№80, 31.10.08-ж.
  Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө

Жыл сайын ата-энелер миллиондогон наристелерди кыйнап өлтүрүшүүдө
Аз күн мурда көчөдө баратып, "делаем аборты" деген жарыяга көзүм урунду. Аны окуп, сөздүн маанисине көңүл бурсам, дарыгерлер "курсагыңарда жаткан наристеңерди өлтүрүп берем"- дегендей эле кеп экен.

Алар медициналык окуу жайын бүтүрүп жатышканда, "адам өмүрүн сактоо үчүн күрөшөбүз" деген Гипократтын антына караманча-каршы иштеп жатышкандай туюлат. Себеби, өздөрүнүн мындай кадамдары менен алар адам өмүрүн сактабай эле, аны жок кылуу менен күрөшүп жатканы сокурга деле көрүнүп турат. Аборт деген - бир канча адамдардын тобу (ата-энеси жана дарыгерлер) каршылык көрсөтүүгө күчү жетпеген күнөөсүз наристени кыйнап өлтүрүшөт деп эле түшүнсөк болот.
Бирок, дарыгерлердин айтымында, ар бир аргументке эки тараптуу далилдерди келтире берсе болот.
"Андыктан, биз өзүбүздү адам өлтүргөн кылмышкерлердин катарына кошкубуз келбейт. Себеби, айрым учурларда баланы төрөө эненин ден-соолугуна жана өмүрүнө чоң коркунуч келтирет. Бул учурда жасалган аборт менен биз аялзатынын ден-соолугун жана жашоосун сактап калып жатабыз. Ал эми, башка учурларда…"- деп эмнени айтууну билбей кайсактап калган акушер-гинекологдор арабызда жок эмес.
Кыргызстандагы, "Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун" профессору, акушер-гинеколог, медицина илимдеринин доктору Людмила Рыбалкинанын айтымында, аялзатынын абортторго барышынын башкы себептери болуп, ойлонбостон жасалган жыныстык катнаштар жана аялзатынын эне болуу каалоосунун жоктугу экен.
"Мындан тышкары, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалы да кандайдыр бир роль ойнойт"- дейт Рыбалкина.
Улгайып калган энелерибиздин айткандарына кулак салсак, "кыздардын боюнан алдыруусуна ата-эненин, туугандардын бетин эртең кантип карайм?- деген уят, намыс, коркуу сезими түрткү болот.
Айрым кыздарыбыз Батыш өлкөлөрүн туурап, мода куумуш этип, үй-бүлөнү пландайбыз деген шылтоолорго жамынып, экиден ашык балалуу болушкусу келишпейт. Батыш өлкөлөрү "Үй бүлөнү пландаштыруу демографиялык жарылууга алып келбейт" деген негизи жок кур шылтоого жамынып алышканын биздин кыздар кайдан билсин?

Төрөлгөндөн өлгөндөр көп
Алыс кетпей, мобу Орусиянын эле статистикасына көз жүгүртсөк, анда жыл сайын боюнда бар аялдардын 60 пайызы боюнан алдырышат экен экен.
Атап айтсак, 2006-жылы Орусияда 1 млн. 320 миң бала төрөлсө, 1 млн. 800 миң наристе эненин курсагынан эле өлтүрүлгөн. Аборт жасаткандардын 10 пайызы жашы 18ге чыгалек секелек кыздар болуп чыккан.
Ушундай жол менен азайып бараткан Орусиянын калкын кандай жол менен болсо да, көбөйтүүнү ойлонгон өкмөт, бүгүнкү күнү көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө ар кандай финансылык жардамдарды берип келүүдө. Эмесе, акыркы 10 жыл аралыгында эле орустар жыл сайын миллиондон ашык адамга азая баштаган экен.
Ал эми кыргыздарчы? Бул тууралуу маалымат алалы деп, Саламаттыкты сактоо министринин кабылдамасына кайрылсак, министрдин орой катчысы Дарылоо башкармалыгына кайрылгыла дейт. Ал жакка эртеден-кечке телефон чала берип чарчаганыбыздан, айлабыз кетип, өзүбүз барсак дагы, сыйпалап эч кимди таба албадык. Министр жана анын орун басарларынын баары командировкада жүрүшкөн экен. Донецкий жана Москва көчөлөрүндө жайгашкан төрөт үйлөрүнө баш баксак, экөөнүн тең башкы врачтары эс алууга (отпусткага) чыгышып, орун басарлары мындай суроолорго жооп берүүгө укугубуз жок дешти. Иши кылып, журналисттерден баары эле ар кайсы шылтоону айтып качып калышкан экен. Бирок, окурмандарыбызга бул санда болбосо да, кийинки сандарыбызда сөзсүз түрдө бул тууралуу статистикалык маалыматты беребиз.

Аборт жасаткандар камалат
Бириккен араб эмираттарында, Афганистанда, Египетте аборт кылууга таптакыр тыюу салынган. Ал эми Непалда жашырынып, аборт кылдырган аялдарды "адам өлтүрдү" деген айып менен темир тор артына айдашат.
Аборт кылдыруу менен ар бир аял келечекте эне болуу укугунан түбөлүккө ажырап калаарын аңдап биле беришпейт. Гинекологдордун айтымында, аборт жасаткан айымдардын 30 пайызы өлүмгө да дуушар болушса, айрымдары өмүр бою тукумсуз болуп калышат экен.

Боорукер байлар барбы?
Кээ бир мекендештерибиз мындай кадамга акчанын жоктугунан баланы ачка калтырбайлы деп аргасыз барып жатышканын билдиришет. Бирок, эмнегедир эч ким ачкадан өлбөстүгүн жана ар бир балага Жараткан өзүнүн ырыскысын берээрин алар түшүнүшкүсү келбегендей. Эгер, чындыгында эле акчанын айынан айыбы жок наристесинен айрылууну каалагандар кыз-келиндер болсо, редакциябызга кайрыла көргүлө. Биз болсо, силерге жардам колун сунууга даяр боорукер кыргыздын байларын тапканга аракет кылабыз.
Мисалы, бүгүнкү күнү Вьетнамды да аборттун эпидемиясы укмуш каптап жаткан экен. Маалыматтарга таянсак, өткөн жылы эле, анда 150 миңге жакын наристе эненин курсагынан өлтүрүлгөн. Бирок, Кудайдан корккон бир адам табылып, өзүнүн мекендештерине жардам иретинде эки үйүнүн бирин бошотуп, анда баласынан баш тарткан энелердин ымыркайларын өз каражатына багуу менен алек. Учурда, анын үйүндө 60га жакын бала баш калкалап жаткан экен.

Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө
"Балалуу үй базар, баласыз үй мазар"- дегендей, айрымдар ыңаалап ыйлаган баланын үнүнө, жытына зар болуп жүрүшсө, айрымдар андан ар кандай жолдор менен арылуунун үстүндө. "Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө"- деген ушу тура. Кандай болгон күндө да, кийин "өзөгүбүз өрттөнбөсүн, көөдөнүбүз жанчылбасын, өмүр бою өкүнүчтө калбайлы"- десеңер, мындай коркунучтуу кадамга бара көрбөгүлө, ардактуу айымдар! Себеби, бул жарык дүйнөнүн оош-кыйыш жолдорунда тагдыр деген нерсе адамды өмүр бою томсортуп, башка энелердикиндей кубанычтан айырып коюушу толук ыктымал.

Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"