presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№75, 14.10.08-ж. Эртеңки күн биздики!
2005-жылдын 25-март күнү К.Бакиев президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп чыга калбады беле.
Курманбек Салиевичти ким, качан, кантип бул кызматка дайындаганы чындыгында эле бүдөмүк бойдон калган эле.
15 жыл азапты берген Акаев бийликтен кетсе эле, "майкөл, сүткөл заманга тунабыз" кыязында ишеничке бек туруп алган эл:"Ии майкөл, сүткөл замандын жолун ушул киши билет турбайбы"-деп, баш ийкеп кала беришкен.
Оо, ал кезде карапайым калктын көзүнө Курманбек Салиевич жыргал жашоону чөнтөгүнөн сууруп, бере салчудай көрүнгөнүчү!..

Ырас, ириде жакырчылык, карапайым калктын көр турмушу оор эле (азыр андан жаман). Муну тикелей Аскар Акаевдин саясатынан деп тапканбыз. Андан бери үмүттүн үлпүлдөгөн шамын өчүрбөй, үч жыл өтүптүр. А бүгүнчү? Бүгүн деле ошол эле Курманбек Салиевич! Ошол эле эл! Бирок, бир гана нерсе өзгөрдү… Үмүттүн үлпүлдөгөн шамын кой, үйдөгү чырактын үлпүлдөгөн жарыгын өчүрбөй жашоого туура келди. Мына өзгөрүү! Мына Бакиевдин чөнтөгүндөгү жыргал жашоо! Акаевдин убагындагы саясий сферанын өзгөрбөгөн эски режиминен, азыркы чириген саясаттын жагымсыз илебинен көз ачышат. "Манастан Чубак кем бекен" дегендей, Акаевден Бакиев кем бекен, же болбосо, Акаев болуп коюш эмне экен дешеби? Кантсе да, "эми биз жейбиз" философиясы менен иш жүрүп жатканы-көзү сокур, кулагы керең адамга да беш колундай белгилүү.
Жарык демекчи, эртеден-кечке электр жарыгынын жоктугун, нандын кымбаттыгын, азыркынын айласы кеткенде айтылчу анекдотко айланып калган тезектин, көмүрдүн жоктугун келме айткандай жаңылбай, жатса-турса какшап калган карапайым калк кантип атат?
Суук түшүп келатат. Үй муздак, свет жок, көмүр кымбат, алган айлык-маянаң көмүргө эмес, эки балаңды тыңыраак тойгузганга жетпейт. Анда кантип жашаш керек? Жакырчылык , кымбатчылык кекиртектен кысып, кыл моюнду үзүп алам деп турса. Жарыктын бат-бат өчүрүлүшүн-суунун тартыштыгына, кургакчылыкка шылтадык. Жокчулук, кымбатчылыкты дүйнөлүк тенденцияга шылтадык. Эми газ берилбей же көмүр жетпей, кышында тоңуп калгандарды кышкы суукка шылтап, кутулабызбы? Суунун башында туруп, электр жарыгына жетпей, көмүрдүн үстүндө отуруп, көмүргө жетпей тоңуп калган кыргызга убал жок болуп кетет го. Электр жарыгын аяп атса, көмүрдү кененирээк, арзаныраак кылып койсо болбойбу?! "Кыйын кырдаал жеке бизде эле эмес, дүйнө элинин башына келди, дүйнөлүк тенденция ушундай болуп жатат"-дешет. Андай экен, элдин жашоосун, элдин алган айлык-маянасын эмнеге дүйнөлүк тенденцияга теңдешпейт? Жада калса, жерибиз сатылып, элибиз чачылып, баш көтөргөндөр атылып, суубуз соолуп, көмүрүбүз жетпей, көкүрөгүбүз күйүп, уктасак түшүбүзгө тезек кирип калганы дагы дүйнөлүк тенденциябы? Акаевден Бакиев кем бекен?-деген сөзүмдүн дагы бир чоң далили, Үзөңгү-Кууштун күйүтүн күчөтүп, кечээ эле казактарга кайрылгыс болуп кеткен Каркыра жайлоосунун артынан Каркыра болуп учуп кетчүдөй тызылдап аткандар, бүгүн камырабай эле жатып калышты. "Уйку менен күлкүгө айла жок" дегендей, күндөр өтө берет. А бирок, бир кеткен жер келбестигин, кыргыздын жери кыркылып, кемигенин эстегенде, уктап-күлүп жүргөн башымды бирөө балта менен чапкандай эле болору белгилүү. Бирок, мындайлар аз! Тамырыбызды тартып алган казактар, атагы дүйнөгө белгилүү тарыхий инсан өз элин, өз жерин, салт-каадасын сыйлап, казакты катардан алдыга чыгарып жаткан Нурсултан Назарбаев уялбай-этпей, коркпой-үркпөй туруп эле дагы далай жерлерибизге көз артып, өзүнө каратып албайт деп ким ишендире алат? Эч ким! Анда деле "таалайлуу менен талашпа" деп, тарыхта чоң орду бар, бирок, азыр таш үстүндө отурган кыкең, отурган ташы менен өзү кошо казактарга өтүп кете берет. Өткөндө КТР-ОБО газетасынан окудум. Манас районуна караштуу Арал айылындагы кыргыздарга тиешелүү болгон Көлдөлөң жайлоосу казактарга өткөнү калганын баяндап, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын төрагасынын 1-орун басары Адижалил Жамаловго кайрылсак, "Мамлекеттик чек ара деген бизде жок. Биздин милдетибиз-мамлекет чек коюп берген жерди кайтаруу"-,деп жооп бериптир. Кудая тобо, мамлекеттик чек арасы жок мамлекетпизби? Мына ушундай башы кылтыйган далай жерлер бар. Эми ушуларды тактап, тайраңдаган казактарга сүр көрсөтө алабызбы? Же капталдан чыгып, талашкандардын баарына сураганын кармата берип, биз кыргыздар эмне, бир жакка качабызбы? Ансыз деле айласы түгөнгөн кыргыздар Акаевдин убагында кетип баштаса, эми Акаевден ашып түшкөн Бакиевдин убагында быжырап эле Россия менен Казакстанга кетип атышат. Жарыбаган ач курсактын айынан бөтөн жерде, барктуу, нарктуу, уюткулуу кыргыздын тукуму "кара кыргыз, кул кыргыз" атыгып жүрөт. Кыргыз ага деле макул. Антпесе, үй-бүлөнү, ата-энени кантип багат? "Сөөлжанча сойлоп жашаган адам таман астында тепселип калса, даттанууга акысы жок"-деп кайсы бир окумуштуу айткан экен. Анын сыңарындай, ажобуз баштаган алсыз кыргыздар, коңшу өлкөлөрдүн колтугунан өйдө боло албай, Нуракедей туыскандардын айтканы айткан, сөзү сөз болуп атса, ачка калган кыргыз, кул болуп аткан кыргыз кимге даттанат?! Дегеле бүгүнкү бийлик эл аралык дүйнөлүк деңгээлин эмес, өлкө ичиндеги деңгээлин көтөрө албай атса, башканы кеп кылып бекер экенин билем.
Ага болбой эле ажобуз кошуна өлкөлөр менен коюндашып аткансып, барып-келип дүпүлдөтүп, дүңгүрөтүп эле жатат. "Иштеп жатабыз, баланча эгинди алып койдук, баланча мектеп, баланча үйдү салып койдук, пенсияны көбөйтүп койдук" деген сыяктуу теңи жалган, теңи чын сандар менен элдин башын айлантканды адат кылып алышкан. Бул ыкма да Акаевден калган. Аны Бакиев дал өзүндөй, керек болсо андан ашырып аткарып жаткан иштерин биз жазып, сиз окуп бүтчүдөй эмеспиз. А бирок, мейли, элди алдаса болот. Ажобуз баштап турган бийликтин тызылдап, тытынган оппозициянын үнүн басып, үрөйүн учурса болот. А бирок! А бирок, тагдыр таразасын алдап, тарыхтын үнүн басууга эч качан болбойт жана мүмкүн эмес экендигин ажобуз билээр бекен? Курманбек Салиевичке хандык тактыны тартуу кылган 2005-жылдын 24-март күнү жана Акаевдин абалы ажобуз үчүн чоң сабак болууга тийиш эле. Кыргыздар эзелтеден "Жер эне" деп жерин сүйүп, жери менен сыймыктанышкан, ал тургай жерин ыйык көрүп, "Төшү түктүү жер урат"-деп айтып келишкен. Чындап эле төшү түктүү Үзөңгү-Кууш Акаевди урганы ушул күнгө туш болуп, бир кездеги ажо өз элинен куулуп, өз жерине келе албай, кыргыз жери көзүнөн учуп аткандыр. А эртеңки күнү күн да өтөт. Бийлик да бүтөт. Анан кан какшаган кыргыз, какшып калган суу, кыркылып калган жер, кайтпай калган Каркыра үчүн Бакиеви кантээр экен?
Өмүр бүтпөчүдөй, байлык түгөнбөөчүдөй көрүнөт. Бийлик кетпөөчүдөй сезилет. А бирок, саат санап, сай-сөөгү кыргыз деп сыздаган, сан кыргыздын ичинен бычакка сап болуучу келечек муун өсүп келатканын дагы сезиши керек эле. Тарыхтын, келечек муундун, тагдырдын тарткан таразасында өлкө башчысы катары жасаган жакшы иштери кайын журтка же казактарга эмес, кыргызга кылган кызматы, жакшы жагы салмактуу болуп турса, анда ажобуздун тарыхка салган жолу ошол болмок.
Улуу урматтуу Курманбек Салиевич артында азыркы күндө отчет алчу азыркынын арманы болгон акыйкатты чукуп тапчу, бизди, келечек муун бар экенибизди эсине алабы? Бүгүн ажобуздун ашы кайнап турган заман болсо, эртеңки күн биздики. Бизди, келечек муун бар экенибизди эсине алмак турсун, биздин бар экенибизди билмек турсун, эртеңки күнгө, келечек муунга өйдө карап сүйлөгүдөй болуп, өткөн күн үчүн отчет берүүгө милдеттүү. Ал үчүн кечээтен кечикпей, бүгүн даяр болушу керек. Эртеңки күн биздики!

Айсулуу Эсен кызы
"Ачык саясат"




Депутаттар шайландыбы же "жеп жутарларбы"?
Ырынан чыры көп, Бишкек шаардык Кеңешине болгон шайлоолор да аяктап, бийликтин суроо-талабын канааттандырган, капчыктуу талапкерлер көптөн күткөн депутаттык мандатына жетишип, бактылуу депутат деген атка конуп отурушат. Бул шайлоолор болгонго чейин, талапкерлердин аты-жөнү белгилүү болгон күндөн баштап эле, өлкөбүздүн саясат чөйрөсүндө, коомчулукта, Шаардык Кеңештеги депутаттык орундар эчак өз ээлерин таап, жогорку жактан депутаттык мандаттар эчак эле бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндөгү чыны-калпы белгисиз ар түрдүү кептер жүрүп келген эле. 5-октябрдагы шайлоодон кийин БШК тарабынан жарыяланган Бишкек шаардык Кеңешине шайланышкан жаңы депутаттардын тизмесин окуган адам, ошол "чыны-калпы аралаш" кептердин калпынан чыны басымдуу экендигине ынанат. Эмне үчүн?
Биринчиден, буга чейин эле сөз кылынып келинген талапкерлердин дээрлик бардыгы бүгүнкү күндө Бишкек шаардык Кеңешине депутат болуп отурушат.
Экинчиден, Кыргызстандын шайлоо өнөктүктөрү акыркы жылдары билгенин кылган бийликтеги бир катар таасирдүү чиновниктердин, Бакиевдик үй-бүлөнүн капчыгын кампайткан кирешелүү бизнеске айланып, башкасы бүтүп, депутаттык мандаттарды соодалоо иштери жүрө баштагандыгын саясат менен шугулданган эркин көз караштагы бир катар саясий билермандарыбыз ачык эле айтып келишкендигин белгилеп кетсек болот. Алардын мындай пикирин четке кагалы десек, БШК жарыялаган жаңы депутаттардын тизмесинде өңчөй капчыктуулар, бизнестин битин сыккан бизнесмендер, айтор жаңы замандын капиталисттери чогулуптур. Бир тыйын айлык төлөбөгөн Шаардык Кеңешке, бизнес адамдарынын депутат болуудагы эң башкы максаты эмне деп ойлойсуз? Башкы себеби катары куруп алган бизнестерин андан ары өнүктүрүү, байлык топтоонун жаңы булактарын ачуу деп айтууга негиз бар. Эгер, булар үгүт баракчаларында жазылгандай шаардын өнүгүп-өсүүсүнө чын эле кызыкдар болушса, мындай иштерди депутаттык мандаты жок эле жасаганга толук мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар.
Ал эми ошол эле жаңы депутаттарыбыздын улуттук курамына көз чаптырсак, башка улуттун өкүлдөрүнүн да көп санда экендигин айтпай кетпесек болбойт. Албетте, улутчулдук маселеси көп улуттуу Кыргызстандын шартында терс көрүнүш катары каралганы менен, өлкөбүздүн келечек тагдырын чечүүчү бүгүнкү оош-кыйыш мезгилде, өз жерибиздеги өз улутубузга артыкчылык берүүчү улутчулдук саясат өзгөчө керек болуп турат. Бүгүнкү күндө "Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" деген кошоматчылык саясат кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына туура келе бербестигин мезгил өзү далилдеп отурбайбы? Алыска барбай эле, коңшулаш казактар менен өзбектердин жергиликтүү кеңештеринин, парламенттеринин улуттук курамын карап көрсөк, башка улуттун өкүлдөрү дээрлик жокко эсе. Ал эми кыргыз улутундагылар үчүн бир тууган коңшуларыбыз депутаттык мандат эмес, жөнөкөй эле жетекчилик кызматты да ыраа көрбөсү баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Албетте, Бишкек Шаардык Кеңешинин депутаты-бул анчалык деле жогорку даражадагы кызмат эмес. Бирок, бул мамлекеттик кызмат. Депутаттык кызматына жаңы отурушкан бул эргулдар мандатына жамынып, жечүсүн жеп, алчусун алып, кампайган капчыгы менен төгөрөктүн төрт бурчундагы каалаган жерине зуу коюп кетпейт деп ким кепил боло алат?
Негизи эле Бишкек шаардык Кеңешинин жаңы курамын карап отуруп, бийлик былтыркы парламенттик шайлоолордогудай даяр сценарий менен иштеп, өз максатына жеткендигин байкоого болот. Бүгүнкү Шаардык Кеңештин басымдуу көпчүлүгү-жогоруда айтылгандай капчыктуулар болсо, калганы саясат эмес, саясаттын жытын да жыттай элек студенттер, же административдик ресурстун башкы куралы болуп эсептелишкен мектеп директорлору, жөнөкөй кызматкерлер.
Эл тагдыры үчүн күйгөн, бүгүнкү бийликке өз оюн ачык айта алган Ишенбай Кадырбеков, Абдыгул Чотбаев, Бабырбек Жээнбеков сыяктуу прогрессивдүү ой-жүгүрткөн инсандардын бирөөсүнүн да шайлоодон өтпөй калышы, алардын бийлик тарабынан уюштурулган шайлоонун шайтан оюндарынын курмандыгына айлангандыгын көрсөтүп турат. Бул адамдар бийликтин өзүм билемдигине кандайдыр бир деңгээлде каршылык көргөзүп, кээ бир алдым-жуттум чиновниктердин кекиртегине сайылган кылкан болмок.
Бишкек шаарынын тагдыры- жалгыз гана борбор калаабыздын тургундарынын маселеси эмес, бул бүткүл кыргыз элинин маселеси. Себеби, Бишкек шаары-Кыргызстандын саясий, экономикалык, маданий очогу.
Бишкек ТЭЦинин же ордо калаабызда жайгашкан дагы башка маанилүү обьектилердин тагдырын чечүүчү маселелерге келгенде бул депутаттарыбыз кол куушуруп, мындай маселелерге кызыкдар адамдардын кызыкчылыгына каршы кеп айтаарынан күмөнүм чоң.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"










??.??