№76, 17.10.08-ж.
 ...

Бакиевдерден оомат кетти
Топчубек Тургуналиев -
"Элдик революциялык" кыймылды
уюштуруучу тобунун мүчөсү,
Борбордук Азия демократиялык
конгрессинин башчысы:

- Топчубек мырза, Элдик революциялык кыймыл түптөп жатыпсыздар. Эмне үчүн революциялык?
- Биринчиден, 2005-жылдын 24-мартында жеңген Элдик революциянын тарыхый максаттарынын бири да аткарылган жок. Ошондуктан, кыска мөөнөттө ириген-чириген бул бийликти күм-жам кылып, биротоло айныган авторитардык - үй-бүлөлүк башкарууну архивге өткөрүп, өлкөнү өсүү жолуна сала турган мамлекеттик жаңы түзүлүштү куруп, элдин мүдөөсүн аткара турган таза, адилеттүү чыгаан башчыларды Акүйгө апкелүү-мезгилдин талабы.
Экинчиден, ооба, Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстандын эли революция жасады. Бирок, биз дагы бир жолу алданып калдык. Анын ичинде менин да күнөөм бар. Эми үчүнчү жолу алдансак, анда тарых, эл бизди кечирбейт, түбөлүк кетпей турган кара тактуу болуп калабыз. Ошондуктан эмки революцияга чейин эң мыктылардын мыктысынын тобун түзүп, эл алдында ачык жооп бере турган, мамлекетти ийгиликтүү башкара билгендер революциянын башында туруу абзел.
- Ошондой мыктылар барбы?
- Бар. Эл уучу куру эмес. Кечээги революциянын жеңишине опол тоодой салым кошкон, анан көмүскөдө калган чаарбаш, чыгаан лидерлер эл арасында толо.
- Силердин кыймылыңыздар оппозицияда болобу?
- Сөзсүз.
- Таяна турган тооңор ким?
- Эл.
- Эл азыр революцияга даярбы?
- Уламдан-улам даяр болуп баратат.
- Качан даяр болот дейсиз?
- Революция аттуу тарыхый улуу кыймылдын ички мыйзам ченемдери, чектери бар.
- Кайсы ченем, чектерди айтасыз?
- Революциялык кыймыл- бул эчен тепкичтүү, эчен чектүү тарыхый окуя, процесс. Адегенде айнып бараткан башчыларга каршы коомдун алдыңкы бөлүгү наалатын айтат. Эл арасында оппозициялык аң-сезим жаралат, ошону менен катар уюшкан саясый оппозициялык уюмдар, бирикмелер түзүлөт.
Анан, келерки чеги -бийликтин уурулугунан, жөндөмсүздүгүнөн жабыр тарткан элдин көбү, дээрлик баары нааразы болот. "Бул башчылар турганда жакшылык болбойт, буларды бийликтен кулатуу керек!"- деген ой-максат калайык калкты карк айланып каптайт. Ошондо эл эң негизги, эң кубаттуу оппозициялык, революциялык күчкө айланат. Мындай элдин демине, кажыбас кайратына хандык, президенттик эмес, дүйнөлүк империялык бийлик да туруштук бералбайт.
- Революция кайсы чекте ишке ашат?
- Мунун үч шарты бар.
- Кандай шарттар?
- Биринчи шарт-бийликке биротоло ишенбей, нааразы болгон оппозициячыл элдин арасынан төрт - беш пайыздай сандагы эң чечкиндүүлөрү, бийликтин огунан, сотунан, түрмөсүнөн коркпогон кошгөйлөрү баш бийликтегилерди оодаруу үчүн көчөлөргө, аянттарга ачык чыгат.
Экинчиси- ачык чыккан чечкиндүү эл топторун жеңиш жолуна багыттаган, бардык жоопкерчиликти мойнуна алган уюшкан саясый оппозициянын чыгаандары революциянын башында туруу керек.
Үчүнчү шарты- уюшкан оппозициялык чачкын күчтөрүнүн баары биригүү зарыл.
- Азыр Акүйгө каяша айткан, андан ашып оппозицияга айланган бир нече топ, кыймылдар бар. Элдик революциялык кыймылдын башка бирикмелерден айырмасы эмнеде?
- Айырмабыз асман менен жердей. Биздин адегендеги эле максатыбыз - элди азапка салган алдамчы ант бузар К.Бакиевди бийликтен кетирүү.
Анан Революциялык убактылуу өкмөт түзүп, жарлыктарына ылайык элге таңууланган Конституцияны, мыйзамдарды токтотуп, парламенттик жана президенттик адилеттүү шайлоо өткөрүү, нукура демократиялык Баш мыйзам кабыл алып, мамлекеттин бардык тармактарын терең реформалоо, азап-тозокту көрүп аткан элди асыроо жолуна түшүү.
- Башка кыймылдар эмне дейт?
- "Өкмөт жарабайт кетир, биз өкмөт болобуз"- деп аткан "Жаңы Кыргызстан" партиясынын анабашчылары, "ЖКны таркат!" талабын талашкан башка бирикмелер "Бакиевге каршы эмеспиз, оппозиция болбойбуз дегендер "президент кетсин!" мааниде айтпайт. Демек, К.Бакиевдин бийлик өмүрүн узартууга көмөктөштөр менен биз бир боло албайбыз. Эгерде алар эртең, "кылгылыктын баарын кылып аткан садыркуловдор менен максимдер, балкыбековдор менен чудиновдор, шершовдор экенине көзү жетип биздин баш сөзүбүзгө "Бакиевди оодарабыз!" десе, анда, алар менен бир дөбөдө, бир жолдо болобуз.
- Бакиев жакшы, анын айланасы айныган дегендерди кандай баалайсыз?
- Бул адаштыра турган арамзалык ой "Акаев азамат, жан-жөкөрлөрү жарабайт" дегенди мурда укканбыз. Эми Бакиевди коргойбуз дегендер ушундай дешет. Ким ишенет? Эч ким! Бардык күнөө Бакиевдин өзүндө. Өзү мыкты болсо жанына ууруларды, шылуун, шумпайларды жолотмок эмес.
- Акаев менен Бакиевдин окшоштугу барбы?
- Бар, толо. Элдик революцияга чейин, андан кийин айырмасы бар, Бакиев бакубат жолго баштайт деп эле жүрүппүз. "Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында" -деп кыргыз таамай айткан экен. Бакиев үй-бүлөлүк диктатураны ого бетер күчөтүп, Акаев курган авторитардык бийликтин мазасына батып кетти. Революциянын максаттары ээн талаа, эрме чөлдө калды. Жакшылыкка жылыш жок. Туштарап жамандыкка такалды.
Экинчи, өз элине мылтык сунуп, аксылыктарды көз ирмебей аткандарга буйрук бергенге Акаев гана эмес, Бакиев да күнөөлүү. Тынч бараткан топко каршы "Тайфун" операцияны колдонуу чечимине ошондогу Баш министр Бакиев кол койгон. Демек, Акаевдин да, Бакиевдин да колу күнөөсүз мекендештерибиздин төгүлгөн канына малынган.
Үчүнчү, Кытайга, казактарга кыргыздардын ыйык жерлерин саткан, кармата берип канталамайга жол ачкан экөө- Акаев менен Бакиев.
Каракан, Огузкан, Манас баатырларыбыздан бери миңдеген жылдар бою кыргыздын каны селдей акса да, өз Ата-Мекенин, анын алакандай жерин да эч кимге ыраа көрбөй сактап келген. Ал эми Акаев менен Бакиев "кабагым, кашым" -деп койбой кебелбей сатып берип ийди. Экөө тең ант бузар, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактайм деп Конституциялык ант беришкен, антты бузду.
Төртүнчү, ооба, алдым-жуттум, коррупция тэ-э коммунисттик доордо эле бар эле. Акаев, Бакиев коррупция гүлдөгөн, мамлекеттик бийликтин бардык тармактарынын, тепкичтеринин ар бир тешигине терең кирген система түзүштү.
- Бийликти "катыны башкарган Акаев" дечү эл. Бул сөз Ташкөмүрдүн бери жагында, кан жолдун боюнда 2002-жылдын мартында бажырайып жазылып турду. Эми "баласы башкарган Бакиев", "Айдардан Максим чыгаан чыкты" дешет. Туура сөз. Мен кимиси президент, атасы К.Бакиевби же баласы Максим Бакиевби? -деп суроо салам. Деги президенттик бийлик кор болобу? Ким башкарып атат: атасы, баласы, инилери, шершовдор, балкыбековдор, чуть-чуть чудиновдор…
Алтынчы, Акаев ашынган калпычы эле. 90-жылдын 15-ноябрында бүт элге убада берген : "үч жылда Кыргызстанды Борбордук Азиядагы Швейцарияга айландырам" -деп. Швейцария эмес, шору шорподой кайнаган өлкөгө айландырып кетти. Бакиев: "революциячыл элдин максаттарын ишке ашырам, коррупцияны кокодон алам, мага кол тийбестиктин кереги жок" деп убада берген. Убадасын бузгандын үстүнө бузуп келатат.
Жетинчи, баш көтөрбөгөн чаарбаштардын далайын, чыркыраган чындыкты ыйык туткан журналисттердин, укук коргоочулардын көбүн, сындагандардын сандагандарын Акаев куугунтуктап келди, эми Бакиев алардын артынан сая түшүп жатат.
Сегизинчи, шайлоолорду бурмалоо, добуштарды сатып алуу системаны Акаев баштады. Бакиев болсо андан ат чабым ашып кетти. Акаевдин колунан келбегенди бул жасап атат. өзү баш болуп каражолчулардын партиясын бийликтин күчү менен түзүп алып Жогорку Кеңешти менчиктештирди, өкмөттү, сотторду ого бетер кол бала кылып алды.
Акаев демократиянын ичине канжар сайса, Бакиев анын далысына найза сайды, саясый брутизм жосунун күчөттү.
- Топчуке, сиз 2005-жылдагы элдик революцияны башкаргандардын аксакалы экенсиз. Сиз кечээ эле колдоп жүргөн президентке эмне деген кеңеш айтаар элеңиз?
- Ооба, мен саясый сайпаналык бараансыз бапиштик жолун жолдогон Акаевге тэ-э 1993-жылдын 17-октябрь күнү 25 адамдын көзүнчө, андагы Мамкатчы Э.Карабаев да катышкан эле, "өлкөнү өнөктүү башкаруу колуңан келбейт экен, ушундайыңда бийликтен, өзүң кетип кал"- дегем. Кайдагы кеткени дейсиң. Ошондон кийин мага куугунтук салды, 28 жылга түрмөгө кестирди, 1184 күн абактарда олтурдум, сүргүндө жүрдүм…
Бакиевге күйдүрүп бетине айтаарым: Курманбек мырза, кыргызга жок дегенде бир жолу жакшылык кыл, өз ыктыярың менен президенттикти таштап кетип кал. Сенден оомат кетти. 3-4 жыл мурда эл колдоп келкелиң келген. Тез арада өзүңдүн күнөөң себеп болуп, "кеткетиң" келди. Мен сага Акаевдин тагдырын каалабайм. Тилимди ал. Кетип калсаң эл ыраазы болот, анан баш көтөрүп эл арасында жүрөсүң,- ушул тилекти өзүңө өзүң айткансың.
Эсимде, 2002-жылдын июнь айы. Акаев аттырган аксылыктар Ташкөмүрдүн жанында, чоң жолдо турган экен. Ошондо аксылык 80деги Осмон авам: "Акаев эки дүйнөдө оңбой элден чыгып калсын!" мааниде оң бата, сол бата (сол бата бүт кыргызда бар, андан да жаман тескери оң бата, сол бата Аксыда бар) сунуш кылганда сегиз миң кол асманга көтөрүлүп каргыш айткан. Атанын каргышы жаман. Элдин каргышы миң эсе оор, күчтүү, сөзсүз тиет. Акаевге тийди, ал чыккынчы, саясий бомж болуп бөтөн жерде баш калкалап жүрөт.
Курманбек мырза, мен сага мындай бата берилишин каалабайм. Сага, эл, тарых каршы болуп калды. Тилимди ал, ушунчаңда кетип кал. Жөн кетпе, камчыңды мойнуңа салып, "жаңылдым, жаздым, тооба кылдым!" -деп элден кечирим сурап кет, жеген-жуткан, жыйнагандарың болсо ачык айтып казынага өткөрүп кет.
Ошондо элиң сени кечирет!

Ириген-чириген бийликти күм-жам кыла турган улуу күч - эл көтөрүлө баштады. Революциялык кубаттуу кыймылды токтотуп коюуга эч кимдин күчү жетпейт!