№79, 28.10.08-ж.
  С А Н Д А Н С А Н Г А ...

Асыкбек ОМОРОВ
ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЧЫҢГЫЗХАН
(Башы өткөн сандарда)
ҮЧ ДАРА ТАРЫХЫ
...Ошентип баш аламан түшкөн атчандар менен калың элдин арасында Тэмучин менен Бөртө бири-бирин оңой табышып алышты. Бөртөгө жакындап келип, аны атка учкаштырып алгандан кийин, калган жоону чабуу Тэмучин үчүн кызыксыз сезилди. Башкы максат орундалып, алар кайра бир кишидей болуп караңгы түн ичине кумга куюлган суудай болуп, сиңип жок болушту. Чабылган айыл ичинен эми жоодон бүлүнгөн элдин ыйы чыгып атты.
Айыл ичи катуу бүлүнгө түштү, боз үй ичинде салынган төшөктөр чачылган бойдон калды, кээ бир боз үйлөрдү ичине эч ким кире алгыс өрт каптады, кээ бир үйдүн сырттагы коломто, очоктору чачылды, мамыда таң ашырылып байланган аттардын дайны жок болду, короодогу малдар чачылды, жыйылган отундар чачылып, чоң кишилердин кыйкырык сүрөөнү менен кошо, ымыркай жаш балдарга чейин балдардын ыйы коштоп, айылды тополоң каптады.
Ушундай тагдыр сыноосунан аман-эсен жеңиштүү өткөндөн кийин Тэмучин менен Бөртө кайрадан баш кошушту. Ошол кезде алар 20 жашка чыга элек жаш үй-бүлө эле. Көп убакыт өтпөй 1179- каман жылында Бөртө биринчи көз жарып, Тэмучинге эркек бала төрөп берди. Темучин анын атын Жоочу деп коет, бул монголчо "конок" деген сөз, экинчиден, жоо чапканда атасы ким экенин билген эмес. Ал кезде бул жаш үй-бүлө Жамуханын коногу катары жашап калган эле. Ошол кездеги саякатчы хронисттердин кол жазмаларында, Тэмучин биринчи баласы Жоочунун өз канынан жаралганынан абдан шектенген деп айтылат, бирок монголдордун легендасы Жоочу толугу менен Тэмучиндин баласы болгон деп ырастайт. Себеби, меркеттер Бөртөнү Тэмучинден тартып алгандан берки убакыт 9 айдан аз болгон деп эсептелет.
Тэмучин балалуу болгондон кийин Жамуханын көп сандаган колуна кошулуп жашаганга да макул эле, булар ошол кезде Онон менен Керөлөң дайрасынын ортосундагы Хорхонат өрөөнүндө турушкан.
Тэмучин менен Жамуха экөө кайрадан үчүнчү жолу достошуп чогуу эле жашашпастан, бул жолу алардын эл алдында алган аскерий антына алардын жубайлары жана бир туугандары күбө болушту.Тоонун жантайыңкы жеринде өскөн жалгыз бактын жанында булар минип жүргөн күчтүү аттарын, алтындан жасалган белбоосун жана жыттары бири-бирине жыттанып жүрүшсүн дешип кийип жүргөн чапандарынан бери алмашканда, ал окуяга толгон эл күбө болду. Жамухага кошулган күндөн баштап Тэмучин жана анын үйбүлөсү малдуу, жандуу боло баштады. Бул деген мергенчиликтен түшкөн тамакка караганда жашоо деңгээли алда канча жогору деген сөз эле.
Жамуха Тэмучинге караганда бир нече жаш улуу эле жана ал салтты мыкты билген. Ошондуктан мал бөлүштүрүүдө Тэмучин Жамухадан көп нерселерди үйрөнгөн. Монголдор төөнү "беш мурун" мал деп аташат, ал эми топоз менен уйду бир мал катары, койду, майда жандыкты өзүнчө, эң баалуу мал дешип жылкыны адамдын канаты катары өзгөчө баалашат.
Тэмучин менен Жамуханын биригиши аркылуу талаа жердеген уруулар арасында чоң иерархия түзүлдү десе болот. Бирок бара-бара монголдордун арасында үйбүлө башчысынан баштап уруу башчысына чейин бийлик талашкан сыяктуу кан достордун ынак мамилеси көпкө узаган жок. Үй бүлө башчынын ордун талашып, өзүнүн аталаш бир тууган агасын өлтүргөн Темучин, досу болсо Жамуханын оюна көнүп, көзүн карап жашай алмак эмес.
Монголдордо өз урук туугандарынан кыз алып, кыз беришкенде "ак сөөктөр" деп аташат, ал эми башка алыс уруулардан кыз алса сөөк кайрылды "кара сөөк" деп аташчу. Ошондой эле буларда дагы кыргыздар сыяктуу урук сүрүштүрүү канына сиңип, байбиченин балдары, токолдун балдары, ал жакын тууган же алыс тууган деген сыяктуу ич ара бийлик же байлык талашуу, өз ара тирешүүлөр болуп келген.
Муну мисал келтиргенибиздин себеби, кан алып антташкан эки дос Жамуха менен Тэмучин да жети ата өтүшкөн бир кишиден тараган бир туугандардын балдары болгон. Жамуханын атасы мал кармаган тектүү, байлуу адамдардын тукуму болот, ал эми Тэмучиндин тек жагы ошол эле атадан, бирок кийинки балдары жалаң аңчылык менен жашап кеткен мергенчиден тараган, түпкү аты Бууданчаар деп аталган киши болгон.
* * *
Чыңгызхандын урпактарынын бири болгон Хийанын ханы Абылгазынын ордосундагы жазуулар боюнча VIII-кылымдарда Орто Азияда 120 жылдай кургакчылык болуп, жер куурап, ачарчылык болот. Ошондо көп улуттар ар кай жакка көчүп кетишет. Катагандардын көбү түндүк Казахстанга, түрктөр Жакынкы Чыгышка, кыргыздын бир уруусу Чыгышты көздөй чачылат. Ошондо Бууданчаардын 14- урпагы Есугей баатыр болгон, андан Тэмучин. Бул тарыхый учур жөнүндө ошол кезде 1240-чычкан жылында жазган китепти орус тарыхчысы А. С. Казино которгон жана бул маалыматтар академик Бартольддун ("Түрк элдеринин тарыхынан 12-лекция, 132- бет, Алма-Ата, 1998-ж.") жазгандарына да дал келет. Темучин менен Жамуха экөөнүн түпкү аталарынын улуу балдары монгол талаасынын согушчан адамдарынан болгон, ал эми Монголияда жоо беттеп согушкан баатырларды ал кездеги жоокерчилик заманда эл арасында катуу баркташчу.
Көп болгон үчүн монголдордун салты боюнча Жамуханын жоокерлери "ак сөөк" деп, ал эми Темучиндин кураган колу аз болгондуктан "кара сөөк" деп аталган. Темучин баш ийип, бирөөнүн башкаруусу астында болууну такыр жактырчу эмес, ушундай кырдаалда 1181-жылы ал өзүнүн журтун кышкы кыштоонун бирине көчүрдү. Адаттагыдай Жамуха менен Тэмучин экөө бирдей ээрчишип көч башында баратышты.
* * *
Жамуха Темучин жөнүндө анын эл-журт арасында аброю артып, оозго алына баштаганын ичинен тымызын ойлоп жүргөн. Бул бара-бара анын ичинде кызганыч ойду жаратып "Тэмучинди жөн гана бөлүп тыштасамбы же досчулук катары аны тим эле койчу кылып алсамбы"- деп эки анжы ойдун кучагында алпурушуп келатты. Ошентип экөө ээрчишкен бойдон тунжурап бири-бирине үн катпай келе жатканда Жамуха Тэмучинге кайрылып "көч сапарын карытканда мен жылкылар менен тоонун баш жагында болом, сен болсо кой жана башка майда жандыктар менен тоо этегинде жайгашасың"- деди.
Жамухадан мындай сөздү укканда Темучин эмне кылаарын билбей, ага сөз катпастан бурулуп көчтүн арасында кетип бара жаткан үйбүлөсүн таап, энеси Оэлун менен жубаы Бөртөгө болгон жагдайды түшүндүрүп берди. Оэлун да мындай жоопту күтпөсө керек, эч үн катпай өзүнчө ойго батып калды. Ошондо жубайы Бөртө : "сен андан калып акырындык менен андан биротоло кол үзүшүң керек",-деп кеңеш берди.
Тэмучин өзүнүн үй бүлөсүнүн кеп-кеңешин уккандан кийин кайра үн катпастан Жамуханын катарына келип кошулду. Көч кечке жүрүп сапарын карытты, ар кимисинин кыла турган жумуштары белгилүү эле. Түн ортосу болгон ченде Тэмучин өзү топтогон жигиттери менен майда жандыктарды айдап, билгизбей лагерден бөлүнүшүп, жашыруун чыга беришти. Жамуханын кол астындагы анча-мынча адамдар да Темучинди ээрчип бөлүнүп кетишти. Темучиндин тымызын бөлүнүп кеткенин Жамуха билгенден кийин өзүнө караштуу адамдар аны таштап кетсе дагы алардын артынан кууп барбады.
Жамуха менен Тэмучиндин ортосундагы ажырашуу акыры боло турган иш эле. Тэмучин бирөөгө көз-каранды болуп жашоо туура эмес экендигин ойлонду, ал өз алдынча эч кимге таянбаган кол башчы болгусу келди. Жөн гана бир урууга кол башчы болбостон бүт монгол урууларын бириктирүү анын мындан аркы эң негизги ой-тилеги болуп, көнүлүндө уюп турду. Алдыда бүтүн монгол урууларынын бытыранды абалын жоюп, бир хандыкка бириктирген 20 жылга созулган согуштун жолу жаткан. Темучин бул улуу максатын ишке ашырууга аттанган убак 1181-уй жылы эле.
Монгол уруулары бириккенде алардын арасында жаатташуу, талап-тоноолор тыйылмак, уруулар биригип бир эл болуп, улуттук күч-кубаты артып, сырткы жоого каршы турганга жетишмек. Бирок бул баары бир тынчтык жол менен ишке ашмак эмес, кырчылдашкан кармаштан башка жолу жок эле. Уруу башчылары өз бийлигин сактап калыш үчүн элин да, өзүн да аябай жан алакетке түшмөк. Ушундай улуу максат менен майданга аттанып атканда Тэмучиндун жолунда биринчи каршылашкан жоо болуп, тагдырдын тамашасын кара, өзүнүн бала кездеги кан алышып антташкан кан досу Жамуха турган эле.
Мурун монгол уруулары бири-бирин чапканда күчкө толгон жигиттерин өлтүрүшүп, сулуу жаш кыз-келиндерди олжолоп алып кетишчү. Чабылган журтта кары-картаңдар менен жаш балдар гана калчу.
1189-тоок жылында Жамуха менен Тэмучин ажырашканга сегиз жылдын жүзү болгондо Темучин 27 жашка келген учур эле. Бул мезгилде Тэмучин акыл-күчү артып, бүтүн монгол урууларын бириктирүү жөнүндө ою бышып жетилип, көкүрөгүн тиреп турган.
Ошол тоок жылы Көк-Көлдүн жээгинде монгол уруулары чогулуп курултай өткөргөн. монголдордун уруулук бытырандылыгын жоюп, хан бийлигин түп тамыры менен өзгөртүүнү ойлогон Тэмучин, курултайды өткөрүүгө өзү киришип, бийликтин жан-жөкөрлөрүнө ишенбей, он жылдан бери сыноодон өткөн өзүнүн ишенимдүү адамдары Боорчу менен Желмеге тапшырма берип даярдатат.
Тэмучин курултайга келген адамдарды тейлөөдө мал сойгон адамдан баштап эт бышырган ашпозчулардан өйдө өз адамдарын дайындаган. Өзүнүн атасы Есугейди, татарлар бир тойдо ууктуруп өлтүрүп койгону, анын өмүрүндө эстен кеткис чоң сабак болуп калган. Экинчиден, курултайга келген адамдардын кайра аман-эсен үйлөрүнө кайтышына шарт түзгөн.
Аталаш бир тууганы Белгутага топ жылкыларды көзөмөлдөөнү табыштайт. Жалпы лагерди күнү-түнү кайтарууга 150 жигит бөлүп, анын башына өзүнүн күчтүү бир тууганы Хасарды коет. Ар кандай чыр-чатактарга жол берилбесин, киши өлтүрүү болбосун деп табыштайт.
Курултайда Тэмучин уруу-уруу болуп бөлүнбөй мындан ары бир эл болуп, ынтымакташуу, салык төлөө тартибин, соода-сатык иштерин, тышкы саясатты уюштуруу сыяктуу ж.б. көп маселелерди элге түшүндүрүп өткөн. Курултайдагы маселелер Тэмучиндин пайдасына чечилген. Тэмучин ошентип жалпы монгол элинин ханы болуп калды, бирок, ага өзүнүн бала кезден берки кандаш досу Жамуха гана жалгыз каршы чыкты. Тэмучиндин монгол элин ичтен ириткен "ак сөөктөр" менен "кара сөөктөр" деп бөлүнгөн адилетсиздикти түп тамыры менен жоюу жөнүндөгү демилгесин Жамуха жактырбай четке какты.
Эки достун эрегиши акыры кандуу кармашка айланмак. Айткандай эле Жамуха согушту 1190-ит жылында монгол талаасынын тарыхында болуп көрбөгөндөй адамдын бүткөн боюн титиреткен жаман жорук менен баштады. Ал Тэмучиндин аскерий кол башчыларынын бирөөсүн кармап, башын кылыч менен кесип, аттын куйругуна байлап сүйрөтүп, мазактап элге көргөзөт.
Жамуханын мындай чектен чыккан жоругунун максаты Тэмучиндин аскерлеринин жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуп өзүнүн тарабына тартуу эле. Монголдордо 70 эң жаман сан катары эсептелинет, ошондуктан Жамуха чоң казандарды астырып, отту күчтүү жактырып, Тэмучиндин колго түшкөн жигиттеринин ичинен 18ден 20га чейинки 70 жапжаш баланы тандап алып, алардын башын кестирип казанга салып кайнаттырган...

(Уландысы бар)