№79, 28.10.08-ж.
  Өмүркул Кулумбаев

Акын, СССР жазуучулар
Союзунун жана Кыргыз Улуттук
жазуучулар Союзунун мүчөсү,
11 поэтикалык жыйнактын,
40тан ашуун обондуу ырлардын
автору.

"Карысы бардын ырысы бар" деген улуу сөз бар элибизде. Бул жөн жерден айтылбаса керек. Элге ырыс чакырып, элди ынтымакка келтирип, төрдүн көркү болуп небересин эркелеткен дөөлөттүү карыялар үйдүн ырысы эмей эмине? Билген адам үчүн бул чоң бакыт. Мына ушундай куттуу үйдүн көркү болгон кадырман карыларыбыз көп болсо кана? Элибиздин калың катмарына жетип, салмактуу ырларыбыздын санын толуктап турган "Энекебай", "Ошол да толук кыргызбы", "Тентек элең", "Ким сулуу", "Жашагым келет", "Таппай жүрөм" жана башка аталыштагы таасирдүү ырлар эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, эфирден түшпөй аткарылып жүргөнүн билебиз. Эми ушул ырлардын автору Өмүркул Кулумбаев айыл жергесинен келип, УТРКнын "Ибарат" борборунда редакторлук кызматта эмгектенген кызы Гүлмира Кулумбаева эженин үйүндө экенин угуп, издеп бардык. Адегенде адатыбызча суроолорубузду камдап алганбыз. Анан эле барсак, өзү жаткан аппак төшөктүн айланасына орусча-кыргызча гезиттерди жайып коюп , сыналгынын үнүн чоңойтуп коюп, аппак жаздыкты кырдап жаткан ак чачтуу 77 жаштагы таланттуу акын Өмүркул Кулумбаев агайды көрдүк. Эмнеге келгенибизди билип, баарын жыйыштырып коюп "Ден-соолугуңуз кандай?" деген сурообуздан улам кеп баштады.

Азыр демократия эмес "делбекратия"
- Кыргыз эч качан ден-соолук жаман, мен жаманмын дебейт. Ден-соолугумду сурап койгонуңа рахмат, айланайын. Ден-соолугум бүгүн күчкө толуп турган эр жигиттин күчүндөй эле бар. Бул физический күч эмес, моральный күчүм бар. Анткени, кызым дагы, күйөө балам, жээндерим дагы моралдык жактан күчтүү үй-бүлө. Мен ошого сыймыктанам. Мени көргөн киши "Канчадасыз? Канча жылдан бери ооруйсуз? Жүрөгүңүз канча?" деп сурап калышат. Мен болсо: "8-9 жүрөгүм бар, 48 жылдан бери ооруйм, жашым 77де" десем, "Оо-ий, коюңузчу, 77десизби" деп калышат. Мен ушул кыз-күйөөмдүн, балдарымдын зери менен Өмүркул болуп отурам. Адамдын алын сураган бул өмүр бергенге тете. Мени балдарым баркташат, баалашат. Өзүмдү өтө сергек сезем. Азыр "ооруп атам" десем, өкмөт жардам бербейт. Азыркы заманды жамандасаң деле, жакшыласаң деле болбойт. Заманды оңдош жалпы элдин колунда. Элдин ыйманы, жүрүш-турушу, пейили оңолгондо, анан заман оңолот. Эгемендүү болдук, бул жакшы. Биз көптү көрбөдүкпү. Мен жетим өстүм. Бала кезимде көчөлөп эле калгам. Бирок ал заманда эч ким "көчө баласы" дечү эмес. "Келе гой" деп турушчу. Ал кезде ыйлап атсаң "Кой ыйлаба, ким эмне деди? Келегой" деп турчу. Азыр ыйлап атсаң, "Кара башыңды жут, башыңды же!"- дейт, көз жашын аарчыбайт. Бул замандын кайсы арманын айтайын. Андан катуураак айтсам жазып алып, чыгарбай да коесуңар. Эртең бирөөгө тепкилетип кетесиңерби? - аны кайдан билем айланайын деги шумдуктуу чыкпадыңарбы.
- Чыгармачылыгыңыз кантип атат?
- Эми чыгармачылыкты айтсам, кичинемде кыздарга кат жазганда ыр менен жазчумун. Бирок, акын эмне экенин билчү эмесмин. Акын болом деп да ойлочу эмесмин. Кийин турмуш өзү эле "Сен акын болосуң, сен жаз, сенин оюңа койсо жазбайсың, шайкелең дагы неме экенсиң, көчөлөп эле кетесиң, сен тагдыр менен өчөшпөй кайраттанып жең, ыр жаз!" -деди. Муну менин пейилим айттырды. Адегенде муң-кайгыны ыйлап отуруп жаздым. Анан мекен, патриоттук ырларды, эл, турмуш, жашоо, салт-санаа, өзгөчө аялдар жөнүндө, сүйүү темасында алгылыктуу ырларды жаздым. Көбүнчө акындар ошол ырларыма обон жазышты. Ушул күнгө чейин көптөрү ырдап келе жатат. Мен 1970-жылдары Жолдошбай Абдыкалыков деген акын менен дос болдум. Ошол "Сен чоң акын болосуң, шаарга барбайсыңбы?"- деген. Кийин тамашалап, "Сен шаарда болсоң, чоң кызматта жүрмөксүң, же түрмөгө түшмөксүң, ошол үчүн кудай сага оор тагдыр берип, жакшы ырларды жаз деп жаткырып койгон турбайбы" -дечү. СССР учурунда үстөккө-босток ырларым элге жетип турчу. СССР кыйраганда мен кошо кыйрадым. Өкмөттөн көңүл бурулбай калды. Азыр "демократия" деп алдыңар. Ошону туура эмес пайдаланып атасыңар. Элди талап-тоноо деп түшүнөсүңөр. Жанагы жигиттер элдин мүлкүн бөлүп алып, элдин ыйманын, салт-санаасын тепсеп салышты. Айрым кишилер гана байып-маарып жатышат. Ыйманы бар кишилер отуруп калды. Биз орто кылымдын кулдук дооруна баратабыз. Кулдар көтөрүлүп чыгат. Бизде дагы акыры көтөрүлүп чыгышат, анан андан ары эмне болот билбейм. Бул биринчи кезекте байлык, бийлик деген болуп, адам фактору артка жылып жок болуп калды. Байлык, бийлик болсо сен адамсың. Бул жок болсо, адам эмессиң. Ошондой кезге келип калдык. Ал тургай азыр маданият өлүп баратат. Дүйнө жүзүндө эзелтен келаткан байлык бул - маданият. Маданиятты, тилди өнүктүрүш керек. Маданият болсо тил бар. Экөөнө тең күчтүү басым жазалбайт. Азыр чоңдордун баары орусча сүйлөшөт. Мен көрүп отурам жыйналыш болуп атса, арасында бир орус отурса ошого карап миң кыргыз орусча сүйлөп атат. Анан кантип тилибизди сактайбыз? Анан кантип акын-жазуучуга, комузчуга көңүл бурабыз? Мына чоңдоруң "идеология" дешет. Идеология деген - ыйман. Ыймандан башталат. Адам качан ыймандуу болгондо, ошол "идеология" болот. Азыркы адамдарда ыйман жок, ачык эле айтайын, көп болсо эртең тепкилеп кетээр. Азыркылар улуу-кичүү чогулуп алып ичишет. Кыздары бузулуп жүрөт. Жигитинде намыс жок. Илгери беш эле карыя дөңдө олтуруп эле ыйман жолу менен баарын чечип коюшчу. Азыр килейген парламентиң отуруп алып эмнени кыйратып атат? Акчанын күчү менен эле жүрүшөт.
- Пенсия аласызбы?
- Пенсия алам.
- Канча аласыз? Жашаганга жетип атабы?
- 2007 сом алам. Ат-Башыда 1 мешок унуң 1500 сом. Ун алам, дары дагы керек да, калган жеп-иче тургандарың бар дегендей. Айтып атышпайбы "Майыптарга дары дармек бекер" деп. Кайдагы?! Анда санда борсуп-борсуп калган дарыларды алып барышат. Аны айылдан врачтар бөлүп алышып сатышат. Мына караганы ушубу? "Буларга дарылоо бекер" деп коюшат уялбай. Бирок, айтып коеюн, эки жолу "Президенттин стипендиясы" деп 500 сомдон беришти. Андан башка жок. Жазган китептеримдин баары союз убагында чыккан. Кийин 2001-жылы Карганбек Самаков деген "Элет торгойу" аттуу китебимди чыгарып берди. Андан башка эки президентке тең кат жаздым. Башкаларына да жаздым, жооп беришпейт экен. Азыркы чоңдоруңа арыз-муңуңду айтайын десең эле жанагы отурган кыздары жолотушпайт, телефонго чакырбайт экен. Мына өкмөттүн мамилеси. Ушуну жазсаң, айланайын. СССР убагында мени Бишкекке 4 жолу вертолет менен алып келип операция жасатышкан. Крымга эки жолу алып барышкан. Азыр эчтеке жок. Азыркы эгемендүүлүк "карышкырлардын" гана эгемендүүлүгү болду. Ач карышкырларды кое бергендей эле болду. Ушулар бүт талкалап атат. Анан дагы "демократия" деп коюшат. Азыркылар "демократия" эмне экенин билбейт. Азыр "демократия" эмес, "Делбекратия". "Делбе" дегенди билесиңерби? Дүнүйө менен байлыкка мас болуп турганды айтат. Азыркыларды "кузгундар" деп койсо болот. Мына ошолорго гана демократия.
- Баш - аягы канча китеп чыгардыңыз?
- 11 китеп чыгардым. Азыркы убакта 7-8 томдук ырларым даяр. Бирок, чыкпай турат. Заман оңолуп кетсе, чыгаар деп ойлоп коем. Эми заман оңолуш үчүн, жаш муундардан "мен патриотмун, мен кыргызмын" деп чыгыш керек. Улутун баалаган, улутун сүйгөн адам бул чыныгы патриот. Азыркы бийликтегилер патриот эмес "талагычтар, жегичтер". Ал эми "патриотмун" деген жаштарды дагы жөн койбой муунтуп коюп атышпайбы. Куугунтукка алышат экен. Телефон чалып "оозуңду жап, жаппасаң өлтүрүп коем" деп атат. Бирок бул убактылуу. Үйлөп койгон шар көпкө турбайт, ал жарылат. Биз ошол үйлөнгөн шарбыз. Баары бир жаштар жарылып чыгышат деп ишенем. Бирок азыр бийлигиң да куу. Тың чыккандын баарын бир нерсе бере коюп, депутат кыла коюп, кызмат берип, "ме, мынча акча, депутат бол, галстукту байлан, жаштарга айт, бизди жамандабасын"-деп кебез менен мууздап атышпайбы. Мисалы, биздин айылдан чыккан эки депутат бар. Шайлоо болоордо коюн-колтукка кирип, кончторунан арактарын сууруп чыгып, атышып шайланат. Депутат болгондон кийин баягылардын тизмесин берет, "баланчанын оозу жаман эле, түкүнчөнүн сөзү жаман эле ошолордун оозун баса көргүлө"-деп баарын аш канага чогултуп тамак берип коет. Андан башка эчтекеси жок.
- Эми өзүңүздүн жашооңузга кайрылсак?
- Менин 3 балам, 1 кызым бар. Балдарым өзү менен өзү. Кызым - Гүлмира Кулумбаева, күйөө балам - Айдаров Замирбек. Ушул кыз-күйөөм жардам берет. Кийинтип, ичинтип дегендей. "Жер сагынбас ат болбойт, эл сагынбас эр болбойт" дегендей, айылымды сагынганда "Кетем эле кетем" - деп кетип калам. Кайра алып келишет. Жашоо жаман эмес.
- Эми эли-журтуңузга кандай тилек айта аласыз?
- Элиме эң биринчи ынтымак, биримдик каалайм. Жети өлчөп, бир кесип, баш кошуп, элдин ынтымак ырыс-кешиктүү болушун тилейт элем. Кыргыздын тукумун улап бар болгула. Ынтымак болсо, баары өтүп кетет. Ынтымактуу болгула айланайын.

Гүлмира Кулумбаева
- кызы:

- Гүлмира эже, атаңызды кандай коноктоп атасыз?
- Буюрса жакшы эле. Чынын айтсам, мен ушу атам менен сыймыктанам. Мындан 15 жыл мурда апамдын көзү өтүп кеткен. Атам 27 жашында авариядан кырсыктап, 48 жылдан бери төшөктө жатат. Атамда адамды таң калтыра турган ички кубат бар. 48 жылдан бери жатып калган адам башкача болуп, турмушка, тагдырга таарыныш керек эле. Атамда андай кемчилик жок. Баарын кайраттуулугу менен жеңип келатат. 48 жылдан бери дүйнөнү терезеден карап, жүрөгүндөгү тамашакөйлүгү жалын оту менен мокобой келатат. Поэзиясынан азык алат. Дүйнөдөгү бүт жаңылыкты саясат, адабият, маданият баарын сүйлөшсөң сүйлөшө алат. Өзүнүн позициясы бар, жекече ою бар. Атам элеттик акын болгондуктан, элеттин жашоосу ырлары аркылуу берилет. Ырларына пейзаж менен лирика айкалышып укмуштуудай кооз чыгат.
- Окубаган китеби калбаса керек?
- Жо-ок, атам окуп алып бирөөнүн сөзү аркылуу ой жүгүртпөйт. Өзгөчө ой жүгүртүүсү күчтүү. Бул тубаса бир касиет болсо керек. Дагы бир таң калыштуусу - бул кишинин айтканы айткандай келет. Атамды табиятынан бир күч колдоп турат. Андай болбосо, атамдай тагдырдагы адам жарылып кетиш керек эле. Менин жолдошум Айдаров Замирбек, кызматы республикалык жол жана транспорт тармагынын жооптуу жетекчиси болуп эмгектенет. Ушул жолдошум атамдын адамдык сапатын баалап, талантын сыйлап ата катары урматтап келатат. Кыргызда "Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт" дегендей, атамдын батасын алган үчүн биз ушундай өнүп-өсүп, ушундай турмушка жетип аткандырбыз деп ойлойм. Жолдошумдун марттыгынан улам, атамды колубузга көтөрүп келебиз. Балдарым дагы таятасын урматтап, сыйлап турушат.

Маектешкен
Айсулуу ЭСЕН кызы,
"Ачык саясат"