№80, 31.10.08-ж.
  Эл дегендер эмне дейт?

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору:
"…Бул бийлик көпкө узабайт"
- Аликбек мырза, учурда коомчулук ичинде саясий дагы , экономикалык дагы кырдаал өтө курч абалга кептелгендей. Бийлик өкүлдөрү канчалык жымсалдабасын, бирок, шибегени капка ката албагандай мезгилде жашап жаткандайбыз. Анан калса дүйнөлүк каржылык кризис дагы кошул-ташыл болуп келүүдө. Сиз кандай дейсиз?
- Чынын айтканда ошол жетекчи кызматтардагы мырзалардын кенебестиги мени да таң калтырат.
Эл асманда, алар болсо жерде жашап жаткан жок да. Керек болсо өлкө ичиндеги бүгүнкү экономикалык абал мектептеги окуучуга да түшүнүктүү болуп турат. Учурдагы кризисти айланып өтөбүз деген чоңдорубуз менимче терең жаңылышат. Тескерисинче, тилекке каршы алысты көрө албаган, профессионалдык деңгээли төмөн бүгүнкү кадрларыбыз менен өлкөбүз керек болсо мындай кризистин залакасын эки эселеп тартышы мүмкүн.
Мени күйгүзгөн нерсе, бүт дүйнө жүзү боло турган оорчулукту алдын-ала айтып , ага алдын- ала даярдык көрө баштаса, биздикилер эми араң ойлонушууда. Кудай сактасын, бүгүнкүдөй саясат улана берсе эртенкини айтуу … оор.
- Баса айтмакчы, учурда Азимбек Бекназаров баш болгон "Элдик революциялык кыймыл" ушул ноябрь айынын башында элдик курултай өткөрүүнү болжоп жатышат. Ал Талас жергесинде башталат деп да айтышууда. Сураганым, бул курултай "Акыйкат үчүн" кыймылы менен биргеликте өткөрүлөбү?
- Менимче, "Элдик революциялык кыймыл" Элдик курултай өткөрүүнү өздөрүнчө пландаштырып жатышат. Бирок, өзүңүздөргө маалым болгондой "Элдик революциялык кыймылдын" лидери Азимбек Бекназаров баш болгон саясатчылар Коомдук парламенттин дагы мүчөлөрү, демек, кандай маселе болсо дагы биз алар менен сүйлөшүп, байланышып турабыз. А айтмакчы, ушул өңүттө, 25-ноябрда борбордо өлкөдөгү жалпы оппозициянын бириккен курултайы өткөрүлүү алдында турат. Аталган жыйынга өлкөнүн бүгүнкү жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган, көкүрөгүндө акыйкат деми өчө элек, бабалар сөзүндө айтылгандай "Мекен үчүн жандарын казык кылып сайып койчу " азаматтар чогулат го деген ойдомун.
- Бул салыштыруу көбүнчө жаштарга туура келет го дейм . Дегеле, сиздин бүгүнкү кыргыз жаштарына болгон көз карашыңыз?
- Тарыхты карайлычы, коомдун кайсы гана бурулушуна үңүлбөйлү, эң прогрессивдүү күч бул жаштар болгон. Тилекке каршы, бүгүнкү биздин жаштардын ар кандай иш-чаралардагы активдүүлүгү анчейин байкалбай келет. Ошол эле учурда, бүгүнкү бийлик дагы жаштар саясатын толук деңгээлде ишке ашырды деп да айта албайм. Ар кандай кызматтарга тартууга болгон дараметтери байкалбайт. Бир чети жаштар дагы качан бизди бийлик бул же тиги кызматтарга чакырат деп күтүп отура бербеш керек. Өздөрү ар кандай уюмдарды түзүп, биргелешип иш алып баруусу абзел. Эгер, тажрыйба аздык кылат десе, бизге кайрылса болот, колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Ал эми алар саясий , экономикалык багытта ким менен бирге болот, ал-өздөрүнүн эрки.
А реалдуу маселе менен караганда жаштар чоң күч. Келечек ошолордун колунда.
- Кеч болсо да ушул суроону берүүгө мажбур болуп отурам. Учурда коомчулук ичинде оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, сиз жана "Ата -мекен " патиясынын мүчөсү Алманбет Шыкмаматовдун Москва шаарына барып келиши дале болсо ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрымдары Москвадагы иш сапарыңыздарды расмий орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуша албай, стратегиялык изилдөө институтунун жетекчиси менен эле жолугушту деген маалымат чыкты. Ал эми "Аки- пресс" агенттиги оппозиция тобу Москвага барып, БШКнын мурдагы төрөайымы Клара Кабилова менен телефон аркылуу гана байланышып , аны былтыркы парламентик шайлоону легитимсиз деп билдирүү жасаса, Бишкектен үй сатып беребиз деп акча сунуштаптыр деген маалымат таркатты. Ушулар туурасында өз оозуңуздан уксак?
- Биринчиден, Клара Кабиловага жолуккан- жолукпаганыбызды убактысы келгенде билесиздер.
Ал эми Кабилова менен "соодалашты" деген кеп бул болгону бийликтин чыгарган кезектеги беш өрдөгү деп эсептейм. Себеби, оппозиция мындайга барышы мүмкүн эмес. Мен ойлойм, мындай маалымат менен бийлик оппозицияны элге жаманатты кылып көрсөтөлү деген максатты көздөсө керек. Ал эми Москвада ким менен жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүз азырынча жашыруун сыр болуп турсун, ар нерсенин өз убактысы болот эмеспи. Буга салыштырмалуу бир мисалды айтып өтөйүн, өзүңүздөргө белгилүү болгондой былтыр апрель айында "Бириккен фронттун" өкүлдөрү Москвага барып, Орусиянын вице-премьерлери менен жолугушуп келгени тууралуу ар кандай маалыматтар менен массалык маалымат каражаттарына чыгып кеткен. Мындай көрүнүшкө Москвадагы бийлик өкүлдөрү абдан нааразы болушкан. Ошондуктан, биз андай катаны кайталабай азырынча сыр катары кармап турууну чечтик.
Анан, Москвадагы сапарыбыздан кийин эртең эле Кыргызстанда бир чоң өзгөрүү болуп кетет деп күтүүгө болбойт. Буюруса, дагы бир катар иш сапарыбыз болот. Негизинен, биздин Москвага болгон бул сапарыбыз жемиштүү болгонун белгилеп өткүм келет.
- Суроо учугун жеке өзүңүзгө байланыштуу нукка бурсам. Санай келсек, бийлик тепкичинде 14 жылдан ашык убакыт жүрүп, бүгүн минтип оппозициянын катарында келесиз. Бул нерсеге эмне себеп болду?
- Кечээ эле бийлик өкүлүн бүгүн оппозициянын катарынан көрсөк, менимче, буга таң калуунун кереги жок . Адамдар айтып жатпайбы, кээ бирин кызматтан алып салганы үчүн оппозиционер болуп чыга келди, эртең кызмат берсе уялбай кайра бара берет деп. Беш кол тең эмес экен.
Тилекке каршы, андай пикирдин да өз чындыгы бар. Ар- намыс, уят-сыйды унутуп, бийлике мас болгон андай азаматтар да жок эмес.Аларды да коомчулук көрүп турат. А бирок, кечээ бийлик короосунда жүрүп өлкө келечеги эмес, өз көмөчүнө күл тарткан саясаттан абийир, ыйманын жогору коюп, оор болсо да акыйкат жолун тандап алган бүгүнкү оппозициянын катарына кошулган жигиттерди түшүнүү жана колдоо менен кабыл алам. Ушундай эле өңүттөрдүн өзөгү менин тагдырыма туш келди. Ал эми Кыргызстандын бүгүнкү абалына оппозиция өкүлү катары эмес, дипломат катары ачык пикиримди айтсам, өлкө ичинде бийликтин аброю күн өткөн сайын төмөндөп баратат, эл аралык коомчулукта дагы ишеним тайыздоодо.
- Кандай мисалдарды келтире аласыз, Кыргызстандын бүгүнкү тышкы саясатын айтам ?
- Туура, 2007- жылы январь айында биздин тышкы саясатыбыздын "ийне жибине чейин" дегендей көп багыттарды камтыган концепциясы бекиген. Тилекке каршы, андагы көптөгөн маселелер ошол бойдон эле чаң басып турат. Айрыкча бир жарым жыл ичиндеги жасалган иштер.
Кандай мамлекет болгон күндө да, биз өзүбүздүн суверенитетибизди сыйлашыбыз керек. Ошол эле учурда эл аралык нормалардын так, даана аткарылышын, жоопкерчиликте кабыл алсак дегеним.
- Мисалы?
- Мисалы, Кытайды алалы, бир жагынан тигинтип ири суммадагы гранттрды алып, тракторлорду айтам, ал эми экинчи жагынан өткөндөгүдөй "шпионский скандалдардын" кереги бар беле, же АКШны алалы. Бул жагынан алардан ар кандай жардамдарды сурап келебиз. Мисалы, "миң жылдыктын чакырыктары " деген алкакта, 200 миллион долларга жакын жардам алуу маселесин карап жатабыз дагы, биягынан "Ганси" кетсин!"- деп ар убак жөөлөп келебиз. Же дагы бир мисал Россияны алалы. Алардан дайыма экономикалык эле эмес саясий колдоону да сурап келебиз дагы , ар кандай ЧПга жол берип келебиз. Мисалы, Канттагы Россиялык аскер кызматкерине кол көтөрүү, ошондой эле бизнес жаатында бир топ терс көрүнүштөр болуп кетти. Албетте, аталган көрүнүштөрдүн өзү тышкы саясатыбызга терс таасирин тийгизбейт деп, айта алабызбы? Мындай көрүнүштөрдөн арылуу үчүн ириде ичибиздеги башкаруу тартибин жөнгө салышыбыз керек.
Ошондуктан, мен тышкы саясат менен алектенген дипломаттарды түшүнүү менен колдойм. Алардын арасында өлкөнүн тышкы саясатын жогорку деңгээлде жүргүзүүгө аракет кылган мыкты азаматтар бар. Бирок өзүбүздөгү башкаруу системасын бир калыпка салмайын жогоркудай илдеттерден арылуу кыйын.
- Дипломатия демекчи, Акаев бийлиги кулагандан соң, Кыргызстандын Эл аралык тышкы саясатын да өз нугунда сактап калуу жаңы келген бийликке ошол учурунда чоң түйшүк болгон эле. Ушул мезгилде так ошол жүк сиздин мойнуңузга жүктөлгөн эле. Себеби, ал кезде сиз Тышкы иштер министри эмес белеңиз?
- Эгер чын сөздү айта келсек, министрлик туурасында президент менен биздин макулдашуубуз таптакыр бөлөк пландарда эле. Мен өлкөнүн жаңы бийлигин Эл аралык коомчулукка таанытууга жардам берип, ал миссияны аяктаган соң, Европа мамлекетеринин бирине элчилике кетүү жөнүндө макулдашканбыз. Анан эле парламент Тышкы иштер министрлигине Роза Отунбаеванын кандидатурасын өткөрбөй койгон соң, президент менин талапкеримди сунуштады.
Жогорку Кеңеш колдоп берди. Ошентип, тышкы иштер министри болуп калдым. Колдон келишинче иштедик. Чын эле сиз айткандай ал учурда тышкы саясаттагы көтөрчү жүк оор болду.
- Ошол "оор" окуялардын биринен кеп салып бербейсизби ?
- Бирок, бир окуя эстен кетпейт. Ал Бакиевдин Венага болгон сапарына байланыштуу болгон, 2005-жылдын май айы эле. Өлкөдө жаңы бийлик орногон соң, Эл аралык коомчулукта аны таануу боюнча сөзсүз презинтатциясы өткөрүлүшү керек эле. Бул тышкы саясаттагы маанилүү маселелердин бири болчу. Ал үчүн президент ЕККУ менен БУУнун штаб- квартирасында болуп, өзүнүн программалык билдирүүсүн жасоо шарт эле. Бул туурасында президентке билдирип, анын макулдугун алган соң, аталган жооптуу иш - чарага даярдык көрө баштадык. Аны чечүү маселесинде мен ЕККУнун баш катчысы Ян Кубиштин жеке өзүнө чыгып, маселени оң жагына чечүүгө аракет кыла баштадым. Себеби, ал киши менен жеке мамилем да дурус болчу. Андан тышкары ЕККУнун таасирдүү өкүлдөрү болгон Россия, Германия, Турция, өңдүү өлкөлөрдүн делегациялары менен да жылуу мамиледе элем. Анан эле ортодон ар кандай имиштер кетип, Бакиевдин Венага баруусун айнытып киришти. "Жекшенкулов, Акаев менен сүйлөшүп алып, сизди атайын уят кылганы атат. ЕККУдан колдоо таппайсыз " деген ушак - айыңдар менен.
- Кимдер алар?
- Бакиевдин эле айланасындагылар, жакын адамдары. Эл аралык мамиле менен ЕКУнун спецификасын түшүнбөгөндөр, тескеринче, алар президенттин тышкы саясаттагы абройунун көтөрүлүшүнө терс таасирин тийгизишкенин түшүнүшкөн жок. Алардын тар түшүнүктөрү мени абдан таң калтырды.
- Анан эмне болду?
- Коопсуздук үчүн ЕККУнун Башкы катчысы менен дагы бир ирет байланышка чыгып жана анын мүчөлөрүнөн биздин президентке болгон маанайларын ачык сурадым, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кыргызча айтканда, кепилдигин алдым. Муну Бакиевге түшүндүрсөм да, мындай сапарга баруудан айнып туруп алды. Айла кеткенде президент менен чыгыш менталитетинин ыкмасында сүйлөшүүгө мажбур болдум. "Курманбек Салиевич, эгер ал жактан сиздин дарегиңизге кичине эле сын айтылса менин башымды алып салыңыз" десем, мени таң калыштуу карады да, ойлонуп туруп макул болду. Азыр эстесем канчалык оор иш болсо да, ошол сапарыбыз эң ийгиликтүү аяктаган эле.
- Кыргыз жергесине келип жаткан кытай тракторлору туурасында да кызыктай окуялар болгонун орус тилдүү кайсы бир гезитке берген маегиңизден окуп калган жайыбыз бар. Ошол туурасында кыргыз окурмандарына да айтып бербейсизби?
- (Күлүп) Ал өзүнчө кызык окуя болгон.2006-жылдын февралында айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү болуп, көргөзмөгө кытай тракторлору да коюлуп , анын айыл чарбасындагы жөндөмү чоң кызыгууну жаратып, өлкө жетекчиси да терең ынтызар менен кытай тракторлорун кыргыз айыл чарбасына пайдалануу керектигин айтып, бүт өлкөгө жар салат. Аталган маселени иштеп чыгуу жолдорун мага тапшырды. Ошентип, кытай тараптан грант катары алынуучу жүз миллион юанга тракторлорду алуу жолдорун иштеп чыктык. Көп өтпөй күтүүсүздөн Кытай элчилиги бизге телефон чалып жатпайбы : "Сиздерге эмне керек, тракторлорбу, курулуш материалдарбы же жолдорду ондообу?" -деп. Мен таң калдым. Көрсө, Тышкы иштер министрлигин четтеп өтүп, ал кездеги вице -премьер министирдин милдетин аткарып турган Данияр Үсөнов мырза Кытай Эл Республикасынын премьер- министрине кат жөнөтөт. Ал катта, бизге трактор эмес, жолдорду ондоо жана котеджтерди куруу үчүн курулуш материалдары керек экени айтылат. Кытай элчилигине ал кат туура эмес экенин, бизге тракторлор керек экенин, өлкө жетекчиси дал ошону өтүнгөнүн кайрадан түшүндүрүүгө туура келди. Алдын - ала сүйлөшүүнү четке кагып, мындай өзүм билемдикке баруу бул кыргыз бийлигин Кытай бийлигинин алдында онтойсуз абалга калтыруу дегендик эле. Мындай дипломатиялык протоколду түшүнбөстүк менен жасалган мамиле үчүн Кытай тараптан кечирим суроого да туура келген. Анын үстүнө президент тракторлор тууралуу бүт өлкөгө убада кылып, бул аракет ишке ашат деген убадасын айткан эле. Акыры жанагыдай тоскоолдуктарга карабай, өлкө жетекчисинин айтканын ишке ашырдык.
- Аликбек мырза, бүгүнкү окуядан бир аз четтеп кеттик окшойт. Айтыңызчы эртеңки саясий абал кандай болчудай? Анан калса азыр адамдардын өздөрү эле эмес, жан-дүйнөсү да үшүп баштагандай…
- Алдын-ала "көзү ачыктык" кылуу жеке табитиме дал келбейт. Ошентсе да, мындай пикирди айткым келет, эгерде президент Бакиев жакынкы учурда өз саясатын чукул өзгөртпөсө, мамлекеттик башкаруу системасына өзгөртүү киргизбесе, өзүнүн кетирген кемчиликтерин мойнуна алып, жаңы кадамдарга барбаса, коррупция жана криминал менен күрөштү натыйжалуу жүргүзүп, тийиштүү иштер аткарылбаса , социалдык маселелерге терең көңүл бурулбаса, эң негизгиси айткан убадасы менен иши айкалышпаса, анда бул бийлик көпкө турбайт. Кайсы бир күнү күтүүсүздөн урап түшөт.
- Маегиңизге чоң рахмат!
Суроо салган Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"