presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж.
  К А Т К У Р Ж У Н

Султановго сурак барбы?
Кыргыз Республикасынын
президенти
К.С.Бакиевге!

КРнын Мамлекеттик катчысына!
КРнын Башкы прокуроруна!
КР Маданият министрине!
КР Эл Баатырлары
С.Эралиевге, Т.Касымбековго, С.Жусуевге!

КР Улуттук жазуучулар Союзунун секретариатына жана
президиумуна!

Сокулук районунун аксакалдарынын жана Ички иштер башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн 200 дөй кызматкерлеринин атынан сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө, акын-жазуучу Омор Султанов деген адам Аскар Акаевдин тапшырмасы менен калтырып кеткен осуятын пайдаланып, соттордун жардамы менен Сокулук ички иштер бөлүмүн иштеп турган имаратынан кууп чыгарганы калды. Окуя мындайча башталган. Жазуучулар менен Акаевди жерге-сууга тийгизбей мактап, сөзүнүн аягында бир табышмактуу өтүнүч менен бир кат тапшырат. Ошол катында Сокулук ички иштер бөлүмү ээлеп турган имаратты бошотуп берүүсүн өтүнгөн. Ал имаратты сатып алуу үчүн акысын төлөгөн Сокулук районунун жараны дунган улутундагы Гурба болгон. Болгону Омор Султанов башкарымыш эткен, бирок эч кандай иш жүргүзбөгөн "Ысык-Көлдү коргоо" уюмунун атына алынган. Гурбанын башка да бир кылмыш иштерге байланыштуу качып кеткендигине байланыштуу, анын жоктугунан пайдаланып, кожолук менчик тууралуу күбөлүгүн Омар Султанов өзүнө жаздырып алган. Ал эми Гурба учурунда өзү сатып алган имаратты Сокулук ички иштер башкармалыгы менен өз эрки менен алмашып алган. Ушуга карабай Омар Султанов "Ормон опузага" салып, бир тыйын акы төлөбөй, ички иштер кызматчыларын иштеген жайынан чыгарганы калды.
Бул деген мыйзамдын тили менен айтканда -алдамчылык(мошеничество) болуп жатпайбы… Ушундан улам биз "урматтуу" аксакалды оперативдик жол менен изилдеп көрдүк:
1. 1995 - жылы Омор Султанов "Бей-бечералар" партиясынын төрагасы болуп туруп, ошол бечараларга берилген он тракторду ың-жыңсыз жоготуптур.
2. "Ысык-Көлдү коргоо" деген баягы иштебеген жалган уюмга Тоң районунан 17 гектар жер бөлдүрүп алып, азыр орус-казак бизнесмендеринен кардар издеп жаткан чагы экен. Ал жерди жердешчилик, коррупциялык ыкма менен берген Ысык-Көл областынын губернатору Э.Өмүралиев иштен алынганда, "Агым" гезитине Бакиев кетсин ниетиндеги каттарды өзү баш-көз болуп туруп жазышты.(койгон колу, гезит бар)
3. Эч кандай тиешеси жок туруп, Билим берүү министрлигинен бир кабинет, шаардын чок ортосундагы өкмөткө тиешелүү имараттан бир офис алып, бирин көңүл ачуучу жай катары кармап, экинчисин арендага берип, киреше булагы катары пайдаланып келет. Билим берүү министри болуп Нур уулу Досбол келгенде, ошол кабинетинин бирин мекемеге кайтарганда, кызуу болуп алып элдин көзүнчө, өзү жок болсо дагы, сөккөн дешет.
4. Моралдык-этикалык эреже-нормаларды Омор Султанов уруп ойнобойт дешет. Чала-була зордук, богооздук бул адам үчүн көнүмүш адатка айланган. Бул маселелер кадимки ЦКда каралып, Султанов кызматтан алынгандыгы гезиттерге далай жарыяланыптыр. Эмне үчүн өмүрүндө калпак кие албастыгы, Манас бабабыздан көрө Коңурбай жөнүндө дастанды жакшы көрөөрлүгү, дагы толгон токой окуяларды айтууга ооз барбады.
5. Жазуучулар Союзуна дагы ушул жогоркудай ыкма-алдамчылык жол менен жетекчи болгусу келип жатыптыр. Союздун кеңейтилген пленумунун протоколун өзү оңдоп алып, мен жетекчимин деп олтуруп алды. А чынында чечим кабыл алууга кворум болбогондугу жөнүндө далилдер турат.
Ушул жогорудагы айтылган далилдүү ойлордун негизинде Омор Султановдун кылык-жоругуна акыйкат баа беришин жана Улуттук жазуучулар Союзунун жетекчилигине татыксыздыгы жөнүндө маселе каралуусун өтүнөбүз. Ошондой эле 200дөн ашык ансыз да кыйын абалдагы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иш кеңсесине көз арткан жазуучу агайга, бизди жайыбызга кой демекчибиз. Катуу айтылган фактыларды далилдөөгө болгон мүмкүнчүлүктөр менен көмөк көрсөтүүгө даярбыз.

З.Ибраимов, Д.Данияров,
ж.б. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн 20 кызматкеринин
колу коюлган.




Пикир айтууга укугу жокпу?
Жергиликтүү Кеңешке шайлоолор бүткөндөн кийин мамлекеттик мекемелердин, күч структураларынан жер-жерлерге "шектүү" деп эсептелгендерге "чабуулу" башталып, өлкөдө 1937-жылдагы репрессиянын коркунучу каптап келе жаткандай сезим калтырат.
Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынын тургуну Закир Нурбаев көп мезгилден бери "Ата Мекен" партиясы менен тыгыз байланыш түзүп келген. Өлкөдөгү саясий кырдаалдарга, экономикалык кризистерге карата талкууларга жеке пикирин айтканы болбосо, коомдук түзүлүштү кулатуу тууралуу ою деле жок болгон. Чөйрөгө таасир көргөзүүгө жетиштүү каражаты болбосо, же беделдүү кызматта иштебесе, анын мыйзамга каршы чыгып, бийликти күчкө салып тартып алууга чакырыктар менен чыгышы деле күмөндүү көрүнүш эмеспи.
Закир Нурбаевдин "Ата Мекен" партиясынын көрсөтмөлөрү менен иш жүргүзөрүн танбайт, азыркы күндө эл ичи тынч, күзгү талаа иштери али бүтө электиги да ал тарабынан ачык белгиленет. Бирок, Кара-Буура районунун прокурору Б.Жаанбаев 2008-жылдын 18-октябрында З.Нурбаевге "алдын ала эскертүү" жөнөтөт, анда, "үстүбүздөгү жылдын 11-октябрынан тартып, райондук аймагында коомдук саясаттык абалдын стабилдүүлүгүнө каршы жана бийликти күчкө салып тартып алуу, конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө аракет кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын КЖКнын 297-беренесине ылайык "кылмыш жоопкерчилигине тартылары" белгиленген.
"Укмуштуунун төөсү жорго", - дегендей З. Нурбаев "Ата Мекен" партиясына мүчө болуп, ошол партиянын уставына, программасына ылайык иш жүргүзүүгө, коомдук турмушка жеке пикирин айтууга жана билдирүүгө укуктуу эмеспи?!
Ал эми прокуратура тарабынан коюлган айыптоодо З. Нурбаевдин "Жаңы Кыргызстан" партиясына идеялык жактан да эч качан бир нукка кошулбай тургандыгын райондук прокурорунун айырмалай албагандыгына "тоб-о-о!" - дегенден башка эмнени айтсак болот?..
Же бийлик тарабынан жер-жерлердеги прокуратурага мынча адамды "Жаңы Кыргызстан" партиясына мүчө кылып, дагы мынчасын "Элдик Революциялык Кыймылдын" мүчөсүнө киргизип, жоопко тартууга көргөзмө алышкан беле?
Тынч эмгектенип, бейкут жашап жаткан элди бийлик өзү ушинтип коозутуп, эл буга нааразы болсо, аны шылтоо кылып, репрессияны баштоого көргөн даярдыгыбы? Айтор, абайлагыла, өлкөдө 37-жылдын карааны кыдырып жүргөнсүйт!

Мурадил ТУТКУЧОВ




Кирешеден кур калдык
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка айылына Айтыш Шайыпов жетекчи болуп келген. Ал 1962-жылы айылдын чыгыш жагына алма көчөтүн тиктирген эле. Алма дарагы жетилгенде, кароосуз калып жок болду.
Экинчи ирет кайрадан көчөттөр тигилип, ал дагы кыркылып жоголду. Үчүнчүсү, эски мектептин ордуна тигилип, эки адам иш орду менен камсыз болгон. Ал тигилген алма бак дагы дайынсыз кетти.
Ошентип, 1989-жылы Зарлык Мусаевдин жетекчилигинин алдында "Булуң" жер тилкесине кайрадан алма көчөтү отургузулат. 1991-жылы жалпы элдик жыйын өткөрүлүп, Акылбеков Жаныбек, Кулжыгачов Мелис, Искаков Мансур жана мен, Караев Мукаш дыйкан чарба болуп, бөлүнүп чыктык, тилекке каршы райакимчиликтен үчөөнө дыйкан чарбасына чыксын" деген чечим чыгарылып, мага чечим чыкпай калган эле.
Ошого карабастан, 50 жашымдан баштап, эч жактан эмгек акы, же башка жардам албай, алма бакты карадым. Кийин, жалпы эл дыйкан чарбасына таркатылды. Мага жана менин үй-бүлөмө 6,73 га жер үлүшкө бөлүнгөн. Ал беде аянты болгон. Бирок, менин үлүш жерим айылдын чекесинде болгондуктан, 3,78 га жериме 2 катар көчө түштү. Эл депутаттарынын айылдык Кеңешинин 1991-жылдагы 22-октябрдагы №36 токтому менен көчө түшкөн үлүш жердин ордуна "Булуң" жер тилкесинен, алма бактан жер бөлүп берүүгө чечим чыгарылган.
Пайдаланылбаган бул жердин салыгын 1995-жылдан 2003- жылга чейин төлөп келгеним менен бул жерди ушул кезге чейин ала албай келем. Ошентип, он бир жылдан бери мыйзамдуу үлүш жеримдин 3,78га аянты калыбына келтирилбей келет. Орто эсеп менен 3,78 га жерден 30 миң сом киреше түшкөндө, үч жүз отуз миң өлчөмдө зыян тартып отурам. Ал эми айыл өкмөтү ушул мезгилге чейин турак-жай курууга алынган жердин маселесин чечпей, канча кирешеден куру калдык?
Калыстык кылып, биздин арыз-муңубузду угуп, чечип берер жер бар болду бекен?

Мукаш Караев,
Нарын облусу, Ак-Талаа району, Куртка айылы.




Күйүтүбүздү туура чагылдырыпсыңар
Биз, Талас шаарында жашап жаткан согуштун, эмгектин ардактуу ардагерлери "Ачык саясат" гезитинде жарыяланган "Ак үйдөн акыйкат издеген аксакалдар" деген сын материалды окудук. Биздин сегиз жылдан бери датыбыз эч жерде угулбай, СССР мезгилиндеги карыяларды жакшылап тейлегиле - деп бөлүп берген Талас шаарынын Биринчи Май көчөсүндөгү №26 дүкөндү облусттагы мүлк фондусунда иштеген мыкчыгерлер Саякбаев Көчкөн менен Осмоналиев Карагул кол ийрисине тартат болуп, 1998-жылы К.Саякбаев бир тууган иниси Жайлоонун аялы Гүлжан Жумалиеванын менчигине өткөрүп бергендиги анык. Карагул Осмоналиев сатуу жана сатып алуу комиссиясынын төрагасы болгон.
Муну абдан туура көргөзүпсүздөр. Карыяларга айтпай, жашыруун сатышы көп сырдуу экенин билгизип отурбайбы, 18 200 сомдук дүкөндү 1800 сомго карыялар өзүбүз деле алмакпыз…
Бүгүнкү күндө карыялар баш кошуп турар жайыбыз жок калдык. Майрамдарда, белгилүү бир мөөнөттөрдө чогула калып, жарпыбызды жазып алар жерден ажырадык."Эси жок уул элди кыйнайт" деген ушул. Ал эми укук тармагында иштеген сотторго деле айла жок, "Мыйзам буйлаланган төө" экендигин көргөзүп келе жатпайбы?Эмнеси болсо да 8 жыл бою биздей карыларды темтеңдетип бүтүрүштү. Айла жок, датыбыз эч жерге жетпейт. Мүдөөбүз аягына чыкпайт.
Бүтүндөй кыргыз элине биздин үнүбүздү жеткирген сиздерге, эмгек жамааттарыңыздарга ыраазыбыз.
Ардагерлер:
Молдалиев Абылгасы, Сырымбетов Дүйшөнбек,
Некрытов Владимир,
ж.б. 12 адам кол койгон.










??.??