presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж.
  Чекеге чыккан чыйкан же алданган дыйкан

Баштан кечирип жаткан быйылкы жылыбыз бийлик үчүн дагы, карапайым калкыбыз үчүн дагы катаал жылдардын бири болду. Былтыркы жылдын этегинде чатак менен келген мыйзам чыгаруу бийлигибиздин, чатактан башы арыла элек. Алар атка мингизген(чынында ажобуз) аткаруу бийлигинин аракетинен майнап чыга элек. Мыйзамчылар төрт пансионат менен Каркыра жайлоосун казактарга энчилеп беришсе, өлүмтүк өкмөтүбүз өзгөчө байлыгыбыз болгон энергетика тармагын менчикке берүү үчүн, атайылап кризиске учуратты. Каатчылык күндөн-күнгө күчөп жатса да, карапайым калкыбыздын кабарын алган адам жок. Быйылкы жылдын кургакчылдыгы, жарыктын жалпы өчүрүлүшү карапайым калкыбызга кандай таасир бергенин бийлик өкүлдөрүбүз билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн. Сугат сууларынын тартыштыгына, жайдын ысык аптабына карабай, дыйкандарыбыз өндүргөн түшүмдүн баасы кандай? Айталы, Түштүктүн пахтасы, Көлдүн алмасы, Чүйдүн буудайы, Таластын төө буурчагы кандай баада сатылып алынууда? Пахтанын килосу 20-25 сом, буурчактыкы 25-30 сом, буудайдыкы 10-15 сом, алма 20-25 сом. Көрдүңүздөрбү? Былтыркы жылдан айырмасы жок. Азык-түлүктүн баасы, күйүүчү майлардын баасы, жада калса талаадагы таштын баасы дагы эки эсе кымбаттады. Эмне үчүн биздин дыйкандар өндүргөн түшүмдүн баасы кымбаттабайт? Таластыктар өндүргөн буурчактын бир килосунун баасы Түркияда 3 доллардан кем эмес экен. Биздеги баа 1 долларга жетпейт. Аба-ырайынын катаал шартынан, таластыктар бир гектар буурчак аянтынан орточо эсеп менен бир тоннадан түшүм алышты. Бир гектар буурчак аянтын иштетүү үчүн кеминде 20-25 миң сом акча сарпталат. Азыркы баа менен сатканда, пайдасы 5 миң сом. Жердин, суунун салыгын төлөсө, өзүнүн өтүгүнө жетет. Тапкан пайдасы же таза кирешеси-буурчактын саманы. Аны таластыктар малга тоют катары пайдаланышат. Буурчактын пайдасын кимдер көрүп жатат? Албетте, азыркы бийлик. Буурчак сатып алган түрктөрдүн башында мамлекеттик чиновниктер отурат. Оңой олжого оолукандар, ортомчулук кылуу менен ортодон пайда көрүшөт. Асмандан түшкөн акчага муюган алкымы чоңдор, азыркы тапта таластыктардын тамагын талашып жатышат. Жергиликтүү элдин айтымына караганда, буурчакты сатып алуу "аферасынын" башында ажобуздун уулу Максим Бакиев турат экен. Ажобуз демекчи, ал киши күз айларынын башында, "муниципалдык базарларды ачып, дыйкандардын түшүмүн сатууга көмөк көргөзгүлө"-деди эле. Ажонун сөзүн эки кылбаган аким, губернаторлор базарларды ачымыш болуп, ортомчуларды кубаламыш эткени менен, колдорунан эч нерсе келген жок. Күнөстүү Кыргызстандын күчтүү коррупциясы, ажонун ал сөзүн алеки заматта эле "ап" этип койгон. Буудай боюнча дагы ажобуз айтты эле, "мамлекет дыйкандардын буудайын 17 сомдон сатып алат"-деп. Ажобуздун андай сөзүн Айыл чарба министрибиз Арстанбек Ногоев менен мамлекеттин кампа башчысы Пайзулла Рахмонов байма-бай кайталашты эле. Этеги эмне болду? Буудайды алган киши жок. Дыйкандар алданган бойдон калды. Азыркы күндө 10-12 сомдон сатып жатышат. Пахтаны былтыр эле "кымбат баада алабыз" дешкен, айткан сөздөрүнө турушкан жок. Ушинтип дыйкандарды алдабай койсо болбойт беле? Болгондо да бул сөз жергиликтүү аким, губернаторлордун оозунан эмес, ажонун оозунан чыгып жатпайбы? Азык-түлүк кризисин дүйнөлүк баага байлаганыбыз менен, дыйкандарыбызды атайылап өзүбүз кризиске учуратып жатпайбызбы? Нарындын майлуу чөпкө семирген малынын этин алгандын ордуна, Кытайдын кыкка семирген малынын этин алып жатканыбыз кандай? Дыйкандарыбызга кредит бербесек же өндүргөн түшүмүн сатып бербесек, анан эле "салыгың төлө" деп алкымдан алсак. Дагы дыйкандарыбыз чыдап жаткан экен. Дыйкандарды карабай койсо мейли эле, алдабай койсо болмок го? Алданган дыйкан акыры барып, чекеге чыккан чыйкан болбосо болду.




Ууланган ун, кууланган ким?
Өткөн жумада Кытайдан келген ууланган ун боюнча чуу чыккан. Бир жылдан бери Кытайдан ташылып жаткан ундун курамында уулуу заттын табылышы боюнча каржы полициясы кылмыш ишин козгогон. Былтыркы жылы "Кыргызресурсы" мамлекеттик ишканасы Кытай тарап менен келишим түзүп, 5 миң тонна унду сатып алмакчы болот. Кытай унунун биринчи партиясы былтыркы жылдын декабрь айында келип, натыйжада баасы 21 сом 90 тыйындан турган 1475.5 тонна ун 15 сом 80 тыйындан сатылып кеткен. Экинчи партиясы 3524.5 тонна ун ушул жылдын апрелинен ушул айга чейин тартылып келинген. "Балыкчы дан азык" жана "Карабалта дан азык" комбинаттарынын сактоочу жайларында жаткан кытай ундарынан "Копрова доңузунун" личинкалары чыккан. Ун менен азыктанып, артынан уулуу порошок калтырган мындай доңуз, дан азыктарына зыян келтирген дүйнөдөгү эң коркунучтуу курт болуп эсептелет. Ууланган унду экспертизадан өткөрүү үчүн өкмөт башчыбыздын орун басары Искендер Айдаралиев Москва шаарына атайын адисибизди жөнөттү. Ал ортодо Кытай мамлекетинин биздеги элчилиги ууланган ун тууралуу өздөрүнүн пикирин билдирди. Алардын айтымына караганда, Кытайдан келген ундун сапаты бардык талаптарга жооп берген жана экспертизадан өткөрүлгөн экен. Кылмыш ишин козгогон каржы полициясы ууланган унду мурунку өкмөт башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин убагында ташылып келгендигин кыйытты. Ошондой эле, "ууланган унду сатып алууда ким шалаакылык кылгандыгын аныктайбыз"-дешет. Түшүнүктүү болуп калды. Азыркы бийликти сындаган Атамбаевге саясий аңчылык башталды десек болот. Эми коё туруңуздар? Алмазбек Шаршеновичтин убагында ташылып келинген 1575 тонна ун таркатылып кетиптир, азырынча андан жабыркагандар жок. Калган 3545 тонна унду Чудиновдун өкмөтү ташып келиптир. Ундагы уулуу заттар ушул экинчи партиядан чыгып жатат. Атамбаевдин кандай тиешеси бар? Шалаакылык боюнча кылмыши иши азыркы өкмөт адамдарына козголушу керек. "Ляппай таксыр", "Хоп майли" дегендериң чуу чыгарардан мурун, окуянын даталарын карап койсо болмок.





Урмат Барыктабасов кошулду, кезекте ким?
Азыркы кырдаалда Эл, Улут, Өлкө келечеги маселесинде патриот инсандардын биригүүсү-тарыхый зарылчылык. Ушул мааниде бирге болуу максатында кыргыздын кыйын чыкма уулдарынын бири Урмат Барыктабасовго кайрылуу жолдонгон. Урмат мырза, "мен президенттикке барбайм, башка баардык эл кызыкчылыгы деген ишиңерде силер менен биргемин" деген пикирин "Элдик революциялык кыймылдын" мүчөсү Роза Нурматова билдирди.




"Айперини" аңдыган Б.Силаев
Москва мэриясынын тышкы экономикалык байланыштар боюнча департаментинин башчысынын биринчи орун басары, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Борис Силаев Кыргызстанга өткөн жумада келип кеткен. "Замандаш пресс" маалымат агенттигинде журналисттер үчүн берген маалымат жыйынында Борис мырза, "Москва үйүн" Бишкекте ачуу үчүн "Айпери" сулуулук салонунун имаратын сатып алгылары келип жаткандыгын ачыкка чыгарды. Азыркы тапта имараттын ээси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын баасына келип токтогондугун айтып, "канчалык көпкө ойлонсо, ошончолук баасы арзандайт"-деп, көңүлү көтөрүңкү сүйлөдү. Анан дагы "жарымысын ижарага беребиз"-деп айтып жатпайбы. Кыргыздардын имаратын сатып алып, кыргыздарга ижарага берет имиш. "Москва үйүнүн" бизге канчалык пайдасы бар? "Инвестиция" деген Борис акең, "коммерцияны" таңуулап жаткан жокпу? "Айпери" сулуулук салонунун бет маңдайында түрктөрдүн "Демир кыргыз банкы", оң капталында түрктөрдүн "Бета сторес" соода борбору, сол капталында Бириккен улуттар уюмунун Бишкектеги үйү жайгашкан. Андан арагыраак жактагы килейген имаратта Россиянын элчилиги жайгашкан. Борбор калаабыздын чок ортосунда жайгашкан мындай имараттарыбыздын баарысын чет өлкөлүктөргө кармата бергенибиз кандай? "Москва үйүн" Бишкекте ачыш үчүн башка имарат таппай калыштыбы? Эртең америкалыктар "Вашингтон үйүн" ачабыз деп филармониябызды сурашса, кытайлар "Пекин үйүн" ачабыз деп спорт сарайыбызды сурашса, эмне кылабыз? Акаевдин менчиктештирүү саясатын азыркы ажобуз ашыгы менен аткарып жаткандан кийин, "Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" деген уятсыз урааны күнү бүгүнкүдөй иштеп жатат десек болот.
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"









??.??