№79, 28.10.08-ж.
  Ачуу чындык

Турмуш туңгуюгу
Жылдар өтүп, мезгил учат. Күндөр айга айланат, айлар жылга айланат. Жылдар жылып учкан сайын биздин өлкөдө көйгөй көбөйгөндөн көбөйүп барат. Жүрөк өйүгөн көкөйдөн арыла албай, кыйынчылыктын сазына малынып келебиз. Белчебизден батып келебиз. Урматтуу окурман азыркы татаал турмуштан гезит бетине бир аз да болсо чагылдыра кетели.

Жумушсуздук, жашоосун түнөрткөн жакырчылык өзгөчө акыркы жылдары жетээр чегине жеткенин кантип жашырууга болот? Өлкөбүз кыйын кырдаалга келди. Азык-түлүктүн баасы кескин түрдө өстү. Жада калса канттын, күйүүчү майдын баасы жогорулап, жол кире акысы көтөрүлдү. Ал кетти, шайыбыз ооду. Туңгуюк, айланага көз чаптырсаң күңүрт. Адамдар айласыздан күн кечирип жаткандай. Алсыз болуп баратабыз.
Базардагы баанын төмөндөмөк турсун мүнөт сайын өсүшүнө өзүбүз күбө болуп жатабыз. Бүгүнкү көргөн баа эртең жок дегендей, базарга азыр баш багып кереги жок. Кыскасы "кой үстүндө торгой жумурткалаган заман" эми башталат көрүнөт. Өлкөбүздө адам өлтүрүү адатка айланды. Сотторубуз өз алдынча соттой албай, бийликке көз карандылык системасы өрчүдү. Адам укуктары көз көрүнөө тебеленип, атып кетип жатышат. Ачык айтып, ак сүйлөп эли үчүн кызмат кылган адамдарга ап ачык эле кордук көрсөтүлүүдө. Өлкөдө зордук-зомбулук күчүнө кирди. Кылмыштуулук, уурулук күч алды. Жинди сууга тоюп алып, бекерчиликтен жиниккендер көбөйдү.
Кыйчалыш кырдаал түзүлүп, элдин башына кыйын мүшкүл түшүп турган учуру.
"Жакында өсөбүз, өнүгөбүз"-деп жатып, тескерисинче кедерибизден кетип, төмөндөп бара жатканыбыз ырас эмей эмине. Күн өткөн сайын элдин жону жукарып, итке минген кедей болуп бара жатканыбызды эч танууга мүмкүн эмес.
"Ишенген кожом сен болсоң, алды-алдыңдан тал карма"-дегендей. Ишенген кожолорубуз ата-бабадан калган мурас жерлерибизди, баа жеткис байлыктарыбызды сатып, талап-тоноп жатышат. Өлкөнүн кызыкчылыгын ойлобой, элинин келечегине кам көрбөй кызматтан кызматка отуруп, ай өтпөй министрлер алмашып, иштеген иштеринин жыйынтыгы жок болуп келет. Кайдан жыйынтык болмок эле, эгер алар өз кызыкчылыктары үчүн биринин көзүн бири чукуп, бирине бири көө сүйкөп, кызмат үчүн жанталашып жатышса.
Күз келип жалбырактар саргайып түшө баштады. Ошол жалбырактар менен кошо "Каркыра" жайлоосу саргайып казактарга кетти. Эмнебиз калды? Үзөңгү-Кууш Кытайга берилди. Көзгө көрүнүп, колго илингендин баардыгын саттык. Шумдугуң кур, "сатпа эле сатпа" дегендин ордуна "сат эле сат"- деп ырдап калдык. Жада калса ырысыбызга бүткөн Ысык-Көлүбүз көзүнүн жашын көлдөнүп турганына карабай, казактарга кош колдоп карматып жатабыз. Эми чоң- чоң ГЭС, ТЭЦ калды көрүнөт. Эмки кезекте мына ушулар.
Караңгыда каман күркүрөй баштады. Электр энергиябыздан да айрылдык көрүнөт. Орустар айтмакчы, "плюс" болбой эле, "минус" болдук. Электрди үнөмдөөдөн пайда тапкан жокпуз. Киреше болбой эле чыгаша болуп жатат. Жеке ишкерлердин иши токтоп калды. Кризиске батып, ансыз да өлкөдө жумушсуздук күч алып турганда ого бетер "өлгөндүн үстүнө көмгөн" болду. Дүкөндөрдөгү азык-түлүктөр электр энергиянын өчүрүлүшүнөн бузулуп, сапаттары начарлоодо. Сегиз гана саат өчөт деген куру убада он эки саатка созулду. Светтин жоктугунан ансыз да эскилиги жеткен светофорлор иштебей калып, ортодо жүргүнчүлөр жумуштарынан кечигишип, тиричилигин бир азга токтоло турушуна үшкүрүп алышат. Мындай ирээтсиздик Алма-Ата көчөсү менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде адатка айланган. Ансыз да аңды - дөңдү карабай, көзүнө эч нерсе көрүнбөй айдаган айдоочуга кудай берип, жол эрежесин сактабай жүрө берет эмеспи. 1970-жылы орнотулган борборубуздагы 146 светофор бүгүнкү күнгө чейин эскилиги жетсе да жаңыланбай бизге кызмат кылып келет. Буга кошумча светофорлорду орнотуу, тешилген көчөлөрдү жамоо эч кимдин оюна да келбечүдөй. Ноябрь айында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет деп С. Балкыбеков балп эттирди. "Бакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени төө чечкенде көрөбүз" дегендей, бакылдаган С. Балкыбековду кыш келгенде көрөбүз.
Кайдыгербиз. Кайда барба кайдыгерлик өкүм сүрөт. Кыргыз эли эптеп-септеп жашай беребиз. Түштөн кийин ойлонуп, сүйлөй баштайбыз. А бирок баардыгы кеч. Негизи биз өтө кеч жүрөбүз. СССР тарап, эгемен өлкө болгонубуздан бери канчалаган жылдар өттү. Андан бери өз элибизди, өз жерибизди талап-тоноп келебиз. Оокат кылып жаткан карапайым элди тоноп, революция демиш болуп А. Акаевди качырдык. Көптөгөн ишенимдерди артып, үмүт кылып мындан ары реалдуу турмуш өкүм сүрөт деген ой менен К. Бакиевди такка койдук. Андан бери 3 жыл өттү. Эмне өзгөрүүлөр болду? Алдыга эмес, артка кеттик. Орустар айтмакчы "оборот" эмес "наоборот" болдук. Үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция моюндан өтүп, төбөгө жетти. Аңгектен качсак дөңгөккө келип кептелдик. Жашасын коррупция гүлдөсүн коррупция. Бул-биздин ураан болуп калды көрүнөт. Туңгуюктан чыга албаган айрым кызматкерлерибиз өз алдыларынча иш алып кете алышпай кызмат үчүн жагалданган, жагынган мүнөзгө ээ болушуп адамды ичиркентип жиберет.
Миграция тууралуу сөз кыла турган болсок, анда биз миграция эмнеден улам көбөйүп жатат? - деген суроого такалабыз. Албетте, жумушсуздуктан. Биздин өлкөдө жумуштун жоктугуна байланыштуу, башкача айтканда, жумуш уюштуруп берчү инсандарыбыз саналуу гана болгондуктан, башка чет өлкөлөргө кара жанын карч уруп, ал жердеги кордукка кайыл болуп, акча табуу үчүн кетип жатышууда. А бизде болсо жумушчу колдун жоктугунан канчалаган жерлер кысыр калып, нандын, ундун баасы асманды чапчып отурат. Анысы аз келгенсип жеке ишкерлер, алып сатарлар үстүнө кошуп сатышып, кары картаңдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө бир топ кыйынчылык келүүдө.
Ал эми билим жагына келип такалсак , "Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат" болбой эле, "акчасы күчтүү миңди жыгат" болуп калды. Быйыл окуу жайлардын баасы жин ургандай көтөрүлдү. Бирок, билим берүү сапаты көтөрүлдүбү? Мына кеп ушунда. Аны караган, көзөмөлдөгөн адам жок. "Пулуң болсо кулуңмун" дегендей эле акчаң болсо окуйсуң, акчаң жок болсо кокуйсуң. Билимдүү жаштарыбыздын көздөрүнөн чет өлкөдөгү окуу жайлар учуп турган кези. Ал жактан татыктуу билим алып, бирок ошол жакка иштеп калгандары өкүндүрөт.
Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз! Эгер ушул система менен жүрүп кете берсек, эч нерсе менен башы оорубаган, өзүлөрүн өтө акылдуу сезген инсандарыбыз сатыктан калган жерлерибизди сатат, өлкөбүздү чет элден келген келгиндер басат. "Кыргызстан биздин жалпыбыздын үйүбүз" деп эмес, "Кыргызстан жалпыңардын үйүңөр" деп биз башка улуттун өкүлдөрүнө кул болуп калаарыбызды терең ойлонолу.
Мына кыргызым, эгер мен өлкөдөгү туңгуюктун турмушун жазып отурсам, гезит бетине орун жетчүдөй эмес. Эмнегедир эле галстукчан кыргыз сүйлөсө калп айтып жаткандай, кундуз тебетейчени сүйлөсө кошомат кылгандай, жөнөкөй калпакчаны сүйлөсө мүңкүрөп муңун айтып жаткандай туюлат. Убада бергенден тажабаган убадачылар үчүн гана жашоо жаркырап жүрүп жаткандай. Эмне демекчибиз, "Башка салса байтал жорго" дегендей, куру убадага тоюп деле калдык. Ошондуктан, карапайым кыргызым башыңды жерге салба, мүңкүрөп калба. Өз жериңди, өз улутуңду, өз элиңди коргоо үчүн күрөш. Артта калба, чындык үчүн чыркырап күй, тайманба!
Кыргыз элим белди бекем бууп, жакырчылыктан чыгуу үчүн, өзүбүз аракет кылалы. Биз кыргызбыз, бирибизге бирибиз тирек-жөлөк бололу. Антпесе, эч бир пайда да, майнап да, жылыш да болбойт. Биз сиздер мененбиз!!!

Назгүл МАМЫТОВА ,
"Ачык саясат"




Нурсеит КУРМАНАЛИЕВ
Заманым
Мактагандай бир иш жок,
Бүгүнкү күндө чынында.
Эптеп жашоо өткөрүү,
Турмушуң түшүп кыйынга.

Калыстык болбой жогортон
Байкалбайт иштер оңолгон.
Баа бербей кимдин-кимине,
Башчылар жүрөт соройгон.

Мейлиге салып жалпыны
Шылуундар мансап камтыды.
Жутунган сайын жутунуп,
Жукарып барат алкымы.

Эргүүгө жетпей чамабыз,
Эки ортодо калабыз.
Ишеним, чындык жоголду,
Изин кууп качан табабыз?

Кезинде жүрдүк жагам деп,
Таза иштеп абийир табам деп,
Коммунизмге аз калды,
Кадыр-барк менен барам деп…

- Мүйүз эмес, кулак жоголду,
Ким билет кандай болорду.
Алдым-жуттум күч алып,
Деги, оңолчу мезгил болобу?!

Чындыгын айтсам бул күндө,
Ит ашы кара буламык.
Келечегин ким билет?..
Буюрганды көрүп туралык.


Ишеним

Ишеним - бир гана сөз - ээ болуш зор,
Игеним болбосо эгер, болосуң кор.
Ишенимге жетүүнүн жолдору көп,
Ишенимдүү болууга ким салат жол.

Айталы, кээ бирлерин - жолдоштукту,
Убададан кыйшаюу - болбостукту.
Куру бекер кетирбей убакытты,
Пайдалуу ишке жумшайлы кол боштукту.

Башчы болсоң калыс бол бүт баарына,
Жаман адам жан тартат жакынына.
Ким кыйналса аргасыз турмушунан,
Жок дегенде акыл кош - акылына.

Сөзү менен ишине айырма жок,
Ишенимдүү адамга көңүлдөр ток.
Көрө албас, ичи тар, бузукулар,
Тутантууга камдашат ичине чок.


Мамилеге так болсо ар бир адам,
Жаман ишке жолобой жарым кадам.
Ак пейилден жардам кыл адамдарга,
Башка түшүп турганда - акыр заман.


Убагында аткарса убаданы,
Адам эмес жактырат Кудай аны.
Жети атаңдан өчү бар сыяктанып,
Жетесиздер тарттырып убараны.

Бузукулук иштердин тапкан ыгын,
Эрте-кечпи тарттырат бир күн чыгым.
Элестеп көз алдыңда кылган ишиң,
Сен да ырдайсың, бир күнү
"байкуш" ырын.

Кайда жүрсөң жалпыга жагымдуу бол,
Турмушка өзүң дагы болбойсуң кор.
Кааларым ишенимдүү адамдарга,
Булутсуз ачык асман жана ак жол.