presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж.
  Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына карата

Чындык баарынан улук
(Публицистика)
Чыңгызыбыздан айрылып, быйылкы жылы аябай эле бөксөрүп турган чагыбыз. "Тообуз кулады, көлүбүз соолуду" десек, чычалаган кыргызбайлар да чыкпай койгон жок. Катыгүн, жадакалса, сөз кунун да билбей калганбызбы?! Же, кыргыз баласы жакын адамынан айрылганда "Таянган тоом кулады", "Жылдызым өчтү", "канатым кайрылды" жана башка ушул сыяктуу эпитет сөздөрдү айтпай жүрдү беле. Кудайды карашса боло. Ушул ойду биринчи айтып чыккан Айылчы Сарыбаев деген экономист-саясатчы "… Тообуз деле, көлүбүз деле ордунда турбайбы. Бар болгону бир жакшы адамыбыздан айрылдык"-деп жатпайбы бу чилистенибиз.

Кайран Чыкемдин көзү тирүү болсо, ага карата менин деле айтар сын-пикирлерим жетиштүү болчу. Атүгүл ал киши Акаевдин камчысын чабышып, "Алга, Кыргызстан" партиясында жүргөндө "Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи, Чыркыраган айлыбызга бир жолу" деп ыр да жазгам. Бүгүн деле ал оюмда бекем турам. Анткени, адам канчалык улуу, канчалык даанышман болгону менен, ал деле пенделиктин өйдө-ылдыйынан алыстай албаса керек. Мухаммед пайгамбарыбыз: "Мен да пендемин, мен да жаңылам"-деп моюндаган тура. Кантсе да Чындык улук. Кудайдын бир аты - Чындык деп коет эмеспи.
Бирок, "Чыңгыз бизге жол салдырып берген жок", "Атайылап барсак тигил ишти бүткөрүүгө жардам бербеди", "Бул баланы кызматка көтөрүүгө кудурети жетмек", "Өзү эмне президент болгон жок" деген сөздөр көмүскө да айтылып жүрбөдү беле. Өзүбүз эл-жерге кымындай да пайда келтирбей, тескерисинче, ал кишинин залкар эмгектерин билгибиз, баалагыбыз келбей, сырт элдерге канча мерте уятка калдык. Эгерде, айылга эки жылда бир келип, жылкы союп, той өткөрүп, же балдарыбызды окууга өткөрүп, кызматка орношууга көмөктөшүп дегендей, арабызда жүрсө деле а кишини артынан кыйла сөз ээрчип жүрмөк. Муну мен башымдагы бөркүмдөй эле көрөм. Анткени, өзүбүздү өзүбүз көрө албаган улуттук өзгөчөлүгүбүз бар экендигине көзүм жетип калган.
Чыкемдин Шекерден ааламга карай салган жолу жер шарын канча ирет айланды, бир кудай билет!? Талантсыз, ичи тар, мажирөө, көрө албас адамдар чөөлөрдөй болот окшобойбу. Дайыма ызы-чуу түшүп эле кыңшылап, улуп жүргөнсүйт. "Аким болбой, акын болсок дегенбиз"-деп Акбар акын жазгандай, кызмат деген берилип, кайра алынап турган нерсе, байлык колдун кири экендигин, ал эми талант кудайдан берилгенин унутпайлы да. Айтайын дегеним, Чыкеңдин улуулугун, келечекти көрө билген көсөмдүгүн, залкар калемгер экендигин билгиси-көргүсү келбей, көзү өтүп кетсе да анын атагына көлөкө түшүрүүгө далбас урган маңкурттар арабызда жашап жүрүшөт. "Шордуу кыргыз" деп жер муштагың келет.
Кийинки жаш муун Чыкемдин чыгармаларын толук окугандыгына ишене да албай кетем. Балким, бар чыгаар. Баарын эле жерге чаба бергим келбейт. Ошентсе да, көпчүлүгү анча-мынча мектептен окуганы, кинодон көргөнү, анан ар-ар кимдерден уккан-билгени болбосо, дээрлик сүрмө топ менен эле келе жаткансыйт. Адамдын жан-дүйнөсүн байытууда, тазалоодо китептин ордун ээлей турган нерсени адамзат азырынча ойлоп таба элек. Анткени, баарынан Сөз улуу. Адегенде Сөз жаралган.
Кээде согуштан кийинки муун бактылуу экенбиз деп да кетем. Эл жапырт билимге аттанып, ар бир жаңы китепти тытып окуп, баалуу идеялар менен азыктанып, тирүүлөр бүгүн "Бейишке барабыз" деп умсунгандай, коммунизмдин караанын издеп, чоң максаттар менен жашаган экенбиз. Ал эми бүгүн болсо, "Бар бололу! Бай бололу!"-деп ураалап жүрүшөт. Байлыгыбыз ашып-ташып, мартабабыз жогорулап, итибиз чөп жеп калса, ашып кетсе америкалыктарча болоорбуз. Өзүмчүлүктүн заманы. Тууганчылыкты мындай кой, бир жатындаштын, ата-баланын ортосу алыстап, мамиле өзгөрөрү турган иш. Аз болсо да кыргыз эзелтеден өз каада-салтынын күчү менен сакталып, жашап келе жатат. Мына кептин нугу кайда.
Чыкем тууралуу ойдон алыстай түшкөнүм. китеп окулбай калды деген сөздөн улам болду окшойт. Эми 80 жылдыгы өзүнүн көзү барындагыдай болмок кайда. Ондон бири жасалса шүгүрчүлүк. өткөндө, Шекерде маркумдун 52күндүгү өткөрүлдү. Албетте, бул Чыкеме болгон элимдин улуу ызааты, анын арбагына таазим кылуусу экендигин эч ким танбайт. Бирок, жеке пикиримде бир аз күтө туруп, октябрь-ноябрь айларында эле Кыргыз Өкмөтү жана азыркы боло турган чыгымды чогултуп туруп дүңгүрөтө той берсе, Чыкеңдин мааракеси Шекерден башталып, андан ары ааламга карай уланып кетсе, кандай сонун болмок. Муундан- муунга айтарлык мурас кептер калмак.
Ажал айтып келбейт тура, Чыкени кокусунан эле колдон алдырып жибергендей болуп калдык. Быйыл кыргыз жазуучуларынын "Арашан" чыгармачылык үйүндө эс алып жүргөндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев аксакал мага минтип айткан эле: "Чыңгыз кайтыш болоордон мурдараак жолугушуп сүйлөшүп отурдук. Ошондо ал мага "Түшүм жаман болуп жүрөт"-деп калды. Мен: Жашың 80ге таяп калды. Континенттен континентке, өлкөдөн-өлкөгө кыдырып көп жүрөсүң. Ден-соолугуңа зыян. Кыдырганды азайтсаңчы" десем, "Мобул 80 жылдык мааракени өткөрүп алайын. Анан азайтам. Ар кандай абройлуу уюмдар, өлкө башчылары урматтап чакырып жатса, баш тартууң да ыңгайсыз экен"-деп айткан.
Ошондо акын ага бул сөздөрдү муңканып айтканы али эсимде. Татарстанга баратканда самолеттун кондиционеринин тушуна отуруп калып, өпкөсүнө суук тийгизип алган деп айтышат. Эмнеси болсо да Улуу уулубузду сактай албай калдык, Кыргызым!
Ушул макаламда бир окуя тууралуу кыстара кетүүнү туура көрдүм. Өткөн жылы жайында жазуучу агабыз Элүүбай Отунчиев, бакыяндык ишкер Аскарбек Мырзабеков үчөөбүз таң эрте Аскарбек акенин "Нивасына" отуруп, Шекерге бардык. Түз эле Чыкенин классташы Бекмамбетов Сейталынын үйүнө барсак, ал көлгө эс алганы кетиптир. Кой эми деп, анан Чыкенин жакын тууганы Керимсейит акени издештирип таптык. Чай үстүндө сөзгө сөз уланып, келгендеги жөн-жай ортого салынды.
"Эртеби-кечпи, пенденин башында бир өлүм туру", - деп айттык Керимсейит акеге. - Андан Чыкем да, ушул ойду козгоп олтурган биз да эч кайда кача албайбыз. Кыргыз эзелтеден эле керээз-мурасын үй-бүлөсүнө, туугандарына айтып келген. Чыкеме кудай өмүр берсин. Бирок, "Жаман айтпай, жакшы жок" дегендей, кокус көзү өтүп кетсе, сөөгү ушул Шекердеги Жер үйгө коюлса жакшы болоор эле. Бул жер кыргыз үчүн ыйык жайга айланмак. Таластын башы Манас Ордо, аягы Чыңгыз Ордо болуп, жол оңолуп, мейманканалар, башка жайлар курулуп, чет элдиктер келип, туристтер байма-бай каттап, элибиздин этикалык-эстетикалык байлыгы артып, башка элдер менен теңата болуп, зор өзгөрүүлөр жаралмак. Толстойдун Ясная Полянасы кандай болсо, Чыкемдин Шекери да адбияттын, маданияттын чордонуна айланмак. Ушул сөздү тең тууган катары кулагына салыңыз. Эстүү адам, ойлонуп көрөөр. Анан калса, Ашым Жакыпбеков деле ушул жерде жатпайбы".
Айтылган ойду Керимсейит аке да туура көрүп отурду. Акыры акылдашып, бир чечимге келип, Керимсейит аке Бишкекке жөнөмөк болду. Ал: "Жалгыз барбайын. Бирөөңөр кошулгула. Мага шерик болосуңар. Ары айтылган сөздү угасыңар" деди. Макул көрүп, Эликени чогуу барууга ынандырдык.
Ырас эле эки жумадан кийин экөө тогошуп, Бишкекке барып келишти. "Чыкең Көлдө экен. Келгиче бир жумадай күтүп жаттык"-деп келишти. Ортодо кандай кеп болгонун Эликем өзү айтаар. Бирок, Чыкемдин сөөгү Ата-Бейитке коюлуп калды.
Ошо "Арашанда" эс алып жүргөндө бир мерте Кыргыз Эл акындары Сүйүнбай, Сооронбай аксакалдар, Анатай аке болуп Ата-Бейитке барып, Чыкемин арбагына атап куран окуп, таазим кылып келгенбиз. Жеке пикиримде Чыкемдин жаткан жайы мени ынандырган жок. Сталиндик репрессиядан курман болгон 138 маркумга арналган комплекстик жайга канткен менен Чыкемдин бейити коошпой турду. Бул өз алдынча аздектеле турган ыйык жай эмес беле. Чыкемдин бейити өзүнчө болуу керек эле да. Жер тар. Ырас, шаардыктар, коноктор үчүн, анын үй-бүлөсү үчүн жакын экендиги талашсыз.
Азыр да Чыкенин сөөгү Манас Чокунун түбүндөгү өз Ата-Конушунда жатса болмок деп өкүттө жүрөм. Анын үстүнө Көк-Сайдан аркы көк мелжиген кош чокунун бирине "Чыңгыз Чоку" деп анын ысымы ыйгарылбадыбы. Кош чокунун түбүн акырындап дүйнөлүк маанидеги аббат жайга айлантууга болот эле го. Ташкул Керексизов деген азамат көл жээгине "Аалам Ордо", "Ташкул Ата-Рух Ордосу" деп ажайып эки жайды жеке өз каражатынан эле куруп койбодубу. Буга көлдүк туугандарыбыз өзгөчө сыймыктанышат экен.
Бизде жокпу андай азаматтар. Суук көздөрдөн, суук сөздөрдөн сактасын, шайлоо алдында эле дүйнөсүн оңду-солду чачып, эл арасын дүрбөтпөй эле, келечекти ойлоп, эл жүгүн аркалаган азаматтар чыгат эле го бизден деле.
Айт-айтпа, эми бул өтүп кеткен иш. Эл арасында "Чыкемдин керээзи ушундай тура" деп айтылып жүрөт. Бул кепке мен таптакыр ишене албай койдум. Ата-Бейиттин маани-салмагын жакшы билген Улуу даанышман эч убакта минтип аттап айтмак эмес. "Аларча" көрүстөнүн аттап кетүү жөнүндө ал кишинин оюна келген да эмес болсо керек. Бул тирүүлөрдүн эле ойлоп тапканы.

Тургунбек БЕКБОЛОТОВ










??.??