- Элдик революциялык комитет "Биз башка оппозициялык күчтөрдөн айырмаланып, президенттин мөөнөтүнөн мурда кетишин талап кылабыз"- дешүүдө… Алардын мындай талаптарына кандай карайсыз?

- Болот Жанузаков:
- Менин оюмча, өзгөчө мамлекеттик түзүлүштө мыйзамдуулук сакталыш керек. Ошондо гана укуктук мамлекетке жетебиз. 2005-жылы 24-мартта кашыктап чогулткан ырыскыбызды бир күндө төгүп албадыкпы.
- Ким күнөөлүү буга?
- Биз өзүбүз?
- Ошол маалда бийликте тургандарбы же көтөрүлүп чыккан карапайым элби?
- Өзүбүздү өзүбүз жаман-жаман деп атып, бүт коомчулукка жаманатты болуп алдык. Бүгүнкү бийлик өткөн бийликти сындаганы гана болбосо, кетирген катачылыктарынан сабак алып, өлкөнү оң жолго салып кете алган жок.

- Жоомарт Кадыралиев:
- Митинг, пикетке чыгып бийликти тартып алуу опурталдуу. Себеби, бүгүнкү бийлик өз элин автомат менен атууга даяр. Элди бөөдө окко салууга болбойт. Оппозициялык күчтөр барган сайын биригип, күчтөнүп келатышат. Элдин да аң-сезими ойгонуп калды. Жалпы журттун каалоосу менен мыйзамдан аша чаппай, чилде түшкөнчө бардык көйгөйлүү маселерге чекит коюлуп калышы мүмкүн. Жаздан баштап жашоо жакшы жагына өзүнөн-өзү өзгөрөт.

- Кеңешбек Дүйшөбаев:
- Учурда элдин жашоо-турмушу айлап эмес күндөп, сааттап начарлоодо. Экономикалык маселелер саясатка чапкан аттай тездик менен айланып баратат. Бүгүн ызы-чуу салышка көп акылдын кереги жок. Кан төгүлбөй турган кадам менен башкаруу системасын өзгөрүүгө барсак болот.

Даярдагандар
Гүлниза Молдокулова,
Эрнис Балбаков,
"Ачык Саясат"