presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж. Ким кайда түштөнөт?
Ар бирибиз эртең мененки жана кечки тамакты үйүбүздөн ичебиз. Ал эми түшкү тамакты иштеген жерибизден, ашканалардан, кафе-ресторандардан ичкенге туура келет. Элдин көңүл борборунда жүргөн, коомубуздун аттуу-баштуу, көрүнүктүү инсандары, эстрада жылдыздары кайдан, канчага, тамактанат экен? деген сурамжылоо жүргүзгөндө төмөндөгүдөй жооп алдык. Бул суроо көпчүлүктү кызыктырып келсе керек.

Дастан Сарыгулов, экс-мамлекеттик катчы:
Илгертеден кыргыз эли күндө эки жолу гана тамактанышкан, эртең менен кечинде. Эртең менен айранга нан туурап жешип, жумушка аттанышчу. Ал эми кечинде беш бармакты жеп, анын артынан кымыз ичишип, жылуу - жумшак жатып алышчу. Мен да алардын жолун жолдоп түштө тамактанбайм. Негизинен түшкү тамак иш убагына туура келип, жумуш жасаганга тоскоол болот. Тамактанып отурганча пайда алып келүүчү иш жасаганың оң. Биринчиден, ден соолугуңа пайдалуу, экинчиден, акчаңа сарамжалдуу.

Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты:
Жогорку Кеңеште иште болгондугума байланыштуу дайыма эле ЖКнын ашканасынан тамактанам, болжол менен 150 сом кетет. Ал жактын ашканасы арзан болгондуктан, 150 сомго "оозуң толо аш жейсиң, курсагың толо нан жейсиң". Кафелерден болсо мындай суммадагы акчага болбогон гана бир нерсе келет. Ошого байланыштуу өзүбүздүн ашканадан тамактанганга кынуу таап алгам.

Нуриза Абазова, эстрада жылдызы
Жүзүнөн нуру чачырап турган, кулака жагымдуу назик үндүү, сулуу бийкеч айымыбыз Нуриза көбүнесе үйүнөн тамактанганга аракет кылат. Ал эми достору менен түшкө жакын жолугуп, анда Кытай ресторандарына барып тамактанышат. Болжол менен жеке өзүнүн тамагына 300-400 сом коротот. Айрым учурларда ак көңүлдүгү кармап, досторун түштөнткөн учурда капчыгын тешип турган акчалары четинен чуурулуп чыгып, аягына кол коюлат.

Ташбоо Жумагулов, Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси:
Мен түшкү тамакты дайыма бир жерден гана ичем, ал жерге өзүм да көнүп калгам. Кээде жумуштар менен башка жактан тамактанга туура келип калат. Кандай гана жерге барбайын, өзүмдүн көнүп калган дайыма тамактанган жериме эч жетпейт. Ошол себептен колдон келишинче ар күн сайын "Дубовый парк" кафесинен тамактанганга аракет кылам. Болжол менен менин алкымыма 150 сомдун тегерегиндеги акча сарп кылынат.

Динара Акулова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
Мен колдон келишинче үйдөн кызым менен чогуу -чаран тамак ичкенге аракет кылам. Эми биз чыгармачыл инсан болгондон кийин ар кандай кырдаалдар болуп калат. Ага жараша ар кайсы жерден түшкү тамак ичкенге туура келет. Мен эки жакка чыкканда туугандарым, күйөрмандарым кафелерге киргизип сыйлашат, алар канча акча сарп кылышаарын билбейт экем. Ал эми өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөгөндө керт башымдан аябайм, алкымымды аябай сыйлайм, ошол себептен, кафеден түштөнсөм көп суммадагы акчаны кафенин кассасына төгүп берем.

Бетти даярдаган
Гүлзана Бейшеналиева,
"Ачык саясат"









??.??