№75, 14.10.08-ж.
  К а п к а н д а г ы " к а л ы с т ы к "

КҮНӨӨСҮЗ КҮНӨӨЛӨНГӨНДӨР
Гезитибиздин №4 санында жарык көргөн "Мама, мени күнүгө сабап жатышат" деген материалдын бир тараптын гана кайрылуусу экендигин эсиңиздерге сала кетсек. Анда "Максаттын жакындары редакциябызга кайрылып олтурушат. Максаттын айтып-жазгандарын чыпчыргасын коротпой жогоруда келтирдик. Бул албетте, бир тараптын гана айткандары. Тергөө эмне дейт? Негизги маселе ошондо" деп жазган элек. Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамда комментарийсиз бир тараптын айтканын жарыялоо мыйзамдуу. Биз экинчи тараптан дагы жооп күттүк эле. Бирок, андан бери айлар өтсө дагы Жайыл районунун прокуратурасы дагы, Жайыл Райондук ички иштер бөлүмү дагы үн дебеди. Ошондуктан, редакция өзү барып маалымат алууга туура келди.

Алгач Жайыл районунун прокурорунун тергөөчүсү Алик Тимуров журналисттик күбөлүгүмдү көргөндө эле ордунан тура калып, эч кандай суроомду укпастан: "Тергөөнүн жашыруун сырларын ача албайм",-деп чыгып кетти. Андан соң Жайыл районунун прокурору Кубанычбек Бейшекеевдин кабинетине баш бактым. Анын айтымында, гезитке чыккан материалга прокуратура жооп берет десе, тергөө бөлүмүнүн начальнигинин орун басары жооп берүүдөн баш тартты. Же алар- сырттан келген кишини кабыл алуу, алар менен бетме-бет отуруп сүйлөшүү маданиятын билишпейби? Максаттын катында жазылган уруп-сабоо тууралуу суроону уккусу да келген жок. "Эй, мен билбейм, көргөн эмесмин, эч нерсе айталбайм!"-деп кыйкырса, эмне суроо берээриңди билбей, кайра өзүң тайсалдайсың. Ылдый жактагылары маалымат бермек турсун, адам менен сүйлөшүү маданиятын билбеген соң, милициянын начальнигине кирүүгө туура келди. Ал эмнегедир гезитти көрсөткөнүмдө эле нааразылана, "поддавлением" мени менен катуу сүйлөшкөнгө өттү. Анын айтымында, жарыяланган материал үчүн өмүр бою моралдык да, материалдык да жабыр тартып өтүшүм керек экен. Мыйзамды жакшылап карасаңыздар боло, мыйзамчылар! Маалымат алууга колунда күбөлүгү бар ар бир журналистин укугу бар. Жарыяланган материал болсо мыйзам чегинде. Ал менин суроолорумду уккусу да келбегендиктен, аны угууга туура келди. "Сенин деле жакындарыңды ушинтип атып кетсе эмне болот эле?"-деди сөз арасында. "Анын бетин ары кылсын!"-деп анын столунун кырын чертип, таптакыр тааныбаган эле адамга ошентип мисал келтиргенине ичимден бир эсе нааразылана түштүм. Бирок, алар менен кызуу кандуулукка барып сүйлөшкөндөй Максат Базарбаев дагы мага бир тууган эмес. Ошону милиция кызматкерлери түшүнүшсө. Мен болгону маалымат алуу үчүн кайрылгам. Ким бирөөнү каралап, ким бирөөнү акташ үчүн барган эмесмин. Алардын кызуу кандуу мамилесинин мага кызыгы деле жок болчу. Ошондуктан, сабыр кылууга туура келди. Милициянын начальниги диктофонго маалымат берүүдөн баш тартты. Жанагы кайпалактаган жигитти чакыртып, ал кирди дагы начальнигинин "отур" дегенине карабай, "Сапар азыр келатат",-деп чыгып кетти. Аңгыча тергөө иштеринин начальниги Сапар Абдыкулов келди. Ал мага өз кабинетинде суроолорума жооп берди. Кыскасы, прокуратурадан дагы, РОВДдан дагы гезитке жарыяланган катта жазылгандай милиция кызматкерлеринин кол көтөрүүсүнө карата текшерүү жүргүзүлүп жатканы тууралуу жооп ала албадык.
Башка айыпкерлердин абалы кандай болуп жатты экен деп, Кумарык айылына жөнөдүк. Эсиңиздерге сала кетсек, айыпталуучу Базарбаев Максат менен бирдикте дагы үч бала айыпталып жатат. Алардын үчөөсү тең Кумарык айылынан болот. Алгач, айыпталуучу Абазбек уулу Алымбектин чоң атасыныкына бардык. Чоң апасы дагы бар экен. Турмуштары өтө начар, кемпир-чал кыбырап араң оокат кылып жатышыптыр.
Экинчи айыпталуучу Өмүрзаков Бактыярдын үйүнө барганыбызда, атасы короодо үйдүн жанында отуруптур. Кемегени оңдоп-түздөп жаткан балдарын көрдүк.
Бактыярдын атасынын айтымында, милициялар келип тегеректин баарын казып, кичинекей үйүнүн печкасын бузуп кетишиптир. Аны кемпири каза болгондо, абысындары келип кирпичтерин жыйнап коюшуптур.
Алымбектин атасынын үйү айыл четинде экен. Барсак, атасы короодо туруптур. Анын адвокат жалдаган жокпуз дегенине таң калган деле жокпуз. Анткени, адвокат деле бекер иштеп бербейт да. "Чиедей болгон үч балам турса",-дейт ал. А Алымбеги бала эмеспи? деген суроо жаралат. Жалпысынан айыпкерлердин үй турмушу, жашоо-шарты өтө оор акыбалда экен. Бир эле Алымбек эмес, Бактыярдын дагы адвокаты жок.

Кубанычбек Бейшекеев, Жайыл районунун прокурору:
- Базарбаев Максаттын каттары боюнча маалыматыңыз болсо керек. Анда жазылган милициялардын Базарбаевге кол көтөрүүсү боюнча эмне айта аласыз?
- Бул статья боюнча гезитиңерге жообун даярдатып жатышкан. Азыр бул боюнча эч нерсе айта албайм, себеби тергөө жүрүп жатат. Жашыруун иликтөө деген мыйзам бар.
- Жазылган каттарда мени сабап моюнума алдырган дептир. Буга кандай карайсыз?
- Бул жерде төрт айыпкер болуп жатпайбы. Макул, бирөөнү сабасын, экөөнү сабасын, үчөөнү сабасын, бирок сабагандан кийин бөлөк далилдер менен далилденет да. Себеби, моюнуна алган күнү дагы, далилдер менен далилденбесе, ал далилге жатпайт.
- Эмне үчүн фактылар менен эмес, а сабап-уруу жолу менен моюнга алдырган?
- Мен бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Сабадыбы, кыйнадыбы, кыскасы сот болот, ошол сотто далилдер болсо, акталып кетет.
- Ошол сабап-урган милиция кызматкерлери жазаланабы?
- Далилденсе алар жоопко тартылышы керек.
Буга чейин деле милиция кызматкерлери жоопко тартылган фактылар көп эле.

Сапар Абдыкулов,
Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын майору:
- Кандай негиз менен камактагылар Эркиндин өлүмүнө шектүү деп кармалып жатышат?
- Булар шектүү эмес, эми булар айыпкерлер. Айыбы угузулуп, сот органдары алдын-ала күнөөлүү тапкан жана алар тараптан "камакка алынсын" деген баш коргоо чарасы тандалып алынган. Ар бириники өз деңгээлине жараша далилденген. Бул кылмыш ишин коомдук резонанс катары Башкы тергөө башкармачылыгында, Башкы прокуратурада, областтык прокуратурада, Чүй облусунун башкармалыгында, Ички иштер башкармалыгында көзөмөлдө болгон иш. Кыскача айтканда, бул ишти бардык тараптан карап тургандыктан, кандайдыр бир мыйзам бузуулук болуу мүмкүн эмес. Анткени, биз укуктук мамлекетте жашап турганда, мыйзамсыздыкка эч ким жол бербеши керек. Анын үстүнө бул министрдин көзөмөлүндө болгон иш. Министрдин орун басарлары кылмыш иши болгондон бери ушул жерде жүрүштү. Прокуратура өзү бул ишти тергеп жатат. Жөндөн-жөн эле күнөөсүз кишини камап коюп, карап отура берүүгө эч ким жол бербейт.
- Күнөөкөр деп табууга жетиштүү далилдериңер барбы?
- Кылмыш ишине эмне далилдер бар экендигин айта албайм. Анткени, бул жашыруун иликтөө. Буларды күнөөлүү деп айтыш азыркы учурда туура эмес. Себеби, кандай гана күнөө болбосун сот аныктайт. Биз айыптайбыз. Ошол себептен буларды күнөөкөр деп айтууга эрте. Иш боюнча тергөөнүн начальниги катары жетишээрлик далилдер бар деп айта алам.
- Төртөө тең камактабы?
- Кылмыш болгондон кийин көп убакыттан кийин кармалып жатышат. Ушулардын бирөөсү дагы өзү келип айткан эмес. "Баланча аткан болчу, бирок, биз жанында болчубуз, бизди күнөөлөбөгүлө",- деп бирөөсү эле келгенде, биз аларды анча күн издеп кыйналбайт элек. Булар негизи башка бир кылмыш кылабыз деп, башкача айтканда, каракчылык кылууга келе жатышкан да.
- Демек, Эркиндин өлүмү таза кокустукпу?
- Ооба, алдынан чыгып калган. Жолдошбек уулу Эркин буга чейин тергөөчү болуп иштеген. Кийин кылмышкерлерди издөө жумушу кызыктуу болгондуктан, ошол жакка которулган.
- Биздин алган маалыматыбызга караганда, Эркин ал жакка жалгыз барбаптыр. А калгандары кайда?
- Эркиндин Эсен деген өнөктөшү болгон. Ошол учурда ал башка тарапка кеткен. Алар топтошкон бирөөлөр отурганын билген эмес да. Башкача айтканда, даяр эмес болушкан. Мындан башка эч нерсе айта албайм.
- Эркин ооруканадан каза болгонбу же жолдонбу?
- Мен жанында болгон жокмун. Ал ооруканага жетпей эле өлүп калган.
- ИИМдин маалыматы боюнча жолдо каза болгон.
- Анын баарын азырынча айта албайм. Жолдонбу, ооруканаданбы, каза болду. Силер үчүн бул эч нерсе бербестир, бирок, биз үчүн бул көп маалымат бергендик болуп калат. Туура түшүнсөңүздөр.
- Базарбаевди судмедэкспертке алып барганда кандай акыбалда эле?
- Алып бардык. Анткени, Базарбаев "Мени уруп жатат",-деп арыз жазды. Биз алып барууга аргасыз болдук. Судмедэкспертизанын жыйынтыгы кылмыш делосунда тиркелген. Олуттуу деле эч нерсеси жок дегенине карабай, "калп айтып жатасыңар",- деп УЗИге алып барышты. УЗИ "без патологии" деп берди. Ар бир адамда андай патология бар деди.
- "Урду" деген арызына текшерүү жүрдүбү?
- Аны прокуратура текшерет да. Өзүбүздү өзүбүз текшербейбиз. Биз текшергенде деле обьективдүү болбой калат. Дегеле, Базарбаев эле "мени урду"- дейт. А башка эч ким унчукпайт. Тиги балдар татынакай моюнуна алып айтып берди, "ушундай, ушундай болгон"- деп.
Камеранын ичинде камакта ар кандай адамдар отурат. Өзү өтө бышыктык кылып, бирдеме кылып койгон, мүмкүн ошол жердегилер эле тарбиялап коюшу мүмкүн. Эми мен айта албайм, аларды көрбөгөндөн кийин. Камалгандан кийин жөн киши отурбайт да.
- "Мен күнөөлүү эмесмин",-дептир го?
- "Мен өлтүрдүм",- деп өзгөчө оор кылмышты эч ким айтпайт. Мунун жанталашып жатканы ошол. "Мен ушинтип милицияны атып салдым"-деп, булар өмүрү келмек эмес да. Ички иштер министрлигинин системасынын күчү менен бул иш ачылып отурат, болбосо ачылбай да калмак.
- Биздин уккан маалыматыбызга караганда, булар бирин-бири алып келишкен турбайбы?
- Ооба ошондой болгон. Кыскасы, биздин тергөөнүн позициясы ачыкка чыгып калат. Анда адвокатка, Базарбаевге даяр тамак болуп бербейминби, туурабы? Алар отуруп алышып башкача көрсөтмө бере башташат. Сот бүткөн соң бардык документтерди ачыкка бере алабыз.

Эркин Алымкулов,
Максат
Базарбаевдин
жактоочусу:
- Максатты милиция кызматкерлери сабагандыгы тууралуу сиздерде далилдер барбы?
- 12-августта ата-энеси кайрылгандан баштап, тергөө учурунда Базарбаев Максаттын укуктарын жактоону өзүмдүн мойнума алгам. 13-августта эртең менен Базарбаевдин апасы Бурул баласынын абалына тынчсызданып, арызданган. Ошондо прокурордун тергөөчүсү Алик Тимуров, милициянын тергөөчүсү Бакир Кулжанов, Жайыл районунун судмедэксперти Нурбек Ашыров жана мен чогуу келип Максатты көргөнбүз. Ошондо Максаттын абалы абдан начар болчу. Денесинде жаракат, кулагында, көзүндө көгөргөн тактар бар болчу. Эки тизесинин асты карарып, ал турсун сыйрылган жерлери бар экен. Тике тура албай калыптыр. Мунун баарын эксперт толугу менен карап кагазына түшүрүп алган. Ошол учурда мен, "Нокиа" деген телефонума сүрөткө тартып алдым. Андан сырткары, экспертибиз "Урологду алып келишиңер керек",-деди. Себеби, жыныстык органына дагы тепки жегендиктен, урологдун кеңеши керек болгон. Түштөн кийин урологду алып келсек, Базарбаев Максатты милиция кызматкерлери Жайыл районунун ИВСинен белгисиз жакка алып кетишкен. Эмне үчүн белгисиз жакка алып кетишкендерин, кайда экендигин тергөөчү дагы, жанагы милициянын начальнигинин орун басары дагы айткан эмес. Биз өзүбүз издеп жүрүп, 19-августта кокусунан Сокулук районунун ИВСинен тапканбыз. Кебетесин бизге көрсөткөн жок. Кирели десек, киргизишпеди. Начальниктин орун басары: "Жайыл районунун убактылуу тергөө абагынан келди. Абалы өтө начар, шишип турат. Тез арада ооруканага жеткирели",- деди. Түнкү 11 чамасында Базарбаев Максат ооруканадан үйүнө чалыптыр. Ата-энеси барып, алар дагы сүрөткө тартып алышкан. Силердин гезитке чыккан сүрөттөр ошол кадрлардын бири.


Ички иштер министрлиги эмнеге маалыматты бурмалайт?

ИИМдин берген маалыматына караганда, Жолдошбек уулу Эркин ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Эмне үчүн ИИМ мындай жалган маалымат таратты? Алардын маалыматын жокко чыгарып, Эркинди кабыл алган врач-хирург А. Шабданалиев төмөнкүлөрдү билдирет.

Анарбек Шабданалиев, Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасынын врач-хирургу:
- Жолдошбек уулу Эркиндин 2-июль күнү ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты билели дедик эле?
- Мени чакыргандарынан келдим. Келсем, өтө оор абалда операциялык столдо, капельницада жатыптыр. Эч нерсе билбейт. Кан басымы кескин төмөндөй баштады. Кан басымын көтөрүүгө аракет кылдык, бирок ага болбоду. Кан басымын көтөрүү үчүн адреналин жана башка препараттарды бердик. Аздан соң жүрөгү токтой баштады. Жүрөгүнө түз массаж жасалды жана түз укол сайылды. Бирок жыйынтык болбоду.
- Оор абалында эмнелерди сүйлөдү эле?
- Эсимде жок. Бир нерселерди күбүрөгөнсүдү. Бирок, ага көңүл бурууга чамам жок эле.
- Саат канчаларда көз жумду?
- Кечки саат ондор
чамасында.

Камактагы балдардын жакындары
эмне дешет?

Курманбек Өмүрзаков,
Өмүрзаков Бактыярдын атасы:
- Экиси күнү күндөгүдөй эле кечке чейин кой-эчки кайтарып, андан соң үйдө эле болду. Малын таштап коюп, Кара-Балтага барса, Дөөлөт деген бала кармап бериптир. 10 чакты милиция келип морду кулатып, тегеректеги жердин баарын казышты. Мен кемпирим менен карап отурдук. "Үй тоношту",- дешти. Үйдөгү балка-салка, алма бутагыч, кемпирооз, баарын чогултуп кетти. Үч күн бою тинтип, тим эле шумдук болду. Ал турсун көкөмерен деген чөп бар болчу, кемпирим ичип жүргөн. Аны да алып кетти, анаша деп. Көкөмеренди тааныбаган көк мээлер го.
- Кемпириңиз ооруп жүрчү беле?
- Ооручу эмес. Жапжакшынакай эле жүргөн. Жүрөгү түшүп эле өлүп калды.
- Качан каза болду?
- 24-августта.
- Бактыяр камалгандан соң кезиге алдыңарбы?
- Кызым барыптыр, барса киргизбей коюшуптур. Мен да өткөндө барсам,"Ай, урган жокпуз балаңды. Ошол эле бойдон турат",-деп киргизбей койду.

Жунушова Динара,
Өмүрзаков Бактыярдын
бир тууган жеңеси:
- Акча сунуштаганы чын беле?
- Чын болчу.
- Акчаны сиз көргөнсүзбү?
- Көргөм. 10миң сом чыгарып, "Бухгалтериядан бөлүнгөн. Бактыярдын адрессин ким айтса, беребиз"-дешти.
- Сиз кандай реакция кылдыңыз?
- Кызыктай эле болуп калдым, айтор. Анчалык сумманы көргөндөр айтып деле коюшу мүмкүн да, акчага сатылгандар көп да азыр.
- Сиз баш тарттыңыз да?
- Ооба.

Аваз Байбосунов,
Алымбектин атасы:
- Алымбекти милициялардын колуна атасы алып барып берген деген маалымат чынбы?
- И-и, өзүм алып барып бергем.
- Эмне себептен?
- Эми милициялар үйгө издеп келип жатышат дегенинен Алымбектин өзүнөн сурадым. "Бактыярлар менен Кара-Балтага барып, кыз талашып, урушуп кеттик. Ошол тууралуу издеп жатат",-деди "Эми, качып жүргөндө кайда барасың?" деп өзүм алып барып бергем.
- Ошондо эле камап коюштубу?
- Камап коюшту.
- Сураганда бар белеңиз?
- Мен эшикте жүргөм, балким, коркутуп коюшту.
- Сурап жатканда отурган жоксузбу жанында?
- Биринчи алып барган күнү саат 3-4кө чейин эшикте күтүп отурдум. Чыдабай кирсем, "Ушундай иш болуп калды",- дешти. Кечке маал жанында отурдум. Башын жерге салып: "Ушундай болгон, мен жанында болгом",- деди. Эми жаш балдар анчалык кылбайт го деп эле ойлойм.
- Камап коерун билсеңиз алып барат белеңиз?
- Ким эле баласына жамандык каалайт.
- Андан бери жолугууга мүмкүнчүлүк болдубу?
- Жолуга элекмин. Тергөөчүгө барсам 2-3 күндөн кийин кел, жолуктурам деген.
- Адвокат менен жолугуп жатасызбы?
- Жок.
- Адвокатыңыз ким?
- Билбейт экенмин. Ким экенин сураган да жокмун.

Бактыгүл
Иманалиев Рустамдын
келинчеги:
- 30-июнда "драка" болуп, Бактияр биздин үйдө бети-колу көгөрүп жатыптыр. Мен, "ким урду, сотко бер"-десем, болбой койду. Көрсө Максат менен согушуптур. Бир жакка барып пиво ичишип, Максат менен Бактыяр урушуп кетишиптир. Ал эми июлдун биринде таякем туулган күнүнө чакырып, акча тартыш болуп бара албай калдык. Апам: "Ал жакка барып эмне кыласыңар? Андан көрө акча берейин, кум түшүрүп алгыла",- деди. Ал 1700 сом берди. Рустам бир тааныш байкеден 1500 сомун берип, 500 сом карыз болуп кум алып келип, андан соң тамды майлашканга жардамга балдарды алып келди.
Экинчи июлда эсимде, кошунабыз кызынын туулган күнүнө чакырып, акчабыз жок баралган жокпуз, анын үстүнө ошол күнү кечке чейин Рустамдар там майлашкан. Августтун акырында Рустамды бир кара машина менен милициялар алып кетишти. Ошол күнү кеч келип: "Мени аябай урду",-деди. "Эмне болду?"- десем, "Бир телефон жоголуп кетиптир",- деди. И, баса кум саткан киши карыз болуп калган акчаны 2-июль күнү кечинде келип алып кеткен. Ал киши деле Рустамдын үй майлап жатканын көргөн. Эртеси 7-августта кайра допроско өзү барды. Эртеси кайра допроско барышым керек деди. Колунда телефон бар экен. "Бул эмне болгон телефон?"- десем "Дөөлөт кармап тур деп берди",-деди. Алымбекти таап кел дептир. Рустам Кумарыкка кеткен. Алымбекти таппай, атасын ээрчитип барыптыр. Ошол күнү Эфириносто олтурсам кандайдыр түшүнүксүз номерден чалды, "Бактыгүл мага миң сом даярдап кой. Бул жакта бир кызматкер сурап жатат"-деди. "Эми миң сомду кайдан табам?"-деп кайнежеме чалдым. Эжекеси келип: "Мен акча берем. Бирок, протоколду айрысын"- деп айтып отурганда эле, Рустам келди. "Дөөлөт мага пиво алып берип, аябай мас кылып туруп "болгонун болгондой айт- деп "убийство" жөнүндө сурады",- деди. Алгач телефон жоголдудан башталган сурак, "убийствого" өтүп кетти. "Бактияр" мен аттым деп мойнуна алып коюптур, таң калып жатам, анын ошондой ишке бараарына",-деди. Кайнежем, "Протоколду айрыбаса, акча бербейм"- деп койду. Машинда Дөөлөт жана башка милиционерлер бар экен. Ошентип, 9-августта Рустамды камап коюшту.

Түрмөдөн кат

Ассолоому алейкум Аскат байке, ден-соолугуңар жакшыбы? Атам, апамдар кандай? Көңүлдөрүн калтырбай барып тургула. Байке, мен ачыгын айтсам, кудай алдында акмын! Менттер өткөндө мени кечинде кармап кеткенде, өкүртө сабашкан. 2 күндөн кийин Алымбекти алып келишиптир. Аны коркутуп сабап, "Биз атканбыз"-деп айттырышыптыр. Мен атмак турсун 2-июлда Рустамдын үйүндө таяк жеп жаткам. Мени ага чейин балдар сабап кетишкен. Мени Төкөн, Руслан, Каныбек, Аликан дегендер баары көргөн, таяк жеп жатканымды. Алымбек, Максаттарды көргөн дагы эмесмин. Байке, силерден сураныч, эгерде мени ойлосоңор, баарыңар чогуу чуркабасаңар, мени кыйнап жатышат. Адвокат кармагыла, шаардан. Мурат жездеге да жолугуп, жол-жобосун сурагыла. Кара-Балтадагы адвокатка акча бербегиле, ал жөн эле ортодон акча алат. Байке, Рустамдын, Максаттын, Алымбектин үйүндөгүлөр да чуркашсын. Баары ак, жөн эле менттер сабап, коркутуп моюндарына илип жатышат. Байке, бул жөн иш эмес. Кыйын иш. Баарыңар чогуу кыймылдагыла. Нормальный адвокат болсо, күбөлөр бар. Байке, иш чатак, батыраак чуркагыла. Колдон келишинче сотко чейин баарын даярдап албасак, менден айрылып калышыңар мүмкүн. Мейли анда байке, баарыңарга ысык салам. Иштин оң жагынан чыгышына көптөн- көп үмүт кылам. Байке, суранам колдон келишинче эртерээк чуркагылачы!!! Байке, нормальный кишилерди таап, телевидение менен укук коргоочу Турсунбек Акун менен эптеп аракет кылып, КПЗга келгенге аракет кылгылачы. Байке, кат алдым деп айтпагыла.

Чын эле алар күнөөлүүбү?

Максат Базарбаевдин 0 555 14 93 44 телефонунун распечаткасы чыгарылып, 20:23:40 убактысында 0 555 06 65 64 номерине чалынгандыгы, аталган телефондун ээси Дигаев Умелт экендиги аныкталды. Буга байланыштуу Умелт Дигаевдин түшүнүк каты дагы колубузда.
Ал эми Бишкек шаардык травматология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Талант Сарымсаковго кайрылганыбызда, колубуздагы М. Базарбаевге берилген аныктаманы көрүп, "Муну мен жазып бергем го",-деп эле барып, 2008-жылдын №72 "Амбулаторные болных без направлений" деген журналын алып келди. Максат Базарбаевдин аты-жөнү 2-июль күнү саат 15:00 аталган журналда катталып, оң колуна гипс коюлуптур.
Эми айыпкерлер күнөөлүүбү же жокпу, аны сот аныктайт. Азыр Бактыяр Өмүрзаков, Алымбек Абазбек уулу, Рустам Иманалиев жана Максат Базарбаевдер уюшулган кылмыш тобу катары, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмчөсүнүн лейтенанты Эркин Жолдошбек уулунун өлүмүнө айыпкер делип, камакта.

Милициянын
ур-токмогун тескегендер барбы?

"Милиция кызматкерлери Жолдошбек уулу Эркиндин өлүмүнө шектүү деп далай балдарды уруп-сабап жатышыптыр" деген имиштер ушундай тездик менен тарады. Бул уккан имиштерге далил боло турган адамдар болоор бекен? -деп Кара-Балта шаарын аралап көргөнүбүздө, жөн эле жерден милиция кызматкерлеринин ур-соккусунун курмандыгы болгон Жанар аттуу баланын апасына жолуктук. Бирок, "Эмне себептен шектүүлөрдү, ал турсун таптакыр жашы жете элек балдарды уруп-сабашкан?" деген сурообузга жоопту эч биринен ала албадык.

- Калима Көчкөнбаева,
жабырланган Жанардын апасы:
- Балам Эркебай уулу Жанар 16га чыга элек. Милициялар кармап кеткенден бир күн мурда эле Ысыккөлдөн дабаттан келген. Оторбай көчөсүндө турабыз. Баламдын айтымында, кочкул жашыл түстөгү "Фольксваген гольф-2" машинасы көчөгө келип токтоп, андан эки бала түшүп келип, Жанарды колдон алып эле машинага салып жөнөшкөн. Алардын бири машинадан башка-көзгө чапкылап уруп кирет. Балам эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калат. Ошентип, алар РОВДнын экинчи кабатындагы 21-кабинетке алып киришип, сабай башташкан. Жанар дааратканага чыккан жеринен эртең менен тогуз жарымдарда алып келишкен, он эки жарымдарга чейин кармашкан. Июлдун беши же алтынчы числосу болчу. Чачтарынан апчып алып, башы менен дубалды аябай сүздүрүптүр. Балам бакырып ыйласа, "Сен эмне бакырып ыйлайсың!"-дешип, төртөө кур менен, дубинка менен башка чаап, бутунан алып жерге сүйрөп, кыскасы кандай каалааса, ошондой мазакташкан. "Айткын, обрез кайда! Милицияны өлтүрдүм деп айткын!"- деп баламды аябай урушуптур. Эптеп кутулуп кетиштин айласын кылып: "Иван эле, Иван!"- деп кыйкырыптыр. Милициялар: "Иванды көрсөтүп бер"- деп алып жөнөшүптүр. Ошондо балам туш келди эле бир үйдү көрсөтөт. Тигилер ал үйдөн Иван тууралуу сурамжылап баштаганда, балам далбастап качып жөнөптүр. Бирөөсүнүн аты Мелис. "Сен эч кимге айтпа . Сенин жашың жете элек. Үйүңдөн уурдап кеткендей, алып кетип өлтүрүп салсак деле эч ким билбей калат. Эч кимге арыз жазам дебегин",- дешет.
Ошол күнү үйдө келин-уулум болгон. Жанар коридорго кирип эле, кусуп жерге кулайт. Дааратканага чыгып кеткен боюнча жоголуп кеткенине, кайра ушундай оор абал менен келгенине келин-уулум таң калышат. Уул-келиним кайра-кайра сурай беришкенинен, балам чыдабай ыйлап жиберет: "Милициялар жөн жерден эле мени уруп салышты",-деп. Мен баламды садиктен алып келсем, кейпи келишип, үйдө кусуп жатат. "Ай, эмне болду?"- десем эле, "Мама, мени милициялар сабады",- деп ыйлап жиберди. Жинденген боюнча Жанарды колунан жетелеп эле прокуратурага келдим. Урмат деген жаш жигит бар экен. Ыйлап баарын айтып бердим. Ал: "Эже, эч кимисин билбесеңиз арыз кабыл ала албайм. Биринчи РОВДга барып, жашыл гольфту таап, жок дегенде ошол төртөөнүн бирөөсүнүн атын тактап келиңиз",-деди. Айлам кетип, РОВДнын алдына келип тигилерди издедик. Бир убакта балам: "Төртөөнүн бирөө тигил жерде турат",-деп калды. Аларга барып: "Ай, мыйзам коргоочулар, эмнеге баланы урасыңар?!"- дедим абдан ачуум келип. Антсем, "Ха, ким уруптур? Далилиңер барбы? Билгениңерди кылгыла!"-дешти.
Балам кыйналганынан ооруканага алып келдим. Врачтар, "Башы шишик, "сотрясение" алыптыр"-дешип, травматологияга жаткызышты. Ошону менен арадан 6-7 күн өтүп кетти. Мен прокуратурага келип, "Баламдын бир буту шишип кетиптир"-деп ыйласам, Бейшекеев деген прокурор "Токтоосуз барып текшергиле" деп чалды. Судмедэксперт "Башынын шишиги эми араң тарап жатыптыр, буту шишик. Дубинканын тактары чыга баштаптыр",-деди. Ошондо Ички иштер башкармалыгына, Ички иштер министрлигине арыз жаздым. Ушундан соң милициялар чуркай башташты. Үйгө да, иштеген жериме да келип, кечирим сурашып жүрүштү. Чынында кечирбейин дегем. Бирок, Мелис: "Мен үйлөнө элекмин",-десе, Рустам: "Кечирип койгула, менин жаш кызым бар, экинчи мындай кылбайлы, жаңылдык-жаздык" дегенинен, энелик жүрөгүм менен аларга "встречний" арыз жазып берип койгом. Көрсө, арыз жазгандан кийин эле, опер группада иштеген Аслан деген жигит Оторбаев көчөсүндөгү компьютердик клубдан компьютер жоголуп кетсе, эки баланы кармап кетип, "Экөөңөрдү тең отургузбайбыз, арызды Жанарга деп эле жазып койсоңор"- дептир. Аны Максат деген баланын энеси угуп туруп: "Ай, эмне эле Жанарга асылып калдыңар?"-десе, "Жанардын скоро энесинин жүрөгүн оорутабыз"-дешиптир. Мен угуп алып, кайра РОВДга барып ызы-чуу салдым. Жанагы балдардын баарын чакырып, айткандарын бүт моюндарына коюп бердим. Начальник Бакыт деген бала кабыл алды. Ошентип, кайра арыз жазган жокмун. Базарбаев Максат менен менин уулум Жанардын эч кандай тааныштыгы жок. Мен алар тууралуу укканда эле айткам, "Ушинтип менин баламдай кылып сабап туруп эле моюндарына алдырып коюшкан го",- деп.

P.S. Учурда Кара-Балта шаарынын тургундарынын арасында ар кандай имиш-имиштер айтылып, бүгүнкү күнгө чейин Эркин Жолдошбек уулунун өлүмүнө ким себепкер деген суроо элдин тынчын алып келет. Эмне үчүн Эркиндин өнөктөшү опер кызматкер Эсен аттуу милиционер соттун чечими чыга электе, күнөөкөрлөр өз жазасын алгычакты иш орунунда туруп турбай, жумуш которуп кетти?-деген суроо жаралат.


Азима АКУНОВА,
Карабалта-Бишкек