presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж.
  Болот Шерниязов:

"Назарбаев кыргыздардын Каркырасын эмес, кыргыздардын намысын, тарыхын тартып алды"
- Болот Эсентаевич, өткөндө сизди Кыргызстандагы бир гезит, "Шерниязов биротоло Америкага көчүп кетти" деген маалымат таратты. Буга эмне дээр элеңиз?
- Ушундай макала чыкканын мага Равшан Жеенбеков айтты. "Агым" гезитине, анын мурдагы кожоюну Эшимкановго, Эшимкановдун азыркы кожоюндарына да айтаарым, орусча айтканда "не дождётесь". Менин АтаМекеним Кыргызстан. Мен буларга кыргыздын бир макалын эстерине салып кетейин, "Эр жигиттин мекени-энеден түшкөн жери, ит мекени-жугунду ичкен жери". Энеден түшкөн жеримди алмаштыргыдай, мен айбан эмесмин.
- Ушу тапта кыргыз оппозициясы биригүүнүн жолуна түшкөндөй. Сиздин оюңузча азыркы оппозиция биригип, бир талап менен чыга алабы?
- Азыркы учурда оппозицияда да, бийликте да, башаламандык өкүм сүрүүдө. Бул башаламандык кыргыз элине эч убакта жакшылык алып келбейт. Бийликте дагы, оппозиция да дагы, кыйындар көп. Ошол кыйындардын көп болгондугунан элибиз кыйналып, минтип тезек терип жатат.
- Ушул айда "Лица" гезитине БШКнын мурдагы мүчөсү Жылдыз Жолдошева маек берип, анда өткөн парламенттик шайлоодо "Ата-Мекен" партиясына 19 мандат бөлүнгөндүгүн, ортодо кандайдыр бир соодалашуу болгондугун кыйытып өткөн. Дегеле ошол сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Жылдыз Жолдошева БШКнын ошо кездеги мүчөсү катары айтып жатат, "19 мандат бөлүнгөн"-деп. Бул көчөдөгү адамдын сөзү эмес. Мен ошол кездеги "Ата-Мекен" партиясынын шайлоо штабынын жетекчиси катары айтып коёюн. Биз ал шайлоодо чындыгында утушка ээ болгонбуз. Мандатты бизге ким бериш керек эле? Бакиевби? Качып кеткен Кабиловабы? Же ошол Жолдошевабы? Эл бериш керек болчу. Эл бизге мандатын берген. Бирок, ошол элдин бизге берген мандатын же алардын добушун ким жеп койгон? Албетте, азыркы бийлик. Эртеби, кечпи, "Ат айланып казыгын табат" дегендей эле, элибиздин добушун уурдагандар, эл алдында бул иши боюнча жооп берет. Саясатта оозу ачыктык, бул чыккынчылык. Биз көбүнчө ушундай оозу ачыктардан, бакан ооздордон, чыккынчылардан жабыр тартып келебиз.
- "Ата-Мекендин" тизмесинен Кубатбек Байболовду алдырып салуу үчүн, Акүйдөгү бир адам 2 миллион доллар сунуш кылган дешет. Бул боюнча эмнени айта аласыз?
- Эми сүйлөшүүлөр болгону чындык. Көп эле сүйлөшүүлөр болгон. Анын элге айтчусу дагы бар, айтпачусу да бар. Убагы келгенде бул сөздөр айтылат.
- Саясатчы катары айтсаңыз, бүгүнкү күндөгү бийлик менен оппозициянын жаңы нуктагы тирешүүсү кандайча өнүгөт?
- Бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн көздөгөн көмүскө күчтөр бар. Алар атайылап ушундай тирешүүлөрдү жаратып, өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору койгонго аракет жасашат. Бул өтө коркунучтуу симптом. Анын аягы жакшылыкка алып келбейт. Менин коркконум, ошол күчтөр ортого от жагып, анан "стабилдүүлүктү орнотобуз" деген шылтоосу менен, Кыргызстанга кирип келбесе болду. Ошондуктан, эгер биз Кыргызстанды сактап калабыз десек, ойлонуп иш жасашыбыз керек. Бийлик дагы, оппозиция дагы, жеке кызыкчылыктарын Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгынан жогору койбошу керек. Бийлик өз бийлигин сактап калуу үчүн, Кыргызстандын келечегин соодалап жатат. Мунун арты жакшылык менен бүтпөсүн, бөркүңөрдөй көргүлө. Азыркы акыбалыбыз өтө оор. Акыл калчап иш кылбасак, мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу бар.
- Америкалыктардын "Ганси" аскер базасын Кыргызстандан чыгаруу талаптары, акыркы кездерде актуалдуу маселелерге айланып баратат. Оюңузду ортого саласызбы?
- Америкалыктардын аскер базасынын "Манас" аэропортуна жайгашышына, мен депутат кезимде эле каршы болгом. Ошол кезде азыркы ажобуз Курманбек Салиевич өкмөт башчысы болчу. Мен ага парламенттен мындай суроо бердим эле, "Эртең бизге келчү конокторду биз кайсы жерден тосуп алабыз? "Манас" аэропортунанбы? Же америкалыктардын базасынанбы?"-деп. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды талап-тоноп кетчү күчтөр көп. Бирөөлөр айтып жатпайбы, "орустар менен дос болушубуз керек, америкалыктар менен душман болушубуз керек"-деп. Жок. Менимче андай саясат жүргүзгөнгө Кыргызстандын кудурети жетпейт. Биз, орустар менен, кытайлар менен, америкалыктар менен, ошондой эле кошуна мамлекеттер менен достук байланышта болушубуз керек. Американын аскер базасынан башында Аскар Акаев 250 миллион доллар төлөтмөк болгон. Азыр анын көлөмү 17 миллион долларга түшкөн. Россиянын Кыргызстанда үч базасы бар. Панфилов районунда, Жети-Өгүз районунда жана Кант шаарында. Алардын бизге канча каражат төлөп жаткандыгын ким билет? Кошуна казактар "Байкоңур" космодрому үчүн Россиядан 100 миллиондон ашуун доллар алышат. Америкалыктардан 17 миллион доллар алгандан көрө, алардын 50 штатына 200дөн улан-кыздарыбызды жөнөтсөк, бир жылда 10 000, он жылда 100 000 адамыбызды жумуш менен камсыз кылып, экономикабызды көтөргөнгө жакшы шарт түзүп алат элек го? Экинчиден, Америкадан билим алышып, алардын бай маданиятын бизге алып келишмек. Ушундай алакаларды түзсөк болмок.
- Каркыра жайлоосу боюнча катуу кармаштыңыз эле?
- Кан Манастын Каркырасы боюнча кармашымды, кара башым кара жердин алдында калганча күрөшөм. Каркыраны каратып алган Нурсултан Назарбаев Манастын арбагынан улуу эмес. Назарбаев Каркыраны алган жок. Назарбаев кыргыздардын 600 гектар жерин алган жок. Эгер ал кишиге 600 гектар жер керек болсо, каалаган жеринен кесип бермекбиз. Назарбаев кыргыздардын намысын алды. Назарбаев кыргыздардын тарыхын алды. Эртең көрөсүңөр, Каркыраны талашып тартып алган казактар, Манасыбызды талашат.
- Каркыраны кайтарып алуунун жолдору барбы?
- Мен бул боюнча Нурсултан Назарбаевге эле эмес, казак интелигенциясынын өкүлдөрүнө дагы кайрылдым. "Эмне болуп атасыңар?", "Бул Назарбаевдин кылганы эмес, казак-кыргыз достугунун душмандарынын кылганы"-деп. Каркыраны казактарга кетишинен, эки элдин болгон достугуна доо кетти десек болот. Каркыра боюнча күрөш, качандыр бир кездерге чейин уланат. Эртең бизден, "Манас менен Коңурбайдын сайышкан жерин", "Кошой балбан менен Жолой балбандын күрөшкөн жерин", "Аккуланын чыккан жерин" көргөзгүлөчү?-десе, эмнени айтабыз? Намысыбызды, тарыхыбызды тарттыргандан кийин, кайсы бетибиз менен Манастын арбагына сыйынган болобуз?
- Кечээги өткөн шайлоолор боюнча, кеч болсо дагы пикириңизди уксак?
- Шайлоо деген түшүнүктөр бизде "спецоперация" деген түшүнүктөргө алмаштырылган. "Спецоперацияны" биздин бийлик Россиядан көчүрүп алган. БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын кайрылуусу, азыркы бийликтин легитимсиз экенидигин далилдеп берди. Анткени, парламентке дагы, Бакиевге дагы, шайлангандыгы тууралуу мандатты БШК берет. Парламент легитимсиз болгондон кийин, алар кабыл алган токтомдордун баарысы жараксыз. Алар дайындоого макулдук берген өкмөттөн курамы легитимсиз. Өкмөттүн кабыл алган чечимдеринин бүт баарысы легитимсиз. Атургай, Каркыра боюнча кабыл алган токтомдор дагы легитимсиз болуп калат.
- Учурдагы энергетика кризиси боюнча, учкай кебиңизди уксак?
- Энергетика тармагы 2003-жылы 1 миллиард 200 миллион таза киреше алып келген. Ошол жылы энергетика тармагын төрткө бөлүүгө жол ачылган. Ошол кезде өкмөт башчысы ким эле? Бакиев болчу. Андан бери эмне болду? Бакиев башкарган 4 жылдын ичинде 4 миллиард сом карыз болуп чыкты. Энергетика тармагы криминалдашып, саясатташып кеткендиктен, ушундай акыбалга жетип отурат. Муну баштаган мурунку президентибиз Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин саясатын, азыркы президентибиз Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев улантып жатат. Ал эми, аткаруучулар ошол бойдон орундарында отурушат. Энергетика системасы боюнча, убагында мен парламенттик комиссиянын төрагасы болгом. Менде бүгүнкү күнгө чейин ал документтер сакталып турат. Азыркы бийликтегилер аны жакшы билишет. Мен силерге мындайча эле түшүндүрүп берейин, "парламенттик шайлоолор кайсы жылдары болду эле?".
- 2005 жана 2007 жылдары.
- Туура. Эми ошол жылдары "Северэлектрого" канча каражат түшкөнүн сурап көргүлөчү? Баарысы ошол шайлоолорго жумшалган. Накталай түшкөн акчалардын баарысын шайлоолорго жумшашып, эми эч нерсени билмексен болуп отурушат. Менде канча каражат кайсы жакка, кайсы иштерге жумшалгандыгы тууралуу далилдүү документтер бар. Балкыбеков кыйын экен мени менен соттошпойбу? Энергетика тармагынын кризиске учурашына, азыркы бийлик керт башы менен жооп бериши керек. Баарынан да мага, президенттин "тезек тергиле" деген сөзү оор тийди. Эртең кошуна казактарга барсаң шылдыңдашат, "тезек бергилечи" деп, өзбектерге барсаң айтышат, "тезек тергени келдиңерби?"-деп. Намысыбызды кайда катабыз? Ушул беле, ажонун айтаар сөзү? Ушул сөзү менен Бакиев кыргыздарды кылымга сөзгө жыкты.
- Америкада эки айдан ашуун болупсуз, эми кайра кетип жатыпсыз. Амеркалыктарга жан тартканыңыздын себеби ушундан эмеспи?
- Мен Америкага Бакиевдин тапшырмасы менен кеткем. Тезек тергенге. Мага өз өлкөмдө иштегенге мүмкүнчүлүк беришпегендиктен, айла жок алыскы Америкада иштегенге мажбур болдум. Менин бир кызым Кытайда окуп жана иштеп жатат. Экинчи кызым Европада. Инилерим Москвада иштешүүдө. Уулум Америкада. Мен кайсы жактын кызыкчылыгын коргошум керек? Кыргызстанга болгон кызыкчылыктар бүгүнкү күндө актуалдуу маселелерге айлангандан кийин, биз ар тараптуу тышкы саясат жүргүзүшүбүз керек. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн бир мамлекетке жакын болуп, экинчи мамлекетке алыс болбошубуз керек. Бул учурдун талабы.
- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"









??.??