үзүлбөгөн үмүт, күтүлбөгөн күйүт

Үйүлүп, жыйылып жүрөккө түнөп, үзүлбөс үмүттөр күздү күтөт...
"Элибиздин жашоосун жакшы нукка буруп, келечегибизге кең жол ачылаар бекен?" - дешкен калдайган катмарлуу калктын үлпүлдөгөн үмүттөрү күркүрөгөн күздү күтүп жашап калгандыгы бүгүнкү күндүн негизги чындыгы. "Үмүттөр күздү күтөт"-деп үшкүрүп - бышкырып айтылган бул сөздүн эң алгачкы башталышы Акаев дооруна таандык. Бирок, ал ажого таандык болгону менен, бул сөз тарыхтын таштан жасалган дарбазаларын ачып кире алган эмес.
Ал эми, акылгөй ажобуз Бакиевдин бул башкаруу доорунда бул сөз байма-бай колдонулуп атып, (кооптонуу сезимди да, жыргал сезимди да чакырган) атагы таш жарган, жаңы "саясий термин" катары кабыл алынып калды. Жана ошону менен бирге эптеп-септеп күн көрүп,таш боор "өгөй эненин" баласындай болгон эне тилибизди эки сүйлөмгө "байытты".

Азыр бул сөзгө көңүл бурбаган кыргыз, көзүнөн жаш айланып, алаңдаган араң-жандуу Ата-Журттун тагдырына кайдыгер мамиле кылгандардын катарын толуктайт же кыскасы алардын "партиясына" мүчө болушат. Партия демекчи - андай партиялардын нагыз ана башы болуп - "Ак Жол" партиясы саналарын азыр баткендик Балтабай, оштук Ошуракун, чүйлүк Чүкөбай, жалалабаттык Жаңгакбай, таластык Тамырбай, көлдүк Көмөлбай, нарындык Найманбай жана бишкектик Белекбай да билет. Булар жети дубаныбыздын жер-жерлериндеги желип-жортуп, жел араң жеткен, алыс, алыстагы анча-мынчадан кабары жок, а түгүл андайга кызыкпаган, кымыз жыттуу, кызыл жүздүү атуулдарыбыз эле. Эмне үчүн мен аларды мисал келтирдим? Себеби, жанагы "Саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет" деген беймарал демократиянын "деловой" сөзү адамдардын аң-сезимине ысык коргошундай куюлуп атканын бир аз далилдегим келди.
Өзгөчө, үч жылдан бери үлпүлдөп үзүлбөгөн үмүттөр кышта кыйналып,жазда жанданып, жайда шаңданып, анан күтүрөгөн күздө "бир нерсеге" камданып калат. Ал "бир нерсе" деп тергегеним себеби, аны азыр тили чыгып калган бала деле билип калгандай болду. Эгер, буга сиздин акылыңыз жетпей атса, күтүрөгөн күз маалында же жадыраган жаз маалында жогоруда мисал кылган наристелерден: "атаң кайда кетти" деп сурасаң, ал татынакай таттуу тили менен: ата "мийтинге" (митинг) же "бутка" (бунт) кетти"-деп жооп берет. Уктуңузбу, урматтуу мекендешим! Сиз дал ушундай жооп аласыз. Бул аша чапкандык эмес- бул чыңалган чындыктын бир формуласы.
Ошол баарыбыздагы эле жан чыкканга чейин үзүлбөгөн үмүттөрүбүз, эмне үчүн күздү күтүп жашап калды? - деген суроого ким кандай жооп берет? Аныктамалар да, жооптор да коендой окшоштугуна кимдер күмөн санай алат? Күмөн санагандар - жеке Бакиевдин гана тар чөйрөсү болбосо, башкалар жок деп так кесе айтат.
Себеби, "Калк айтса, калп айтпайт" болуп күз мезгилдеринде да митингдер байма-бай болуп келгени ырас. Анчалык саны көп митингдердин кимге кереги бар эле? Албетте, элге керек деп айтууга көптөгөн жүйөөлөр бар. Бирок, митингдердин өтүшүнөн элибиз жана бийлигибиз кандай пайда ала алды деген суроо туулбай койбойт. Суроого жооп издеп, акылыбыздын жетишинче аныктама берип көрөлүчү.

Бийлик үчүн
пайдасы жана зыяны

Биринчиден, азбы-көппү, аянтка чогулган элдерден Ак үйдүн айласы кетип, бир азга болсо да, адыраңдабай алды артын кароого мажбур болушту.
Экинчиден, бийлик мындай митингдерди уюштурган айрым оппозиционерлерди колго алууга жетишти. Кантип? Кантип болмок эле, майлуу, сүттүү кызматтарды сунуштап, олтургуза коюп да. Позициясын өзгөртүп, бийликке келген экс-оппозиционер, ажо астында "ляппай таксыр"-дебегенге аргасы барбы?
Үчүнчүдөн, Ак үйдүн жана жеке ажо баш болгон атка минерлердин кадыр- баркынын төмөндөшү жана эл ишениминен чыгышы. Анан эң негизгиси, мамлекетибиздин башка мамлекеттер (өзгөчө КМШда) алдында төмөн болушуна жол берилгендиги. Демек, кадырың төмөн болгон соң, Төө-Ашууну ашып, төө минип барсаң да, ал "ашыналар" сени теңине албай тетири басып кетери теңирдин терең чындыгы. Түбөлүк кошуналарың түз карашып, ар дайым келүүчү жамандык-жакшылыкта (өзгөчө жамандыкта,) түзүгүрөөк мамиле кылышпаса, "айлаңдын кеткени, ажалыңдын жеткени" эмей эмне экен?
Мына сага, "дүйнөлүк рекорд" коюп, өлкөбүздө эң көп өткөн митингдердин айынан мамлекетибиз оңой менен орду толгус кемчиликтерге, кемсинтүүгө учурап аткандыгын угушубуз да, көрүшүбүз да, сезишибиз да керек. Угуп, көрүп эле тим болбой, тез аранын ичинде жакшы натыйжа берүүчү чечимдерди кабыл алып, иш жүзүнө ашыруубуз- бүгүнкү күндүн эң башкы талабы.

Оппозиция үчүн
пайдасы жана зыяны

Ал эми ал митингдердин өтүшүнө демилгечи, колдоочу болушкан оппозиция тарап кандай пайда таап, кандай зыянга учурады?
Биринчиден, оппозиция тарапка пайда аз, зыян көп болгонун белгилей кетүү керек. Ал зыяндардын эң эле чоңу (жалпы эл үчүн да) болуп, оппозиционер чоң-чоң фигуралардын (мурда кас душманы эсептеп жүргөн) хан тарапка өтө качканы, бийликке кызыгып, ага сатылып, чыныгы жүзүн көрсөтүп койгону тарыхыбызга тамга баскандай жазылып калды. Алардын антип акылдан айнышы оппозиционерлер тобу үчүн (айрыкча митинг учурунда) чоң сокку болгондугун бүгүн өздөрү да байма-бай айтып келатышат.
Экинчиден, каражат маселесин белгилей кетүү ашыкча болбос. Ошондой масштабдуу митингдерди уюштурууга сөзсүз түрдө (азбы-көппү) каражат керек экендигин Эштекбайдын энөө баласы деле билет. Элдин кызыкчылыгына жыргап жашоого багытталып жумшалган акчалардын акыбети кайтпай калгандыгы түшүнүктүү. Жана жалгыз пайдасы, өз позициясын ушу күнгө чейин өзгөртүшпөгөн, манжалар менен гана санай турган мактанарлык оппозиционерлерибиздин аз эмес аброюна аброй, кадырына кадыр кошулгандыгын белгилесек болчудай.

Калк үчүн
пайдасы жана зыяны

Бийликке коркунуч оппозицияга колдоочу болгон элге кандай пайда, кандай зыян болду? Пайдасын бир сөз менен айтканда, элдин үмүтү акталбай калгандыгын белгилесек болот. Үмүт акталбаган соң, бул жерде кандай пайда жөнүндө сөз кылууга болот? Бир гана бул митингдердин пайдасы элдин саясат жөнүндөгү сабатын жакшы эле деңгээлде жойгону болгонун айтышыбыз керек. Саясат - демекчи, 2005-жылдын жаз айларынан бери элибиздин сегиз жашар өспүрүмдөрүнөн баштап, сексен сегиздеги өлөсөлү чалдарына чейин өз алдынча "саясатчы" болуп чыга келишкендигинин бир соң себеби жогоруда сөз кылган пайдалуу жана пайдасыз митингдер болуп саналат. Төрт жылга жакын убакыттын ичинде эки кишинин (мейли, чиновник, мейли карапайым) башы бириккен жерде, кеп башы дал ушул сасык саясат менен башталып, ошол эле саясат менен бүтүп келди. Кыргыз жерине тиешелүү бүткүл аймактарда жашашкан элдерде ушул көрүнүш терең калыптанып, ал түгүл, канга сиңип бараткан "синдромдой" болуп калды.
Ал эми бул "синдром" бүгүнкү күндө саат сайын күч топтогондон топтоп атканын кимдер билбейт. Эгер чындап эле билбегендер болсо, (билүүгө кызыккандар) бийликтин битинен баштап, итине чейин мактап, жактап, жазып, көрсөтүп атышкан кошоматчы теле-радио, газеталардан калп маалымат алуудан арылып, чындыкты жазышкан саналуу гезиттерди окушса, тез эле билип алышарына чоң кепилдик бар.
Учурда, улутунун, улуттук угутун түгөтүүгө чоң салым кошушуп, сасыган саясий оюндарды күчөткөн, бул күйдүргү бийликтин күнү бүтүп баратканын байкагандардын саны саат сайын өсүп атат. Бакиевдин командасынын курамынан куугунтук жеп жана өз эрктери менен баш чайкап чыгып аткан, аттуу-баштуу чиновниктерибиздин катары өзүнчө бир калың катмар болуп калды. Бирок, ошол элдин ишенимине толук ээ боло элек "катмарлар" азыр биринен-бири өтүшүп, өздөрүнүн билдирүүлөрүн таратып аткан кези.
Мисалы, ажобуздун ишенимдүү иш билги өнөктөштөрүнүн эң эле бараандуусу Исмаил Исаков кечээ жакында ээлеген кызматынан өз эрки менен бошотулду. Исмаил акабыздын мындай кадамга барышы - эң оболу өзү үчүн өтө чоң утуш болсо, бийлик үчүн (өзгөчө Куке хан үчүн) орду толгус чоң жоготуу болгондугу ачыктан ачык көрүнүп олтурат. Боксчу Бакиев ажобуз мындай күтүлбөстүккө, бармагын тиштеп, башын чайкоого аргасыз болду.
Ал эми жалпы элге бул окуя майдай жагып, Исмаил акени мактагандардын саны көбөйүүдө. Ушундайча чечим алган "жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасы Исаков мырза жердеш өнөктөштөрү Үсөн Сыдыков, Марат Кайыповдор менен биргеликте бул жек көрүндү бийликти кулатуу үчүн жаңыдан күрөш баштады десек болчудай.
Топчуке менен Азимбек мырза да, кечээ жакында башка бир кыймыл түзүшүп, "Бакиевди биз алып келгенбиз, кайра биз алып кетебиз"-дешип, чар тараптан күч топтошуп, чамынып аткан кездери. Бир кезде Бакиевге чоң колдоо болушкандыгы өтө туура эмес кадам болгондугун тереңдеп сезишкени абдан жакшы көрүнүш.
Амбициясы күчтүү Адахан мырза болсо, чыныгы жүзүнүн дагы бир пардасын сыйрып, кечээ эле сынтагып, "мен бул бийлик менен иштеше албайм"-деген сөзүн унутуп, урган бойдон барып, Исмаил мырзанын бош калган ордун чычкан көргөн мышыктай баса калды. Ошентип, ойдо жок жерден Коопсуздук кеңешинин короо башчысы болуп чыга келгени, көпчүлүктүн көңүлдөрүн айнытып, кускусун келтирген иш болду. Турмуштагы жолу туруксуздук менен өтүп аткан Адаханчик, бир аз акыл токтотуп ойлонуп, кырдаалга баа берип, эски досторуна кошулса, айкөл элибиз адашкандын "өз айып, көп күнөөсүн" кечирмек. Өзүнүн да, корозчо койкоңдогон жүзү жарык боло түшмөк. Бул акыл үйрөтүү эмес, жөн гана бабаларыбыз айтышкандай "күйгөндөн айтам бир сабак"-дегендей кеп. Албетте, өзү үчүн өзү чечим кабыл алат дечи, бирок бир кезде элдик киши болуп жүргөндөн кийин, бир аз болсо да жан тартуу сезимдери пайда болбой койбойт экен.
Ошентип, кыймылдар көбөйүп, эл колдогон партиялар күчтөнүп, "көйнөгү жыртык", "көзү бүтүк", "көргөнү күндүк", "көп жери үзүк", көңүлгө толбос бул бийликти (албетте жалпы элдин колдоосу менен) кубалайт деген ишеним эл ичинде күндөн-күнгө күчөп баратат.
Элибиздин үшү кетип, үшүгөн үлпүлдөк үмүттөрү ушинтип күздү күтүп жашап калгандыгын, азыр тартынбай эле айта берүү ашыктык кылбас. Бирок бир нерсени баса белгилеп айтышыбыз керек. Алдыда кандай гана окуя (саясий болобу же башка болобу) болбосун, айтор, ал окуялар эң оболу жалпы элдин гана пайдасына болсо экен деген аруу тилекти айткыбыз келет.

Айбек ШАМАШЫКЕЕВ,
"Ачык саясат"