presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж. "Жакшылыкка бара турган бир гана жол бар, ал - ыйман"
Журналист Мураталы Турдубаев:
- Мураталы байке, эр ортону элүү жаштын" ашуусунан эчак ашып өтсөңүз да журналисттик кесипти аркалап, калемди колдон түшүрбөй келатканыңызды окурман журт жакшы билет. Бүгүн болсо атайын ат арытып, жол карытып Астанадан куттуу редакциябызга келген экенсиз. Учурдан пайдаланып, сиз менен адеп-ахлак, ыйман, жаштар жана чыгармачылыгыңыз жөнүндө субхат куралы. Айтыңызчы адамга ыйман эмне үчүн керек?
- Көңүлдөгү суроону бердиңиз. Мисалы, сизде баары бар дейли: жашсыз, сулуусуз, он эки мүчөңүз түгөл, жолдошуңуз сизди аябай сүйөт, досторуңуз көп, акча, байлык жетиштүү, мансап, бийлик да бар, атак аброюңуз да бийик, кыскасын айтканда төрт тарабыңыз шай. Сизден кемчилик табуу кыйын. Сиз үчүн дүйнөдөгү зор бакыт деген ушул. Аттиң… Бирок, бул жалганда алдамчы дүйнөгө кеттиңиз го. Сиздеги бул дүйнө көз ирмемчелик, баары келет, кетет. Баары бош калат. Анын соңу ажал… Өмүргө, жашоого жаралдың. Эмне үчүн? Атак-даңк, байлык, мансап үчүнбү? Өкүнүчтүү. Сизге байлык, атак-даңктан мурда кол сунуп, жашоодон үмүтүңүздү сактап кала турган - бул ыйман. Ыйман сиздин коргоочуңуз, бактыңыз. Эч качан адам баласы акча, байлык, атак-даңк менен өлчөнбөөгө тийиш. Тескерисинче, жасаган эмгегиң менен гана баалоо парз. Ыймансыз адам менен сүйлөшпөй койсо да болот. Анткени, алар сенин байлыгыңа дос, атагыңа шерик гана болгусу келгендер. Ошон үчүн, эң биринчи ар бир адамга ыйман керек. Жакшылыкка бара турган бир гана жол ал- ыйман.
- Анда кыргыз элин ыймансыздыктан куткара турган жол барбы?
- Кыргыз эли алгач сабаты жоюла электе ислам дининин алты шартын, беш парзын, сооп менен күнөө кандай болорун жакшы билген. Муну кыргыз жазуучуларыбыздын көркөм чыгармаларынан, ооз эки чыгармалардан, турмушубузда сакталып калган салт-санаа, үрп- адаттардан байкоого болот. Демек, ар адамга ыйман берилген. Ошол ыйманды кантип сактайт ал адамдын өз эрки. Жараткан Алла пендеге көрсүн деп көз, уксун деп кулак, сүйлөсүн деп тил, баарын акылың менен таанып бил деп акыл- эс берген. Демек, сен кайсы жол менен кетесиң, ал сениң укугуң. Бирок, ыймандуулукка чакыруу - ар бирибиздин парзыбыз. Ыймандуу болууга жаштарды үйрөтүү да мойнубуздагы жүк. Мисалы: МАИни алалы, эгерде алар жолдо жүрүү эрежесин үйрөтпөсө же көчөлөрдө светофорлор беш мүнөткө иштебей калса эмне болот? Заматта машиналар жолдон өтө алышпай, баш аламан түшүп, чакчалекей болмок, туурабы? Менин оюмча мектептерге, бала бакчаларга ыйман сабагын киргизип окутуу керек. Мына коңшулаш Казакстанда ыйман сабагы мектеп программасына киргизилип окутулат. Ар бир окуучу ыйман деген эмне, күнөө деген эмне экенин билишет жана ар бири жети атасын санап бере алат. "Жети атасын билбеген кул" деген кыргызда жакшы сөз бар. Казактарда да ушундай айтылат.
- Сиздин оюңузча 21-кылымдын кыргызы "Толук кандуу адам" болуу үчүн кандай касиеттерге эгедер болуусу шарт?
- Толук кандуу кыргыз болуу үчүн тээ жогоруда олтурган президенттен тартып, көчө шыпыргычка чейин ар бир кыргыз өз тилинде таза сүйлөй билсе, өз элинин каада-салтын карманып, тарыхын жатка билсе. Ар ким өз кесибин сүйүп иштесе, бири-бирине кечиримдүү болсо, колунан келген жардамын аябаса, Кудай ошол адамдардын иштерине ийгилик жаратат. Таза жолдо жүрүүсүн каалайт. Мындай адамдарды калк да кадырлап, сый-урмат көрсөтөт, сөзүн тыңдап, айтканын эки кылбайт. Ошондуктан, андай адамдарды элибиз "калк адамы" же "акылман карыя" сыяктуу сөздөр менен алкашат.
- Мураталы байке, баарыбызга белгилүү бүгүн коомубузда айыкпас илдетке айланып, жугуштуу холерадай тез тарап бараткан маселе жемкорлук, паракорлук жөнүндө не айтаар элеңиз? Мунун түбү барбы, калың элге тарап, каныбызга сиңип бараткан бул ооруну токтотууга болобу?
- "Жемкор" деген сөз айтылбайт. "Жемкор" деп колдо асырап, багылып жаткан жандыктарга карата айтылат. Элдин колундагы ырыскысын же мал-жанын уурдагандарды, "Малдан садага кетсин, буюрбасын!"-деп капа болуп каргайт. Ал эми азыр "жемкор" деген сөздүн ордуна жеп-ичерлер деп жумшак айтылып калбадыбы. Казак туугандар "сыбайлас жемкорлормен" күрөшүп жаткан кези. Бул жеп-ичерлер менен паракорлоруң жети баштуу желмогуздай болуп, эки башын кыя чапса, эки башы өсө берет окшобойбу. Ошентсе да, президенттин буйругу менен өкмөт, сот, милиция органдары катуу иштеп атышат. Алар өйдөдөн төмөн карай баштады күрөштү. Ал эми бизде майлуу-сүттүү орундарда иштеп, чоң акырдан жем жеп калгандарың бийликтен кетсе оппозиция боло калгандары күлкүңдү келтирет. Алар бийликтен куулгандан кийин гана бийликти сындап, жамандап жатат. Көрсө ал байкуштарың деле майлуу жердин сүтүн ичип, куйрук майын жеп унчугушпай жүрүшкөн го. Менимче уюмдашкан кылмыштын "крышасы" болуп жүргөндөр дал ошолор болуп жүрбөсүн деген ой туулат. Болбосо, кыргызда "Суу ичкен кудугуңа түкүрбө" деп айтылат. Алар ошончулук чынчыл, адилет адамдар болсо, эмне үчүн кызматта иштеп жүргөндө күрөшпөдү? Же элге айтышпады экен? Ошондуктан, эл азыр оппозицияга да, бийликке да ишенбейт. Баары эле ишеничтен чыгып калышты. Элдин ырыскысын талап-тоноп, башка өлкөгө сатуу (темир, тери, уран, алтын ж.б) куранда да чоң күнөө жана кечиримсиз. Мына ушундай жеп-ичер паракорлорду таап, түп-тамырына балта чабуу үчүн Кытайдын премьер-министри Жуй Гоншин 100 табыт жасатып, паракорлор менен эл ырыскысын уурдаган ууруларды таап, ушул табытка салдырам, таппасам өзүм түшүп жатамын деп, калың элге кайрылуу жасап убада берет. Ал өз сөзүнө туруп, паракорлордун, жеп-ичер ач көздөрдүн башын куруткан. Эл ошондон кийин өкмөткө ишенип, уурулук, паракорлук токтогон. Ишеним кандай болорун көрдүңүзбү? Ошондуктан, бизде өкмөт иштесе, президент таза болсо, эл ишенмек, минтип кыйналмак эмес.
- Сиз чыгармачыл адамсыз. Бирок, элүүдөн ашсаңыз да бир китебиңиз чыга элек. Мунун себеби эмнеде?
- Негизи мен журналистикада аз жазам. Муну жазганга эчтеке таппай калыптыр деп түшүнбөш керек. Жазайын деген ойлор толтура. Бу тиричилик дегениң чыгармачылыкка кол тийгизбейт. Улам бир көйгөйлөр чыга берип, ойлордон алаксытып коет. Кайрадан ал ойду издеп, чакырсаң да келбейт. Ал үчүн аны дароо чөнтөк дептерге түшүрүп алсам, каалаган убакта жаза берем. Бирок, ар дайым андай оперативдүү иштей албайсың. Журналист деген элге да, бийликке да күзгүдөй таза, тунук көрүнүп турушу керек. Элди саясатчы кылган журналисттер. Эгерде ар бирибиз журналист деген кесибибизди сүйүп ардактасак, эл менен бийликтин ортосунда данакер болмокпуз. Илгери бир күчтүү макала же фельтон негизги маселени чечүүчү күчкө ээ болгон. Азыр болсо бийлик көк бет, дүлөй, оппозиция такмаза, эки жүздүү болуп, сөз кадырын кетирип койдук.
Ал эми нагыз чыгармачылыкка келсек, бала күндөн бери жазам. Көрүнгөндүн колунда көчүп - конуп чоңойдум. Жазгандарымдын көбү жоголду. Айрымдарын атак-даңк сүйүүчүлөргө сатып жиберген күндөрүм болду. Азыр колумда жыйырма басма табактай чыгармаларым даяр турат. Акча жоктун айынан китебим чыкпай жатат. Кудайдын көп күнү бар эмеспи, буюрган күнү чыгып калар.

Маектешкен Акмарал БАЙТЕЛИЕВА, "Ачык саясат"




  С А Н Д А Н С А Н Г А ...

Фаризат Асанкалый кызы
Сынган
оюнчук
Жаш жазуучу Фаризат Асанкалый кызы "Көз жаш", "Бузулган уя" аттуу эки китептин автору. "Алма гүлү" аттуу үчүнчү китеби басууга даярдалып жатат. Ушул китебине Чынгыз Айтматов көзү тирүүсүндө баш сөз жазып берип, чыгармачылыгына шыдыр жол, ийгилик каалап, аксакалдык ак батасын берген экен. Эми болсо "Сынган оюнчук" деген жаңы чыгармасын окурмандарга тартуулап жатканын жакшы жаңылык катары кабылдайлык да, калемине күч- кубат тилейлик. Бүгүнкү ачуу турмуштан алынган чыгарманын канын жерге тамызбай окуп коюңуздар.
Эртабылды Аттокуров

Адеми көчө боюнда сынган оюнчук менен ойноп жаткан кичинекей баланы көрүп, нес боло түштү. Бейтааныш баланы кечке карап калды. Анын колундагы оюнчуктун кандай оюнчук экенин аңдай албай койду. Бирок, бала ал оюнчук менен берилип ойноп жатты. Оюнчуктун сынык экени баланы анчалык деле түйшөлтпөгөн сыяктуу. Ушунчалык оюндун кумарына батып кеткендиктен, жанындагы жалдырап турган жакшынакай кызды да байкаган жок. Адеми да баланын жакшы оюнун бузгусу келбеди. Ойлонгон боюнча сапарын улады. Шаарды аралай жөө басып келатты. Кымгуут болгон машиналар, нары- бери шашылган адамдар, жол боюндагы түркүн дүкөндөр Адемини алаксыта алган жок. Ал өзүн бу шаарда жапжалгыз калып калгандай сезип келатты. Эмнегедир жанагы көчө боюндагы ойноп олтурган баланын сынган оюнчугу такыр көз алдынан кетпей койду. Сынган оюнчукту өзүнө салыштырды, өзүнүн сынган тагдырына окшоштурду. Чынында Адеми сынган оюнчук эмей эмне?! Өзүнүн тагдырын өзү сындырды, өзүнүн гүлдөп келаткан турмушун өзү талкалады. Азыр болсо балакеттин баары башталган ошол күндү каргап келет. Каргаганда эмне, кайра баары калыбына келмек беле? Болгону жүрөк эзген ой-санаасынан бир аз да болсо жеңилдеп калат. Ошол аз убакытка созулган жеңилденүү Адеминин караңгы жашоосуна жарык берип, өчүп бараткан үмүтүн тутандырат. Тоодой күнөөсүнөн арылгансып калат. Анан кайра эле азаптуу күндөр башталат, азаптуу түндөр күтөт. Ушу татынакай кызга ушунун кереги бар беле деги? Тыпыйып иштеп жүргөнүндө бир жаңылды, кайран кыз. Бараткан түз жолунан бир адашты да, жанагы баланын колундагыдай сынган оюнчукка айланды. А бир кезде бой десе бойлуу, ой десе ойлуу, көргөн жандын көз жоосун алган маралдай керилген бир үйдүн жалгыз, эрке кызы эле. Азыр ошол жомоктогудай керемет күндөрү түшүнө кирет. Андай учурда таң атканча шолоктоп ыйлап чыгат. Бар күчүн ыйдан чыгарып жүрүп, көз жашы да түгөнүп калган окшобойбу кийинки күндөрү көзүнөн жаш да чыкпай калды. Жалгыздыктын кучагындагы айлуу түндөрдө айдың көлдүн ак куусундай болуп, тазалыкка, аруулукка чулганган, кайталангыс учурун көп эстейт. Акыркы учурларда артта калган өмүр жылдарына саресеп салып гана өзүн жооткотуп, өзүн алаксытып жашап келатканы чындык экенин тана албайт, Адеми.
Оо, ал мезгил Адемиден тоодон аккан дайрадай шаркырап агып кеткенине, шуулдаган шамалдай болуп колго кармалбай учканына көп болду. Эми өмүрдүн ошол көз ирмемдери, ошол мүнөттөрү Адемиге башын ташка ургуласа да кайрылып келбейт. Себеби, табийгаттын мыйзамы ошондой, жашоонун мыйзамы ошондой…
Ушул түн да Адеми үчүн айтып бүткүс оор болду. Жадырап- жайнап Баатыр түшүнө кириптир. Баягыдай эле Адемини эркелетип, саамайынан сылап, "Сагынып кеттим"- деп алкымынан жыттап жатыптыр. Адеми да Баатырды кучагына бекем кысып, шуу-шуу эттире жыттап, "жытыңды сагындым", "каякка кетип калдың?" деп сурап атыптыр. Аңгыча бөлмөнүн терезеси шарак ачылып, удургуган шамалбы же куюнбу, айтор, Баатырды Адемиден алыстатып кетти. Аны шамал учуруп кеттиби же куюнда калдыбы, кыз түшүнбөй, карайлап Баатырды таппай калды. Өпкөлөп ыйлап жатып ойгонуп кетти. Жаздыгы жашка нымдалышып калыптыр. "Оо, кудай ай! Качан ушул азаптан кутулам? Качан адамдай болуп тынч жашайм? Жашоодогу бир жаңылыштык мени өмүр бою коштойбу?" деген ойлор жан дүйнөсүн ээлеп, төшөгүндө сулап жатты. Анан терезеге үңүлө карады. Таң агарып калыптыр. Мындай таңдын далайын Баатыр менен бирге тосподу беле. Эми болсо жалгыз. Ар дайым Баатырдын элеси менен жашап келет. Баатыр менен алгачкы таанышканы күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ошол жылы Адеми мектепти жаңы бүтүп, чоң окууга тапшырганга шарты болбой, тигүүчү болууну тандап алды. Кичине кезинен бери тигүүчүлүккө кызыкчу. Чарчы- чарчы кездемелерди кескилеп куурчагына көйнөк тигип жүрүп, тигүүчүлүктү эс тартканча жакшы эле өздөштүрүп алган эле. Ошондуктан, шаарга келгенде жумушту кыйналбай эле таап алды. Аялдаманын тактасында чапталып турган "тигүүчүлөр керек" деген жарнактардын бирин тытып алып, жазылган дарекке жөнөдү. Кудай жолду ачканда баары шыдыр болот эмеспи. Адеми даректи деле оңой тапты. Босогону аттаганда эле аны кара тору, жакшынакай жигит жылуу тосуп алды. Жигиттин көздөрү ушунчалык курч экен. Чындыгында жигиттин көзүнө тике багып карай албай жалтайлап калды. Эмнегедир жүрөгү удургуй согуп, бейтааныш жигиттен сүрдөгөнүнөн бети ысып, кызарып чыкты. Жада калса жумуш издеп келгенин да айта албай буйдала түштү.
Ортодогу кызыктай абалды жигит оңдоп
кетти.
- Чоң кыз жумуш издеп келдиңизби?
- Ооба, тигүүчү элем.
- Абдан жакшы. Жүрүңүз, бул жакка кирип сүйлөшөлү- деп эки кабаттуу имараттын оң тарабына баштады. Адеми жигитти ээрчий басып, кенен, жарык бир бөлмөгө кирди. Жигит бөлмөнүн төр жагында турган үстөлгө олтура кетти.
- Олтуруңуз- деп маңдайкы үстөлдү көрсөттү. Адеми аярлай олтурду.
- Канча жылдан бери тигүүчү болуп иштейсиз?
- Бир жерде иштеген эмесмин. Бирок, бала күндөн бери тигүүчүлүк менен алектенип келем.
- Эми, чынын айтсам бизге профессионал тигүүчүлөр керек. Бирок, сизди жумушка алам. Менин ишеничимди актайт деп ишенем. Баса, таанышып алалы, менин атым Баатыр болот. Бул тигүү цехи менин менчик ишканам.
- Меники Адеми. Жумушка орношконуна сүйүндүбү кыздын жүзүндө жылмаюу пайда боло түштү. Баатыр аны дароо байкады. Өз ичинен "Жылмайганы өзүнө аябай жарашат экен" деп ойлоп койду. Бирок, сыр берген жок. Адемини тигүү цехине узатып баратты.
- Адеми, баардык иште башында сөзсүз кыйынчылык болот. Андай учурлар болсо, эч нерседен тартынбай мага кайрыл. Жардамымды аябайм. Таланттуу, жакшы тигүүчүлөр мага керек. Сенден жакшы тигүүчү чыгаарына көзүм жетип турат.
- Рахмат, ишенгениңизге-деп Баатырды карап жылмайганында, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Адеми Баатырдын көздөрүнөн кандайдыр бир нур жанып турганын байкады. Ошол нур байкайтпай туруп кыздын жүрөгүн ээлеп алды.










??.??