№75, 14.10.08-ж.
  Куш тилиндей кабарлар

Исмаил Исаков Акүйдөн кетти
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын жаңы Башкы катчысы Исмаил Исаков коопсуздук кеңешинин катчылыгынан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арызын ажобузга жолдогон эле, ажобуз ушуну эле күтүп жаткансып, Исмаилди ишинен бошотту. Демократиянын деми, ыңкылаптын жели менен келген Исмаил Исаков жөн кетпей, ажосунун акыркы кездеги саясатын аябай катуу сынга алып кетти. Ажобуз атка мингизгендердин биринен сала бири кетиши-жакшылыктын жышааны эмес. Эсиңиздерге сала кетсек, акыркы айларда бийликтен Адахан Мадумаров, Бектур Асанов, Марат Кайыпов, Клара Кабилова кетирилген. Жакын арада мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу менен мамлекеттик кеңешчи Үсөн Сыдыков отставкага берет деген имиштер чыга баштады. Таң калыштуусу, баарысы ажобуздун жердештери. Эми эмне болоор экен?

Чүйлүктөр митингГе чыгат
Эки жумадан бери табылбай жаткан СДПК фракциясынын депутаты Руслан Шаботоевдин жердештери менен санаалаштары өткөн жумада ажобузга ачык кат аркылуу кайрылышкан. Русландын жоголушуна болгон издөө аракеттерине бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулбай жаткандыктан, жаш депутаттын тууган-туушкандары менен жоро-жолдоштору Акүй алдына митингге чыкмай болушту. Чүй облусунун тургундары өз кулуну Руслан Шаботоевдин жоголушуна байланыштуу талаптарын акция аркылуу Акүйгө жеткиришет. Ушу тапта акциянын уюштуруу иштери жүрүп жатат. Баарынан да, кесиптеши жоголуп жатса, "Ак жол" фракциясынын депутаттарынын кебелбей отурганына кейип кетет экенсиң. Дегеним, депутаттар(акжолчулар) адам тагдырына келгенде бирдиктүү болушса.

Лукашенко эмненин башын кыйытты?
Кыргызстанда расмий сапары менен болгон Белорусиянын президенти Александр Лукашенко биздин президентибиз Курманбек Салиевич жөнүндө мындай пикирин калтырды, "Мы - бывшие директора предприятий, мы привыкли так работать. Я видел вчера, как вашему президенту все настолько надоело, что тянет к заводу", Муну менен белорус президенти эмнени айткысы келди? Же, ажобуз белорус кесиптешине бийликтен кетээрин билдирдиби? Айтор, Александр мырзанын айткан сөзү табышмак бойдон калды. Ажобуздун бийликтен чарчаганын биз эле билет экенбиз десек, кесиптештери деле билет экен. Башында чамдаганы жакшы эле, аягында чарчаганы жаман болду. Ажобуз саясаттан эмес, "саясий интригалардан" чарчады. Баса, ажобуз ушул жуманын этегинде калайык калкка болгон кайрылуусун жолдойт. Эмнени айтаар экен?

Оппозиция күчтөнүүдө
Энергетикалык кризистин кесепетинен экономикалык, саясий кризиске учураган бийликтин азыркы оор абалын байкаган кыргыз оппозициясы, ушу тапта оппозициянын чоң курултайын өткөргөнгө камданышууда. "Акыйкат үчүн" кыймылына бириккен оппозициялык күчтөрдүн катары барган сайын көбөйүүдө. "Ата-Мекен", "Ак шумкар", "Асаба", "Жашылдар", "Улуу биримдик" жана СДПК партияларынын башын бириктирген бул кыймыл менен Амангелди Муралиев жетектеген "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын ортолорунда сүйлөшүүлөр болуп жатат. Атургай, Үсөн Сыдыков менен Исмаил Исаков жетектеген "Жаңы Кыргызстан" партиясы дагы бул уюм менен кызматташуу үчүн тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошентип, оппозиция түптөлүп дагы, күчтөнүп дагы жаткан кербези.

Атамбаев кайрадан Акүйгө барабы?
Айрым саясатчыларыбыздын айтканына таянсак, былтыркы жылы өкмөт башчылыгынан кеткен Алмазбек Атамбаевди кайрадан өкмөт башына алып келүү аракеттери болуп жатыптыр. Чуу салган Чудиновдун өкмөтүнүн отставкага кетээрине аз эле калды окшойт. Алмазбек Шаршеновичти алып келүү менен азыркы бийлик "бир ок менен эки коёнду жайлагыны" жатса керек. "Оппозициянын талабын аткаруу менен өкмөттү отставкага кетирдик", "Өкмөттүн курамын курууну оппозицияга сунуштадык" деген, саясий оюнду уюштуруп жаткан жокпу? Апрель митингдеринде оппозицияны ойрон кылган Алмазбек мырза, азыр дагы ойрон кылып жибербейби? Алмазбек азыркы оппозицияга толук кандуу мүчө болуп киргенин эч ким билбейт. Акүй оппозициядан корккондо эле, Атамбаев менен Субаналиевди эстешчү эле. Эми кантээр экен?

Ажобуз Исаковго жооп берди
Кечээ ажобуз өзүнүн администрациясындагы бөлүм башчылар менен жолугушуу учурунда, Исмаил Исаковдун отставкасы боюнча мындай оюн билдирди, "Силер баарыңар күбө болушуңар керек, биздин салтка айланган дүйшөмбү күндөрү өткөрүлүүчү жыйыныбыздын акыркысында мен ага эскертүү берип, кемчиликтерин көргөзгөм. Менимче, ал буга таарынып калса керек. Ал мага бир дагы жолу өзүнүн азыркы саясатка болгон көз карашын айткан эмес. Ошондуктан мен ойлойм, өзүнүн жеке таарынычын мамлекеттик деңгеелге которуп жатат"-деп. Бирок, ажобуз Исмаил Исаковдун мындай кадамга бараарын күтпөгөндүгүн жашырган жок. Ажобуз чынын айттыбы, же Исмаил сырын айттыбы, азырынча алардын акыйнегин угуп туралы.

Клара ушул жумада кайрылуу жасайбы?
БШКнын мурдагы төрайымы Клара Саматовна ушул жумада өткөн парламенттик шайлоолордогу чындыктын бетин ачуу үчүн кайрылуу жасай тургандыгы белгилүү болду. Мындай маалыматты биз ишенимдүү булактардан алдык. Жергиликтүү шайлоолордун алдында ажобуздун уулу Максим Курманбековичтен куугунтук жеп, өз Мекенин таштап качкан Клара Кабилова эгер чындыктын сырын ача турган болсо, азыркы парламенттин күнү бүтөт. Ал менен кошо, алар шайлаган азыркы өкмөттүн күнү дагы бүтөт. Мурунку адилетсиз шайлоолор Акаевдин түбүнө жетти эле, акыркы шайлоолор кимдин түбүнё жетет болду экен?

Шайлоонун чыры, Акүйдүн сыры
Өткөн парламенттик шайлоолордон кийин, утушка ээ болгон "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү менен Акүйдүн үлкөн адамдарынын ортосунда "саясий соодагерчилик болгон" деген имиштер азыркыга чейин айтылып келет. Мындай иштин орун алгандыгын ошол кездеги БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошева ачыкка чыгарды. Такталбаган маалыматтарга караганда, Ак үйдүн "серый кардиналдарынын" бири "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинен Кубатбек Байболовду алып салууну өтүнүп, 2 миллион доллар акча каражатын сунуш кылыптыр. "Ата-Мекендин" өздөрүнө тиешелүү мандаттарын албай калгандыгы ушундан экен. Акүй шайлоонун жыйынтыгын жашырып жатса, "Ата-Мекен" бул сүйлөшүүлөрдү эмнеге жашырып жатат? Ушул сүйлөшүүлөрдүн чын-төгүнүн билүү максатында, журналисттик иликтөөлөрдү баштадык. Жакын арада жаңы жаңылыктарга күбө болосуздар. Гезитибиздин сандарын үзбөй окуңуздар.

"Ачык саясат" пресс