Кайрылуу
КР Президенти
К.С.Бакиевге!

КР Акыйкатчысы
Турсунбек Акунга!

Коопсуздук кеңешинин катчысына,
Адам укуктарын коргоо уюмдарына,
Массалык маалымат каражаттарына !


Мен, Эргешов Акбаралы Ноокат окуясынын катышуучулары жана ушул учурда жабыр тартып жаткан жарандардын атынан кайрылам. Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү 1161 адамдын колу коюлган кат менен борбордук аянтта Айт майрамын майрамдоого уруксат сурап акимчиликке, мэрияга жана милициянын начальнигине кайрылганбыз. Эки оттун ортосунда калган элге, Ноокат районунун акими 25-сентябрдан мурунку күнү жылда өтүп жүргөн майрам, быйыл да өтөт деген убадасын берген. Бирок, ал өзүнүн айтканынан танып "орозо айт күнү борбордук аянтта белгиленбейт"- деди.
29-сентябрь күнү Ноокат акимчилигинин имаратында Оштон казыяттан келген өкүлдөр, жергиликтүү имамдар жана эл өкүлдөрү биргеликте катышкан жыйын болгон. Ошол жыйында Кызыл Тейит айыл мечитинин имамы Манас кары орозо айт майрамын борбордук аянтта өткөрүү боюнча жергиликтүү имамдарга кайрылганда, эч ким каршылык көрсөткөн эмес. Андан соң аким мэрияга жана айыл өкмөтүнүн башчысына 29-сентябрь күнү артта калган датаны белгилеп, 27-сентябрда борбордук аянтта майрам өткөрбөсүн деген токтом кабыл алууга буйруган. Албетте, жалпы эл мындан кабарсыз болгон. Коош, ушул жерде суроо туулат. Өткөн жылы өзүнүн жетекчилигинде өткөрүлгөн айт майрамдарына каршы чыгуу акимдин өз демилгесиби, же болбосо азыркы бийликтин буйругун аткарып, бийликтин курмандыгы болдубу? Көпчүлүктүн ою боюнча өзү жетекчилик кылган райондогу элдердин динге жакындыгын билген аким, мындай кадамга өз алдынча бара алмак эмес. Бул суроого Ноокатта болуп жаткан окуялар жооп берет деп ойлойбуз. 2-октябрдан бери Ноокатта СНБ, МВД тарабынан 70-80 эркек, 15-20 чакты аялдарды белгисиз тарапка алып кетишкен, айрым бир маалыматтарга таянсак, алар Ошто СНБнын подвалында же Өзбекстанга жөнөтүлүп барымтага алынып жаткандыгы белгилүү болду. Бирок, ушул убакка чейин алардын бирөөсү дагы кайрылып келген жок. Алардын ичинде кармалып кеткен, "атасы келсе кое беребиз - деген" - 16 жашар уулум Эргешов Акмат да бар... Ушул учурда да Ноокаттагы үйлөрдү тинтүү токтобой, эгер издеген адамы жок болсо, ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүн камоо жана коркутуу токтобой жатат. Ошол тинтүү учурунда үйдүн үстүнөн иним Эргешов Айдаралыны тээп түшүрүшкөн, ошонун натыйжасында эси ооп калган. Аны ошол абалда белгисиз тарапка алып кеткен. Колго түшкөн аялдарды чечинтүү, эркектерди болсо аеосуз сабоо уланып жатат. Абдурахман аттуу жаранды уруп, кабыргасын сындырышкан.
Азыр Ноокатта абал оор. Адамдар үйлөрүнө түнөбөй, талаада качып жүрүшөт. Көчөлөрдө СНБ, Спецназ, участковыйлар, ал түгүл Өзбекстандын Спецслужбалары ызгып жүрөт. Базарларда сатып отургандардын товарларын, акчасын тартып алуу, кээ бир жарандардан "сен видеого түшүп калгансың"-деп акчасын алып жатышат. Бул абал биз угуп жүргөн согуш маалындагы гестапанын жазалоочу отряддарын элестетет. Аргасыздан көптөгөн төмөндөгүдөй суроолор туулат. Бул бийликтин өз элине көрсөткөн кордугу,Хизбут-Тахрирге каршы күрөштү шылтоо кылып бийликтин экономикалык, саясий жана руханий кризистен жалпы коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу үчүн жүргүзгөн аракети болуп жүрбөсүн?
Мамлекеттин 2 миллиардга жакын карызга батуусуна, энерго сектордогу кризиске, мамлекет белчесинен баткан коррупцияга жана саясий туруксуздуулугуна Хизбут-Тахрир күнөөлүүбү?
Бизде мамлекетти башкарууну Хизбут -Тахрир партиясы алганбы, же бийлик башындагылар өз милдеттери өз жарандарын кордоо эмес, балким коргоо экенин унутуп калышканбы?
1937-жылы НКВД тарабынан Киров өлтүрүлүп, ошону шылтоолоп көптөгөн жылдарга созулган репрессия миллиондогон адамдардын укугунун тебеленишине жана өмүрүнүн кыйылуусуна алып барган. Эскерте кетүүчү нерсе, ошол репрессияны жетектеген жетекчилердин жана орган кызматкерлеринин башын ошол эле репрессия өзү жуткан. Болуп жаткан окуялар Өзбекстандын сценарийи боюнча диктаторлукту көздөй таштаган кадамга окшоп жатат.
Биз жабыр тартуучулар, жалпы мекендештерибизге, көз карандысыз адам укугун коргоочу уюмдарга, көз карандысыз журналисттерге, акыйкатчы Турсунбек Акунга, Коомдук парламентке, Жогорку Кеңешке, оппозиция өкүлдөрүнө, Ажобуз К.Бакиевге Ноокатка барып, өз көздөрү менен абалды көрүүгө жана бул террорду токтотууга чакырабыз.
Бул террор келечекте Ата-Мекенибизге да, жабыр тартуучуларга да өтө чоң коркунучту алып келет.
Урматтуу мекендештер! Ноокаттагы жабыр тартуучулардын тагдырына кайдыгер карабаңыздар! Келечекте бул провокация башка аймактарда да кайталануусуна үлгү болушу мүмкүн.




Призраки холодной войны
В связи с проведением очередного саммита СНГ в Кыргызстане развернулась дискуссия по весьма примитивному сценарию "С кем Кыргызстан? Россией или США". Цель таких акций и кампаний одна - конфронтация. А раз взят курс на конфронтацию, то враг найдётся. В связи с этим считаю принципиально важным выразить своё мнение.

Кыргызстан - молодое государство, главным национальным интересом которого является обеспечение безопасности страны для создания необходимых условий для развития экономики и обеспечения благосостояния народа.

Как молодому государству, новому субьекту международных отношений, Кыргызстану жизненно необходимо быть в системе такого партнёрства со странами, которое гарантирует независимость и суверенитет стране.

Противоречия между Россией и США, могут вызывать сожаления, но они объясняются состоянием неопределенностью мира, после окончания холодной войны и развала коммунистической системы. США как супердержаве, единственной стране, которая может действовать в глобальных масштабах и отвечать на глобальные вызовы, как правильно отмечают ряд экспертов в области международных отношений следует осторожно использовать свою мощь. Россия, укрепляясь стремится играть более весомую роль в международных отношениях, чем это было в 90-х годах, и её попытки занять ведущее место на постсоветском пространстве обьяснимы. Но, возврата к старому не будет,сегодня нет места неоимперским амбициям - не те времена. Разумные и уважительные отношения России с соседями будут играть только позитивную роль для всего мира.
Долгосрочные интересы США и России в связи с глобальными вызовами и угрозами совпадают. Поэтому плодотворное сотрудничество двух держав в интересах всего мира, включая нашу страну Кыргызстан. Администрации, стоящие у власти в этих странах меняются, но интересы народов остаются теми же- жить в мире и согласии.

Те кто ставит вопрос "С кем Кыргызстан?" ничего не понимают в современных международных отношениях и мыслят категориями холодной войны. По моему глубокому убеждению, Кыргызстан должен придерживаться сбалансированной политики на внешней арене. Строить и укреплять полезные отношения со всеми странами. Это всецело отвечает нашим национальным интересам. Ни одно государство ни одну нацию мы не должны считать противником и строить доброжелательные отношения со всеми странами, сберегая свою страну от деструктивной конфронтации. Важно понять и то, что состояние международных отношений не приемлит такой однобокой постановки вопроса и не принимает односторонности. Внешняя политика это не два стула, как это кое-кто обьясняет, а сложная система взаимоотношений.
Фракция
"СДПК"