presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж. Бийликтен чындык таппадык
"Ачык саясат" гезитинин башкы редактору
Бабырбек Жээнбековго
Ош областынын Карасуу
районундагы Папан айыл-
өкмөтүнүн тургуну, эл өкүлү
Жээнбаев Алтынбектен

Менин арыз берүүмдүн себеби, Карасуу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабеков Медербектин учурдагы жүргүзүп жаткан иштериндеги одоно кемчиликтери жөнүндө. Бул тууралуу мурда райондук мамлекеттик администрацияга, Ош областтык мамлекеттик администрацияга, Ош областтык прокуратурасына, Башкы прокуратурага, республикалык госрегистрге, республикалык архитектурага, республикалык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттигине, вице- премьер-министр Э.Ибраимовага кайрылганбыз. Ал кайрылууларга кетирилген кемчиликтерди көргөзгөн арыздар жана Папан айылдык кеңешинин депутаттарынын эки жолку ишеним көрсөтпөө тууралуу токтомдору кошо тиркелген. Ошол кайрылуулар боюнча айрым текшерүүлөрдүн жыйынтыгы төмөндөгү фактылар менен далилденди:

1. Райондук комиссиянын
жыйынтыгы боюнча:

а) Жазгы тала жумуштарына бөлүнгөн 32 т. күйүүчү майдын 30 тоннасы айыл өкмөтүнө алынды делинген, бирок элге жеткен эмес. Бул күйүүчү май боюнча элге таркатылды деп жалган ведомость түзүлгөндүгү аныкталган.

б) Жер титирөөдөн улам элге гуманитардык жардам катары берилген ундун ар бир кабына 50 сомдон 70 сомго чейин кошуп сатылган.

в) Гуманитардык жардамга берилген электр жана көмүр печкаларын айыл өкмөтүндөгү активдер бөлүп алышкан. Ал эми жаңы кышкы курткалар, уктоочу каптар, резинка термостор карапайым элге таркатылган эмес.

г) Айыл өкмөтүнүн жер берүү тууралуу жаңы чыгарган токтому үчүн ар бир жарандан 1000 сомдон акча чогултулуп жатат. Ал эми жер таратып берген жарандардан "үлүш жерди берип жатабыз" - деп 4305 сомдон алып жатышат.

2. Республикалык мамкаттоо агенттигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 75 адамга жаңы токтом чыгарылып, эски токтомдон ошончо карапайым элди чыгарып таштаган, 59 жаранга экинчи жолу токтом чыгарган. Бул адамдар мурда жер алышкан.

Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзабеков иштегенден бери, айыл өкмөттөгү конторасында бир жумада болсо бир жолу болот, болбосо жок. Мөөрдү айыл өкмөттө иштеген көрүнгөн адиске таштап коюп, өзү башка жактарда жүрөт. Справкага келген карапайым эл таба албастан, жумалап жүргөн күндөрү болууда. Мөөр көрүнгөн жерде басылат. Ушундай кылмыш жообуна тартыла турган иштерге карабастан губернатор, райаким аны балапандай коргоп келет. Натыйжада, Папан эли азыркы учурда эки тарапка бөлүнүп, өтө кыйын абалда калууда. Айыл өкмөт башчысына Бишкектен келген комиссия жер таратуу токтотулсун десе да болбой, өз билгенин жасап, жер алышка акысы жок адамдарга түндөп-күндөп жашыруун жер таратып берүүдө. Натыйжада, карапайым эл жерсиз калууда. М. Мырзабеков Кыргыз Мамлекетинин мыйзамына ылайыксыз иш кылып жатса да, райакимдин коргоп, сактап калуусун кандай түшүнүүгө болот?

Бул жерде
чоң коррупция жатат

15-октябрь күнү, саат 14тө эл талаага келип, өз-өзүнүн участокторуна түшүштү. 15:00 - 16:00 чамасында омондор, Карасуу районунун прокуратурасынан, раймилициядан, акимиаттан келишти. Чогулуш өткөрүлүп 3-4 саатка созулду. Боюнда бар аялды, Абатова Сүйүмканды, бирөө түртүп ийип, ал жыгылып калган. Ал аялдын жанында турган бирөө чыдабай, топурак чачып жиберген. Анан эле прокурор приказ берип, омондор элди сабап киришкен. 15 адамды арестовать этип алып кетишкен. Бир аял өтө сабалган. Сүйүмкан Абатова ахвалы начарлап, реанимацияга жеткирилген.

Урматтуу "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков!

Мен чындыкты жазгандыгым жана чындыкты бетке айткандыгым үчүн үйүмө телефон чалышып, "эгер бул иш боюнча териштирүүнү токтоттурбасаң, сени күм-жам кылып өлтүрүп кетебиз", деп мага улам-улам эскертишүүдө. "Сени издеп жүрүшөт, этият бол" - деп карапайым калк кабар бергендиктен, эркин баса албай, коркунучта калдым. Менин ушул арызымды гезитке жарыялап, үнүмдү президентке жеткирип коюуңузду суранам.

Арыз ээси:
Жээнбеков Алтынбек
Папан айыл өкмөтү,
Карасуу району.
20.10.2008.




Добулбас
Жогорудагы окурманыбыздын арыз-муңун жеринен текшерип, гезиттин баяндамачысы Гүлниза Молдокулова экөөбүз Оштон жаңы эле кайтып келдик. "Ала-Бел" ашуусунда калып, түнү менен алгачкы кардын суугуна кайыгып, көк муштум болуп үшүгөнүбүз бир тең, байыркы Ош шаарынан ала чыккан таасирлер, угуп-көргөндөрүбүз жүрөгүбүздү өйүп, "деги биздин кыргыз мамлекети кайда баратат?" деген ызалуу суроо андан ашып түшүп, ал жиниккен карга айланып, өчүн ошол суроого жооп издеп, таап-таба албай ортомчу болуп ортодо жүргөн бизден алчудай сезилди. Кандай болгон күндө да биз, "Ачык саясаттын" кабарчылары, 2008-жылдын алгачкы, аруу, аппак карын 24- октябрдын таңында атактуу "Ала-Бел" ашуусунда, андан соң Суусамыр өрөөнүндө тостук.
Ал эми кыргыз мамлекетичи? Ал өзүнүн аруу, аппак карын кайсыл ашуудан тосот?
24-октябрда гезиттин эки кызматкери менен айдоочусу кабылган абалга кыргыз мамлекети качан кабылды эле. Жан таттуу экен, арылдаган шамалга, үшүп-тоңгонубузга кайыл болуп, араңжан машинебизди түрткүлөп жылып отуруп ашууга чыктык, түзгө түштүк.
А сен эмне үчүн анте албайсың, шордуу Мекеним? Ушу Гүлниза кызча жоксуңбу? Акаевдерден көргөнүң аздык кылып, эми Бакиевдердин астына суналып жатып бергениң жарашат окшойт, сенин көптөгөн уул-кыздарыңа.
Мектепте окуп жүргөн курагыбызда коңгуроо, шыңгыроо дегенди көп эле уксак керек эле, баарыбыз тең. Ошол коңгуроо, шыңгыроо баарыбызды класска айдап кирээр эле, окуудан таратаар эле. Кыскасы, бардык окуучулар коңгуроо-шыңгыроого баш ийээр элек.
Бүгүнчү? Баарыбыздын кулагыбыз кер, көзүбүз көр, жан-дүйнөбүз аңгырап жайдак, кыпындай ыйык эч нерсебиз жок-боштук. Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин, кыргыз жеринин, кыргыз биримдигинин эч кимге кереги жоктой. Көр сезимди жалаң эле байлык менен бийлик ээлеп алгандай…
Мүмкүн, маңыроо, ээрчиме, аңкоо, кошоматчы кыргыздарга ДОБУЛБАС керек болуп жүрбөсүн! Илгери Манас атабыз жортуулга аттанарда добулбас урдурчу экен го.
Жарыгы жок караңгы тамыңдын бир бурчунда бүрүшпөй сыртка, жарыкка, боштондукка умтул, шордуу кыргызым. Гезит бетинен атайын сен үчүн ДОБУЛБАС рубрикасын ачып отурабыз. Максатыбыз - эл башчылары аталып, бирок ошол элди жоготуу аракеттерин жасап жаткан бийлик ээлеринин жүргүзгөн саясаттарын "Ачык саясаттын" беттеринен ачык берүү.
Бизди окугула, бизге жазгыла, бизге келгиле. Гезитибиздин келерки санынан Ош шаарынын бир өңүрүндөгү жер талаштан чыккан экинчи Ош тополоңу, милиция менен элдин кагылышы (бул жөнүндө бир дагы басма сөз каражаты, маалымат агенттиги айткан да, жазган да жок), республикалык, областтык, райондук, айылдык бийликтин караламан калкка мамилеси, укук коргоо органдарынын зомбулугу жана башка көптөгөн маселелерди камтыган.
Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнөн жазылган макалалар топтомун берип баштайбыз. Бир айыл өкмөтүнүн мисалынан, ар кимиңер өз айылыңардагы, шаарыңардагы көйгөйлөрдү көрө аласыңар деп ойлойм. Себеби, "үй-бүлөлүк" саясат Кыргызстан деген шордуу өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында гана эмес, борборунда да коендой окшош ыкмалар менен бир гана багытта-байлык топтоо максатында гана жүргүзүлүп жаткандыгы жашыруун эмес, жаңылык да эмес.

Бабырбек Жээнбеков,
Башкы редактор










??.??