presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№79, 28.10.08-ж.
 "Чындыкты жашырбай айталы…"

Бүгүнкү күндө республикабыздагы театрлардын ичинен салттуу деп аталып, кыргыз искусствосунда элдин нукура колориттерин сактап келген "Тунгуч" театры өлкөнүн экономикалык жактан аксап турганына карабастан, чыгармачылык иштин ысык-суугуна чыдап, болор-болбос тыйынына канат кылып эмгектенип, театр үчүн да, өлкө үчүн да зор ийгиликтерди жаратышты.
Алардын бул эмгектери үчүн ар бирин өзгөчө сөз кылууга арзыйт. "Тунгуч"театрындагы искусство адамдарынын ар бирине токтолуп, алардын чыгармачылык жолуна, эмгектерине жана инсандык сапаттарына саресеп салууну туура көрдүк. Бүгүнкү "Тунгуч" театрын санда түптөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова эже тууралуу сөз болмокчу.

- Жамал эже айтсаңыз,ыйык сахна босогосун качан аттап, деги эле ушул театр дүйнөсүнө кандайча келип калдыңыз?
Бардык нерсе балалыктан башталат экен. Мен бала кезимде эле артисттик өнөрдү абдан жогору баалачумун.Себеби дегенде, мен артисттик турмушту жакшы көргөн үй-бүлөдө өстүм. Апам Ажар Каракол шаарындагы театрда ойночу. Энем менен чогуу биздин үйгө артисттер көп келчү. Саякбай атанын "Манас" айтканын, Карамолдо акенин комуз ойногону, Осмонкул менен Калык аталардын ырдаганын көрүп, алардын талантына таң берчүмүн. Мына ошондон тарта, менин жүрөгүмдү бир нерсе каптады.
Кийин Фрунзеге келип, № 5 гимназияда окуп калдым. Ал убакта мектептен атайын театрларга алып барчу. Ошол учурда Б. Кыдыкеева, Күйүкова эжелердин, Рыскулов агаларыбыздын таланты курчуп турган кези эле. Алардын ойногон ролдорун көрүп алып, өзүмчө бир дүйнөгө түшүп кеткем.
Мектепти аяктаган соң, Москвага окууга жиберишип, "сен зоотехник болосуң"-деп, аргасыздан эле мени окутуп коюшту. Бирок, менин жүрөгүмдүн дегдеп соккону бир гана артист болуу эле. Бул тилегимди ишке ашыруу максатында окуумду таштап, ушул жакка келип алдым. Ошол учурда, артисттердин көпчүлүгү азыркы чиркөө тарапта жашачу. Мен түз эле Күйүкова эженин үйүнө бардым. Аттуу-баштуу артисттердин көпчүлүгү ошол жерде экен. Мени катуу сындан өткөрүшүп, көңүлдөрүнө туура келгенден кийин, "актрисалык өнөрдү аркалай турган кыздардан экенсиң", деп талантыма талант кошуп, чыгармачылык адам бийик максатта жашоо керек экендигин эскертишти.
Ал убакта актриса болуу деген эң эле уят иш, кыз киши бузулуп кетет деген түптөлүп калган түшүнүк бар эле. Ата-энем ошол түшүнүктү туу тутушуп, менин өнөрүмө бир топ бут тосушту. Баягы мени сынга алышкан артисттер, ата-энемди бул жакка чакырып алышып, таң атканча ырдын коштоосу менен ата-энемди да көндүрүштү. Менин андан ары талантымды өркүндөткөнгө шарт түзүп беришти. Мына ошондон тарта чакан спектаклдерде ойноп жүрүп, сахна дүйнөсүнө аралашып калдым.
- Ойногон ролдоруңуздун ичинде сиздин жүрөгүңүзгө өзгөчө жакыны барбы жана ошол кино же спектаклдеги каармандардын образдары сизге кандай элес калтырды?
- Актриса болуу өтө татаал нерсе. Айрымдар ойлошу мүмкүн, булар жаттап алышып эле аткарып жатышат деп. А бирок, образды жаратуу өтө түйшүктүү. Эгерде сенин жүрөгүңдө ушул образ чагылып турбаса, эч качан көрүүчүлөрдүн купулуна толоорлук образ жарата албайсың, башкача айтканда, сахнадагы элдин атмосферасын, градусун көтөрүү максатында жаттап алган образды да чын ниетиң менен жеткирүү керек.
Артисттер бара-бара апенди, бала кыял болуп калат экен. Анткени ,ар кандай терс жана оң образдарды жаратасың, кээ бир учурларда, калп күлгөнгө да, калп ыйлаганга да туура келет.Эгер сенин жүрөгүң ошол образдын жүрөгүндөй кагып турбаса, эч качан түйшүккө түшүп жашай албасаң, анда сага сахнада орун жок. Эч ким сени чебер актер катары эсептебейт. Ал үчүн жараткан образың элге жакын болушу керек.
Роль аткаруу-каармандын кулк мүнөзүн изилдеп үйрөнүү менен анын кыял -жоругун турмуштун өзүндөй ачып көргөзүү болуп саналат. Ар бир адамдын мүнөзүнө, аң-сезимине да байланыштуу. Кээ бирөөлөрдүн таланты болгону менен ошол образды толук чагылдырып бере албайт. Ошонун ичинен классикалык чыгармаларды, башкача айтканда чоң-чоң образдарды жаратканга салыштырмалуу кичине ролдорду ойногондо жүрөгүңө кандайдыр бир ырахат аласың. Алардын ичинен көбүнчө терс образдарды жаратканда сенин актердук чеберчилигиң күчөйт. Канчалык көп ойносоң, ошончолук такшаласың. Менин ойногон ролдорумдун ичинен эң эле көңүлүмө төп келгендердин бири- бул Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасында Толгонайдын образын жаратканым, Кийинки Гоголдун "Үйлөнүү" деген спектаклинде мен өзүмчө ушунчалык ырахат алгам. Дагы бир көңүл толорлук жараткан образдардын бири - Алматыдагы "Манастын уулу Семетей" спектаклиндеги Каныкейдин образы. Мына ошондо элдер менин кучагымды гүлгө толтуруп, жарым саат сахнадан алыстатпай коштоп беришкен. Андан тышкары эртеси казактардын гезит-журналдары менин сүрөтүмдү бажырайтып биринчи бетке чыгарганын окуп алып, мен ушунчалык жогорку деңгээлде аткардымбы деп өзүмө-өзүм таң бергем Мындан жети-сегиз жыл мурун, Курманжан Датка, Найман Эненин образдарын жаратып келдим.
Мына ошого окшогон көп эле спектаклдерде ойнодум. Спектакль болор алдында жүрөгүм опколжуп, таң атканча уйку бетин көрбөй өткөргөн күндөрүм болот. Ал нерсенин баарын сезбесең, эч качан жогорку чеберчилик менен жаралган образды жарата албайсың.
- Театр чөйрөсү талантты көп талап кылабы же эмгектиби?
- Албетте, биринчиден эмгекти, бирок, талант да керек. Башкача айтканда эмгек менен талант бири-бири менен ар дайым, эриш- аркак болуп жүрүшү абзел. Чуйковский: "Талант 99 пайыз, 1 пайыз эмгек"- деп айткан. Бирок мында да, бир канча апыртмалар бардыр. Менин оюмча, биринчиден өзүңдүн талантыңды сууруп чыгыш үчүн көбүрөөк эмгек жумшалат. Ал эми талант, бул бардыгын чогултуп айтканда адамдын өң-келбети, жүрүм-туруму, бардыгы сахнага төп келгидей жана үнүң да кыргылданбай, кайсы образды жаратсаң да, ачуу-назик үндөрдү туурай алгыдай болуп, ошону менен бирге актердун жасай турган ишин, көздү ачып - жумганча бүтүрө алгандай ыкчамдык менен иштеген чапчаң инсан болуусу кажет. Мына ушундай көрүнүштөр менен гана жогорку деңгээлдеги актерлук өнөргө жетише алат..
- Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кырыгыз фильмдери өтө аз санда. Сиздин оюңуз боюнча сапаттуу кыргыз фильмдерин жаратканга эмне жетишпейт?
- Азыр баарыбызга эле белгилүү акча каражаты жетишсиз. Бүгүнкү күндө башка искусствого караганда кино тартууга акча каржаты көп талап кылынат. Жакында эле чет өлкөлүк режиссерлор менен жолукканбыз. Анда, кино үчүн сарпталган акча каражаты жөнүндө сөз козголгондо, алар аябай күлүп калышты Алар үчүн кино тартууга көп суммадагы акча каражат сарпталат экен. Биз ошондой кичинекей өлчөмдөгү акча маселесин чече албай жатканыбыз өкүндүрбөй койбойт. Ал эми учурада биз эң жакшы кино тартыш үчүн 50 миң доллар сарпталат. Андай акча бизде жок да. Ошондуктан, бүгүнкү күндө сапатсыз кинолордун тартылып жатканы зээнди кейитет. Муну менен биз келечектеги балдарыбыздын тагдырына балта чаап жатабыз. Себеби, жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга үлгү боло ала турган тарбиялык таасир калтыра турган чыгармаларды жарата албай жатабыз. Учурда эптеп-септеп, чалды-куйду бир нерсени тарта салып, жаш муундардын аң-сезимине терс таасирин тийгизген кинолорду жаратып жатканыбыз баарыбызга маалым. Мындай көрүнүштөрдүн, өз деңгээлине жеткире жасаш үчүн, биринчи кезекте акча маселесин чечип алуу кажет. Ошондо, биз кыргыз фильмдерин жогорку деңгээлде жаратып, эл аралык масштабка көтөрүп чыксак болмок…
- Адам баласын дайым эле кубаныч коштоп жүрө бербейт да, андыктан турмушуңузда катуу өкүнгөн учуруңуз болду беле?
- Албетте, көптөгөн татаал күндөр болгон. Ата-энемдин бул жарык дүйнөдөн жаш кеткендиги, чырактай кызымдан айрылганым, тирек болгон 3 бир туугандарымдын оо дүйнөгө эрте сапар тартышкандарын эстесем кабыргам кайышат. Өкүнүчтөр убагында аябагандай эле көп болду, бирок мен ар дайым ишенич менен жашайм. Бул турмушта тоскоол болгон бардык кыйынчылыктарды жеңип кетүүгө ар бир адамдын дарамети жетет. Ошондуктан, көбүрөөк изденип, бардык нерсени чыдамдуулук менен жеңип чыгуу кажет.
- Сиздин жеке пикириңизде кыргыз эли бүгүнкү күндө кандай шартта жашап жатат деп ойлойсуз?
- Кыргыз элинин жашоо-шартында кандайдыр бир татаал нерселер, көптөгөн кыйынчылыктар болуп жатканын өз көздөрү менен көрүп турса дагы чындыкты айтпай жашыраары жалган эмес. Чыгармачыл инсан болгонума байланыштуу Кыргызстандын көптөгөн жерлерин кыдырып келдим. Айыл жергесинде жашаган боордошторубуздун, башын өйдө көтөрүп, тик карап сүйлөй албагандарын көрүп, ичиң туз куйгандай ачышат. Алардын караңгы калк болуп баратканы азыркы бийлик билармандарын ойлонтпойт.
Сөзүмдүн аягында айтарым, жогорку кызматта отурган чиновниктерибиз түндүк- түштүк дешип кенедей карапайым калкты тең экиге бөлүп, биринчи өздөрү чагым салышпаса. Элдин ортосундагы ажырымды бириктирип, ынтымактуу жашоого чакырышса кыргыз элинин пайдасына алып келген жакшы жөрөлгө болот эле.
Маегиңизге чоң рахмат, ишиңиз ийгиликтүү болсун!
Нургүл Төрөбекова,
"Ачык саясат"










??.??