№76, 17.10.08-ж. КЫРГЫЗ КАНДАЙ ЭЛ ЭЛЕ,
АЗЫР КАНДАЙ ЭЛ БОЛУП БАРАТАТ?
Кыргыз эли байыркы эл. Башка калктарда жок каада - салты, нарктуу намыс ары, көөнөрбөс көрөгөч көсөмдүүлүгү, теңдешкис сөз билги чечендиги, ниет- пейили кенен меймандостугу, жөнөкөй эмес жөрөлгөлүү касиеттүлүгү жана ушулардын баарын өзөгүнө топтоп чогулткан, артыкча асыл сапат кулк-мүнөздүүлүгү өтө күчтүү өнүккөн эл экендигин тарых таразасы таптак, тактап айтып турат. Бул биринчиден.

Экинчиден, Жараткан ушундай укмуш элге- сулуулугу суктандырып, көз жоосун алган бейиштей жерлердин бир ажайып, керемет жерин (башка улуттарга ыраа көрбөстөн) белекке тартуулап бергени эмне деген сыймык, эмне деген чексиз кубаныч!
Ошол байыркы же кечээки эле "мен кыргызмын" - деген адамдарга жогоруда айтылган салттуу сапаттар асыл оюна, кан тамырларына чейин терең сиңип келгендигин баарыбыз жакшы билебиз. Андай "касиеттүү адамдар" кыргыз деген улуттун чыныгы жүзү, чексиз сыймыгы болуп келишкендиктерин кимдер тана алат. Атаң гөрү! Анан эмне болду, ошол мыктынын мыктысы аталган асыл кыргыздарга? Эмне болгонун азыр кыргыздардын көбүнөн азыраагы көкүрөктөрү менен жакшы туюп, билет. Эбегейсиз эсил кайран союз жоюлуп, кыргыздар да эл катары эгемендүүлүкө ээ болушуп, калпактарын көккө ыргытышып, ыргыштап катуу сүйүнүшкөн эле. Бирок, жетине албай жерден алыс учуп сүйүнгөнүбүз менен, андан аркы келечегибиз кенен болбой кемип калгандай болбодубу. Ошол кезде энтеңдеп эсибизди жыя албай жатканда, бир заматта жакшы аба- ырайы жаман аба -ырайына бузулгандай, кайдан-жайдандыр "баш аламан" заман башталып кетти. Балтасын көтөрүп, баарын кыйратчудай болуп, байкатпай шашып келген " баш аламандык" -бактылуу баатыр кыргыздардын бактысын байлап, баягы байыркы баа жеткис асыл сапат касиеттерин жалпайта "жайлап" салганын, бүгүн биз бир дем , бир көз караш менен моюнубузга алышыбыз керек. Бирок алсак да, албасак да эми пайдасы канча? Баатыр бабаларыбыз: "Жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап" - деп айтышкан. Биз азыр ошол сөздү өтө сыйлап, кыл кеспеген кыйшык кылычыбызды бокко боесу канганча чаба берип, кылычыбыз эмес, өзүбүз да бок сасып болбой баратабыз. Болбогон сөздөрдү ажобуздан баштап, айылдык карапайым адамга чейин божурап, бок ооздонуп сүйлөп калганыбызга ушул бир мисал болот десем, анча деле аша чаппайм го?
Кыргыздын канына сиңген көрө албастыгы, тоготпостугу, кенебестиги эгемендүүлүк алган күндөн бери өтө өнүгүп- өсүп, өз алдынча "даңгыр жолго" түшүп, зуулдап бараткан кези. Ошондой опаасыз терс көрүнүштөргө көзүбүздү жумуп, оозубузду Оштой чоң ачып жол бергенибиз, улуулугубузду унуткарып, ошол, улуу журт кылган уюткубузду түгөтүп, туш келди төгүп- чачып аткандыгыбызды түшүнүшүбүз керек эле. Биз ушу, " керек эле" деген сөздү көп айтабыз. Бирок, ошол "керек эле" деген сөздү өз убагында "керектебей", кебелбей жүрүп, сөзүбүз сөз бойдон калуунун себебинен улам итибиз чөп жебей, ишибиз алга жылбай аткандыгын түшүнгөндөр өтө аз болуп атат. Кеп жебей, "тигини минтип", "муну минтип" коюш керек деп жүрө берген адатыбызды ким жокко чыгара алат? Албетте, эч ким. Анан калса өзүбүз кыйратып койгонсуп, бирөөлөргө өлөрчө сынтагып, аларды кемсинтип, макоодой мактанганга маш болдук.
Дагы бир эң башкы айта турчу нерсе, ата-бабабыз байлыктан өлгөнсүп, азыр биз байлыктын артынан (байыбыз деле, кедейибиз деле) баш уруп, куу кекиртети тыя албай кубалап кетип эле баратканыбызга ким каршы пикир айта алат? Каршы пикир же кайчы пикир айтууга азыр эч кимдин моралдык укугу жок. Себеби, бул көрүнүш чынжырлуу чыңырган чылкый чындык болуп атпайбы?Баарыбыз байлыкты баса калчудай болуп, индеецтердей бакырып кубалаганыбыз менен, ал "бакырыктан" жүрөгү түшкөн "байкуш байлык-дөөлөт" ансайын алаңдап, артын карабай качып баратканын билбейбиз. Эгер байлык, дөөлөт чындап эле адам үчүн жаралган болсо, эмне үчүн качып баратат десең? Бул жерде кандай себеп бар? Себеп, ошол көбүбүз көзүбүздү жумуп, арам жолдорго түшүп алгандыгыбыздын кесирлүү кесепетинен улам өзү келчү байлыкты, эми өзүбүз өлүп-талып кубалап жете албай баратабыз . Эгер биз ак ниет, пейили кенен, адилеттүү, ак эмгекчил адам болсок, байлык, дөөлөт өзү эле өзүбүздү курчап, кучагыбыздан чыкпай, кубантып жүрөт эле. Ал эми эл байлыгын тоноп, арам жол менен байыгандар жыртаңдап жыргабай эле коюшсун, анткени, эртеби- кечпи, арам байлыгы кулкунуна куу тикенек болуп сайылаарына кудай тарабынан да, эл тарабынан да, чоң кепилдик бар.
Кыргызда, "Балык башынан сасыйт" - деген сөз бар эмеспи. Башчыларыбыз балык болуп башынан былгып сасып атышса, биз кайда барып, кай жактан жан сактап, кантип таза болуп, кантип сасыбай турабыз? Мунун жыйынтыгы эмнеден улам келип чыккандыгынын себеби, көзгө бакырайып көрүнүп турат, ал- пейилибиздин бузулушу! Кылымдарды карыткан "жылтылдаган жылдыздуу кыргыз" азыр, "кылтылдаган кылмыштуу кыргызга" айланып баратканына кимдер шек санайт. Кылмыштуу кыргыз дегенимдин себеби, кылымдарды карытып келаткан мамлекетибизди толук кандуу башкарышып, мамлекеттин атынан башка көптөгөн мамлекеттер менен мамиле түзүшүп, алар менен ар багытта кызматташып, "кыргыз" деген элдин эң биринчи адамы,эң негизги жүзү болуп келишкен президенттерибиз өздөрү баш болушуп, кылымдан кылымга айтылып калуучу, кыдырата тизилген "кызыктуу кылмыштарды" кылтакка илинишпей иш жүзүнө ийгиликтүү ашырып келатышат. Тим эле, эч нерсе болбогондой, эч нерсе кылышпагандай, кетиришкен кенедей кечиликтери да жок сымал, жогорто турушуп, жомоктогу калптарды катыра айтууну төл адаттарына айлантып алышкан. Анан башчыларыбыздын көрсөтүшкөн үлгүлөрү ушу болсо, калгандарыныкын айтпай эле коелу. Эгер эч эринбей баарын айтсак, кагаз бети, калем сыясы түтпөөрү, чылкый чындык экени белгилүү.Мына ушундай укмуштай улуу "кылмышкер" ажолорубуздун айынан жана алардын жүргүзүшкөн сапатсыз саясаттарынын кесепетинин, учурда улуу журттун уюткусун түгөнө турган абалга кептелип баратабыз.
Илгери бабаларыбыз мындан кыйын учурларда да,"коенду камыш, жигити намыс өлтүрөт" - болушуп,бир урууга айтылган (кичине чон уруусуна карабай) "кычык сөз,кыйшык көз" - үчүн бир биринин канын суудай төгүп келишсе да, журт уюткусун сарамжалдап сактоого, абдан чоң көңүл буруп келишкен. Азыр бийлик төбөлдөрүбүз ал доордогудай ачык кырылышышпаганга канча арекет кылышса да, өз ара кырылышышкан кыңыр иштүү "согуштары" мурункудай кырк жылда эмес, кырк саатта, керек болсо кырк мүнөттө билинип атат. Бирок кылышкан "кыңыр иштери" үчүн, эч кимиси эч кандай жоопко тартылышкан жок .Жоопко тартылмак тургай, чалчакташып кызматтан кызматка көтөрүлүшүп, көздөрү жумулуп, көөп жүрүшөт.
Ал эми илгери мындай кылмышкерлер эч качан (кандай учурда, кандай абалда болсо да) көз жаздымда калышкан эмес. Ал кезде кылмышкерлер жазага тартылбай кала турган болсо, эң уят иш, эң намысы жок эл болуп эсептелген. Азырчы? Азыр баары теңирден тетири айланган кезге туш болбодукпу? Ата-Журттун алтынынан баштап, аллюминийине чейин тоношкон, ажо баштаган, атка минерлерибиздин абактагы ордуларына айылдагы тоок уурдашкан майда ууруларды камалып жатканын бүт эл, бүт журт билет. Анан кайдан, кантип улуттун уюткусун сактап калууга болот деген суроо туулбай койбойт? Буга жоопту кимден алабыз? Мурунку ажобуздун буга жооп иретинде: "кыргыз элимдин келечеги кең болот, мен Кыргызстанды эки жылда Швейцарияга айлантам"-деген дежурный сөздү айтып келген. Кана эми, ал ажобуз Кыргызстанды эмес, жеке өзүн Швейцарияга айлантып, Ата-Журттун азапка салып, "мактанган кызыбыз тойдо осурат" болуп, орустардын ордосуна кире качты. Демек, ал киши (өзгөчө акыркы жылдары) улуттун уюткусу жөнүндө ойлогон эмес, ойломок турсун уруп да ойногон эмес. Ал эми азыркы ажобуз кандай жооп берет - деп кызыккандардын тобун өзүнүн айлана-чөйрөсү гана түзөт. Анткени, аларды Кыргызстандын келечеги кейитпейт. Чынында келечек үчүн кейигендер ажодон алган жообу туура эмес, улуттун уюткусун сактоонун бирден бир жолу (көзгө сүртөр дарыдай зарыл) ажолук кызматтан мөөнөтсүз,кыска убакыттын ичинде кетишин талап кылышат. Бул суроо -талап эртеңкинин эмес, бүгүнкү күндүн, азыркы учурдун негизги талабы болуу деңгээлине өсүп чыкты.
Илгери кыргыз эли көп нерсени алдын алган акылман, алысты көрө билген көрөгөч эл болгон. Азыркы кыргыз эли көп нерсени эмес, көрүнүп турган аз нерсенин алдына алмак турсун, артын карашпай, ар нерсеге аяр мамиле жасашпаган, байыркылар чылап жети өлчөп, бир кеспеген, келечекке кеңири көз салбаган, көкүрөк дүйнөсү жапыз, акыл-ою тайыз эл болуп баратат. Буга эмне себеп? Албетте, качан болсо суроолор жана божомолдор көп. Бирок ошо суроолордун көбүнө так жообу жок болсо да, ал божомолдордун чынга айланып атканына далилдер өтө көбөйдү. Мисалы: кыргыз каада-салтынын сакталбашы, пейилдин бузулушу, адамдардын дүнүйөкөр болушу жана кыргыз канынын (генофонд) асылдыгынын төмөндөлүшү, өз ара ынтымактын кетиши, улуттук ар-намыстын жоктугу - азыркы кыргыздардын жашоосунун негизги өзөгүн түзүп калгандыгын кимдер билбейт. Мына кыкеңдер айтмакчы, нака "иттин өлүгү" болуп ушулар саналат. Андай асыл нерселерди анчалык иттин өлүгүнүн деңгээлине ким жеткизди? Бул жерден дагы баш катырган суроо туулду. Же кайра эле бардык күнөөнү "А" менен "Бга" оодара салып, сөздү бүтүрүп коелубу? Ал ажолордун кетирген кемчиликтеринен башка, жалпы улуттук жол берген жосунсуз жоруктарына көз чаптырып, бир аз аныктама берип көрбөйлүбү








Кыргызда, "бирок" деген эч качан өзгөрбөгөн өтө керектүү (жаманга да, жакшыга да) сөз бар.Ошол "бирок" менен айтканда кыргыз элинин азыркы жашоосуна кандай аныктама берсек да, баягы эле, Мм..., атың өчкүрлөр "А", менен "Бны" кошпой, аныктама берүү эч мүнкүн эмес. Себеби кандай гана улут, кандай гана мамлекет болбосун, учурдагы көрүп аткан (жыргалбы, кууралбы) жашоо күнү түздөн-түз өлкө башчысынын ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу болот. Өлкөнү ар кандай кыйынчылыктардан чыгара алышкан кыйын чыкма ажолор элдин бактысына жаралгандыгы баарыбызга белгилүү. Андайлардын катарына алыс барбай эле, улуу Россиянын мурунку ажосу, азыркы өкмөт башчысы Владимир Владимирович Путинди, боордош туысканыбыз Казакстандын ажосу Нурсултан Абишович Назарбаевди кошсок, эң эле туура. Себеби, алар өз мамлекетинин деңгээлин бийиктетип, өстүрүүгө өтө чоң үлүш кошушту. А биздикилерчи? Биздикилер тетирисинче, өлкөбүздүн деңгээлин бийик көтөрүүгө эмес, төмөн түшүрүүгө эбегейсиз эмгек кылышты. Бул жерде арифметикалык "кошуу" жана "алуу" жөнүндө сөз кылсак, анда жогоруда аталган коңшуларыбыздын пайдасына "кошуу", ал эми биздин пайдабызга "алуу" чечилгенин баса белгилешибиз керек. Кошууга канча кошсоң, ошончо кошулуп, көбөйүп, чексиздикке кете берет. Аты жаман "алуудан" ала берсең, ала берсең, азая берип, азая берип, акырында нөлгө түшөөрүбүз турган иш.
Мына биз, азыр ошол арифметикалык "алуунун" алкагында жашап жатабыз. Бар байлыгыбыз касиет-каадабыз, нарк-намысыбыз, адамдык сапатыбыз, кыргызга таандык бийик менталитетибиз төмөндөгөндөн төмөндөп, алынгандан алынып эле баратат. Алды-артыбызды карабай, аесуз "алына" берип, урган бойдон барып, таптакыр эле нөлгө түшүп калбасак болду. А чындыгында, нөлгө түшкөн соң, "бүттүк" деп бүтүм чыгара берүү ашыктык кылбайт. НӨЛ - жашоонун бүткөн чеги! НӨЛ - улуттун угуту түгөнгөн чеги! Эгер ошондой абалга жете турган болсок, өзүбүздү "лөлүлөрдөн" катарына татынакай тартибибиз менен эле, талашып тартышпай эле, (бирок нөлдөгү лөлү улуттарга талашканда талкан тиймек беле?) кошулаарыбыз күтүлмөкчү.Бул жөнүндө алдыда айта турган, жаза турган аныктама ойлор көп экенин эсибизге алышыбыз керек.
Айбек ШАМШЫКЕЕВ,
"Ачык саясат"