presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№75, 14.10.08-ж.
  Абактан кат

Далилсиз жалаа
Кыргыз Республикасынын
Билим берүү министри
И.С Болжуровага

Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасынын
төрагасы
И. Гаипкуловго

Маалымат иретинде:
Кыргыз Республикасынын
Президенти
К.С Бакиевге

Кыргыз Республикасынын
Премьер министри
И.В. Чудиновго

Ошентип айтылчу сөздүн учуру келип, а балким Сиздер менен мен орун алмашып отурчу кез келди көрүнөт.
Сиздердин кадырыңыздардын аркасы менен алты айдан бери Бишкек шаарынын №1 СИЗОсунда камакта отурам. Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Турак-жай жана жарандык курулуш башкармачылыгы (ТЖК) айылдык мектептерди курууда курулуштун наркы жогорулатылган деген кине койдуңар. Мен ТЖК жетекчиси болбосом же куруучу болбосом, тек гана дүйнөлүк жаңы технологияны сунуштаганым үчүн, мени түрмөгө отургузууну эңсегендер үчүн жетиштүү шылтоо таап, чырагына май тамыздыңар.
Ооба, силер чоң саясаттын колундагы куралы болдуңар, бирок бул Сиздерди моралдык жоопкерчиликтен четтетпейт. Кудай өзү күбө. Силер жасаган ишиңерге маашырланып, тынч уктап, айланаңардагыларга сүттөй ак көрүнүп, жасакерленип жүрсөңөр керек. Андай экенсиңер, мага жооп берип койсоңор?
Эмне үчүн Ош облустуна караштуу Өзгөн айылындагы 200 орундуу мектеп 41 млн. 056 миң сомго курулду? Ал эми Силер наркы кымбат деген Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы ошондой эле 230 окуучулук орундуу спорт залы менен мектептин наркы 30 млн.552 миң сом? Ошондой эле, Карасуу районунун Лангар айылына 320 окуучулук орундуу мектеп 55 млн.360 миң сомго курулса, Кочкордун Кара-Күнгөй айылына 360 окуучулук орундуу мектеп спорт залы менен 38 млн.290 миң сомго курулган.
Ноокен районундагы Күнгөй-Коджек айылындагы 420 окуучулук орундуу мектеп 48 млн.052 сомго курулса, ал эми Кочкор районунун Ак Жар айылындагы 480 окуучулук орундуу мектеп 48 млн.547 миң сомго курулгандыгы сиздердин абийирди кыжаалат кылбайбы?
Силердин көзөмөлүңөрдө курулган бардык мектептер менен Мамкурулуштун жетекчилиги менен курулган мектептерди салыштырсак, жогорудагыдай акылга сыйбаган көрүнүштөр чыга берет. Ал эми Кочкор районунун бардык мектептеринде 5 млн. сомдук спорт сарайы менен курулган.
Болжурова айым менен Гайипкулов мырза, жогорку суроолорго кантип жооп беришет болду экен? Бет кызарбайт го? Кызарбайт, көнүмүш адат. Боло берет аларга.
Силер эки жүздүүлүктүн айынан унчуга албай отурасыңар, ошо мектептерди кымбат курган Ош облусттук капиталдык курулуш башкармачылыгы боюнча ооз ачып көргүлөчү. Сырттагы турмушту "рыноктук экономика" таксыр башкарып жатканы, силердин мээңерге эми жеттиби?
"Житкен окту аткан ок табат". Өткөн жылы Билим берүү министрлиги өздөрү заказчик катары Исфана шаарына 240 окуучулук орундуу Токтогул атындагы мектепти курган. Сметалык наркы 24 млн. сом, Лайлек районунун Самат айылына 200 орундугу мектептин сметалык наркы 22 млн. сомго курулган. Эми ушул мектептерге президенттин жеке тапшырмасын эске алып, Кочкордун мектептериндегидей 5 млн. сомдук спорт сарайларын курдурса, бери эле жагы канча млн. сомду чапчыйт ?
И. Болжурова айым "эчки тууй албай жатып, койго арачы түшүптүр" болуп, курулушчуларды күнөөлөп, өз куйругун тазалаганын кантесиң? Анын эки жүздүүлүгүнө чек жок экени ушундан эле көрүнөт.
Сиз мектеп долбоорлорунун билерманы, ченде жок курулушчу болуп, эксперименталдык мектептерди жерден алып көргө чаап, ирите сындап, кокуй наалат кылып, бүт өлкөгө жаманатты кылаарын кылып, эмне үчүн Мамлекеттик комиссиядан колдонууга бериле элек мектепке окуучуларды окутууга уруксат берип, жол бердиңиз ?
Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун эксперттик комиссиясы тарабынан бул долбоорлор сапаты жана курулуш нормалары сакталгандыгы жана талапка жооп бере тургандыгы тууралуу кортундусунан кийин дагы эмне деген шылтоо айтаар элеңиз?
Айым Болжурова, сиз Кыргыз Өкмөтунүн мүчөсү болуп туруп, курулушчуларга карыз 28820,3 миң сомду качан төлөп кутуласыз? Эксперттик комиссия иш көлөмү 18 млн. сомго жогорулатылган деген дооматтан курулушчулардын Өкмөттөн аласа акчасы салмактуурак. Чынында 18 млн. сомдун башын ачып, тактап коюш оңой иш.
Өкмөттүн жоругу жолдо калсын. 20-июнь 2007-жылдагы №234 токтому менен бардык курулуп жаткан мектептер боюнча курулушчуларга карыздарын төлөп берүүгө милдеттенме алып, ишти бүтүрүүгө жол бербей, долбоорчулар менен курулушчуларга карата кылмыш иштерин козгогонго кол кабыш кылды. Курулушчулар зор акча каражаттарына кириптер болуп, коомчулук алдында кадыр-барктарынан ажырашты.

Бул саясий оюндардын баары мен үчүн уюштурулуп жаткандыгын мен жакшы түшүнөм. Бирок жер титирөөнүн запкысын жеген райондордо жашаган долбоорчулардын, курулушчулардын эмне күнөөсү бар?
Болоору болду, боесу канды. Эмне майнап чыгардыңар? Долбоорчуларды, курулушчуларды, Мамлекеттик курулуш агенттигинин коллективине асылганыңарды токтотоорсуңар. Алар билим берүүгө, эсеп палатасына асылышкан жок да. Эгер эркиңер жетсе, алардан кечирим сураарсыңар. Алар саясаттан алыс эмгекчи адамдар. "Эгер бийликтин, И. Кадырбековдон ала турган өчү бар болсо, биздин кандай тиешебиз бар"- деп ойлоп жүрүшкөндүр.
Силер жасаган тополоң-тос акырындап тазаланып, ак-карасы аныктала баштады. Эми курулушчулар дагы суроо салышат: "-И. Кадырбеков эмнеге түрмөдө отурат? Ал долбоорлобосо, ал курбаса, же заказчы болбосо?" Көрдүңөрбү таксырлар: "Кыңыр иш кырк жылда билинет"деген ошол. Эртеби-кечпи өз колуңар менен жасаганды өз моюнуңар менен тартчу күн келет. Ким билет, ким эртең кайда болоорун.
Балким, силер өз каалооңор менен отставкага кетээрсинер? Билишимче сиздер өзүңөрдү ашкере аң-сезимдүүбүз деп эсептегениңер чын болсо, же мен жаңылышамбы?

PS. Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиевге

Мамлекеттин жалган маалымат, ушак жана жалаалар коштолуп башкарылышы өлкөнү туңгуюкка алпарып кептээрин биз баштан кечиргенбиз.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, финансылык полициясы Сиз колдоого ипотекалык кредиттөө менен алып башталган "Жал Артист" курулушу, жаңы технология менен курулган мектептердин долбоорлору кылмыштуулуктун нугуна бурулуп жатышы Сизди ыңгайсыз абалда калтырган жокпу?
Жер титирөөнүн очогу болгон Нура айылына Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Турак-жай жана жарандык курулуш башкармачылыгы 240 окуучуга 1 мектеп салган. Мектеп 8 баллдык жер титирөөгө туруштук берип, ичиндеги адамдардын баары аман-эсен калышкандыгынын өзү мага карата ачылган кылмыш ишине жооп, деп эсептеймин.

Ишенбай
Кадырбеков















??.??